Тазагүл Закирова: Кимге эрте, кимге кеч да, кимге жок, Өлбөстүк да, бир ирмемде Теңирден

Чалындым

Бул жашоодо далай ирет чалындым,

Колдон тартып, колтугумдан жөлөгөн-

кээде болду, кээде жалгыз сабылдым.

Түркөй өзүн өйдө көрдү төрөдөн…

 

Мен жете албай талпынсам да алдыга,

Бут тоскондун канды аябай табасы.

Кээде бийик учтум кыял –тарбия

Жакындатты көктү, жердин арасын.

 

Мен жыгылсам, же адашсам жолумдан

күткөн болду, тизгиндеп чоң чыдамды.

Таман тилген татаал тагдыр жолунда

Тынбай ырдап кандырдым дил-кумарды.

 

Далай кулап өйдөлүштөн төмөнгө

Көп өкүндүм тарттым санаа-убайым.

Аруу тилек максатыма жөрөлгө

Качан болсун колдойт куттуу Кудайым.

 

Тилек-ойду бул жашоодо аткарам,

Дүрбөлөңгө салбай багып ооматты.

Канча тоскоол артта калды батпаган

Жакшылыктар жайнайт,

тоскон жөө качты.

Ызаат менен багам келген ооматты!    

                                                   20.03. 2020-ж.

 

Калк башына оомат бир келип

Калк башына дөөлөт, оомат бир келип,

Өрөөн, талаа, айыл-шаары түрлөнүп,

Өскөн кезде, артта калып оор күндөр

Вирус жугуп, эл дүрбөшүн билбедик.

 

Той- кечелер, ресторан, чайхана

Кербезденген үзөнгү тээп канча адам.

Унутулуп загара нан, жарма ичкен

Улуулар да каада күткөн чайпала…

 

Тынбай иштеп, куруп кабат ак сарай,

Бизнеске – Адеп калган эле каттабай.

Боорукердик, намыскөйлүк бозоргон

Куу чирендин короосуна батпаган!

 

Анан ээлеп таажы вирус дүйнөнү

Мекениме салып кирди дүрбөлөң.

Бай-кедейи, улуу-кичүү үйдөгү

Бир муштумга түйүлдү ак дил менен.

 

Эр жигиттер элдин камын караган

Тик турушту калкты коргоп, аянбай.

Кечээ эле ойлобогон бүлөсүн

Эсин жыйды, соолуккан бир адамдай.

 

бизнес үчүн нес болгондор ойгонду

Кирешенин жолун тактап караган…

Элди карап, ата-энени, балдарын

Жанга айланды жарын сүйүп, аяган.

 

Ыйман, адеп, боорукерлик бирикти,

Жакындардын, элдин камын ойлонуп.

Теги тектүү көп азамат күн-түнү

Кызматта азыр, чечип тагдыр жолдорун.

 

Олтурабыз үйдө, очок башында

Уулдар күзөт, постто турат толгонуп.

Азаматтар сактайт калкын салт менен

Кылым баскан ата жолун колдонуп.

28.03.2020-ж.

 

Пенделик…

Күргүштөгөн өмүр учат, боосу жок,

Кармалбайт да, артка кайтпайт ирмемге.

Кирген дайра, токтобогон күлүктөй,

Мезгил өтөт, байырлабайт бир жерге.

 

Жаратмандар мурункуга окшобой,

Өңүр бузат күтүүсүздөн аккан сел.

Булак какшып жашоо менен коштошот,

Оош-кыйыштан гүлгө айланат кумдуу чөл.

 

Табияттын заң-мыйзамын башкарат,

Көктө тескеп кудуреттүү Кудайым.

Пайгамбардай сезсең өзүң баары бир,

Алакан жай, андан бакыт сурагын.

 

Тагдыр жазат курсагында эненин,

Бул жарыкка келгенчекти бөбөктөр.

Пешенеңди өзгөртүүгө чара жок,

Ак дил, ак нээт, ак эмгекте күн өткөр.

 

Манас, Бакай, Көкөтөйлөр төрөлбөйт,

Майдаланды адамдыгы пенденин.

Миллиардап окусаң да келмеңди

Кыргызымдын урматтагын эл-жерин!

 

Турмушунда кимдер гана тайгылбайт,

түп- тегиңди, нарк-насилди унутпа.

“Ар пенденин жери өзүнө Мисир”- дейт,

Теңир берген Уютку –Кут улутта!

 

Ооздугу же, тизгини да, чылбыр жок,

Пейилинен, нээтинен дейт пендеңин.

Өмүр учат карайлатып, карабай,

Кыргызымдын урматтагын эл-жерин!

05.05.2020-ж.

 

Адамдыктын туу чокусу адамда

Адамдыктын туу чокусу адамда,

Алды-артын карап баскан кадамда.

Аттырат дейт, жакшы жандооч кийикти,

Арамзасы түртөт жарга, жаманга.

 

Жолдун бийик-пасы, чыйыр, даңгыры,

Жазмыштанбы, буйруй бербейт бардыгы.

Жүрөк таза, көөдөн таза, дил таза

жашоо гүлдөйт.

Өнбөйт ичтин тардыгы.

 

Бешиктеги наристедей сүйкүмдүү,

Булбул куштар сайрагандай түркүн күү,

Бул тирүүлүк тура бербейт бейиштей,

Боздойт кээде, аксайт өмүр чиркин бу…

 

Өксүп, кемип күйүнбөйсүң ага да,

Өтөт жашоо конок ага, сага да.

Өзүң үчүн бурагындай жийденин.

Өзгөлөргө чычырканак, караган…

 

Кудай берген бул тирликтин түрү көп,

Элдигиңди тебелетпе, садага!

05.05.2020-ж.

 

Акынга Мекен керек!

Акынга Мекен керек,

бир алачык –

жанында кыткылыктап булак аккан.

Кулактан ырдап кирип жүрөгүнө,

Шоктонуп төмөн карай кулап жаткан.

 

Арчанын жыты аңкып айланасын

Тазалайт, сактайт ыйык топурагы.

Куштардын сайраганы жан жыргатат,

Муну уккан акын жөн-жай отурабы.

 

Акынга Мекен керек, эли керек

Кусадан айла калбай кечип санаа,

Сагынчтын кулу болсо бөтөн жерде

Бир жанын сактаар жазган ыры гана.

 

Акынга Мекен керек, кубат берчү

Ысык, суук,

болсо мейли жолу таштак.

Тентек жел берет келип эркелеген

Демөөрдү,

эргүү – шыкты гүлдөй аппак.

 

Акынга Мекен керек, ырдоо үчүн –

тарыхты, гүл турмушту, көңүл кушун.

таянчы эли, жердин касиетин.

оош-кыйыш барды- жокту өмүрдөгү.

Акынга Мекен керек, жашоо үчүн!

Акын болуп!!!

10.05.2020-ж

 

Тибеттеги аруу кыргыздарга

1.

Кагылайын Тибеттеги аруулар,

Кар жаадырып, ашуу жолун тосподум-

силерчилеп, бузукудан элимди

Канат жайып коргой албайт окшодум.

 

Олуялар, касиеттүү аталар –

Кар жаадырган, айдаган сур булутту.

Баш-көз болуп, акыл айтып эрлерге,

Көзү өткөнчө сактап келген улутту.

 

Түп тегимде болгон эле жайчылык,

Кара булут келсе алай-дүлөйдөй.

Көктөн тилеп кетирчү эле жай туруп,

Кас душман да улуу кардан түгөнгөн.

 

Сугалактап, дүйнө артынан жүгүрбөй,

сүкүт салып, пейил-куюн ирээттеп.

Жерин тутчу таза ак боз үйүндөй,

жерге, сууга, көккө айтып тилек көп.

 

Касиеттүү Тибеттеги кыргыздар,

Жер каймактан кол тийгизбей жериңе –

Аруу бойдон элди, салтты сактаган

Сансыз алкыш пейилиңе, Теңирге!

 

Нурдан тарап, көктөн түшкөн кайыптар,

Шек келтирбей, желиңе да чөбүңө –

Аруу турмуш, аруу жашоо кечирдиң,

Душманды айдап Ит Ичпестин көлүнө…

 

Ыйык бойдон азыр да бул жашооңор,

Сактагыла, кир көлөкө тийбесин!

Сугун арткан, пайда издеген азезил,

Сыйка каапыр, араңарга кирбесин!

 

Кудай колдоп миллион сап ырдатчу.

Көктөн берип жолборс, илбирс, ажыдаар –

эрлерди ээрчип, жоону кырган Улуу күч,

Каситетти баккан кыргыз азыраак…

 

Биз да Аруунун тукумубуз, мекенге

жөөлөп кирди кыжы-кыйма кландар…

Кызыккан жан көп этекти карманып,

Башы катты бир тараптуу тура албай…

 

Масондор көп бузуп элдин сезимин,

Акыл-ойго каптаткан кез балээсин.

Нарк-насилдер, калып намыс-ариет,

Баасыз байлык арбайт дүйнө баласын.

 

Түз сүйлөшүп, сүйүп турган Жараткан,

тегибиздин үнү угулат армандуу.

Кайлас тоодон, Тибет, силер тараптан

күнөөбүздөн алар чарчап калганбы…

 

кандай жол бар бул балээден арылар!

Айткылачы!

Түпкү тегим, Аруулар!

 

2.

Мен Мекенмин!

алты саным, бүт тулкум,

бир сөөмөйдү үзүп алды кытайлар.

Калган кол-бут, коңшу- колоң жулгулайт

Мунжу болсом,

үнүм жетпес Кудайга!

 

Бүтүн дене – жерим: жүрөк, бөйрөксүз –

Кендер… талайт бөрү, чөөлөр, бирөөлөр…

Атаң гөрү, ач көздүк да, өлбөстөй,

Эч болбосо, коюп салдык күрөөгө.

 

Аябастар, жин- шайтандар ээлеген,-

айлананы, кан тамырды, көзүмдү.

Оо, аруулар, Тибеттеги аталар,

Кантип андан арылтабыз сезимди!!?

 

Мээге сиңип масондор, жин- сатана

Эл –жерди эмес, пикир кетти акчага.

Сыйкыр, гипноз маң кылды бүт маң башты

Энесин да сата берет башкага.

 

Жалбарабыз бүт эл жайып алакан,

Эрлерде эмес, эл тагдыры Кудайдан.

Рамазан ыйык айда Жараткан

Кабыл кылчы, эл тилегин суранган!

 

Алты саным,

Мекен бүтүн калса экен!

Колдо!

Аруулар -Түпкү аталар, суранам!

Оо, Аруулар сактагыла суранам!

                                                         11.05.2020-ж.

 

Кыйын кезде тик туруп кой эркекче!

Тилим үчүн мүдүрүлдүм, көп эле,

Айтып сөздү алды-артымды карабай.

Куулук-шумдук кыялымда жок эле

Дардаң пейил, эрке өскөн баладай.

 

Ичке катпай жаман ойду тымызын,

Жашап келдим пикиримди бетке айтып.

Эки беттүү пенделериң жашады

Мени аларга, мага аларды көп сатып.

 

Кектеп баарын сактабадым кир ойду,

Атам айтчу “ичте мунун кири жок”.

Төштү жайып, көп көтөрдүм алсызын,

мындай күндө ал – жай сурар бири жок…

 

Адат калбай, тектен өткөн жүрөктүү,

Отко, сууга кире бергем, тайбагам.

Жерди карап күңк-мыңк эткен байкуштан

Алыс болдум, алдыма аны салбагам.

 

Мүнөз кээде аксатса да,

Чындык түз!

эртеби-кеч ордун тапкан кайрадан.

үйрөнбөдүм канча тепки жесем да

ийилбедим, кошаматка барбагам!

 

Өзүмчүлдүк ээлебеди сезимди,

Ичте кирсиз ак жүрөктү карманам.

Кыргыздыгым, доордун үнү күч берип

Эл, жерим деп улуу жолдон тайбагам!

 

Канча эрлер күнүмдүккө кул болуп,

Эптеп күнүн кечиргенге таң калам.

Ат жалында бир ирмемге учуп өт

Ыйык элиң канат берет талбаган!

 

Очогуна күл тарткандар чарчатты,

элди ойлобой, кара башын кармаган!

Эң акыркы мүнөттө да эркек эр

Душман турса башын жерге салбаган!!!

 

Кыйын кезде тик туруп кой мен үчүн,

үн катпасаң, намыстанам, арданам!

12.05.2020-ж.

 

Ирмем, ирмем, көз ирмемдик бул өмүр!

Мына өттү, үйдө олтуруу ирмеми,

Кылымдын да, кыйшайбай так бир жери.

Көз ирмемде таң атат да, кеч кирет,

Кимге канат, кимди тепсөө билбеди…

 

Ким ирмемде аккан суудай түгөнөт,

Кимге оомат, көз ирмемде бир келет.

Көбү билбейт, баш аягы жок өмүр,

Кемпай менен олуя да иргелет.

 

Ар жан үчүн ирмем баасы өзүнчө

Алла жактан келген белги, тамгасы.

Асмандаба жакшы учур сезилсе,

Аны баалап, ирмемди бек кармачы.

 

Учат ирмем кыпынчалык билинбей

Учунда уу, жаа жебенин бириндей.

Ууртам суудай эң акыркы ирмемде

Утсаң чоңун, кетет колго илинбей!

 

Ирмем өмүр, көктөн түшкөн тамчыдай,

Илгертеден күлүк чапчу камчыдай.

Сиңип келген кылымдарга, жылдарга,

Ирмем кайда, аяк-башы барчудай.

 

Ар ким үчүн өз-өзүнчө бөлүнгөн,

Ага оомат, буга түйшүк берилген.

Кимге эрте, кимге кеч да, кимге жок,

Өлбөстүк да, бир ирмемде Теңирден.

 

Ойлой бербе көз ирмемдик бийикти,

Мезгил келет, түшүнөсүң, жетсе акыл.

Нээтке ылайык,

ирмем оңко түшүрөт.

Тарыхтан да ирмем чиет таптакыр.

Ирмем, ирмем, көз ирмемдик бул өмүр!!!

31-май 2020-жыл.

 

Сүйүүгө келген суусап… 

Каректер чагылышып жанган эле,

Көздөрүң күйүп турган шамдай эле.

Кезигүү шарпылдаган, деңиз толкун,

Кыялың канат байлап алган эле.

 

Оо, кандай көкөлөгөн чөккөн көңүл,

күтүүнүн боз чепкени, жашыл кымкап.

көөдөнүң өрөпкүгөн сүйүнүчтөн,

Канча жыл бул сүйүүгө келген суусап.

 

жүрөгүң түрсүлдөгөн добулбастай,

жиберди куттуу кабар, ай-ааламга.

Жаныңдын ырахатын бакыт сактайт,

Жашайбыз бийик ирмем, сага-мага.

 

Асканын туу чокусун ээледик да,

Токтобой бүт дүйнөнү чарк айландык.

Тоолордун ак кар, көк муз тирегине

Ысуулап сезим оту, бир байландык.

 

Көздөрүң күйүп турган шамдай эле,

Каректер чагылышып жанган эле.

Чарчатып бурганактан ойду үшүткөн,

алыста көк бет арман калган эле.

 

Арман көк бет, алыста калган эле!

03.06.2020-ж.

Кусалык

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,

Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.

Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,

Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,

Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,

Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,

Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,

Көпөлөктөр учпай калды кышында.

Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,

Макул болуп турмуш деген ушуга,

Макул болуп тагдыр деген ушуга.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,

Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,

Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.