Тайир Аширбай: Биз билбеген Атакул Жакып, Биз билгенден дагы башкача

Атакул Жакып

(поэма)

Киришүү

Эй, Жараткан, мага жардам бер,

Эмненидир жараткым келет.

Бул өлөңдү өзүң баштап бер,

Бардыгына башталыш – себеп.

 

Таза болсун булактын башы,

Тамчылардан мончок жасайын.

Көлкүлдөтүп каректин жашын,

Көк жээкти көздөй басайын.

 

Жашарууга жаңы жаз керек,

Жалбыздарга жакын болоюн.

Көңүлдөргө назик наз керек,

Көпөлөктөй гүлгө коноюн.

 

Байчечекей келсин дүйнөгө,

Багалегин, жеңин түрүнүп.

Кызгалдактар салсын дүрбөлөң,

Кыр-адырды каптап тирүүлүк!

 

Бадам менен өрүк гүлдөсүн,

Бажырайып ырай, ыраңы.

Мажүрүм тал майин бүрдөсүн,

Махабаттай уяң буралып.

 

Жийделердин жыты буркурап,

Жигит менен кызга чачылсын.

Тим турбастан, торгой чулдурап,

Тилин безеп, таңды чакырсын.

 

Күндөп-түндөп жаасын жамгырлар,

Күн менен Ай кошо киринсин.

Мүңкүрөбөй жазмыш, тагдырга,

Муздар эрип, суулар тирилсин.

 

Ташкындасын мөлтүр башаттар,

Таштан ташка ыргып, секирип.

Добулдардан качып … Кашаттан

Добуш салсын улар, кекилик.

 

Кагылайын, тааныш арчалар,

Көйнөгүңөр типтик, тикендүү.

Өмүр бою сүйөм чарчабай,

Өзүм өскөн кичи мекенди.

 

Мен Атакул Жакып жөнүндө

Мээр чөптөн жыйнак түзөйүн,

Төө – Жайлоонун жибек төрүндө

Тоо толкуткан эргүү күтөйүн.

 

Дымак

Ырды карай кадам таштадым,

Ыраазымын сенден, Теңирим.

Саманчынын Жолун баштадым,

Сапарымды улап кеңири.

 

Ыр ысымдуу ыйык кайгыны

Ыроолодум өзүм – өзүмө.

Атаганат, Асан Кайгымын,

Алтын тамыр керек сөзүмө.

 

Ак калпакты кийген Пушкинмин,

Анан дагы өзүм – Лермонтов.

Ырга болгон ысык ышкымды,

Ырас, четке какпайт сүрмө топ.

 

Бала чактан менде дымак бар,

Байрон менен келет жарышкым.

Ата Журтум турса кубаттап,

Аалам менен келет алышкым.

 

Кана, Хуан Рамон Хименес,

Канатымды чогуу кагайын.

Табийгаттын таамай бир элес,

Таңчолпонду төшкө тагайын.

 

Шүүдүрүмдөр сынып, чачырап,

Шыбакзарды сергип кечейин.

Кечкенимде жарпы жазылып,

Келип көрсүн Сергей Есенин.

 

Исикава Такубокудай

Ичкериден сыртка умтулам.

Жалбырттаган отмун! Оо, Кудай,

Жаш жүрөгүм катуу булкунат.

 

Сайгё, Басё менен достошуп,

Саат сайын өстүм, өнүктүм.

Сыйлык, бийлик менен коштошуп,

Сыр түбүнө чөктүм, көнүктүм.

 

Лейлек кечи мени өстүрдү,

Ли Бо, Ду Фу – ынак сырдашым.

Чек-ченемсиз сулуу кеч кирди,

Чегирткелер ырдап жыргасын.

 

Озуп өтөм Генрих Гейнеден,

Оргуштаган кыялга батып.

Шандор Петефиден эмнем кем,

Шакиртиңмин, Атакул Жакып!

 

Талпынуу

Илек-илек куштун аймагын

Изги тилек келет уялап.

Ыргактардын калпып каймагын,

Ыр төрөлөт ыйлап, ыңаалап.

 

Кучак жайган Козу-Багланым

Кум-Булакта куралган окшойт.

Суйкайышкан үрлөр маржанын

Сууга тынбай актырып жоктойт.

 

Коргон сымал Лейлек айылым,

Кокту-колот, жардын этеги.

Өткөн күндүн табам дайынын,

Өпкө-Тоого чыгып кечээги.

 

Жараткандын пейли кең экен,

Жакындатып койду алысты.

Жакып атам, Парида энем

Жакшынакай перзент табышты.

 

Ата Мекен күткөн бөбөккө

“Атакул” деп ысым беришти.

Ак бешикке чүрпө бөлөнсө,

Айдын нурун төктү периште.

 

Апапакай алдей айтылды,

Аптапка бай эне жүрөгү.

Артка таштап таттуу ай, жылды,

Ата деми алга сүрөдү.

 

Ак- Теректе, Чимген, Тамчыда,

Арман, арзуу калды ойноктоп.

Күмүш күлкү тып- тып тамчылайт

Кызыл-Булак, Кара-Мойноктон.

 

Дөңгө чыкса даана көрүндү,

Дөөт-Баба, Жети-Көпүрүк.

Кенен, терең ойго чөмүлдү,

Келечекке жасап секирик.

 

Атакулду он беш жашында

Арбап алды албан сезимдер.

Ыраагы жок тоонун … Азыр да

Ыр тапкан кез турат эсинде.

 

Минген аты – ийкем тал чыбык,

Мезгил менен узак кармашты.

Чыпалактай чырпык талпынып,

Чынар терек болду алмашкыс.

 

Чабыт

Алп Сооронбай Жусу уулунун

Ак батасын угуп көгөрдү.

Өрүкзардын нагыз кулуну

Өмүр жазын атка өңөрдү.

 

Патаң-Сайда жүргөн жеринен

Пастернакка, Фетке жолукту.

Палоо бышып алоо демине,

Пабло Нерудадай оолукту.

 

Рабиндранат Тагорду казып,

Рауф Парфи менен сырдашты.

Айдын агыш шооласын чачып,

Айгүлүнө арнап ыр жазды.

 

“Жалбырактар”, Уолт Уитмен,

Жаңгактыда секин агылды.

Коңшу болуп Иван Бунинге,

Коңгуроолуу мезгил кагылды.

 

Бул ааламдан нары созулуп,

Булуң-бурчта жүрүп оожалды.

Молдовалык Нина Жосуну

Мөлтүрөтүп бери оодарды.

 

Кылым сөзүн айткан Абайдай,

Кыргыз көчүн ойлоп кайгырды.

Таразалап, кылдат абайлап,

Табышмагын ырдын жандырды.

 

Баса, буга кыйла жогору

Баасын берди Жолон Мамытов.

Өлбөстүктүн жолун тороду,

Өзүн эмес, сөзүн таанытып.

 

Жалгыздыктын жылын, жүз жылын

Жакшы көрдү Маркес сыяктуу.

Үнсүздүктү чертти күү кылып,

Унутулган эски кыякта.

 

Алыкулга жетти Атакул,

Алтымыштын жака белинде.

Жек көрсө да даңкты, атакты,

Жетилген дөө болду элинде.

 

Биз билбеген Атакул Жакып,

Биз билгенден дагы башкача.

Улам жаңы кырларын ачып,

Узак жашай берет ар качан!

 

Соңку сөз ордуна

Устатымдын бедел, бейнеси

Узак жолдо келет ыр болуп.

Ачыш үчүн анын дүйнөсүн,

Азап-тозок тарттым миң жолу.

 

Чындыгында, анын ырлары

Чыйрак, чакан жана жайдары.

Калемгердин ар бир жыйнагы –

Кайталангыс жашоо майрамы.

 

“Жашыл арал”, “Ички кайрыктар”

Жаш курактын таңын атырды.

Күйүт-муңга батып, айрыкча,

Күкүктөрүн жаздын чакырды.

 

“Айдың кечти” ээрчип ” Кусалык”,

Аста конду кайрылып колго.

Сагынычтын сабы узарып,

Салам айтты “Айрылыш жолдор”.

 

Авлияхан Эшен досунун

“Ак куштарын” көккө учурду.

Куштар тобу, куштар кошууну

Күткөн эмес мындай учурду.

 

Ай чырайын ачкан “Дил кайрык”

Аруу арзуу менен чертилди.

Жадыраган кезде гүлкайыр,

Жан дүйнөгө жакын кеч кирди.

 

Асирети жетип миң жылга,

“Айды чапчып акты дайрасы”.

Эсил кайран байкуш булбулдар

Эми көз жаш төкпөй сайрасын.

 

Федерико Гарсиа Лорка,

Франческо Петрарка кайда?

Өрдү көздөй тызылдап чуркап,

Өзүн тапты Атакул Жакып!

 

Тоготпоймун сени, эй, Данте,

Токтогулдар, Барпы турганда.

Мигель де Сааведра Сервантес

Мага бүгүн көңүл бургандай.

 

Мен Атакул Жакып тууралуу

Мындан кийин дагы жазамын.

Туура кырдан өткөн турнаны

Туу тутунган бойдон каламын …