Назым Хикмет: Таарынуу бул – “Сени сүйөм”, “Баш тартпадым” дегендик

Түрк адабиятынан   Назым Хикмет Таарынуу Билесиңби таарынуу не? Таарынуу бул- чынчылдык, балалык. Жалганы жок тазалык! Таарынуу бул – “Сени сүйөм”, “Баш тартпадым” дегендик. Таарынуу – наз, Сени жакын көргөндүк. Мен да сага таарындым!..   Таарынганым ачуум дагы, кечирүүм. Кетпегеним, Кете албаган чечимим. Өзүң түшүн мага кымбатсың баарынан. Мен да сага таарынгам…   Жемал Сүрея Сен келсең… Дал азыр тереземден, Көргөзүп карааныңды, Сен келсең… Келсең экен! Бакыттын көз жаштары, Көзүмдөн тегеренсе.   Макулмун, эсеп бербей, Макулмун, унчукпасаң. Эч нерсе айтпай дебей, Үн сөзсүз тынч уктасак.   Үңүлүп көздөрүңө, Көзүңө көзүм толугу менен…..