А.Акималиев: Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүп отурууга убактысы жок

Адабиятка сырттан көз салып жүргөн кээ бир окурмандар тамаша-чынын аралаштырып “Мамлекет адабият менен маданиятка көңүл бурбай калгандан бери көпчүлүк калемгерлер чыгарма жазбай башка иштер менен алектенип кетти. Бирок жалгыз гана Алик Акималиев тээ союз учурундагы акын, жазуучулардай эле эч жерде иштебей чыгармачылыктын артынан түшүп, догурунуп болсо да ыр жазып жүрдү. Ошол гана чыныгы акын экен” деп калышат. Бул сөздүн чындыгы бардай. Себеби жеке мен бу киши менен тааныш болгондон бери (он беш жыл аралыгында) аны көчөдөн дайыма өзүнүн кол жазмалары, ар кандай гезит-журналдар, ким бирөөнүн же өзүнүн китептери салынган кытай толугу менен…..