Кожогелди Култегин: Чындык менен чыңалган Чыныбай Акунович!

Чындык менен чыңалган Чыныбай Акунович! Опоосуз дүйнөнү, тагдырдын таш боорлугун караңыздар, эки-үч айдан кийин 60 жашка толо турган досума, ага арнап мааракелик куттук жаза турган досума бүгүн минтип көз-жаш төгүп эскерүү жазып олтурам… Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жан курбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу! Башканы кой, бизнесте, башканы кой, саясатта Чындыкты жанынан чыгарбаганда – таазим кылып, тан бердик! Чыныбай дагы – Чыке болчу, Чындык дагы – Чыке болчу! Чыныбай таланттуу акын катары таанылып турган кезинде биз үчүн Чыңгыз Айтматовго жолугуш, бет-маңдай келиш толугу менен…..