Расемон дарбазасы

Качан экенин так айта албайм, иши кылып бул окуя кечке маал болгон. Кайсы бир малай адам жаандан корголоп Расемон дарбазасынын астында турду. Дарбаза Судзакунун адам көп каттоочу көчөсүндө болгондуктан, азыр бул жайда жаандан корголоп дагы бир нече аял жана итимэ’гаса жана момиэбо’си кийген бир нече жигит туруусу керек болчу. Бирок, кызыл түстөгү боёгу түшүп баштаган тегерек мамыда конуп отурган ийнеликти эске албаганда бул жерде андан башка кыбыр эткен жан жок эле. Мунун өзү акыркы эки-үч жыл аралыгында Киотодо болуп өткөн зилзала, бороон-чапкын, өрт, ачарчылык өңдүү көрүнүштөрдүн кесепети менен байланыштуу болчу. толугу менен…..