Күндү сүйгөн бактылуу акын

Бүгүн Рамис Рыскуловдун туулган күнү. Элдин эрке акыны, эл акыны көзү тирүү болгондо бүгүн 89 жашка толмок. Бул күндүн урматына “Супара” этнокомплексинде “Күндү сүйгөн бактылуу акын” аттуу эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Эскерүү кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары жана эл жазуучулары Т.Мамеев, М.Абакиров, М.Мамазаирова, Н.Жаркынбаев, С.Акматбекова, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Нурманбетов, А.Жакшылыков, Ж.Саалаев, адабиятчы, академик О.Ибраимов, Э.Кылычев, К.Сариева, А.Эгембердиева, К.Зарлыкова ж.б. акын-жазуучулар, акын, котормочу, адабиятчы М.Синельников, “Супара” этнокомплексинин директору Ж.Турганбаева катышты. Эркин жашап, эркин жазып, эркин жүргөн акындын эскерүү иш-чарасы эркин форматта өтүп, кеченин толугу менен…..

КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен толугу менен…..

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү. Биз сыйлаган, биз сыймыктанган улуу акындын туулган күнү менен куттуктайбыз! Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү толугу менен…..

Адабий портрет

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы  Республикалык  сыйлыгынын лауреаты Рамис Рыскулов 1934-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районундагы Кызыл-Туу кыштагында 9-сентябрда  кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасынын кызмат абалына жараша алардын үй-бүлөсү Ош областынын Совет районуна караштуу Кара-Кулжадагы сактык кассанын башкаруучу кызматына ишке жөнөтүлөт. Болочок акын ал кезде төрт жашта экен. Ал Кара-Кулжа мектебине 1-класска окууга кирип, анда 3-класска чейин окуйт. Апасы Кыдыраалы кызы Уултай согуштун алдында, 1941-жылы  катуу оорудан каза болот. Атасы  өз ыктыяры менен согушка кетип кайтпай калат. Акындын эскерүүсү боюнча атасынан толугу менен…..