Аскаралы Ражабалиев: “Акындык өнөр жеңил “оокат” эмес”

Чыгармачылыгы элет жеринде, эл ичинде тамыр жайып, бутак-шактап көктөгөн жазуучу Аскаралы Ражабалиевдин “Бейиш төр” аталыштагы жыйнагы 2019-жылы жарык көрүп, адабият жана окурмандар чөйрөсүндө жакшы баага арзыды. Бул жыйнакка кирген аңгемелерде, повесттерде жана публицистикаларда өзү жашаган Баткен аймагынын табигый сулуулугун, бейиш төрүн, колориттүү жашоосун жана ажайып бай тилин даңазалай алыптыр. Жазуучу менен анын жаңы китеби жана жалпы чыгармачылыгы жөнүндө маек курдук.   -Аскаралы мырза, жазуучулук өнөргө кызыгууңуз кандайча ойгонгон? Канча жашыңызда колуңузга калем алгансыз? -Анда мен 7-класста окуучумун. Бир жолу колхоз китепканасынан Мукай Элебаевдин “Узак жол” аттуу китебин алып окуганым эсимде. толугу менен…..