Шабданбай Абдыраманов: Самар (аңгеме)

Самар (аңгеме) Коңшубуздун кызы Самар чыбыктай шыңга, кымча белдүү арык чырай кыз болучу. Анын жаз күнүндөй жаркылдаган ачык мүнөзү менин эсимден кетпейт. Түтөгөн кыйгач каштарынын астындагы кичирээк карагаттай мөлтүрөгөн көздөрү ойноп турчу. Өзбек кыздары түспөл кырдач мурундуу, жүзү кагаздай жука. Дайыма атлас көйнөк, тар камзир кийип, шайдоот басып жүрөр эле. Кош көкүрөгү бөдөнө тумшуктанып, кыздын сымбаттуу боюн ого бетер көзгө жакын кылып турат. Сазга чыккан чымындыктай майда өрүлгөн чачы далысын тегиз жаап, үстүнөн бастыра кийген зар топу куп жарашып калганычы. Кыздын атасы ичкилик кыргыздардан боло турган. Ошондон улам Самардын тили толугу менен…..