Маржан Ершу: Өлөң – деген ажайып аалам

Маржан ЕРШУ: «Өлөң –  деген ажайып аалам» «Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында 4-март күнү казак  акыны Маржан Ершунун «Жүрөгүм» аттуу ырлар жыйнагы акын, котормочу Алтынай Темированын котормосунда кыргыз окурмандарына тартууланды. Эки элдин чыгармачылык байланышына көпүрө болгон чыгармачылык кече бүткөн соң автор менен маектешүүгө үлгүрдүк. «Ушул китептен менин тагдырым, махабатым, мүнөзүм менен тааныша аласыздар» деп кубанычын тең бөлүшкөн акын абдан жакшы маек куруп берди. Эмесе, маекти толугу менен назарыңыздарга сунуштайбыз. –Маржан эже, кыргыз элине кош келдиңиз! Ырларыңыз кыргыз тилине которулуп, окурмандарга жол тартып отурат. Колубузда “Жүрөгүм” жаңы китеби. Китепти колуңузга алганда толугу менен…..