Молдоакмат Бапаков: Шайкелең күндөр кош болгун, Шайтандын эсин оодарган…

Элегия Учту жаның капысынан улардай, Улуу дүйнө түштү мага тумандай. Улутунуп турганымды ким туйсун, “Уулум” деген сөзүң бир саам угалбай.   Атым кулап, аркам кулап жөлөнгөн, Көктү медер кылып турам көгөргөн. Кубат кылчу аскар тоомдон ажырап, Кудай бүгүн урду мени төбөмдөн.   Чын жайыңа кеттиң болуп жагалмай, Жалган дүйнө жакын эле балаңдай. Аза күтүп, айрыларым билбепмин, “Ата” дебей, көрдүм неге агамдай.   Өчтү өмүр, «а» дегенге тил келбей, Өттү өмүр дайра чөлгө сиңгендей. Өкүрүктөн кулак тунат, балдарың, Кадырыңды жаңы гана билгендей.   Өттү өмүрүң жайдын күнкү өткүндөй, Алды ажал алтын толугу менен…..

Түмөнбай Колдошов: Тазагүл Закирова жана элегия

Тазагүл Закирова жана элегия 1970-80-жылдардагы жаш акындардын арасында Тазагүл Закирова деген ысым бар эле. Ал кыргыз профессионал поэзиясындагы кыздардын катарын толуктап, түштүк тараптан чыккан туңгуч акын кыз өз стили, назик лирикасы менен коомчулукка өзүн тааныта алды. “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, киносценарист Тазагүл Закирова өз теңтуштарынан алдыга суурулуп чыгып, кыргыз профессионал поэзиясынын деңгээлинин көтөрүлүшүнө өз салымын кошту. Бардык акындар кайрылган Ата Журт, өмүр, тагдыр, сүйүү, табият, жаштык, акындык өнөрдүн түйшүгү ж.б.у.с. темаларды Т.Закирова да четтеп өтпөгөн. Албетте, өзүнөн мурункуларды кайталап эмес, тескерисинче мурда кийин укпаган же көрбөгөн салыштырууларды поэзиянын тилинде толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Кыш элегиясы

Кыш элегиясы (ыр түрмөк) Туулган күндө жазылган ыр Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам, Үйүмө шаң, жан киргизди белегиң: Үлбүрөгөн беш тал роза – кулпурган.   Кышкы гүлдөр назик, кербез, супсулуу, Көңүлүмө жаз түнөттү жыпжылуу. Кыш чилдеде төрөлгөн жан өзгөчө, Кадыр-баркын билет гүлдүн кыпкызыл.   Куттук айтып, гүлдүн коозун арнаган, Кыска өмүрдө көңүл табат жакшылар. Жашоо өзү кайрымдуу да, берешен, Жамандан көп жакшылыгын бар кылар.   Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам. Кеселиме эм болорун билипсиң, Кочкул-кызыл розаларың кулпурган!   толугу менен…..

Расул Гамзатов: “Айтарым бул: турсам мен оттой жанып, Догдурга эмес сүйүүгө милдеттүүмүн”

Расул Гамзатов, ДАГЕСТАН эл акыны   Булбулдун ыры Булбулдун ырын уктуңбу? Угулат анда салтанат. Ырдайт ал эмне тууралуу? Белгисиз бойдон калган сыр. Мекенди ырдайт кайталап, Тажатмак аны башка ыр.   Коркок «Жашыргын мени, апаке, Корккондон денем муздады. Не кылам? Ал улууңду, Жүрөгүм мыкчып эзилет» «Алып кой уулум мурутту, Таштагын канжар, тумакты Салынып мобул жоолукту, Мүрзөгө киргин тезирээк.   ***** Менин агам кеткен бойдон солдатка, Курман болду Волгадагы кармашта. Энем болсо элесине жалынып, Дайым жүрөт кара жоолук салынып.   Ойго батып, чүнчүп кеттим, басынам, Өткөнүмө мен агамдын жашынан.   Неберем менен толугу менен…..

Түмөнбай Колдошов: 1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү

1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү Искусствонун бардык тармагында өз мезгилинде “көзгө урунбай”, далдоо жерде же кайсы бир чоң таланттын көлөкөсүндө калып кеткен жаратмандар көп кездешет. Андай талант ээлери “өз учурун”, “мезгилин” күтүп жашайт, алардын “заманы” келгенде өздөрү жок болушат… Атак-даңкка жетип, бирок ырлары элге жетпеген канчалар жүрөт… Публикага чыкпай, мен дебей эле ырлары менен элдин жүрөгүн багындырган акындар бар. Айгүл Узакова экинчи топко кирген акындардын өкүлү, ал көлдөй терең, Ала-Тоодой бийик сезимдери менен жашап өттү. Жазганын милдет кылбай, ашкерелебей, жупуну жашоосу, акындык кыялы менен жашады. Ар ким өз тагдырынын королу! толугу менен…..

Табылды Муканов: Акындын бош болгону – жок болгону!

Таланттуу акын, маркум Табылды Мукановдун “Автограф” китеби окурмандардын китеп текчелеринен орун алууда. Китептин редактору жана баш сөзүн жазган жазуучу, журналист Данияр Исанов жазуучулар союзуна келип биздин китеп текчебизди дагы бир мыкты китеп менен толуктап кетти. Жаңы китептеги ырлардан окурмандарга сунуштайбыз. Ок (Баллада) – Ооба, баары эсимде… – Нелер, аба? – суроо бердим капыстан. Ал шинелдин чөнтөгүнө кол салып, Алып чыкты жалгыз окту көгөргөн: – Уккун анда! Өрт чыккан кез Батыштан… … Ажал бүрккөн чоочун танктар бырыш салып жер бетине, терден бүткөн буудайларды, моло таштай былчыратып келатты. Октор улуп, кыркып жатты толугу менен…..