Сулайман Рысбаев: Кара таштагы сыйкырдуу жазуу

Кара таштагы сыйкырдуу жазуу Кайсы өлкөдө, же кайсы элде экени белгисиз, бир канча жыл катары менен катаал болуп, эгин чыкпай, же чыкса бышпай, ачарчылык өкүм сүрүптүр. Ошол жылдары адамдардын ниети бузулуп, пейли качып, ыйман акчага алмашылат, колунан келгендер көр оокатка туйтунуп, алсыздар кор тутулат. Элде кайырчылар көбөйүп, ачкадан карылар менен балдар кырылат. Ата-энелери өз кара жандарын калкалап, балдарын чака тыйынга, жигиттер ар-намысын, кыздар абийирин сындырым нанга алмашат… Муну көрүп-билип туруп, адилет падыша элин эпке салалбайт, түз жолго баштай албайт, оор турмушту оңой албайт. Коңшу элдер далай кеңешин айтат, көп жардам толугу менен…..