Катыңа жооп Катыңды алып азыр келген почтодон, Кайра-кайра окуп жондо мен жаттым. Сүйлөмдөр бар алкоо сезим козгогон, Сүйөм депсиң, даңк-даража каалапсың. Жазса депсиң дайым менин атымды, Жарлык кылып жарчы гезит прессасы. Айтса депсиң диктор окуп даңкымды: “Гамзатовдун коюлат – деп – пьесасы”. Бир аз нерсе бул турмуштан алам мен, Бирге болуп билинбеген эл менен. Бирге жүрүп аба жутсам, анда сен Буурул чачым сылай-сылай желдесең. Карт эмеспиз, бирок орто жаштабыз, Капааттанбайм кайгыртсаң да азгырсаң. Ой үрөнү шыкыраган кампабыз, Оодарылар кыйрагандай калпыс там. Артык көрбө даңксыз өлгөн кишиден, толугу менен…..