Карбалас Бакиров: Китептин санын көбөйтпөгүлө

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын Улуттук жазуучулар союзу жаш акын-жазуучулар арасында поэзия, проза, драма жанры боюнча окуу-семинарын өткөрүп жатат. Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков мындай окуу-семинарлар жыл сайын уюштурулуп турарын белгилеп, адабий өсүштөр байма-бай болуп турарына убада кылды. Ошондой эле өткөрүлүп жаткан окуу-семинардын жыйынтыгы менен мыкты проза, мыкты пьеса, мыкты поэзия жазгандар болсо комиссиянын макулдашуусу менен китеби чыга элек болсо дагы жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл ала тургандыгын билдирди. Кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров: “Талант – Кудайдын берген шыбагасы. Таптабасаңар күнөө болот” деп жаштарга кайрылып, билим толугу менен…..