Бектурали Исамидин уулу: Бузук телефон

Бузук телефон Ар кимдин ырыскысы ар тараптан, ар кандай жолдор менен табылат. Бирөө кара жумуштан, бирөө таза жумуштан, бирөө акылы менен, дагы бирөө жакыны менен, бирөө басып жүрүп буту менен, бирөө кол коюп калемдин учу менен, бирөө бийлеп жүрүп, бирөө сүйлөп жүрүп акча табат, албетте жанды багат. Иштеген ишим үчүн нааразы болбоймун, келечектен үмүтүм чоң, жакшылыкты болжоймун. Жашап келем эл жашаган катарда, жумушум жеңил, телефон оңдойм базарда, кейибейм капаланып заманга, алдыга жылуу үчүн аракет керек адамга, бирок ишеним болуусу зарыл, ташталган ар бир кадамда. Бул жумушту аркалоо үчүн билимим жок толугу менен…..

Махабат Саидрахманова: Тартылып бүтпөгөн сүрөт

Тартылып бүтпөгөн сүрөт Жаан жааган түндүн эртеси ансыз да тамтыгы кетип турган тротуарлардын уңкур-чуңкурларын толтуруп, чоң-кичине көлчүктөр жол бетин бербей жайнап кетиптир. Өтүкчүдөн кайтып келе жаткан кыз колунан жетелеген агасынын төрт-беш жаштар чамасындагы баласын дал бут алдындагы жайылып, мелтиреп жаткан чоң көлчүктөн кантип алып өтөрүн ойлонуп, бир саамга токтоп калды. Оюн жыйып үлгүрө электе кимдир бирөөнүн карылуу колдору наристени шап эте илип алып, “оппааа!” деп көлчүктүн аркы бетине кое салды да, анан аларды карап жылмайып коюп, андан ары жолун улап кете берди. Кыз аны тааныды. Төртүнчү кабатта жашаган коңшу киши толугу менен…..

Аалы Токомбаев: Даат

Даат (уламыш) Арашандын тентек шарынын боюнда аңгеме айтышып олтурдук. Абдулла аттуу жаш өзбек, өзүнүн кезеги менен бир сонун аңгеме сүйлөдү. Ал сүйлөөдөн илгери мага карап жылмайды да: –Мен сиз сыяктуу жазуучу эмесмин. Мен токуу фабрикасынын жаш инженеримин. Сөзүм көркөм чыкпаса, мага капа болбоңуздар? – деп жупунуланып кечирим сурады. Чынында Абдулла сөзгө чебер, мүнөзү сылык, кең көкүрөк, көркөм жигит болучу. Ал сүйлөгөндө ылайыгы менен колуна уруп, өзүн-өзү күүлөп олтура турган адаты бар эле. Ал аңгемени мындайча баштады… …Өткөн бир замандарда Акыл аке аттуу бир киши жашаган. Уурулар Акыл акенин сөзүн элден толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: Таяк

Таяк (аңгеме) Уктатпачы мени, жазгы жаан, Жашыл дүйнө шаңын самайык (Айгул Узакова) Тунук акын Айгүл Узакованын жаркын элесине −Тим эле укмуш! Уксаң эми… Кичине көңүлдөнүп уксаң, тим эле укмуш ай!.. – деп аптыга сүйлөп, бирде каткырып, кайра эле бышактап ыйлап ийип жатып, бул окуяны бир кезде чогуу иштешкен Айгүл айтып берген эле. Көңүл коюп угумуш болуп отурганым менен, мен анда анча деле назар тиккен эмесмин. Көрсө… Окуя мындайча башталыптыр. Дөң-Алыш айылын өрдөй кеткен кара жолдо бир маршрутка келатты. Ичинде – жүргүнчүлөр. Бир кезде алды жактан үч караан көрүндү. Үчөө тең, убадалашып толугу менен…..

Султан Раев: Топурак

Мурат апасынын акыркы сөзүн укпай калды. Алыскы Швецияда иш сапар менен жүргөн. Мурат узак жолго сапар тартар алдында Ошко келип, апасынын жанында көпкө отурган. Жарым жылдан бери төшөктө узак жатып калган апасынын акыбалы күндөн күнгө оорлоп, өңү өчүп, купкуу тартып, жаак эти шылынып түштү. Кумсарган жүзүндө тирүүлүктүн изи өчүп бараткандай сезилди. Иреңи суз. Ара чоло эриндери бүлк-бүлк этет. Ичинде жыландай уюп жаткан оорунун зардабы, жанын жан алдырбай ичтен катуу бурап, эртели-кеч онтотуп чыгат. Дүйнөсү чарк айланган кемпирди ажал тушап, сары чырмооктой жабышты. Көзүн жумса эле көргөн актыгы шүүдүрүмдөй кулап, жумулган толугу менен…..

Султан Раев: Эмне дейм сизге, эжеке?

Сабактын бүтөрүнө беш мүнөтчө калган. Эжеке мурдунун учуна түшүп калган көз айнегин жогору түртүп: — Балдар, эртең чогулуш болот. Бардыгыңар ата-энелериңер менен келишиңер керек, курулай шылтоолоп, «колу бошобой калды, иши чыгып калыптыр»,— деген сөздөр болбосун,— деди. Анан эжей мени бир карап алды да сөзүн улантты: —Асанкулов, сен да эсиңен чыгарба, өткөндөгүдөй шылтооңду койгун, сүйлөштүкпү?— деп өзгөчө белгилеп койду. Аңгыча коңгуроо кагылды. Балдар жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай эжейдин сөзүн аягына чыгарбай, бири-бирин жаалап сыртка чу коюшту. Мен партадан көңүл кош турдум. — Асанкулов, сен эмне, ооруп калгансыңбы? Ырайың да толугу менен…..

Жыпар Исабаева. «Көпүрө…»

Күтүүсүз коңгуроо… Эртең мененки: — Алло, бул — мен, Алма-Атадан чалып жатам! Тез арада келе калчы, мен сага иш таап койдум! — деген күтүүсүз коңгуроо, капыл-тапыл айтылган сунуш менин жандүйнөмө эле эмес, турмушума да чакчалекей түшүрүп, тополоң салып жиберди. — Кандай иш?.. — дедим таң калып. — Албетте, министрдин иши эмес! Базарда контейнер иштетесиң, макулсуңбу? — Койсоңчу… — каткырып күлөм мен. — Кызыксың, эй! Качанга чейин эле кагаз-калемиңди тиктеп, итке минип жүрө бересиң? Элдей акча таап, бардар жашагың келеби?! Келет да! Бирок унчукпайм. — Эртеңден калбай келип кал! — дейт толугу менен…..

Эрнест Хемингуэй: Он чакты индей

Он чакты индей (аңгеме) Төртүнчү июль күнү кечке маал шаардан Жо Гарнердин кенен арабасында аны үй-бүлөсү менен чогуу үйгө кайтып келаткан Ник жолдун ар жеринен мас болуп жүрүшкөн тогуз индейди жолуктурду. Эгер адашпаса, бул жол катар кезиккен тогузунчу индей, күүгүм талаш келаткан Жо Гарнер аттарды тык токтотуп, арабадан секирип түшүп, дөңгөлөк тушта жаткан индейди жол четине сүйрөп жөнөдү. Мас неме көмкөрөсүнөн кумга бети менен оонап жатат. Жо аны сүйрөп жол четине жаткыра салып, кайра арабага кайтып келди. — Бул тогузунчу мас индей, – деди Жо, – шаар четинен ушул жерге толугу менен…..

Ырысбай Абдыраимов: Казына

Казына (аңгеме) Эрмек ишке жалакай болуп өстү. Анткени, ал чоңойгуча ата-энеси ашып-ташыган мүлк, байлыкты камдап койгон болчу: короо-короо кою, бодо – бодо малы эсепсиз, үйүр-үйүр жылкысы сан жеткис, каз катар, көк тиреген там-ташы белен асман бою. Ал байлыгына магдырап, үй курбады, эңкейип чөп орбоду. Жадесе арык казып, суу чыгарып, бак-дарак тигип койбоду. Келечекти ойлонбоду. Атасы оо дүйнө салды. Энеси Акылай байбиченин бала-чака, бир туугандары, кайын журту жанында калды. Атасынын ашы берилип бүткөндөн кийин Эрмектин көрөр көз туугандары: “Биздин да энчибиз бар. Бүтүн байлыкты калыс бөлөлү. Атадан ашкан мурасты чогуубуз менен толугу менен…..

Максуда Ормонова: Көрсө, алган экем…

Көрсө, алган экем… Көп эле белектерди алдым. Мүмкүн кээ бирлерин унутуп да калгандырмын. Кызык… Ушундай да болот экен. Бир белектен баш тарткан болчум. Аны албай койгон элем. Көрсө, алган экем… Жупуну жашоо-тиричилигибизге карабай, апам биздин ар бирибиздин туулган күнүбүзгө бир өзгөчө көңүл бурчу. Ошол жылы кар оор түшкөн. Азыр эстесем, ал жылдагыдай калың карды көрө электеймин. -Менин кызымдын туулган күнүнө күн да кубанып турат. Кар түнү жаап баштаган эле. Дале басылбай жаап жатат. Садага болоюнум! Башкачам менин! Бөлөкчөм менин!-деп, апам маңдайыман өөп, мектепке тургузду. -Кана, көрөйүнчү!-быйылкы кыштын биринчи кары болбосо да, шашып, терезеге чуркадым. Чын эле, толугу менен…..