Алтынай Темирова: Китебим 5000 нускада чыгып, бет ачары Москвада өттү

– Алтынай эже, “Ай конгон тоо” (“Лунная Гора”) аттуу жаңы китебиңиз кут болсун! Интернационалдык жазуучулар союзу тарабынан Москвадан чыгарылган экен. “Тушоо кесерин” да ошол жактан өткөрүп келдиңиз. Кандайча ал жактан чыгарып калдыңыз, бет ачар кандай  өттү? – Ракмат, жакшы өттү баары. Буга чейин 2018-ж. “Автограф” деген жамааттык жыйнакка, 2019-ж. Пушкиндин 220 жылдыгына арналган жыйнакка, Байронго арналган жыйнакка ыр топтомдорум чыгып, жакшы баага арзыгам. “Пушкин” сыйлыгынын, “В.Набоков” жана “Антуан де Сент-Экзюпери” атындагы сыйлыктардын дипломанты болгом. Анткени, бардыгы конкурстук негизде болчу. Бул китебимдин чыгышына да, бир конкурс себепчи болду. Анда, жарым гранттык толугу менен…..