Темирбек Алымбеков: Жүрөктөсүң асылзат, Жүрсөңөр болду жайдары

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы  Байдылда Сарногоев Аял, аял Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын, Жан жыргалы, толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун, аялзат

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун!  Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Поэзия кечеге келиңиздер

КР Улуттук жазуучулар союзу 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин концерттик залында поэзия кечесин өткөрөт. Кечеде Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, Калчоро Көкүлов, Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов, Атахан Кожогулов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу жана Адилет Зарылбек уулу ыр окуйт. Адабий -музыкалык поэзия кечени белгилүү ырчылар коштойт. Бардык ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 121, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Жалпыңыздарды 6-март күнү саат 16:00дө күтөбүз. Келип, акындардын ырларынан азык алып кетиңиздер.