ТҮРКСОЙдун гимнин жазууга сынак жарыяланат

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (“ТҮРКСОЙ”)

 «Түрксойдун» 30 жылдыгына арналган «Түрксойдун гимни» поэтикалык сынагынын

ЖОБОСУ

Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата уюмдун көз карашына, миссиясына жана максатына ылайык гимндин текстин жазууга сынак жарыяланат.

Ырларды баалоо ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Жазуучулар союздарынын жетекчилеринен турган тандоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

Сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдөн 18 жаштан жогорку акындар катыша алат.

Поэтикалык чыгармалар мыйзамга, адамдык ар-намыска карама-каршы келбөөгө тийиш.

Ырлар катышуучунун өз өлкөсүнүн тилинде орфографиялык эрежелерге ылайык жазылууга тийиш.

Ар бир өлкөнүн Жазуучулар союзу тарабынан тандалган жана финалга чыккан ыр маанисин бузбастан түрк тилине которулушу керек.

Котормо автор тарабынан камсыздалат.

Сынакка катыша турган ырлардын муун өлчөмү «хедже» менен 4 саптан турган төрт куплет ыр болушу талап кылынат.

Бул ырларга обондор түрк дүйнөсүнүн белгилүү композиторлору тарабынан жазыла тургандыктан, гимндин форматына ылайык жазылышы керек.

Ырлар мурда эч кандай сынактарга катышпаган, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланбаган болуусу шарт.

Сынакка катышуу билдирмеси катышуучу өлкөнүн Жазуучулар союзуна электрондук почта аркылуу же кол менен 2023-жылдын 1-февралына чейин саат 17.00дөн кечиктирбестен берилиши керек.

ТҮРКСОЙдун Гимн сынагынын жеңүүчүсүнө 2000 доллар (эки миң доллар) сыйлык тапшырылат.

Тандоо комиссиясы сынактын бир нече жеңүүчүсүн да аныктай алат. Бул учурда сыйлык сынактын жеңүүчүлөрүнө бөлүштүрүлөт.

Ырлар adabiyat.kg@gmail.com электрондук почтасына же Бишкек ш., Эркиндик бул.54 дарегине кабыл алынат.

Сурап-билүү телефондору: 0708 50 28 80, 0777 35 26 08