Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду.

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.