Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Кыргыз Републикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды:

  1. Кыргыз эл акыны Омор Султанов III даражадагы Манас ордени менен;
  2. Жазуучу Советбек Байгазиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен;
  3. Акын-жазуучу Самсак Станалиев Кыргыз эл жазуучусу ардак наамы менен;
  4. Акын, котормочу Тазагүл Закирова Кыргыз эл акыны ардак наамы менен;
  5. Бурул Асакеева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  6. Акын-жазуучу Жыпара Иабаева Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  7. Акын-котормочу, КРУЖС төрагасы Нурлан Калыбеков Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  8. Акын-жазуучу Зинакан Пасаңова Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  9. Акын-жазуучу Түгөлбек Оторбаев Маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен;
  10. Акын, журналист Махабат Молдалиева Президенттин Ардак грамотасы менен;
  11. Акын, журналист Мирлан Самыйкожо Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Урматтуу сыйлык ээлери, алган сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиздердин жазарыңыздар али алдыда, арбын. Элге ак кызмат өтөп аман болуңуздар. Сиздердин алган сыйлыгыңыздар жазуучулар союзунун, жалпы элдин сыймыгы. Дагы далай мыкты чыгармаларды жаратып, эл сүймөнчүгүнө арзып жүрө бериңиздер!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы