Сулайман Рысбаев: Ким эмнеден коркот?

Ким эмнеден коркот?

Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу жана күчтүү экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот.

– Жалгыз барасыңбы? – дейт аялы, – тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го.

– Туура айтасың. – дейт да, ал кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот.

– Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы. Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал кошунасы алдаганын ойлойт, ыза болот. Ага бекер ишенгенине өкүнөт. Болбосо, жакын эле жерге барат эле да.

Токойдо чычкан көп болот экен. Пилдин корккону эле чычкан. Күнү-түнү ошондон коркот. А адам болсо эч нерседен камырабай, керээлден-кечке отун алат. Кечинде эс алат.

-Бул жерден качан кетебиз, – деп сурады пил бир күнү ээсинен.

-Кетебиз, шашпа. Үй алыс,- деди адам пилге. Отунду болсо көп алдым. Эми үйгө акырындык менен ташый баштайбыз. Сен коркпо, мен сени көп эле кыйнабайм.

-Отунуңду көп эле ала бергин, – деди пил. Мен отунду ташыгандан коркпойм, бир жыгач калтырбай ташып берем. Мен чычкандан гана корком. Алар бул жерде абдан көп экен.

-Сен өзүң тоодой болуп туруп, бармактай болгон чычкандан коркконуңа жол болсун,- деди адам күлүп.

-Ошо бармактай болгону үчүн корком,- деди пил. Кулагыма кирип кетсе, чыкпай азапты берет.

Адам күлдү. Ага пил баарыдан күчтүүдөй, ал эч нерседен коркпостой көрүнбөдү беле. Анын бул сөзү жөн эле күлкү келерликтей туюлду. Ошон үчүн күлдү. А пил болсо адамды дүйнөдө баарыдан күчтүү, эч нерседен коркпой турганын сезип турду. Анан мындай деди:

-Сен, адам, баарынан күчтүүсүң, эч нерседен коркпойсуң. Туурабы?

-Жок, жаңыласың,- деди адам. Анан ал ойлонуп туруп, мындай деди,- мен адамга жакшылык иш жасабаган зөөкүр, убадага турбаган жалганчы адамдардан корком. Алар эң эле коркунучтуу болушат.

Пил угуп, унчукпай ойлонду. Баары адам болуп туруп, бири-биринен коркоруна таң калды. “Кантип эле” – деп ишенбеди. Ал адамдарды да өзүлөрүндөй, бири-бирин кыйбастай сезбеди беле.