Сулайман Рысбаев: Кара таштагы сыйкырдуу жазуу

Кара таштагы сыйкырдуу жазуу

Кайсы өлкөдө, же кайсы элде экени белгисиз, бир канча жыл катары менен катаал болуп, эгин чыкпай, же чыкса бышпай, ачарчылык өкүм сүрүптүр. Ошол жылдары адамдардын ниети бузулуп, пейли качып, ыйман акчага алмашылат, колунан келгендер көр оокатка туйтунуп, алсыздар кор тутулат. Элде кайырчылар көбөйүп, ачкадан карылар менен балдар кырылат. Ата-энелери өз кара жандарын калкалап, балдарын чака тыйынга, жигиттер ар-намысын, кыздар абийирин сындырым нанга алмашат…

Муну көрүп-билип туруп, адилет падыша элин эпке салалбайт, түз жолго баштай албайт, оор турмушту оңой албайт. Коңшу элдер далай кеңешин айтат, көп жардам кылышат, бирок жылдан-жылга аларга карыздары көбөйүп, көз каранды боло баштайт.

Акылмандар акылдан адашат, элге сөзү өтпөйт, оңолор жолго көзү жетпейт. Эсиргендер эртеңин ойлобойт, тепселгендер мүңкүрөп баш көтөрө албай, кайырчыга айланат…

Муну көрүп туруп жүз аша жашап көптү көргөн Даркан карыя касиеттүү кара тоого чыгып, чоң кара таштын үстүндө уюп олтуруп, эл эртеңин, эл пейилин ойлоп, наар сызбайт… Ары кетет, бери кетет, көзүнөн көлдөй жаш төгөт…

Бир нече күн өткөн соң ал эл аралап келет да, жалпы журтка минтип жар салат:

-Эй, эл-журт! Мени уккула, мен касиеттүү кара тоого чыгып, бир канча күн Алла-Таалага сыйынып, элимдин муңун угуздум, ыйын билгиздим. Алла-Таалам менин муң-зарымды угуп, түшүнүп, силерге жардам берейин деди…

Турган эл тунжурап, таңданып угуп турушту. Алар Алла-Тааланын мындай жардамына канчадан бери зар эмес беле!

-Мени уккула, — деп улантты жүз аша жашаган касиеттүү карыя, — укпай калдым дебегиле… Тээ-тетиги касиеттүү кара тоонун желкесинде касиеттүү таш бар. Ага чейин жолу да татаал, багыты катаал. Мен ошол жерде болдум. Силер да ошол касиеттүү кара ташка барып сыйынып, Кудайга өз дартыңарды айткыла. Кудай-Таала силердин сөзүңөрдү угат, эмне тилесеңер тилегиңерди орундатат…

Муну уккан эл, кары-картаң дебей, кедей-кембагал дебей чууруп-чубап, биринин артынан бири ошол касиеттүү кара тоонун желкесиндеги касиеттүү кара ташты көздөй жөнөшөт. Бир күн, эки күн, үч күн, төрт күн, беш, алты, жети… күн жол басып, караган-черге кийим-кечеси айрылып, таштарга колу-буту кайрылып, арып-чарчаганда зорго жетишет…

Барса, кадимкидей эле желке жагы тактадай тегиз, бетинде эки ооз сөз чегилип жазылган кара таш экен… “Кудай-Тааланын жазган бул касиеттүү” жазуусун окуп, ташка чекесин тийгизе табынып, ээгин тийгизе өөп, кайтып келе беришет…

Үй-үйүнө келип: “Бул үчүн да Кудайга шүгүр” дегенсип, чөккөн эл турмушка көзүн ачып карап, башын көтөрүп ойлонуп “оокат-тирилик кылалы, аракет кылсак берекет берер Кудайым…” дешип, кишиден эмес, Кудайдан үмүт кылып, эртеңден үмүт эте жашай башташат…

Дагы да байысам экен, дагы да Кудайым берсе экен – деп, эки көзү төрт болгон чон курсактуу байлар да жөнөшөт баягы касиеттүү кара ташка. Алар барса да, баягы эле супурадай жайык бетинде “Бул күндөрүң, да өтөр…” деген эки ооз гана сөз жазылып турганы…

“Бул эмнеси… Ботом, бул эмне деп шылдың кылганы…” дешип, болуп жаткан окуя тууралуу ханга арызданып барышат. Хан ал кооз чапан жакшыларынын арыз-арманын угуп, “элди алдап касиеттүү кара ташка баргыла деп, тынчтыгын бүлүндүргөн куу сакал чалды тапкыла” — деген жардыгын элге жаят… Бирок ал “куу сакал чал” оңой менен табылбайт. Ошол себептүү “алдамчы чал мына ушул” деп алынып барылган далай ак сакалдуу абышкалардын башы кыйылат. Муну көргөн Даркан карыя: “Силер издеген куу сакалыңар — мына менмин” – деп жайкалып өзү барат хан алдына.

Хан жүздөн ашкан, касиети сөзүнөн мурда көзүнөн көрүнгөн бул адамды көрүп, тегин адам эмес экендигин туят да, жасоолдорун тынчтандырып, сөзүн угууну эп көрөт.

-Элди дүрбөтүп, “касиеттүү кара тоодогу касиеттүү кара ташыңа” сен жибердиңби… Ансыз да оор турмушта бели омкорулуп турган элди дагы да кайдагы түйшүккө салыпсың… Ансыз сага эрмек табылбадыбы!.. – дейт хан кекээрлүү. – Айт, чынынды, болбосо, сураксыз башың алынат…

-Касиеттүү өкүмдарым, башымды алсаң аларсың, бирок эки ооз сөзүмдү угарсың, – дейт жүз ашкан Даркан карыя. – Май көл, сүт кол заманды да көрдүк. Ал күндөр да өттү… Карын ачып, көңүл азган күндөрдү да башыбыздан кечирип жатабыз, бул күндөр да өтөр… Батпаган күн болбос, атпаган таң болбос, өлбөгөн жан болбос, түшпөгөн хан болбос… Ачкан курсак тоюнар, арык семирер. Ушул күндөр да өтөр… Буурадай сан кетер, булкунган жан кетер… Ага эмне теригип, акыйкат айтканды неге жемелейсиң, ханым. Менин айтарым ушу: “Бул күндөр да өтөр дегеним” – Кедейлиги кемтик болгон бей-бечараларга бу күндөрүңө өкүнүп, мөгдөбө, жарык таң атар, жаркыраган күн келер, кардыңар тоюнар заман да келер дегеним… А кийген кийимине мактанып, ичкен ашына семирип, тагдырына ыраазы болуп, тыңып, тоюнуп калган, өзүнөн башканы адам санабаган, эсирип эли-журтун тааныбай калган, адам сапатынан кеткен жакшыларыңа: “бул күндөр да өтөр, эсиңе кел, элиң менен бирге бол”, дегеним. Айыбым болсо, өзүң өкүмүңдү чий. Кессең башым мына, өкүмдарым…

Угуп турган хан ойлуу тунжурады. Ага кошулуп, айланадагы мыктылары тунжурады. Баш көтөрүп эч ким эч нерсе дебеди. Баягы “бу куу сакалдын башын алам” – деп турган жасоол да үн дей албады.

Хан буйругу адилет угулду. Кыйындыкта бей-бечараларга бел болуп, эртеңки күнгө көзүн ачып үмүт менен караткан, а эсиргендерди эсине келтире сөз айткан Даркан карыянын башына азаттык берди. Ал тургай, өз сарайына кеңешчи кылып алды. Анын башын алып, көзүн тазалоого ашыккан далай эсиргендер энчисин алып, эстерине келди…