Ш.Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта илинди

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу, драматург Ш.Бейшеналиевдин жашаган үйүнө мемориалдык такта илинди. Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.Иманалиев, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков жана жазуучунун замандаштары, калемдештери катышты. Жазуучу бул үйдө 1957-жылдан 2000-жылга чейин жашаган.