Сагын Акматбекова: Кандайсың деп бир серпилип койбодуң. Бул жарыкта барсыңбы, же жоксуңбу?

******

Жүгү көктө. Жатат жерде жатканы.

Жаздык. Шырдак. Сөз токтолот ортолоп.

Үйдө үй ээси. Тышта шуулдайт бактары.

Баары толук. Бир сүйүүнүн орду жок.

 

Жаш жүрөгү жалындаппы, өчүппү?

Жараларын сыйрыды экен ким дагы?

Бурулбастан такыр, такыр кетиптир

Бул тарапка мен келбеген жылдары.

 

… Кеттим мен да. Короочу иттер абалайт.

Түн коюулайт. Шыбыргактап жамгыр жаайт.

“Кайт арткалайт” – арасынан тааныш үн.

Кеттим, кеттим! Кайрылганым жарабайт.

 

Үч жети жыл

Бүгүн конок келет бизге, тур, кызым,

Чаңды сүрүп, үйдү жыйнап коёлу.

Тасмалга жай тамак – аштын түрдүүсүн

Канча адамбы? Калтыр төрдөн бир орун.

 

Алтоо келет. Алтоону тең жарыгым,

Жалгыз ошол мейман үчүн чакыргам.

( Ал дагы жаш… мен дагы өтө аруу элем…)

Ошол орун болсун үстөл башында.

 

Үч тал гүл кой, дасторкондун четине

Үч жети жыл өткөн экен арадан.

Ак гүл болсун гүлдүн бирөө… Жок күнөө

Аккан жылда. Сарысында – санаа бар.

 

Сары гүл кой жанаштырып. Кызыл гүл

Кырчын кезди эске салсын алдыртан.

Ак чачымды байкабасын, агыш нур

Түшсүн жумшак, алысыраак жандыр шам.

 

Ал конок ким? – Ырдын пири. Жалтырак,

Ат көтөргүс алтыныңа бербеген,

Аны менен келе турган алтоо да

Ыйык тутуп, Ырды сүйгөн пенделер.

 

********

Бир толкуган, бир тартылган кез келет.

Билбей тегин кыйналарың дагы чын…

Өңгө тургай өзүң сүйгөн өзгө да

Айтуу кыйын ичтегинин баарысын.

 

Муңдаш менен канча муңдаш, ээрибей

Көкүрөктө уюган бир муң калат.

О ыйыгын сенден башка ким билет!

О жарыгын сенден башка ким көрөт!

 

… Ырлар ошол… отко, сууга бир түшүп,

Оттой, суудай жаның менен жашасын.

Касиети кайталангыс бир учур.

Касиетин кармай алсаң – жазасың.

 

*******

… Жабыр муңун дайым жалгыз бойлотуп,

Мени турмуш оюн кылды, зоок кылды.

Кандайсың деп бир серпилип койбодуң.

Бул жарыкта барсыңбы, же жоксуңбу?

 

Калагы жок калдым далай ташкында.

Калктым, чөктүм кайсы бирин айтам ай!

… Көлөкөмдөн көө кеттиби бактыңа,

Көңүлүңдү калтырдымбы байкабай?

 

Андай десем… эл чогулган жерлерде,

Оюн – зооктуу кечтерде бир, кез -кезек,

Көрүп калсам “Ооба баары эсте…” – деп

Ойго тунган көздөрүңө кездешем.

 

Жалт карашың жарыкты бүт нур кылган,

Жан – дүйнөңдүн ар толкунун туйдурган.

О телмирип! Үнсүз – сөзсүз сүйлөгөн

Ошол укмуш көздөрүңдү сүйдү элем.

 

*********

Күлгүн нурун тегиз чачкан дүйнөгө,

Күн да кээде булуттанат турбайбы.

Пенде болсок бул дүйнөгө бир келген,

Болот жашоо бирде кубанч, бир кайгы.

 

Жалкып, мокоп, батса башың капага,

Эмне кыска? Өмүр эмес, эс кыска.

Алтоо болуп жаралсаң да атадан

Ар жалгыздык башта турган турмушта.

 

Сыркоологондо

1

Тереземден тоолор турат көрүнүп,

Тоого барам күн ачылган кезинде.

Токсон дарттан тоолор гана дарылап,

Тоолор гана арылтчудай сезилет.

 

Күүгүм үйдө күндүз чырак жагылган.

Кайта баштан окуп, талдап бүтөмүн,

Жатам. Жамгыр. Жатам. Жамгыр. Жанымда.

Акутагава Рюнескенин китеби.

2

Жакшы жышаан, тар балкондун шыбына

Чабалекей уя салып алыптыр.

Чымын учуп, кумурска да кыбырап

Тирчилигин кылып жүрөт, жарыктык.

 

Ичке сөңгөк, үч бутагы гана бар

Жаш өрүк да түйүп алган мөмөсүн.

Бир мында эмес, бүткүл улуу дүйнөгө

Жаз жаркырап келгендигин көрөсүң.

 

Көлөкөлүү коңул койбой аралап

Коңур нурун тегиз чачып күн тийет.

Көңүлүң түз болуп бардык адамга,

Көкүрөктө ишенч, күндөр бир жүрөт.

 

**********

Сүйбөй эле эле койсом болмок мен аны.

Канча болсо асмандагы жылдыздар

Ошончо ирет төктү жамгыр, жаады кар.

 

Кайтып мага караңгыда көп келген.

Канча жолу каккан болсо каалганы

Ошончо ирет кулагы уккан чөптөрдүн.

 

Бирок аны мен тааныбай калганмын.

Калган эле ал да мени тааныбай.

Косус аны көрүп калсаң салам айт.

 

Бул дүйнөнүн канча болсо дарагы

Ошончо ирет мени ырдаган шамалы

Жалгыздыктын… Көрүп калсаң салам айт…

 

*******

Жамгыр жуубай, урбай – сокпой шамалы,

Балдар үзбөй, жайнап жерге төгүлбөй,

Алча бактын гүлү кайда баягы,

Баягы аял кайда кеткен көрүнбөй?

 

Чоочун эркек чоочун көздөн жашынып,

Келчү эле дайым күүгүм кечтери.

“Эмне болсоң ошол бол!” – деп акыры

Же чын эле эрге тийип кеткенби?

 

Короо – коңшу тегиз жымжырт, тегиз суз

Шайыр эле, күлсө күлчү шарактап.

Баягы аял кайда кеткен дайынсыз?

Баары гүлдүү баягы жаз каякта?