Садык Алахан: Акындан айрылуу

Акындан айрылуу

(Эссе)

Адам турмушунун күзгүсү болгон адабияттын алмустактан бери келаткан жолунда ага адал кызмат өтөп, анын аруулугун андан бетер арттырган ашкере пакиза өкүлдөрү ар убакта боло келиптир. Адабий ишмердиги менен адамдык насили бөтөнчө бир шайкеш келген андай инсандар, адабий турмуштан айкын болуп жүргөндөй, тилекке каршы, анча деле арбын болбойт экен. Төл адабиятыбызда аруулуктун мындай айныксыз белгиси болуп, өзүмдүн жеке ишенимимде, алгачкы муундун өкүлдөрүнүн арасынан айтылуу Мукай Элебаев эсептелсе, адабиятыбызга алтымышынчы жылдары келишкен муундун ичинен Жолон Мамытовдун адамдык асыл сапаты өзгөчө бир сезимди пайда кылат. Ырасында эле акын мага мейли адабий чөйрөдө болсун, мейли окурмандар арасында болсун бөтөнчө жаралган жан катары элестелээр эле.

Эсимде, он жети жаш боз түлөк курагымда чакмак дептердин ортосунан чыгарылган барактарга жазылган «Жалгыз өрүк», «Балапан», «Анда да ушул күн эле» деген үч аңгемемди окуп жүргөн китебимдин ичине салып алып, Ош радиосуна келген элем. Сүрдөгөндөн калтырак баскан бутумду араң сүйрөй, кулагыма чейин кызарып элейе кызыл имараттын биринчи кабатындагы бир бөлмөнүн эшигин зоргодон зорго ачкан болчумун. Бөлмө чоң эле. Мындагы столдор биздин мектеп-интернаттын мугалимдер бөлмөсүндөгүдөй төргө, терезелердин түбүнө, капталдата эмес, негедир эки дубалды туташтыра бурчтарга коюлуптур. Кызара кирип келген мени мындагылар бурч-бурчтан тиктеп тургандары али күнчө көз алдымда. Бул көрүнүш муздак калтырак басып босого аттаган жанымды ансайын оңтойсуз абалда калтырган эле. Баарысы бир ооздон «кел, кел» дешип эмне алып келгенимди сурашкан болчу. Төркү сол бурчта олтурган ак жуумал келген, алагар көз, олбурлуу адам мындагылардын башчысындай сезилди. Интернаттын директору Хамид Сатаровичтен башка жетекчи көрө элек болчумун. Тилим араң  күрмөөгө келип, аңгеме алып келгенимди айттым. «Аа, мага келген турбайсыңбы. Кел, бери кел», – деди оң бурчтагы кара тору, мурду шиштийген – ошол шиш мурун алигиче көз алдымда – киши. Көрсө, сол бурчтагы ак жуумал келген, алагар көз, олбурлуу адам Жолон Мамытов, оң бурчтагы мени өзүнө чакырган Абдимитал Камалов экен. Жолон аганы эң биринчи ушундайча көргөн элем. Мезгил өтүп, кийин жакшылап таанышканбыз. Ошту аралап аккан Ак-Бууранын боюндагы Төлөйкөн деген айылда туулуп өскөн экен. Кийин Жолон ага баш калаабызга ишке которулуп келгенде да жолугушуп жүрдүк. Насип экен өмүрүнүн соңунда акын ага Бишкектин түштүк багытындагы тоо тарапта жыйгашкан абасы аңкый таптаза, күр-шар аккан дайранын шоокуму укмуштай бир добуш менен угулуп турган, мээлүүн шамалы ар качан беттен сылаган ажайып кооз айылыбыз Беш-Күңгөйдөн дал биздин көчөгө жанаша турган Ткачев көчөсүнөн үй сатып алып, туз буйруп коңшу туруп калдык. Бул кезде Жолон ага Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасынын орун басары (а чынында чыгармачыл Союздагы иштин барын кыймылдаткан, анын иш жүзүндөгү жетекчиси), жумуриятыбызга аттын кашкасындай таанымал акын болуп калган эле.

Кийин мен Москвага Адабият институтуна окууга кеттим. Кыргызстандан чыккан, өзүм сүйгөн гезит-журналдарга такай жазылып, үзбөй алып окуп турар элем. 1988-жылдын февралынын соңунда Жолон аганын «Турмуш бизди иргегенден иргеген» деп жалпы ат коюлган, бир бет толо жаңы ырлары басылган «Кыргызстан маданияты» гезитинин кезектеги санын алдым. Кудум орто мектепти бүтүп жатканда класс-класс болуп ар кимдин астына фамилиясы кошо жазылып түшчү сүрөттөрдөй болгон акын аганын тегерек алкакка алынган сүрөтүн кошо басыптыр гезит. Жашырганда эмне, акын бул сүрөтүндө өзгөчө чырайлуу эле. А ырлар болсо ырасында эле сонун ырлар болчу. Ал эми марттын алгачкы күндөрү Бишкектен бир боорум Өмарбек телефон чалып, Жолон ага катуу ооруп, анан аны Москвага алып кетишкенин айтты. Мен дароо кыргыз адабиятынын Москвадагы өкүлү жазуучу Муса Мураталиевге телефон чалдым. Ал киши азырынча эч нерсени уга электигин айтты. Аңгыча 8-март да кирип келди. Казак, кыргыз, түркмөн, чечен, хакас балдар өтө ынтымак элек, чогуу басып, чогуу жүрчүбүз. Ошолордун бири Габиден ага Кулахметовдун бөлмөсүнө даңазалуу акын Олжас Сулейменов, казактын белгилүү жазуучусу, казак адабиятынын Москвадагы өкүлү, бизге такай келип турган Роллан Сейсенбаев ж.б. акын, жазуучулар келерин айтышып, мени да күндүзгү саат он экиге чакырышты. Айтылган убакытты күтүп бөлмөмдө олтурсам белгилүү акын Курбаналы Сабыровдун кызы, биздин Адабият институтунун котормо бөлүмүнүн 2-курсунда окуган Лира кирип келип, Жолон аганын көз жумганын айтты. Ак сөзүм ушул, заманам куурула түшкөндөй болду. Саамга  үн-сөзсүз олтуруп калдым. Бир топко барып эсимди жыйып, анан Муса агага телефон чалдым. Ал кишиден Меңди эженин (Ж.Мамытовдун жубайы) кошо келгендигин, эже эртең саат он-он бирлерден тартып Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө болорун айтып, Меңди эже токтогон бөлмөнүн номерин берди. Бүт ой-сезимим алай-дүлөй болуп, казак балдардын бөлмөсүнө барууну да эсимден чыгарып коюптурмун. Бир кезде Габиден ага чуркап келип, коноктор келишип, элдин баары чогулуп калгандыгын айта ээрчитип кетти. Келсем Олжас Сулейменов менен Роллан Сейсенбаевден башка Финляндиянын маданият министри, өз элинде белдүү акын Пенти Холаппа, ал кишинин котормочусу жана да Роллан аганын уулу келишиптир. Биз менен окушкан өзбек, түркмөн, чечен, хакас балдар Төрөмырза, Акмухаммет, Зелимхан ага (кийин Чеченстандын президенти болгон кадимки Зелимхан Яндарбиев) жана Толя Султреков (хакас жигит) бар экен. Олтурушту Роллан ага алып барып жатты. Баарыбызды бири-бирибизге тааныштырды. Арийне, биринчи сөз Сулейменовго берилди. Даңазалуу акын орусча сөзүнүн арасында улам-улам «иншалла» деп коюп бир топко сүйлөдү. Көрсө, бул Олжас аганын өнөкөткө айланган адаты экен, жөн эле сүйлөп жатканда да улам «иншалла» деп коёт экен. Ошондо гана мен Роллан аганын да «иншалла» деп сүйлөөрүн, анын мунусу өз кумирин айныксыз тууроодон болгон өнөкөт экендигин сездим. Роллан ага негедир мени такай «Садык төрө» деп коёр эле. Бул ирет да ушинтип атай сөз берди. Сөз берердин алдында менин көңүлүм суз олтурганымдын себебин айта Жолон аганы жакшы билгендигин кошумчалады. Мына ушул учурда Олжас ага да кепке кошулуп, кыргыз адабияты чынында эле орду толгус жоготууга учурагандыгын, Жолон Мамытов өзгөчө чынчыл акын болгондугун айтты. Калемгерлердин көңүл айтууларына ыраазычылыгымды билдирдим. Кечирээк болсо биз менен окуган, жогоруда айтылган, түркмөн жигит Акмухаммет Вельсапаров бөлмөсүнө чакырып калды. (Вельсапаров Сапармурат Ниязовдун (Түркмөнбашынын) азыркы иш стилине каршы чыгып, өз элинде жеке адамга сыйынуу башталганын айыптай диссидент жазуучу катары Түркмөнстандан чыгып кетип, 1993-жылдын июль айынан бери Орусияда, Москвада саясий түнөк алып жашап, жазып жүрөт). Көрсө, аныкына түркмөн адабиятынын белдүү жазуучуларынын бири келген экен. Бул киши өз учурунда Жолон Мамытов менен Адабият институтунда чогуу окуптур. Акмухаммед Жолон аганын көз жумганын айтса, ошондон улам мени чакырткан экен. Ал киши Жолон  ага экөөнүн Адабият институтундагы жылдарын, андагы кызыктуу күндөрдөн, «жигиттик жортуулдарындагы» боор эзген эпизоддордон айтып тамашага чалып олтурду. Бөлмөмө келип өткөндөгү «Кыргызстан маданиятына» бир бет болуп чыккан ырларын кайрадан окуп олтурдум. Бул ирет мага акын ага өлүм, ажал жөнүндө негедир көбүрөөк кеп кылгандай сезилди.

Унуттук го өлүм барын ал эмес

Биз ошондон буйтап калар өңдөнүп.

Же болбосо:

Тээ маңдайдан ошол жолду ырастап

Бараткансыйт ажал шашып ыраактап.

болбосо:

Ажалына тике карап турса да

Багынбаган адам күнүн мактадым.

Эч каякка качпайт өлүм, ал турат,

Доорон сүрсүн тынчтык күндөр жаркырак!

дагы бир жерде:

Жылдыз болуп зор убакыт колунда

Өлүм менен таймашчудай көрүндүң.

Булар жана бул сыяктуу башка саптар негедир мурдагы окугандан башкача, өзчөгө бир сырдуу мааниси менен ачылып жаткандай сезилди бул ирет.

Эртеси М.Мураталиев айткандай саат он экилерде Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө бардым. Меңди эже токтогон бөлмөгө карай бет алдым. Денемди калтырак басып, кантип жолугарымды билбей бараттым. Каалганы такылдатсам жооп болбоду. Акырын түртсөм ачылып кетти. Төрт керебет коюлган бөлмөдө эч ким жок экен. Ортодогу чакан столдогу табакчада көрүнүшүнө караганда эскирип катып калган үч-төрт тилим нан, эки-үч карамель конфети жатыптыр. Бөлмөнүн ичи негедир көзүмө суук көрүндү. Аңгыча эшик ачылып, көзү, мурду балая көөп шишиген Меңди эже кирип келди. Кой деп коёр адам жок ээн бөлмөдө экөөбүз оо-о көпкө-көпкө ыйладык. Мен түк соороно албай койдум. Кайра Меңди эже өзү зорго сооротту окшойт. Тээ бир оокумга барып араң-араң басылгандай болдук. Бул ый эч бир сөз менен айтып берүүгө болбой турган армандын муңу эле, бул ый жүрөк-жүлүндү өрттөгөн күйүттүн муңу эле.

Меңди эже акын аганын оорусу эмне деген дарт экендигин, шыпаа издеп эмнелерди жасашкандыгын, Бишкекте кантип дарылангандыгын айтты төкпөй-чачпай. Эсил кайран бу дүйнө!.. Сыртта сампарлап кар жаап кирди. Эшик ачылып Мамытовдордун үй-бүлөсүнүн чоң досу, москвалык белгилүү акын жана котормочу Михаил Синельников жубайы менен кирип келди. Меңди эже кайрадан азаа ыйына түшүп, Синельниковдун аялы экөө тең бир топко барып араң басылышты. Анан алар эжени мейманканага таштабай алып кетмек болушту. Ч.Айтматов «телефон чал» деген экен, вахтадагы телефонго барып – бөлмөдө телефон жок эле – эже ал киши менен сүйлөшүп келди. Чынгыз агай Бишкектегилер менен кабарлашкандыгын, Меңди эженин сөөктөн мурда баруусу лаазым экендигин, депутаттык билети менен бүгүн түнү Чынгыз агай өзү самолетко салып коё турган болгондугун айтып келди телефондон кайткан соң Меңди эже. Мен да «Москва» мейманканасында турган белгилүү калемгер, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы Өскөн Даникеевге телефон чалып, эртең саат тогузда мейманканадан жолугушуп, анан табытты узатмак болдук… Кар дале сампарлар жаап жатты. Сыртка чыгып такси тостум да, Фили жакта («Асанбай», «Жал», «Тунгуч» деген сыяктуу эл жашаган массив) жашаган Синельниковдордукуна эжени узатып келдим.

Эртеси саат 9га беш мүнөт калганда «Москва» мейманканасынын астына келсем Өскөн ага нары-бери басып туруптур. Эми эле бөлмөдөн чыкканын, азыр машине менен Муса Мураталиев келерин айтты. Муса ага өкүлчүлүктө чарба башчысы болуп иштеген Сагынбек деген жигит менен кошо келди. Албетте, ар кандай морг («өлүккана» деп жазууга түк колум барбай койду) жүрөктүн үшүн алчу жаман жай, бирок Москванын моргдорунун бетин ары кылсын. Бурчтары урай баштаган саргарган имараттын атайын арт жагынан жасалган эшигинин астына келип токтодук. Босого аттап, чакан залга кирдик. Дубал түптөй олтургучтар коюлуптур. Оң тарапта кара кийинишкен он бештей аял, эркек ортого коюлган табыттагы маркум менен коштошуп жатышыптыр. Бир тиктеген боюнча баш көтөрүп экинчи ал тарапты түк карай албай койдум. Пенделик жол-жосуну жасалган соң табытты бачым эле алып чыгып кетишти. Бул оорукананын моргунан ар бир жыйырма-отуз мүнөттүн ичинде бирден сөөктү алып чыгып кетип турушат экен. Маркумдун чачын тегиздөө, кийимин кийгизүү, тырнактарын алуу ж.б. жумуштар канчадан турарын баалары менен чоң ак кагазга бадырайта жазып, дубал бетине илип коюшуптур. Өзүнчө эле бир мекеме жүзүң кургурдуку. Аңгыча сол жактагы жер алдынан көтөрүлгөн тепкичтер аркылуу бир жаш жигит (болжолу кошумча иштеп маяна тапкан мединституттун студенттеринен го) чыгып келип, маркум Жолон аганын фамилиясын окуду. Төртөөбүз тең тура калдык. Колундагы барактарын сунуп, айрым бир нерселерди толтуруу керектигин, өзү азыр акын аганын сөөгүн алып келерин айтты. Бул кабарды укканда денем дагы дүр-р дей түштү. Жигит берген кагаздарды колго алып, азыр эле сөөк жаткан столго тегеректей олтура – бул жердин иш ыргагы ушундай тура! – анан Мусаке айткан жерлерди толтура баштады. Калган үчөөбүз үн-сөз жок олтурдук. Жанагы жигит кайра келди да, кагаздарды колуна ала бир сыйра көз жүгүртүп чыккан соң «артыман жүргүлө» деп коюп, өзү көтөрүлгөн баскычтар менен төмөн баштап жөнөдү. Тепкичтер бир аз ылдый түшкөн соң узун коридор болуп кетет экен. Дал ушул коридордо атайын жасалган түртмө арабага салынган акын аганын сөөгү бизди күтүп туруптур. Маркумдун бир капталына биз Муса ага экөөбүз, бир капталына Өскөн ага менен Сагынбек келип турушту. Арабыздагы улуубуз Өскөн ага туруп туруп куран окуду. Тизе бүгүүгө түк ылаажы жок эле. Кулак угуп, көз көрбөгөн жакка келип көз жумат деген не да, тик туруп куран окулат деген не деп жүрөк-жүлүнүм бошой, ичим туз куйгандай ачышып, көзүмдөн жашым куюлуп турду. Акын ага буга чейин мен көргөн маркумдардай бопбоз эмес, негедир каралжын эле. Оорунун күчү го болжолу. Жүзүбүзгө бата тарткандан кийин үч-төрт кадам ары турган жанагы жигит басып келип, жарым саат, бир сааттан кийин табытты цинктеп туруп (ансыз самолётко салынбайт эле) алып чыгып беришерин айтты. Сыртка чыктык. Табытты Сагынбек өкүлчүлүктөн атайын бөлүнгөн машине менен алып бармак болуп, Өскөн ага аэропортко жөнөй бермей болду. Сагынбек менен Мусаке калып, мен Өскөн аганы узатмак болуп бөлүнүштүк. Бишкекке самолет үч жарымда учмак. Биз экиге чамалаш Домодедовдо (СССРдин күн чыгыш багытын тейлеген аэропорт)  болуп калдык. Кайнаган эл, эч нерсе болбогондой турмуш өз нугу менен агууда. Бу жашоо дегениң, өмүр дегениң табияттын улуу сыры го кыязы!.. Самолеттун учаар убактысы улам жакындап келе жаты, а Мусаке менен Сагынбектен кабар жок. Аңгыча регистрациялоо да башталды. Калгандардан кабар жок. Чыдамыбыз кете баштады. Анан өкүлчүлүккө телефон чалдык. Сүйлөшүп жаткан Өскөн аганын акырындап өзгөрүп бараткан өңүнөн улам бир жамандыкты сезе баштадым. Көрсө, табытты цинктөө жеткен тозоку иш экен. Жолон аганын сөөгүн өтө кеч алып чыгып беришиптир, анан, жакшы, Өскөн аганын билети табытка даярдалган документтер менен чогуу Сагынбекте экен билетти кечки саат он бирде уча турган Алматынын рейсине алмаштырышыптыр. Айла жок көнүп олтуруп калдык. Ортодо жети саат убакыт бар эле. Өскөн ага «шам-шум этип алалы» деп калды. Ошондо гана кечээги кечки тамак менен жүргөнүм эсиме түштү. Экинчи кабаттагы ресторанга кирдик. Менин өтө эле чүнтүйө түшкөн кебетемди көрүп боору оорудубу Өскөн ага сөздү башка жактан баштап, өзүнүн адабият институтунда окуп жүргөн кездери, кантип иштеп, нелерди жазгандыгы жөнүндө кеп салып олтурду. «Өзүң эмне кылып жатасың?» деди. Бул киши жөнүндө мурда сыртынан угуп, сыртынан билсем да Жолон аганын сөөгү экөөбүздүн дилибизди жакындаштырып, кандайдыр бир өлчөмдө кудум бир туугандык сезимди жаратып койгондугун туюп турдум. Жүрөктөгү чын сырымды айттым. «Роман жазып жатам. Теңинен ооп калдым», – дедим. Адабий сынга аралашып жүргөн менин бул сөзүм Өскөн ага үчүн күтүлбөгөн жооп эле. Унчукпай калды. Мен да өз оюн бир аз «сиңирип» алсын деп саамга үнкатпадым. Анан ичиндеги таңдануусун билдирбөөгө тырыша (жазуучудагы таңдануу сезими баары бир көз карашынан, үнүнүн ыргагынан туюлуп турду): «Чыгармачылык дегениң улуу сыр тура. Ким – кимибиз болбосун барып-келип эле жүрөк буйруган нерсени аткарат турбайбызбы» – деди Өскөн ага. Унчукпадым. (1987-жылы башталып, 1990-жылдын соңунда бүткөрүлгөн,

«Такка олтурса таз киши,

Эл жарыбайт дечү эле»

деген элдик эзелки накыл сөз эпиграф болуп алынган, «Теңирим экөөбүздү кандаш гана эмес, духу да бир жандаш кылып жаратып койгондугу кокустук эмес. Иним Өмарбек, бул китеп сага арналат» деген арноосу бар он жети жарым басма табак көлөмүндөгү «Азапстан» деген бул роман даңазалуу адамдардын кол жазмаларын колдоруна кайтарып берип жаткан басмалардын бүгүнкү итке минген абалында качан, кайда, кантип жарык көрөрү өзүнчө эле бир өксөлүү иш го). Анан кечээтен бери жүрөктү өйүгөн суроомду бердим Өскөн агага: «Өскөн ага, жыйынга чогуу келишкен Төлөгөн аке, Камбаралы акелердин бирөө-жарымы эмне үчүн Сиз менен кошо калганга жарашпады?» – дедим. 4-5-мартта СССР жазуучулар Союзунун чоң жыйыны болуп, ага Кыргызстандан да жоон топ өкүлдөр катышкан эле. Сезимтал акылдуу жан Өскөн ага суроомдун төркүнүн дароо түшүндү. «Бул маселени Чыкем (Ч.Айтматов – С.А.) чечпедиби. Ошо киши баарыбызды чогултуп алып, Жолондун жанында бирөө-жарымыбыз кала турушубуз керек экендигин айтып, анан экөөбүздүн мурдатан бери Союзда (жазуучулар Союзунда – С.А.) катчы болуп иштешип келатканыбызды эскертип менин калышымды туура көрбөдүбү. Камбар түзүк эле аракет кылды, бирок биздин Союздун чама-чаркын, финансы жактан тукулжурап турганын билесиң да», – деди сөзүнүн аягын актангандай түр менен кейиштүү бүтүрүп. Унчукпадым…

Домодедовонун табыттарды жөнөтүүчү жайы  аэропорттун негизги имаратынан кыйла эле алыс жайгашкан экен. Жөө түзүк эле баскандай болдук. Эки кабат чакан имараттын үстүңкү кабатына көтөрүлүп, бир бөлмөдөн документтерибизди дагы бир сыйра текшерткенден кийин бул жердегилердин жетекчиси сыяктанган орто жашар адам имараттын ичкери тарабына өтүшүбүз керектигин, ошол жердеги табыттардын (гробдордун) ичинен өзүбүздүкүн таап, анан поезд жолдун платформасында токтоп турган кузову жок чана сындуу вагонго жүктөшүбүз керек экендигин түшүндүрдү. Домодедовонун негизги имараты менен кошумча имараттарынын ортолору темир жол аркылуу байланыштырылган экен. Имарат менен коргондун ортосунда алты табыт туруптур. Ар биринин капталына кай жакка жөнөтүлөөрү жазылыптыр. Анча жакшы күйбөгөн прожекторлордун жарыгына салып акын аганын табытын издей баштадык. Бирөөсүнүн боорунда «Хабаровск», экөөсүнүн боорунда «Абакан» деген ж.б. жазуулар бар экен. Капталында «Алма-Ата» деген жазуусу бар табыттын жанына келип токтодук. Бөкчөңдөп алып табыттарды аралай эсил кайран акын аганын сөөгүн издеп жүргөн ошол абалыбыз күнү бүгүнгө чейин тирүү картинадай    көз алдыма тартыла түшүп, ар качан боюмду муздата, каңырыгымды түтөтөт. Анан арыда турган кишилерден тракторун айдап келүүсүн өтүндүк. Трактор дегени алды жагында носорогдун тумшугундай болгон узун эки шиши бар доңкоңдоп жүрчү  ташбакадай болгон ыраңы суук немеден экен. Биз көрсөткөн табыттын алдына эки шиш тумшугун сойлотуп жиберди да, акырын иле көтөрүп алып, бурула кайра доңкоңдоп жөнөдү. Үн жок, сөз жок Өскөн ага экөөбүз артынан ээрчип алдык. Жасалма тапталган топурак эки метрдей көтөрүлүп, анан ошого салынган темир жолго, анда чиркелип турган кудум чана сындуу вагонго келип токтодук. Носорог – трактор тумшугун өйдө көтөрдү да, чана-вагонго табытты койду. Бул жер жанагы имарат менен коргондун ортосундагы табыттар коюлган кычыкка караганда бир аз жарык эле. «Көрүп түшчү, Саке», – деди Өскөн ага. Кыйгачтай басып көтөрүлдүм. Цинктелген табыт дегенди биринчи көрдүм. Жүзү курусун! Адам бетинин алакандын отундай жери гана ачык калтырылып, калган жагынын баары цинк темири менен ширетилип салынат экен. Жараткан алдында чын сүйлөгөнүбүз лаазым. Жүрөк түпкүрүндө: «Бул чын эле Жолон аганын сөөгүбү?», – деген бүдөмүк ой бар эле, анткени, жана алты табыттын арасынан издеп таап бери жөнөгөнүбүздө «эгер Алматыга жөнөтүлгөн табыттан экөө болуп калсачы», – деген жүрөк үшүн алган ой саамга кылт эте түшкөн болчу. Албетте, капталына «Алма-Ата» деп жазылган табыт бирөө эле экенин, калгандарынын баары Советтер Союзунун чыгыш багытындагы ар кайсы шаарларга жөнөтүлүп жаткандыгын кайра-кайра тастыктаганбыз. Бирок мындай учурда адам дегениң болбой эле алданемени ойлой берет тура. Акын аганын ар качан нуру төгүлүп турчу жүзүнөн алакандын отундай гана ачык калтырылган жерине үңүлө тиктей баштадым. Ушунчалык үңүлгөн экемин акындын жүзүнүн ачык калган жерин жаап турган катуу полиэтиленге мурдумдун учу кадала түштү. Чочуп кеттим. Өөп алгандай боло түштүм. Мупмуздак экен. Каш менен ооздун ортосу, эки жаактын жарымына чейинки аралык гана көрүнүп турду. Жана эрте менен моргдун коридорунда куран окулуп, ортобузда жатканда каралжын көрүндү эле, эсил кайран аганын жүзү азыр андан бетер күңүрт тарткансыйт. Саамга тиктеп туруп калдым. Акын аганын бир кездеги айжамал өңүн акыркы ирет көрүп турганым мээме шак дей түштү. Кыргызстан кайда, Ош кайда да, Төлөйкөн кайда, минтип караңгы түн каптаган Подмосковье кайда! Көзүмдөн аккан жашым мөлт-мөлт этип тамып турду. Бир азга күйпөктөй түшкөн окшойм төмөндөн Өскөн ага: «Жакшы эле коюлуптурбу?», – деп калды. Өзүмө келе түштүм. Унчуккан жокмун. Үнүм чыкса эле озоңдоп ыйлап кирчүдөймүн. Бурула басып төмөн түштүм да, Өскөн аганын жанына келип, оозумду болор-болбос кыбырата: «Жакшы эле», – дедим. Жанаша басып артка кайттык. Кудум акындын ырларындагыдай асманда жылдыздар ушунчалык көп эле. Алар да акын ага менен коштошкону бири калбай көк бетине бажырап чыгып алышкандай сезилди. Тоңгон карды качырата басып биз келаттык. Он-он беш кадам баскан соң Өскөн ага эч нерседен эч нерсе жок эле: «Жакшы эле карадыңбы, Саке? Жокем өзү бекен?» – деп коюп карап турса боло. Мына сага! «Жолон Мамытовду эмес башка бирөөнү жөнөтүп жиберишкен жанагы Даникеев менен Тиллебаевчесинен» деп өмүр бою ылакапка калабызбы?! Деги эле бул өзү не деген иш болот анда. Элестетип болбойт. «Эгер кокус башка болуп калсачы?» Албетте, булар эч бир негизи жок тантырак ойлор эле, бирок дал ушул тантырактыгы менен мээңди көзөп, жүрөгүңдү түтөткөн ойлор болчу. «Өзү эле»,-дедим. Бирок жанараакта көз ирмемге пайда боло калып, кайра учуп жоголгон  шектүү сезим кайрадан жүрөккө уялап, эми акыл-ойду ансайын будуң-чаңга түшүрө баштады. Аэропорттун башкы имаратына чейин анча-мынча гана сөз алышып коюп, негизинен Өскөн ага экөөбүз тең дене бойду ныгыра баскан өз ойлорубуз менен алек болуп келдик. Келсек Алматынын рейсинин убактысы да болуп калыптыр. Өскөн аганын үйүнүн телефон номерин сурап жазып калдым да, эртең эрте менен эле кабарлашарымды айттым. Жанагы бүдөмүк ой ошондон бери жүрөктү эзет да турат. Бул абалымды Өскөн ага да астыртан туюп турду. Убакыт жетип коштоштук. Бөлмөмө келип чабалактап далайга уктай албай жаткан ошол түнүм али күнчө эсимде.

Эртелеп Өскөн аганын үйүнө телефон чалдым. Атайын жиберилген адамдар Алматыдан тосуп алышкандыгын, Бишкекке келишээри менен цинктелген табытты ачышкандыгын, саат 10дон баштап акындын сөөгү калың элдин коштошуусу үчүн Саясий агартуу үйүнө (азыркы “Сейтек” балдар маданий-эстетикалык борбору) коюларын айтты. Мен оор үшкүрүп алдым…

Үстүндө өткөн менен өмүрүбүз,

Биз жердин ажырагыс бөлүгүбүз.

Алыстап кеталбайбыз азырынча,

Кучактап калат жерди өлүгүбүз, –

деп табияттын бул катаал чындыгын кашкайта жазган эле акын ага бир кезде.

Кийинчерээк Кыргызстандан барган гезиттерден акын аганын сөөгүн жерге берген күнү табият да көз жашын көл кылып, эрте жаздын муздак жамгыры жаап тургандыгын окудум.

                                                                                    1994-жыл, 15 – 17-март.