Рюноске Акутагава: Түнт токойдун коюнунда

Соттук тергөө учурунда отунчунун берген көрсөтмөсү

Ооба. Сөөктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адаттагыдай эле отун кыйып келүү үчүн тоо этегиндеги токойго барып, капысынан эле адамдын жансыз денесине туш болдум. Кайсы жерден? Ямасинге  кетчү жолду билесиздер да, дал мына ошол жолдон төрт-беш чакырымдай алыстыктан.  Ал жерде бамбук негизинен жаңыдан бой керип келе жаткан жапалак арча менен аралаш өсөт; анан калса, чычкан мурду жөргөлөгүс болгондуктан ал аймактан кимдир бирөөнү жолуктуруу өтө кыйын.

Сөөк чалкасынан жатыптыр; үстүндө ак-көгүш түстөгү суйкан, ал эми башында, адатта борбордогулар кийип жүрүүчү эбоси шапке бар болчу. Мени таң калтырганы, өлгөн адамдын денесинде бар болгону бир гана жаракаттын бар экендиги жана анын как жүрөк туштан орун алгандыгы болду. Бечаранын каны жакшы эле атырылган белем, тегерегиндеги бамбуктун жалбырактары жошо  сүртүп койгондой тим эле кыпкызыл болуп калыптыр. Жок, мен көргөндө кан эбак эле токтоп калган экен. Кыязы, жаракаттын оозу бүтөлүп калган көрүнөт. Айтмакчы, тарс эле унутуп калганымды карабайсыңбы, жакын басып келген мени да эч бир этибар албастан дал ошол учурда жаракатка жабышып алып көгөөн кан соруп жаткан экен.

Кылыч же ошол кыяздагы кандайдыр бир нерсе көрдүңүзбү дейсизби? Жок, чынын айтсам, андай-андайды көргөнүм жок. Болгону,  сөөк жаткан жердин жанындагы криптомериянын сөңгөгүндө аркан илинип туруптур. Дагы… мм… ооба, аркандан бөлөк дагы тарак бар эле. Мындан башка эч нерсе көрө алганым жок. Баса, жерде жаткан жалбырактар абдан тапталып калыптыр – кыязы, маркум өз өмүрүн кимдир бирөөнүн колуна оңой-олтоң эле бере койбосо керек. Кандай дейсиз, ат көрүнгөн жокпу дейсизби? Кайдагы ат?! Айттым го, ал жер ат эмес чычкан мурду жөргөлөгүс деп!? Ат бастырчу жол андан ары, токой чети менен кетет.

Соттук тергөөдө жер кезип кеткен кечилдин берген көрсөтмөсү

Мен маркум менен кечээ күнү жолуккам. Ооба, кечээ…. менимче күн шашке болоюн деп калган. Кайдан?  Сэкиямадан кайра Ямасинди көздөй кетчү  жолдон. Ал атчан аял менен биргеликте Сэкиямага бара жаткан болчу. Аялдын башында бет чүмбөтү бар жазы курбулуу шляпа болгондуктан, чынын айтсам жүзүн көрө алганым жок. Болгону, ал  хаги гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жибек көйнөкчөн экендигин гана байкадым. Астындагы мингени – жалы кыркылып коюлган жээрде ат болчу. Боюбу? Бою адаттагыдан болжол менен төрт сундай бийик… Билбейм, балким андай эместир,  кечил болгондуктан, чын-чынына келгенде менин бул өңдүү нерселер менен ишим деле жок.

Эркектин… ооба, эркектин бел курчоосунда кыстарылган кылыч, ал эми жонунда бир нече жебелүү жаасы бар болчу. Ал тургай,  саадагынан жыйырма чакты жебе чыгып тургандыгы али да көз алдымда.

Ой тобоо, ушундай да болот экен ээ. Мына ушинтип өлүп калат деп кимдин оюна келиптир. Ал эле, бул эле деген менен адам өмүрү, жарк этип түшүп жок болгон жазгы чагылган же күндүн көзү  кылтыяры менен мөлт этип үзүлүп жерге төнүп жок болчу шүүдүрүм окшобойбу. Ка-ап, өтө жаман болгон экен.

Соттук тергөөдө кароолчунун берген көрсөтмөсү

Мен  кармап келген адамбы? Ал – атагы таш жарган кадимки Тадземару. Мен аны колго түшүргөндө ал аттан кулап түшүп, Авадагутидеги таш көпүрөнүн үстүндө онтоп жаткан экен. Качан? Кечээ кечинде, кароол мөөнөтү жаңы гана башталган учурда. Буга чейин да, мен аны колго түшүрүүгө аракет кылгам. Бирок, ал анда качып кетип кутулган. Анда да  ал көк түстөгү суйкан кийип, бел курчоосуна кылыч байланып жүргөн болчу. Бирок, мына бул жаа жана жебелер жок эле. Чын элеби? Чын эле алар маркум адамга тиешелүү бекен?  Демек, ал бечара Тадземарунун колунан өлгөн тура. Тери менен капталган мына бул жаа, жылтыраган кара саадак, карчыга куштун канаты сайылган он жети жебе – мунун баары демек маркумга тиешелүү экен да. Ооба, сиз бир аз мурда белгилеп кеткендей ат жээрде жана жалы кыркылган болчу. Тизгинин сүйрөп алып, көпүрөдөн алыс кетпей оттоп жүрүптүр. Кыязы, байкоостон ойт бергенде, Тадземару үстүнөн тоголонуп жерге түшкөн көрүнөт.

Бул, каргыш тийгир Тадземару, шаардын борборунда каңгып жүрүшкөн каракчылардан  катынпоздугу менен айырмаланат. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы тоодо бир окуя болуп өткөн. Кыскасы, Биндзурага арналган Акиторибэ храмынын артында кыз жетелеген аялдын киши колдуу болгондугу тууралуу уу-дуу кеп болгон. Элдердин айтуусу боюнча алар зыяратчылар экен жана алардын канына дагы дал ушул Тадземару забын болгон имиш. Кудай сактасын, эми минтип жээрде ат минип бара жаткан аял… Болуптур эркекти го ал өлтүрүптүр, анда  аял кайда кетти?  Белгисиз. Албетте, сиз минтип кийлигишип жатканым үчүн мени  кечирип коюңуз, бирок, менимче бул ишти дыкат тергөө керек.

 СОТТУК ТЕРГӨӨДӨГҮ КЕМПИРДИН КӨРСӨТМӨСҮ

Ооба, бул менин күйөө баламдын өлүгү. Бирок, ал шаардык эмей эле Кокуфу жана Вакасадан келген самурай болчу. Ысмы – Канадзава Такэхиро, жашы жыйырма алтыда боло турган. Жок, мүнөзү абдан жумшак болгондуктан ага кимдир бирөөнүн өчөгүшүүсү – болбогон кеп.

Кызымбы? Кызым быйыл он тогузга толду. Аты – Масаго. Кичинекейинен тартып эле анча-мынча эркектерге караганда кайраттуу  болчу. Калп айтпасам, Такэхирого чейин ал эркек тууралуу ойлогон да эмес. Өңү кара тору, сол көзүнүн кыйыгы тушта бир кичине калы бар жана чап жаак эле.

Кыскасы, кечээ Такэхиро кызым менен биргеликте Вакасага кеткен. Деги кандай күн болуп кетти! Кызымдан кабар барбы? Мейли, күйөө баламдын маңдайына жазылганы ушул экен, бирок кызымдын өлүү-тирүүсүн билбей… Кагылайындар, сиздердин деле кыздарыңыздар бар болсо керек, Кудай үчүн – токойду түрө кыдырып болсо да, кызымды таап берүүңүздөрдү өтүнөм! Каргыш тийгир, жанагы… ким эле… Тадземару беле, күйөө баламды гана өлтүрүп тим болбой, минтип кызымды да… (Эчкирип, сөз айтууга алы келбей ыйлап баштайт).

ТАДЗЕМАРУНУН БЕРГЕН КӨРСӨТМӨСҮ

Сөз болуп жаткан адамды мен өлтүрдүм. Бирок, аялды өлтүргөн эмесмин. Кайда кетти? Кайда кеткенин кайдан билейин. Силер коё тургула! Эмне, ушинтип кыстай берсек эле мойнуна алат деп турасыңарбы? Колум менен жасабаган иш үчүн кантип жоопкерчилик алмакмын. Анүстүнө, болору болду – боёосу канды дегендей,  коркуп жашыра турган эч нерсе калган жок.

Мен маркум жана анын аялы экөөнү кечээ түш оогон маалда жолуктурдум. Жанымдан өтүп бара жатышканда капысынан үлп эткен желге аялдын бет чүмбөтү көтөрүлүп кетти да, бир саамга жүзү жаркый түшкөн ал мага кадимки үр кызындай таасир калтырды. Не кылаарымды билбей  дендароо боло калган менен, акыры жанындагы эркекти өлтүрүп болсо дагы аялга ээлик кылууну чечтим.

Өлтүрүүнү чечтим деп эч нерсе болбогондой айтып турганын деп таң калбай эле коюңуздар. Анын эмнеси бар экен? Эркекти өлтүрүү – чымчык өлтүргөндөй эле кеп! Кайсы бир аялга ээлик кылууну көздөгөн эркектер  сөзсүз атаандашынын көзүн тазалашат. Бирок, белгилей кетчү бир нерсе, мен аларды  мына бул курумдагы кылыч менен, ал эми силер болсо бийлик, акча жана айрым бир учурларда жөн гана мактоо сөздөрүн айтуу менен өлтүрөсүңөр. Ооба, жакшы жери мындайда адам каны акпайт, бирок,  баары бир силер аны кежигесинен басып алып, кебез менен мууздап өлтүргөн болосуңар. Демек, кимдин күнөөсү оорураак экенин, о дүйнөгө барганда көрөрбүз!? (Мыскылдуу күлкү).

Бирок, эркегин өлтүрбөй туруп, аялга ээлик кылса деле болот. Мен бул жолу дал ошондой кылайын деп эле ойлогом. Ал үчүн аларды жолдон обочороок жерге, айталы, бадал жакка эптеп ээрчитип баруу керек болчу.

Ошентип, аларды азгыруу анчалык деле машакатты жараткан жок. Өзүмдү жолоочу катары тааныштырган соң, мен тоонун маңдайында коргон бар экендигин жана ал жерден көп сандаган күзгү жана кылыч өңдүү буюмдарды таап алып, тоо этегиндеги бадал түпкө катып койгондугумду, непадам, ала турган адам чыкса,  арзан эле береримди айттым. Анан эмне болду дебейсиңерби!? Эркек адам буга акырындык менен азгырыла баштады. Ачкөздүк, дүйнөкордук деген оңой нерсе бекен! Жарым саат өтүп-өтпөй алар жалгыз аяк жол менен менин аркамдан тоо этегин көздөй бет алышты.

Биз бадал тушка жете келгенибизде, мен аларга буюм-тайымдар бадалдын  төр жагына  көмүлгөнүн, андыктан аттан түшүп жөө басуу керектигин айттым. Оңой оокатка туйтунууну көздөгөн эркек буга дароо эле макул болгон менен аял аттан түшпөй тургандыгын жана бизди ошол жерде күтөөрүн эскертти. Бадал абдан калың болгондуктан аялдын бул аракетин, албетте түшүнсө болор эле. Биз аялды таштап коюп, чытырманды аралай жөнөдүк.

Бадалдын чети жалаң гана бамбук болсо, орто чени криптомерийлерге  абдан жыш болуп чыкты. Менин оюмдагы нерсени ишке ашыруу үчүн андан өткөн ыңгайлуу жайды табуу кыйын эле. Бутактардын улам бирин жылдырып, мен байлыктын криптомериялардын алдында көмүлгөндүгү тууралуу саймедиреп, ал болсо, мени кунт коюу менен угуп, мына ошол бактардын ичке бутактары көрүнгөн жакка ашыгып бара жатты. Бамбук азайып, жалаң гана криптомерийлер  калган маалда байкатпастан мен аны көз ачып-жумганча жерге көтөрүп урдум да, бакка таңып салдым. Арканбы? Мына кызык, өзү менен чогуу аркан ала жүрбөгөн каракчыны көргөнүңүздөр барбы? Аркан дайыма менин курумда байлануу боло турган – ансыз дубалдардан кантип ашып түшмөкмүн. Баса,  кыйкырып, кимдир-бирөөлөрдү жардамга чакырбасын деген ой менен оозуна жерде жаткан бамбуктун жалбырактарын тыгып салдым.

Ошентип, эркегинин эсебин тапкан соң кайтып аялга келдим да, капысынан эле сапарлашынын ооруп калгандыгын жана барып көрүп коюусун кыйыттым. Менин кытмыр оюм бу жолу да өз максатына жеткендигин айтып деле кереги жок го дейм. Ал башындагы жазы курбулуу шляпасын чечип, колун мага сунуп жол башта дегендей ишаарат кылды. Ошентип, чытырманды аралап отуруп, күйөөсү байланган бакка келип жеткенибизде, ал не болгонун көрөр замат койнунан шамшар сууруп чыгып, мени көздөй атырылды. Калп айткан менен болобу, мен өмүрүмдө мындай эр жүрөк аялды көргөн эмесмин. Эгерде, кандай-андай болот деп  сак-сактап турбаганымда, курсакка канжар жеп, ок жеген аюудай ач айкырып өлөрүм ажеп эмес эле.  Биринчи жолкусунан мен буйтап кеттим деңизчи, бирок ал ошону менен эле токтоп калбай шамшары менен туш келди ургулаганын  уланта берди. Бир аялга алым жетпесе, анда менин эмнем Тадземару? Акыры колундагы канжарын кагып түшүрүп, күйөөсүнүн көзүнчө баштагы  ойлогон оюмдун өтөөсүнө чыктым.

Дагы бир жолу кайталайм – күйөөсүн өлтүргөн жокмун жана андан кийин деле өлтүрөйүн деген оюм жок болчу. Анан эмне болду дебейсиңерби? Мен аялды таштап, бадалды аралай качып кетмекчи болгондо, ал ыйлап жаткан жеринен обдулуп тура калып, мени жеңден тартып токтотту да: «Же сиз, же менин күйөөм… экөөңөрдүн бирөөңөр өлүшүңөр керек… Эки бирдей эркектин алдында маскара болуу – өлүмдөн катуу… андыктан экөөңдүн бирөөң өлүш керек… мен болсо, кайсы тирүү калганыңа тийүүгө даярмын!»-деп кыйкырды. Ошондо гана мен эркекти өлтүрүү керектиги тууралуу ойлондум (үнсүз тунжуроо).

Мына ушундан соң – эркекти өлтүрүү керектиги тууралуу ойлонгондугум  жөнүндө айткандан кийин, силер мени таш боор адам тура деп ойлоп жатсаңар керек. Жок, андай деле эмес. Болгону – силер ошол маалда  ал аялдын жүзүн, анан калса, эңсөө толгон көздөрүн көргөн жоксуңар. Бул көз караш үчүн мен бардыгына, керек болсо, азезилдин өзү менен болсо да кармашууга даяр элем. Аялдыкка алуу – мына ушул ой мени бүтүндөй бийлеп алды. Жок, мунун өзү силер ойлогондой кумар ышкысы деле эмес. Андай болсо, мен ал аялды жаткыра тээп басып кетмекмин. Кан дагы бөөдө төгүлмөк эмес. Кыскасы, ошол көз ирмемде, башкача айтканда, аялдын мага болгон  көз карашынан  кийин күйөөсүн сөзсүз өлтүрүүнү чечтим. Бирок, аны минтип байланып турган абалында өлтүрүү мен үчүн өтө уят болмок. Андыктан,  арканды чечтим да: «Кел, маселени кылыч аркылуу чечели!»-дедим. Айтмакчы, силер бактын түбүнөн таап алган аркан менин ошондогу арканым.  Ал «лам»  деп ооз ачпастан, кылычын ала калып айыгышкан түрдө мени менен чабышып кирди. Биздин бул беттешүүбүздүн эмне менен бүткөнү, менимче бардыгыңыздарга жакшы белгилүү болуш керек. Жыйырма үчүнчү жолу шилтегенимде гана кылыч көкүрөгүнө матырылды. Жыйырма үчүнчү  жолку шилтенишинде – ушуну эсиңиздерге алып койсоңуздар! Дегеним, дүйнө жүзү боюнча ушул  эркек гана  мага каршы жыйырма үч жолу кылыч шилтегенге жарады (куунак күлкү). Ошентип, ал жерге кулап түшкөндөн кийин мен канга боёлгон кылычымды кармаган боюнча аялды көздөй бурулдум. Бирок, ишенсеңиздер, ал өз ордунда жок болуп чыкты. Мен нары-бери чуркап, аны караган-бутанын арасынан издегеним менен эч кандай майнап чыккан жок. Жакшылап кулак түрүп тыңшаган менен деле болгон жок. Болгону, жан таслим болуп бара жаткан тиги эркектин кыркырап жаны чыгып жатканы гана угулду. Балким, бири-бирибизди өлтүрүү үчүн биз кылычташып жатканда ал жардамга чакыруу үчүн бадалдан суурулуп чыгып, башы оогон жакка безгендир? Башыма ушул ой кылт этери менен мен маркумга тиешелүү кылыч, жаа жана жебелерди алып, келген жолум менен кайра артыма чу койдум. Аял атын калтырып кеткен жерге келгенимде ат мурдагысындай эле эч нерседен бейкапар оттоп жаткан экен. Андан ары эмне болгондугун айтып отуруу, демек убакытты текке кетирүү. Бир гана белгилей кетчү нерсе: борбор калаага кирердин алдында менде эч кандай кылыч жок болчу. Болду. Мындан башка айтарым жок. Мага эң эле катаал жаза бериңиздер. Акыры бир күнү,  бул кайран баш – кылган кылыктарым үчүн укуруктун учунда сайылып турарын жакшы билчүм.

АЯЛДЫН КИЕМИДЗУ СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙЫНДА ӨЗ КҮНӨӨСҮН МОЮНДООСУ

Арам оюн ишке ашырган соң, тиги көк кийимчен эркек күйөөмдү  көздөй бурулуп, мыскыл аралаш каткырып күлүп жатты. «Эрди – намыс, коюнду камыш өлтүрөт» демекчи, ошол учурда күйөөм, улам өлүп улам кайра тирилип жаткан болсо керек!  Анан калса, анын нары-бери толгонуп, аркандан бошонуу үчүн жасаган аракетинен да майнап чыккан жок. Ал ансайын, аркан жыландай чыйралып денесине батып бара жаткансыды.  Мен аргасыздан аны көздөй жүткүндүм да, бирок тиги эркек тээп жибергендиктен кулап кеттим. Башымды өйдө көтөрүп карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Күйөөм мени тигиле карап туруптур.

Силерге калп, мага чын. Эстесем азыр дагы аза боюм дүрүлдөйт. Сүйлөй албагандыктан, ал ички дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын мына ошол көз карашы аркылуу берүүгө аракет кылгандай. Мен ал көз караштан анын  мага карата болгон аёо сезимин же болбосо каарын эмес, жек көрүүсүн туйдум! Ошол маалда мен үчүн жер астын-үстүн болуп кеткендей эле болду. Тиги эркектин тээп жибергени эмес, дал ошол көз караш жети өмүрүмдү жерге житире кадап жибергендей, дендароо боло апкаарып отуруп калдым да, ачуу чаңырып алып, эс-учумду жоготуп жибердим.

Эсиме келгенимде тиги көк кийимчен эркек, бизди таштап эбак эле кетип калыптыр. Мен өйдө турдум да, дагы деле байланып турган эримдин көздөрүнө тигилдим. Тилекке каршы, алар дагы деле болсо жек көрүү сезими менен: «и-и, бетпак, сага дагы эмне керек?»- дегенчелик кылып телмиришет. Мындайды Кудай башка бербесин. Сезимиме бүлүк түшүп, оюма ар нерселер келди… Мына бул – адамга адам кас тиккен ырайымсыз дүйнөгө жаралып калганым үчүн Жаратканга, жаралып калган тагдырыма миң мертебе наалат айтып өкүрүп-бакырып ыйлагым келди… Бир маалда турдум да, темселеген боюнча күйөөмдүн маңдайына барып, мындай дедим: – «Бүттү, баары бүттү! Мына ушундан кийин мен сизди кайсы бетим менен карайм. Жок. Антүүгө мүмкүн эмес. Андыктан мен өлүүнү чечтим. Бирок… сиз дагы өлүүгө тийишсиз. Анткени, сиз менин кантип маскара болгондугума күбө болдуңуз. Демек, мен сизди тирүү таштап коё албайм». Канчалык оор болбосун, мен ага бул тууралуу айттым да, кылычын издей баштадым.  Бирок, кылыч тургай жаа жана анын жебелери да жок болуп чыкты. Менимче, аларды каракчы өзү менен бирге ала кетсе керек. Кудай жалгап, бут алдымда канжар жаткан экен. Мен аны колума алып, күйөөмө жакын келдим да: «Алгач сизге, андан соң өзүмө кол салам»-дедим.

Менин мындай дегенимди уккан ал эрдилерин кыбыратып бирдеме дегендей болду. Албетте, оозуна бамбуктун жалбырагы тыгылып коюлгандыктан үнү чыкккан жок. Бирок, мен анын мына ушул ооз кыймылы аркылуу  ал эмне деп жатканын дароо түшүндүм. Баштагыдай эле жек көрүү сезими менен ал: «Өлтүр!»-деп бир эле сөз айтты. Ушундан кийин мен чымырканып туруп, канжарды анын көкүрөк тушуна матырып жибердим да,  кайрадан эс учумду жоготуп жибердим. Эсиме  келип, эки жагымды карасам, күйөөм дагы деле байлануу боюнча экен. Анын кубарыңкы жүзүнө бамбук  жана криптомерийдин чырмалышып калган бутактарынын арасынан батып бара жаткан күндүн акыркы нурлары таасын тийип туруптур.  Солуктап ыйлаган боюнча мен анын арканын чечип жаттым. Андан кийин… андан кийин эмне кылдым? Бул туурасында айтуу мен үчүн өтө оор. Өзүмдү өзүм өлтүрүүгө кылган бардык аракеттеримден эч кандай натыйжа болгон жок. Кекиртегиме шамшар такап, ал тургай тоо этегиндеги көлгө чөгүп да көрдүм. Болбоду… Тилекке каршы, менин ичер суум али түгөнө элек окшойт. (муңайыңкы күлкү). Балким, менин бул кылыгыма  тиги көктөгү Каннондун кыжыры келип, менден жүзүн буруп кеткендир… Бирок, өз күйөөсүн өлтүргөнү аз келгенсип, каракчы тарабынан мазакталган мага эми эмне кылуу керек? Мага эмне… мага… (капысынан боздоп ыйлоо).

КӨЗҮ АЧЫКТЫН ЖАРДАМЫ АРКАСЫНДА ӨЛГӨН АДАМГА ТИЕШЕЛҮҮ АРБАКТЫН АЙТКАНДАРЫ

Арам оюн ишке ашырган соң каракчы чөгөлөй отуруп алып, ар нерселерди саймедиреп аялымды алдоого өттү. Өзүңүздөргө маалым болгондой мен оозума жалбырак тыгылган боюнча бакта байлануу элем. Ошого карабастан мен аялыма:  «Ишенбе, ал сени алдап жатат!»-дегендей ишарат кылганым менен аялым мага көңүл бурган жок. Ал телмирип тизесин тиктеген боюнча кыймылсыз отура берди. Аны мына ушундай абалында көргөн адам, каракчыны кунт коюп угуп отурат деп ойломок.

Кызганычымдан не кылаарымды билбей, нары-бери ойдолоп аркандан бошонууга аракет кылып жаттым. Каракчы болсо, минтип абийир төгүлгөн соң күйөө менен күн кечирүү тозокко тете экендигин, бул ишке ал кылаарга иши жоктугунан же аңгилигинен улам эмес,  бир көрүп арзып калгандыгынан улам барып отургандыктан,
эми ал күйөө катары аны тандап алганы оң болорун айтып безилдеп жатты…

Аялым каракчыны бир далайга чейин мелтиреп угуп отурган соң башын көтөрүп, ага ойлуу тигилди. Кудайга тобоо, мен анын мынчалык ажарлуу экендигин мурда-кийин байкабапмын! Бирок, аялым каракчыга эмне деп жооп берди дебейсиңерби? Аны эстесем азыр да каңырыгым түтөйт. О, мындай жүзү каралыкты адам баласына бербесин Кудай. Ошентип, ал: «Жарайт, мен сиз менен жердин жети түбүнө болсо да кетүүгө даярмын» – деди. (Узакка созулган үнсүз тунжуроо).

Мейли кетсе-койсо өзү билсин деңизчи. Бул үчүн мен  мынчалык убайым чекмек эмесмин. Бирок, мени таң калтырганы бул болду: аялым эс-мас абалында каракчыны ээрчип кетип бара жатты да, бадалдан чыга берерде купкуу боло түшүп, колу менен таңылуу турган мени көрсөтө берип: «Сиз тигини өлтүрүңүз!  Аны өлтүрмөйүн мен сиз менен бирге боло албайм!..» – деп бир нече жолу кыйкырып жиберди. «Сиз тигини өлтүрүңүз!» Дал мына ушул сөз күнү бүгүнкүгө чейин жаныма жай бербейт. Менимче, адам – адам болуп жаралганы мындай наадандыкка күбө болуп көрбөгөн чыгар… (капысынан чыккан заардуу күлкү). Бул сөздү укканда, мен тургай каракчы да кубарып кетти.

Аялым аны жеңинен тарткылап: «Угуп жатасызбы, аны өлтүрүү керек!» – деп кайталай берди. Ошондо гана каракчы андан  бир саамга көзүн албай тиктеп турду да, күтүүсүздөн аялымды көмөлөтө коюп жиберген соң колун бооруна кайчылаштырып, мени көздөй бурулуп мындай деди: «Аялды эмне кылайын? Өлтүрөйүнбү же жан соогат кылайынбы? Өлтүрүү керек болсо, тек гана  башыңызды ийкеп коюңуз». – «Өлтүрүү керекпи?».  Бир гана ушул сөз үчүн мен анын буга чейинки мага карата жасаган наадандыгын кечирүүгө даярмын (кайрадан узакка созулган үнсүз тунжуроо).

Мен не деп жооп айтарымды билбей дендароо болуп жатканымда аялым ордунан тура калып, чаңырган боюнча чытырманды көздөй чу койду. Не болуп кеткенин түшүнбөй калган каракчы мени бир карап алып, антаңдаган боюнча артынан кууп жөнөдү. Мунун бардыгын мен ошол маалда  өңүмдө эмес, түшүмдө көрүп жаткансыдым.

Аялымды качырып жиберген соң каракчы кайтып келип жерде жаткан кылычымды, жаа менен бирге жебелеримди алып жатып, үстүмдөгү аркандын бир кичине жерин кесип жиберди да: “Эми кара баштын айласын кантүү керектигин да ойлоо керек”-деп чытырманды аралаган боюнча көздөн кайым болду.

Ал кетээри менен  айлана кулак-мурун кескендей боло түштү. Жок, калп айтам – жакын эле жерде кимдир-бирөө уңулдап ыйлап жаткандай болду. Үстүмдөгү арканды чечип салып, бышактаган үнгө кулак түрүп турдум да, акыры ыйлап жаткан адам кимдир бирөө эмей эле менин өзүм экендигин түшүндүм  (Үчүнчү ирет узакка созулган тунжуроо).

Ошентип, бул үрөй учурган көрүнүш бүткөндөй болду. Жакшылап карасам, жерде аялым колунан түшүрүп жиберген канжар жаткан экен. Мен аны дароо ала койдум да, эч ойлонбой туруп как жүрөккө матырып жибердим. Ошол замат тамагыма жылуу кандын даамы келгендей болду, бирок эч кандай оору сезимин байкаганым жок. Көзүм караңгылап, көкүрөгүм муздай баштаганда, айлана баштагысынан да жымжырт боло түштү. Андай жымжырттыкты мен өмүрү туюп көргөн эмесмин! Тим эле жан бүткөндүн баары кырылып калгансып, түнт токой ичинде бирди-жарым куштун үнү угулбайт. Болгону, криптомерийлер менен бамбуктун бутактары сайын батып бара жаткан күн нурлары муңайым жылтылдайт. Ооба, батып бара жаткан күндүн… Бирок, акырындык менен барып алар дагы өчүп калгандай болду. Эми бак-дарак менен карагайлардын да карааны биротоло көрүнбөй калган соң жерде суналып жаткан мени ың-жыңы жок тынчтык биротоло ээлеп алгандай болду.

Дал ушул учурда кимдир бирөө шек алдырбай жаныма жакын басып келди. Айланам түгөл караңгыга чулганып калгандыктан ким экенин көрөйүн  деген аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. Ошентип, кимдир-бирөө… дал ошол кимдир-бирөө көкүрөгүмдө сайылып турган канжарды акырын сууруп алар замат, оозум кайрадан канга толуп чыкты. Мына ушундан кийин гана мен эсим-учумду биротоло жоготуп, түбөлүк уйкуга  кеттим.

Которгон: Таштанбек Чакиев