Роберт Рождественский: Мен кинодублёрмун. Уктуң беле бул кесип жөнүндө?

Роберт Рождественский

*****

— Сүйүүмдү берейинби сага?

— Берчи.

— Ал ылайда да.

— Ылайдагы сүйүүңдү бер.

— Төлгө салгым келет…

— Төлгө салчы?

— Сура.

— Мисалы, эшик чертсем…

— Киргизем.

— Эгерде, чакырсам…

— Барамын.

— Анда эгер, бактысыздык?

— Бактысыздыкка да.

— Эгерде алдасамчы?

— Кечиремин.

— “Ырда!” – буйруйм сага…

— Ырдайм.

— Досуңа эшикти жап…

— Жабам.

— Айтсам сага: өлтүр!

— Өлтүрөм.

— Айтам сага, өл!

— Өлөмүн.

— Эгер чакап кетсемчи?

— Сактаймын.

— Эгер жаның ооруса?

— Чыдайм.

— Эгер дубал болсочу?

— Тегиздейм.

— Эгерде, түйүн болсочу?

— Чаап таштайм!

— Эгерде жүз түйүн болсо?

— Жүзүн да.

 

— Сүйүүмдү сага берейинби?

— Сүйүүңү бер.

— Эч качан болбойт андай!

— Эмне үчүн?!

— Себеби, кулдарды

сүйө албаймын, мен..!

 

*****

Кызыгасыңбы искусствого?

Улуу,

одоно,

эриктирбес?

Анда сүйлөшөлү ал жөнүндө –

токтоно албаган,

плакатка жазылбаган…

Ооба, баса…

Ким тиги музыкант менен

олтурат,

бурчтагы столдо?

Ар убакта билип турууга көнгөн

Искусствонун акыркы жаңылыктарын.

 

Кадимкидей эле,

Кыйкырыксыз фразасы…

Сен уктуңбу?

Ал жакында киного тартылды

Көөп кетти анан дароо.

Эми төртүнчү жолу үйлөнүп жатат…

 

Карагын:

Акын – тигил узун,

Дайыма уйкусурап басып жүрөт,-

Албетте, сыпайы сүйлөйт

өтө пас чыгарып үнүн.

Актриса сөрөй.

Кыз эле бойдон

ойноштору

шайтандан көп!

 

Айта алам аттарын атап…

Искусствого кызыгасыңбы?

Көтөрүңкү,

делебени козгоочу,

таттуу?

Прозаик

ажырашууга бериптир…

Мобул башка менен болгон

жайында.

А тигил

кордобалет менен жашайт –

тартты азапты, бечара,

бирок, жашап жатат…

Искусствого кызыгасыңбы?

Ар түрдүү,

бирок,

кемтик эмес

түркүн суроолорго –

жооп?…

 

Актер ойношу менен июнда

чаң – тополоң жасады…

Укчу!

Токто!

Аарчы шилекейиңди

жана да дем ал…

“Искусствовед!”

 

Кинодублёрдун моюнга алуусу

Мен кинодублёрмун.

Уктуң беле бул кесип жөнүндө?

Азырынча ырдалбаган,

жана ырдалбаган!

Түшүнө албайм.

Эмне үчүн мен али өксүбөдүм,

Кесип мушташуучу,

кесип секирүүчү

жардан,

искусствонун урматы үчүн

Карышкырга баруу

жана жолборсторго…

Түкүрсө мага,

титирде менин атым көрүнбөгөндүгү үчүн!

Жада калса мен жыгылган жерде,

Кем жатат паралондор.

Жаандуу аба-ырайында

Эски сыныктарым

сыздайт…

Мен-кинодублёрмун.

Мен учам,

чуркайм

жана сүзөм.

Ишенбейм камсыздандырууга

жалгыз өзүмө ишенем…

Дейли

Сценарийдин идеясы баарын туткундады

Картина – иште

тартылган теңинен көбү.

Каарман кежирленет.

Ыйлактайт, кыңкыстайт.

Мындай аба- ырайында,

Каармандын келбейт сүзгүсү.

Күйүп жатат кадимкилик!

Режиссер уйпалай көкүлүн,

Кайрылат мага.

Ооба, айтам аларга:

“тарткыла!”

жана мен сүзүп жөнөйм.

Ат чаап жүрөм.

 

Мен кылычташам.

Чай ичем дем алышта

Тоңуп калган колдорумду үйлөй

тизем талкаланган,

Далым канталаган ириң,

Катарда тартылууда

Каармандын чоң пландары.

Мен – анын булчуңумун.

Мен – анын тайманбастыгымын.

Мен – чечкиндүүлүгүмүн.

 

Мен – кинодублёрмун.

А дублёрго оопайлык керек!

Мен кайрадан кайдадыр

шайтандын дубалдарына

чыгам.

А оорулуу илмийген каарман

Сценаны төшөктө репетициялоодо…

Мен ага аралашып эрип кетем,

дайра эрип кеткендей

деңизде…

Балким, кийин ал даңкта, жана

модада болот.

Балким, кийин

ал айтып берет, кантип жыгылганын,

кантип мушташканын,

Жана да болгонун ага өзгөчө жагымдуу.

Жана азыраак коркунучтуу…

Мен – кинодублёрмун.

Мен, балким, кыжырданам

сезбепсиз…

Мейли кыздар ишенишсин

Аны чыныгы эркек дешип!

А ал эркек болсо –

гримдөөчү менен урушат көпкө.

А анда эркектин

Жалаң, жалгыз шымы

ошол гана…

 

Мен кинодублёрмун.

А мен бүгүн ичип жана сагынам.

Кел, дублёрлор үчүн,

Өмүрлөрүн аянбаган!

Сен – дагы дублёр.

Сен кийин кыйкырасың кур талаага

Башкалар –

унчугушпайт.

Аларга жеңил.

Дублёрдун шарапаты менен.

 

*****

Кудай жалгагыр,

болчу алсызыраак,

суранам,

Анда белек кылам мен сага

укмушту

оңой эле.

Анан анда мен чабыттайм –

өсө түшөм.

Өзгөчө болуп калам.

 

Көтөрүп чыгам сени уйкулуу,

күйүп жаткан үйдөн.

Бел байлайм бардык белгисиздиктерге,

бардык акылга сыйбагандарга, –

деңизге таштайм,

коюу,

долуланган, –

аман сактап калам сени!…

 

Ал жүрөгүмдүн буйругунан болот мага,

жүрөгүм каалагандан …

Бирок, сен менден күчтүүрөөксүң,

күчтүүрөөк

жана ишенимдүүрөөк!

Сен өзүң даярсың

сактап калууга башкаларды

оор муңдарынан.

 

Сен коркпойсуң

бурганактын ышкырыгынан

чартылдаган жалындан.

 

Адашып кетпейсиң,

анан да онтобойсуң,

Болосуң салмактуу

кааласаң эгер,

шамалдай болосуң,

кааласаң эгер…

Мага сени менен  –

Мындай ишенимдүү –

аябай оор.

Жок дегенде атайы эле,

бир ирмемге, –

суранам жүрөксүп…

Жардам бер мага өзүмө ишенүүгө

болуп калчы

бошоңураак,

алсызыраак,

Кудай жалгагыр!

 

Айрылуу жөнүндө

Аны артка кайтарууга мүмкүн эмес

болгондо

Күтүүдөсүң сен аны.

Келет поезддер,

издерин жолдордун кыжы-кужулуу

издерин умтулган жаандардын…

Кир далыларына көтөрүнүп.

Жана сен,

Балким, бир саат тынымсыз

түртүнөсүң элдин арасында.

Эмне үчүн издейсиң аны мындан –

Капчык,

жашыктар,

түйүндөр,

аралашкан чалды – куйду сөздөрдөн,

вокзалдык ополоң – тополоң арасынан

бактылуулардын

өксөп ыйлагандардан?

Сен күтөсүң.

Поезддер кетишет.

Кыйкыра, келишет поезддер…

Ал жөнүндө

Эч ким айтпайт.

Мына эми ал эмес, а сен

бийиктен караган сыяктанып,

дилиңдегинин баарын иргеп,

баарын кабыл алып,

баарына чыдап.

 

Күтөсүң,

ал сени кечирсин үчүн…

А балким,

ал жоктур эбак…

аябай кеч түшүндүң.

Ал сага кандай зарыл.

Сен кеч түшүндүң,

аны менен

болгондугуңду жүз эсе күчтүү…

Оор жүк ийинден басат,

Жүрөгүң көкүрөктө ныгырылат…

 

Вокзал кыйкырат, үйлөр кыйкырат:

“Тапкын аны!

тапкын!

тапкын!” – деп.

Андан оор эч нерсе жок,

Бирок, сен чыда,

бирок, сен тоскоолду кулат.

 

Тапкын аны!

Тапкын аны

андан кечирим сура.

Которгон: Тазагүл Закирова