Ризван Исмаилова: Башың жетсе булутка, түп-тегиңди унутпа (Жазуучу А.Койчиевдин романын окугандан кийинки ойлор)

Башың жетсе булутка, түп-тегиңди унутпа

(Жазуучу А.Койчиевдин романын окугандан кийинки ойлор)

Эсимде, биз советтик мектепте окуп жүргөн кезде тарых сабагынан берген маркум А.Иминжанов агайыбыз Чынгыз хандын согуштагы жортуулдарын айтып келатып, “эң каардуу, жеткен мыкаачы аскер башчысы кезектеги чабуулдарында кош бойлуу аялдардын ичин жарып, жаш балдарды чатынан айрып туруп, жүрөгүн сууруп алган” дегенде, сөздөрү көпкө чейин жадыман чыкпай, элестетип алып, кыйлага үрөйүм учкан. Кийин институтта окуп жүргөндө, В.Яндын “Чынгыз хан” романын окуп, бир беткей берилген баанын чын-төгүнүн айырмалай баштагам. Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн монгол императорунун тегин, ата-жотосунан бери изилдеп, анын өзү жана урпактары жөнүндө көптөгөн көркөм чыгармалар жазылып, кинотасмалар тартылып, илимий изилдөөлөр жарыкка чыга баштагандан кийин тагыраак айтканда, он беш республиканын союзу СССР ыдырап, бөлүнүп-жарылып, акыры кулап тынгандан соң, 2000-жылдардан кийин кытайлар тарткан көп сериялуу “Чынгыз хан” тасмасын көргөндөн кийин, улуу кол башчынын чыныгы пенделик жүзүн, чанда кезиккен личность катары кантип калыптанганын, көчмөндөрдүн лидери дүйнөнүн тең жарымын кылычы менен багындырган аскерий тактика, аскерий академиянын пайдубалын түптөп, аскерий тубаса илимге кандайча ээ болгонун, башкысы, Чынгыз хандын феноменин таанып билгенмин.

Муну айтканымдын себеби, автордун сан-миң толгонуусунан жаралган эмгегинин – “Бакшы менен Чынгыз хан” романынын аталышы аты жөн жерден коюлбагандыгында. Романда Чынгыз хандын карааны – арбагы образ катарында берилет, кадимкидей сюжеттик окуяларга аралашат, акыл-сөзүн айтат, багыт берет, жол көрсөтөт, бирок кармалбайт, кайдан-жайдан келгени белгисиз, дароо көздөн кайым болот. Анын арбагы аралашпаган бир дагы эпизод жок. Мунун өзү Арбак-Атанын орду менен ролунун канчалык маанилүүлүгүн айгинелейт. Берейин-айтайын деген ойду тереңдетүүдө, философиялык ой чабыттарын аңдоого, таалим-тарбиялык сабактын мазмунун ачууда, романдын эстетикалык-көркөм баалуулугун ажарлантууда, канча жолу анын образы көрүнсө, аты аталса, ошончолук чыгарманын түс-келбетин кулпуртуп, маани-маңызын ачыктап отурат. Ал турсун, арбактын аяны чыгарманын композициясынын курулуш чордонун ээлеп, баяны автордун идеясын ачып берүүдө чоң жүк көтөрүп турат. Бул деген Чынгыз хан темасынын түбөлүктүүлүгүнөн, өлбөс-өчпөстүгүнөн кабар айтат.

Ал эми Бакшы конкреттүү личность Чынгыз хандын өмүрүндө жакын санаалаш, акылдаш, мамилелеш, сырдаш кишиси болгону окурмандарга маалым. Темучиндин бала кезинде эле анын келечегин көрүп тургандай, “хан болорун, эл бийлерин, дүйнөгө ээлик кыларын” күн мурунтан айткан адам. Чынгыз хандын жанына эш болгон, ханга туура чечим чыгарышына түрткү берген, өзүнүн бакшылык өнөрүнүн сырлары менен дааримдап жолун ачкан, адамдардын, душмандарынын жаман-жакшысын иргегенге кеңешин айткан, ишин оңунан келтирген, кайыптан келгендей кара жанына жакын жандай мистикалык образ.

Чыгарманын башталышында Бакшы бала болуп, башына жүн чыгып, бакшы атыкканы бакшылык чымынына (өнөрүнө) салып, атактуу маркумдардын сөөгүн көрүндө ала-сала оодарылтып, далай-далай арбактарды козгоп, ойготуп жүрчү неме урпагы майдаланып кеткен хандын тукумдарына “арбагын таарынтып, чакырбай жүрүшөт” деп, нааразы болот, Ата-арбакты чакыра албай, келтире албай жан алакетке түшөт. Хесе хенгерегин (монголдордун урма аспабы) калдырата ургулап, көкүрөк сырын көмөкөйүндөгү шыбыш-тыбыштар аркылуу туюнткан, үндүн күүсүн тынбай созгон Бакшы ата-теги “Мөңкө Темирди”, “Урук Темирди” ураан чакырып отуруп, бир өлүп, бир тирилип, акыры жан терге түшкөн далбасынын акыбети кайтып келаткандагы көрүнүштү көз алдыңызга келтириңиз… “Капырай, как маңдайынан өзү көрүнөрүн, өлөрүндө көзүнө көрүнөрүн ким билиптир, булуттуу мунарык менен кошо мунарык болуп, бир оокумда мунарыктан суурулуп, булуттуу мунарыкты тебелеп, хандардын ханы келатты, жөө туман менен кошо жөө туман болуп созулуп, бир оокумда жөө тумандан коюулана суурулуп, жөө туманды тебелеп, Чынгыз хан келатты” (47-48) Карып-арып, күч-кубатынан тайганына карабастан, акыркы дем-күчү, акыркы шыбыш-даарими, касиети менен бакшы тилегине жетип, ажалга моюн сунду. Жандай көргөн адамына, бу ааламга бир келип, бир кеткен баатырына акыркы айткан сөзү бул болду. “Мендей бакшы туулар, сендей баш адам туулбас эки дүйнөдө”.

Бакшынын сырткы кебете-кепширине мүнөздүү сыпаттоону жазуучу көз алдыңызга сүрөттөй тартып берет (42). Анын образын элестеткен баскан-турганындагы кыймыл-аракетинин майда деталдарын (чапсаң, өктөм, сырдуу, чыңалып-чырмалганын) тизмектеп отуруп, ички психологиялык абалын, өкүнүч менен кайгысын, үмүтү менен тилегин, көксөөсү менен кыялын урма аспаптын добушуна коштолгон көмөкөйүн жарып чыккан үндүн тембринин акустикасын азыр эле угуп жатканыңыздай кулакка жаңырат. Мунун өзү ата-бабадан келаткан бакшылык өнөр өлчү беле деген, укумдан тукумга уланып келаткан касиетинин кудуретинен кабар бергени….Бакшы менен Чынгыз хандын ажырагыс биримдиги “Эмки дүйнөдө ушул арбакты ээрчийин да арбагына арбак болуп кошулайын” (49) деген чечиминен да билинет.

Байыртан келаткан элдик түшүнүктө, элдик көз карашта арбак деген тирүүлөр менен аралашып, алардын баскан-турганын, жасаган иштерин көрүп турганы менен ооз ачып сүйлөбөйт, көзгө көрүнбөйт, алдыдагы жакшы-жаман иштен, окуядан аян берет, кишинин аң-сезимине сигнал жиберет, түшүндө ар түрдүү абалда жолугат, “арбак ыраазы болсо, тирүүнүн иши жүрөт” деген сөз бекеринен айтылбайт. Ошондуктан Бакшы темасын теологдор менен психологдордун энчисине коюп, өзүбүздүн милдетке киришкенибиз оң.

Жазуучу Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыз хан” (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери) романы бүткүл адамзатка белгилүү тарыхый личность, даңазалуу кол башчы, монгол империясынын түзүүчүсү жана негиздөөчүсү Чынгыз хандын прототибин арбак катары алышы чыгармадагы негизги ойду, башкы идеяны көркөм туюнтуунун символикасы. Чынгыз хан концепти – бул адамзаттын көркөм өнөрүндөгү түбөлүктүү темалардан. Адам баласы бу жарыкчылыкта жашап турганда Чынгыз ханга жана чингизиддерге кайрылуу, чечмелөө-анализдөө, изилдөө-иликтөө иштери, азыркы менен өтмүштүн ар тараптуу өзөктүк байланышын, карым-катнашын, сабагы менен тарбиялык маанисин чубап чыгуу тенденциясы токтобойт. Билим-илимдеги ар бир тармак өзүнө ылайыктуу, өзүнө керектүүсүн кашыктап ала берет, ал түгөнбөгөн духовный- руханий кенчке айланганы чындык.

Жазуучу XII – XIII кылымдарда жарыкчылыкка келген, басып өткөн катаал, карама-каршылыктуу, ары кайталангыс, ары суктанарлык өмүр жолунда тарыхый реформатордун “яса” (йаса) Чынгыс хан империясынын Баш мыйзамынын бузулушу, жоголушунун кесепети эмнеге алып келгенин, анын себептери, “күнөөкөрлөрү” кимдер экенин талдоого алат. Чыгарманын өзөктүк темасы бир нече катмарга, бир канча салааларга, ар түрдүү этаптарга бөлүнгөнү менен алардын ар биринин тамырын тартып, окурманды баш көтөртпөй окууга аргасыз кылган калемгердин жазуу чеберчилигине баа берүү керек.Улуу хандын туулган жана көзү өткөн 1150-1227 –жылдарда (Чынгыз хандын туулган датасы да так эмес, көмүлгөн жери күмбөзү да белгисиз…) жашап өткөн инсандын тарыхый йасасын (бүгүнкүнүн тили менен айтканда империянын конституциясы) ХХI кылымдын ааламтөрүндө отуруп, дүйнөнүн төрт бурчу менен байланышууга боло турган техникалык прогресстин заманында ой калчоо, ой толгоо, ой жалгашуунун негизинде жаралган көркөм чыгарма. Жаратмандагы жекече интуиция, орошон фантазия, жекече стиль, энергиялуу эрудиция, энчилүү талант шыбагасынан кеңири алкактуу, масштабдуу, ой чабыттуу көркөм туундунун жаралышы жазуучунун жеке чыгармачылык табылгасы, жаңылыгы катары баалоого болот. Мурунку тушоо кескен, тырмак алды чыгармаларын качан, канча жашында жазганын эсепке албаганда, тарыхчыга таандык вазыйпаны аркалап, чоң жоопкерчиликти мойнуна алганы байкалат. Анткени, тарыхый маалыматтарды терең талдап окуп, өзүнчө илимдин бир бөлүгүнө айланган чингизиддер казынасын казып үйрөнүп, прозанын үлкөн жанры романды жазууга киришүүдө илимий-интеллектуалдык базанын күч-кубаты бааланат.

Жазуу манерасындагы жоргонун жүрүшүндөй желип-жортуп, жанып-күйүп, алоолоп-дүркүрөп кээде үнсүз-сөзсүз мелтиреп, кээде тили буулуп-түнөргөн психологиялык маанайдын миң түркүн синтезинен куралган жагымдуу тил байлыгы (монголдордун сөздөрүн айтылышына карап кыргызчалап, жаңы сөздөрдү мол пайдаланып), орустун чебер классиги Ф.М.Достоевский: “Стиль – бул адам, стиль – бул жазуучу” деп айткандай, өзүнө гана тааандык сөз дүйнөсү менен келгени айкын болду.

Чыгармадагы башкы каарман Бактыгерей Избасаров тагдырынын жазмышынан кутулбай, Ташкенге качып барып, айласыз баш калкалаган, жетимиш жаштагы казак киши. Чынгыз хандын урпактарынын бир бутагы – шейбанийлердин көбү Өзбекстандын аймагындагы калкка биротоло сиңип, жуурулушуп кетет эмеспи. Романдын сюжетинде Бактыгерейдин 1976-жылдардагы турмушу менен атасы Избасардын башынан өткөргөн оор тагдыр баяны параллелдүү сүрөттөлөт. Ошон үчүн Бактыгерейдин качып-тозуп, Ташкендин бир көчөсүндөгү жер кепедей батирде жашап калганы да жөн жерден эмес.

Избасардын ооз толтуруп мактанса жарашкан тору айгыры боло турган. Ошол көзгө басар күлүгүн Совет өкмөтү жаңыдан түптөлө баштаган мезгилде элдин оокаты артелге кошулганда, бирөөнүн айгырын чайнап коюп, үч күн абакта отурганы аз келгендей, бар мал-мүлкүн колхозго бергенине алымсынбаган большевиктер тору айгырга жабышып алышат. Ал жөн гана Избасарды кулакка тартуу үчүн, каяша-каршылык көрсөттү дегенге шылтоолоп, он беш жылга абакка кесүүнүн амалы болчу. Чыгармадагы ата-баланын тагдырын эриш-аркак баяндаган эпизоддордун ичинен күлүк аттар тууралуу автордун сүрөттөмөсү улуу сүрөткер Чынгыз Айтматовдун “Жаныбарым, Гүлсарым” повестин эске салат. Ч.Айтматов Танабай менен Гүлсарынын ички дүйнөсүнүн психологиялык көзгө урунбас, колго кармалбас, түркүн маанай- абалдары, кебете-кепшир, кулк-мүнөз, адеп-ахлагы, баскан-турганындагы жана турмуштагы орду менен адамийлик вазыйпасындагы окшоштук менен жалпылыкты чебер, кылдат, таамай сүрөттөсө, сөз зергери А.Койчиев көчмөндөр минген жоокер аттарды, жоокер жылкыны согуш үчүн тандалган, тапталып-асыралган, барктуу-нарктуу жылкыны сүрөттөйт: “Ээр үстүндөгү ээсинин айласы курган маалында, талыгандан өзүнүн төрт аягы чоюлбай, алы курган маалында ошол көк бууданы камыштай узун кулактарын коёндой жапырып, сары талааны жаңырта бир кишенеп туруп, кишиче сүйлөп буркурап ыйлаган имиш.

Аркадан куугун келгенде,

Адаштырып кете албай

Ала булут айланса,

Аралатып жеңе албай.” (271-бет)

Катылгандын катыгын берген, душмандын мизин кайтарган урушта, сулуу кыздарды, күлүктөрдү уурдап же барымтага алганда, кайтарып келүүгө жортуулга чыкканда минчү дулдул жылкылардын асыл тукуму жөнүндө сөз кылат, автордун тили менен айтканда: Кудайымдын буйругу менен кайсы ырыстуу аталардын колуна тийип калганы белгисиз, санжыргалап айтып отурса эртегидеги хандардын-Касым хан, Эшим хан дегендердин, а балким, андан арагыраактагылардын тушунда өткөн тулпарлардан имиш тукумуң” (270-бет) деп, ата-бабалардын көздүн карегиндей аздектеген айтылуу легендарлуу баатырлар Чынгыз хан, анын уулдары, “Эр Төштүк” дастанындагы Эр Төштүктүн, “Манас” эпосундагы Манас, Семетей, Сейтек, “Курманбектеги” Курманбек ж.б. эр көкүрөк, эр азаматтар минген тулпарлар жөнүндө эргүү, суктануу, тан берүү, сыймыктануу менен сөзгө алат.

Избасар төрөлөрдүн тукумунан болгон үчүн совет бийлиги мезгилинде тап душманы катары, кулакка тартылат, сот аны он беш жылга абакка кесет, Сибирге айдала турганда, эл жакшыларын эл жашабаган түнт жерге айдап, атканын атып, өлгөндөн калганы кандай күнгө туш болору белгисиз экенин боолгогон атасы баласына кандай болбосун качып кетүүсүн бекем табыштайт. Мени кескен күнү” (277), атасынын кеңеши менен айры калпак кыргыздар турган Кашкарга барбай, кырдаалга жараша кылкылдаган ала топулуу Бухар-Ташкенди мекендеп калат.

Бактыгерей совет өкмөтүнүн саясатынын курмандыгы болгонуна карабай, ал атасынын керээз-мурасын көкүрөгүнөн кетирбейт. Төрөнүн тукуму экенине сыймыктанат, атасындай ариет-намыстуу, көк жал, кайраттуу мүнөзүнөн жазбайт. Тагдырына таарынып, кол куушуруп отурбайт. Ал таланттуу казалчы, ата-тегинин өтмүшүн мыкты билген сөзмөр адам. Карапайым элге аралашып, каратамандардын жашоосун баштан кечирет. Анын жазмышы да атасынын тагдырынан кем болбоду. Сибирге айдалган атасынан кат-кабар жок, өзү да Сибирге куугунтукталганда атасын издеди, караанына зар болду, бирок дайнын таппады. Маданият үйүндө бири-бирин түшүнбөгөн, көкүрөгү менен туюп, жан тарткан монгол артисттердин кобызда күү черткени, кыяк тартканы анын эски жарасын чукуп, эзелки муң –кайгысын козгоп, Эки кылдуу аспаптын бир кылы бул дүйнөнүн, бир кылы тигил дүйнөнүн абанын чакырды чагымда” (60), өткөн турмушуна кайтарып барды. Көрсө, эбактан бери дутарга, эстраданын аспаптарына, даңгыр-дүңгүр жеңил-желпи музыкага көнгөн азыркылар эски элдик ыр-күүлөрдү укпайт, маанисине жетпейт, эмнени безеленип, эмнени шаңшып атканын деле түшүнбөйт же түшүнгүсү келбейт.

Бактыгерей Избасаровдун илхому келип калганда, кайыптан келген аян берилгенде казал жазчу.” Үч жыл илгери кагаз бетине үч күн бою азаптанып түшүргөн казалын, үч жыл илгери үч күн, үч түн эргип жазган казалын ойдо жок жерден ың-жыңсыз жоготконуна ичи ачышып, көөнү бузулуп жүрдү”. (52-53)

Ошол жоголгон, Пензанын кагаз фабрикасынан чыккан көк тыштуу, чакмак сызык, эки көк дептердин барагынын (айрындысы) артынан сая түшкөн КГБнын капитаны Хамид Хайруллаев, Ташкендеги кол жазмалар институтунун деректири Рахим Абдуллаев, Москвадан атайын эки күнгө учуп келген КП БК бөлүм башчысы Николай Аблеухов өзбектин көзгө басар базарынын чак-челекейин чыгарган шойкомдуу көк дептердин чатагы романдын башынан аягына чейинки сюжетинде бир мандемдүү сыры, табышмактуулугу менен кызыл сызыктай бажырайып, койнунда котур ташы бардай түнөрүп, окуялардын бүт тарамын өзүнө тартып алып, кармап турат. Ал кандай туңгуюкка кептелткен, чырдуу көк дептер эле?

Башкы каармандын тегерегиндеги КГБ кызматкерлери, райкомпартиянын биринчи катчысы, кароолчу, семичке саткан чал, наавайчы, коончу, “ чаарала галстукту кыска байлап, кыкына тартынып алган, күзгүдөй лакталган кара туфли кийген курсактуу базарком (378-бет), кыскасы, окуянын өнүгүшү менен чечилишине, кульминациясына түздөн-түз жана кыйыр катышкан оймоктой оозду алоо кызылга боёп коюп, эки каштын ортосун коюу бастырылган осмо менен коштуруп, олоң чачты как төбөгө ороп, бийик түйгөн, буралып атлас көйнөк кийип, көзүн сүзгөн секретаршасы” (374-бет), Р.Абдуллаевдин орун басарынын капилет жүрөгүнүн токтоп калышы сыяктуу бир канча персонаждар, типтүү каармандардын көк дептердин артынан сая кууган эпизоддор абдан ишенимдүү да, ирониялуу да берилген. Андагы майда деталдар, романдын кенемтесин көрктөгөн штрихтер; Ташкендин эски шаарындагы толук урай элек Юнус хандын күмбөзү, “Оң кыркада жалаң коон, сол кыркада жалаң дарбыз үйүлгөн, берки кыркада жалаң жүзүмдүн түрлөрү, наркы кыркада жалаң өрүктүн түрлөрү үйүлгөн, алма менен алмуруттун түрлөрү алты катар, жер жаңгагы менен жөн жаңгагы жети катар үйүлгөн” (385-бет), “Сапсары, сары, көк-жашыл, сары-жашыл коондордун сүйрү, сүпсүйрү, тоголок болуп бөлүнүп, жүз элүүгө жуук сорту бар” (386-бет),” Мырза – Чөлдүн жыты бурак, салмагы жарым пудду кенен баскан сары коону” (381-бет) көз кызарткан, Чыгыштагы эң бир даңазалуу Ташкен базары, метросу, кол жазмалар фонду, архиви, “чокусуна өзбектин чааралакей топусун кондурган узундуу-кыскалуу кишилер (333-бет),этеги тизеден атлас көйнөк, багалеги кызыл ашыктан саймалуу атлас ыштан кийинген, эки бетке упа-эндик, каштарына коюулата осмо койгон аялдар, белине толгоп чаар жоолук тартынган маасычандар” (336-бет) өзбектердин турмушуна мүнөздүү боёктор, өң-түстөр, Ташкендин колориттүү турмуш картинасы ачык, натюморттогудай элестүү, сүрөттөн көчүрүп алгандай таасирдүү, кызыктуу чагылдырылышы чыгарманын көркөм – эстетикалык ажарын,тарыхый – функцоналдык маанисин тереңдеткен.

Бактыгерейдин эки дептериндеги казалынын жазуулары “белгисиз автордун так ушундай мазмундагы, сөзмө-сөз кайталанган эмгеги Ташкендеги кол жазмалар институтунун жашыруун фонунда сакталуу” (31) деген шектенүүнүн артынан түшкөн КГБышниктерди тынч уктатпайт, “Жети кылым артты карайт, жети кылым алга карайт. Жетелеймин деп карайт” деген саптар партиялык кызматкердин жүрөгүнүн үшүн алат, анткени компартиянын Москвадагы КПСС БК бюросунда күн тартибиндеги маселе катары каралган. Казалдын маанисин феодалдык доордун кан ичери Чынгыз ханды даңктоонун үлгүсү, жактоонун үгүтү деп түшүнүп, советтик коомго эң зыяндуу, эң коркунучтуу эскинин саркындысы, “пантюркизмдин”, “буржуазиялык улутчулдуктун” көрүнүшү катары түп оту менен жок кылууну максат кылышат.  Дайыма куржунуна салып жүргөн көк дептерин качан, каерде жоготконун өзү билбейт. Анткени, эки дептердеги аян аркылуу жазылган казалдар анын бүт өмүрүнүн маңызы, жетимиш жаш курактагы турмушундагы бар тапкан байлыгы болчу. Анда үй-бүлө, бала-чака, тууган-урук болбоду. Өмүрүнүн теңинен көбү азаптуу качкында, тозоктуу туткунда өттү. Бактыгерей кол жазмасынын нарк-баасын билбеген бир байкуш эле (бирок Ата-арбактын керээзин аткарбоо – арбакка чыккынчылык деп түшүнөт), жүрөк отунан чыккан атасынан уккан, түпкү тегинин ким экенин туюнткан, шыбак жыттанган, озоңдогон шамалы көз ачырбаган көчмөндөрдүн керилген кең талаасындагы ата-бабаларынын таржымалын унутуп бараткан кийинки урпактарга кулак кагыш кылган добулбас экенин өзү билбеген…Биз, кыргыздардын чоң-кичине эпостору, дастандары кагазга түшкөнгө чейин эл оозунда жашап, кылымдан -кылымга, муундан -муунга, атадан- балага, баланын – баласына берилип, ооздон-оозго өтүп, көкүрөк-көөдөндө жашап келбедиби. Ошол адабий элдик мурасты да Бактыгерейдей бирин-экин кыргыз кагазга түшүрүп, кийинчерээк жалпы ишке алынган.

Романдагы бир эпизод абдан таасирдүү, жүлүңдү “карс” эте бөлө чапкандай аянычтуу сүрөттөлгөн. Бул маселе кылымдар кыйырынан, мезгилдер арышынан, доорлор добушунан бүгүнкү күндө дале актуалдуулугун эч качан жоготпойт. Динбезер, динин чанып, башка динге өткөндөр, динди мазактагандар, динге акаарат келтиргендер, диний фанатизмдин кулуна айлангандар (кайсы дин экенине карабастан) үчүн ачуу сабак экенинен эмес, алмуздактан келаткан “атаңардан жүзүңөрдү үйрүбөгүлө, кимде-ким атасынан жүз үйрүсө, “каапыр” болот” (228) деген пайгамбардын сөзү кам сүт эмген пенделеринин, үммөттөрүнүн жадына мыктай кадалып, коргошундай куялуп калдыбы же жокпу деген соболго баш катырмай бүтпөйт.

“Азыр аны чокундурушат. Орустун жакшылары, анан да Абулай уулунун ичинен оруска алты жыл оболураак кирип, кайырма жакалуу, алты бүчүлүү орус чепкенин кийинип, орустун жакшыларынын катарында жүргөн алыс тууганы-болгондо да “Алексей Николайыч” атанып, “Алексей Николайыч” атагын алган тууганы менен оозмо-ооз бекиткен убадасы ушундай: азыр аны таш казандагы сууга салып, үч ирет чумкутушат дагын чокундурушат.” (233)

Монгол-татар кешпирлүү: бир өрүм кара чачтуу, бети багжайган, көзү жымшык Тогрулчунун атайын орус чиркөөсүндөгү ырым-жырымынан кийин заматта христианча Иван Алексеевич Абулай-Укуп (Аблеухов) аты-жөндүү болушунун муктаждыгын автор “Ысанын антын суу аралаштыра ичип, Ысалаган” күнү гана Москва дайранын жээгиндеги алтынчы-жетинчи аталарынан энчиге калган конуштарын талоондон сактап кала алат, Ыса ураанын чакырып, Ысалай” чокунуп келип, күңгүрөнүп чиркөөсүнө баш уруп жыгылгандан гана дубалы ак-кызыл таштан согулган Кремль калаасына кызыл атын алчаңдата кенен-чонон бастырып кирип, булгаары өтүкчөн, жакалуу кементайчан жакшылардын катарында жүрө алат” (234) деп, чечмелейт. Тогрулчу сыяктуу сан миңдеген монгол-татарларынын тилин-дилин, дитин-көкүрөгүн орусташтырганга өтө кызыкдар, өтө олуттуу , майрамдагыдай жөрөлгө менен салтанаттуу киришкен бир мезгилдин мындай картинасын же тескерисинче, сен кимсиң деп койбой, сени киши ордуна санабай туруп, “өзүм билемдик” менен зордук-зомбулукка салган өтмүштү, кара такты тарых жазып бүтө албай келет…Мындай көрүнүштөр, мындай тагдыры сынып, таш талканы калгыча тебеленген, мезгилдин чор таманында катылып, белгисиз калып кеткен тарыхый окуялар, тарыхый фактылар түрк тилдүүлөрдүн ичинде канча?…

Жазуучу Тогрулчуну чокундуруп жаткан көрүнүштү ийне-жибине чейин кылдат сүрөттөп (кудум өзү кошо жүргөндөй), чиркөөнүн ичиндеги буюм-тайымынан тартып, “шоңкойгон бөрктүү, үңүрөйгөн көздүү, төшүнө айрынын башындай темир крест асынган попту” (235), өзүн коштоп жүргөн монгол башаралуу тууганын, таш –казандагы анын ар бир кыймыл-аракетин , поп оң колу менен төбөсүн басканда жаман болду ( өмүрүндө төбөсүн эч кимге бастырган эмес эле), аны чыканактан кармап айландырышканда, ооп барып оңолду, ички сезимин ийнедей сайгылап куушурулткан абалын, маанайын тынымсыз саймедиреди. Байкуш пендени сууга чумкутушканда, ал Ата-арбакты издеди, бир көрүнүп, бир жоголуп, жан тарткансып карап турган караанды – Ата! Ата! – лап, чакырды. “Кебетеси кадимки эле кишидей: бет багжайган, көкала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшыктуу болуп көрүнгөн Ата-арбакты арбак экенин айра туя элек азыр – жалдырай тиктеп:

– Атабыз турбайсыңбы көрсө! Атабыз турбайсыңбы көрсө! – деп, жалынды.” (245-бет) деп, таланттуу сүрөткер, профессионал тарыхчы-илимпоз катары кино тасмасындай айтып бериши сөзү менен да, ою менен да окурманды магниттей тартып алат. Тогрулчуга оңой болду дейсизби? Анын ичинен кан өткөндөй, бир өлүп, бир тирилип турду. Айрыкча Чынгыз хандын арбагы көрүнгөндө, андан жардам, ырайым тилеп, орусча аттуу-фамилиялуу болгонуна ишенип-ишенбей турду…

Чыгарманын тулку боюндагы башкы идеянын ачылышына ар тараптан көмөктөшкөн Өгөдөй, Сайчы, Кара Ногой, Теңиз Буканын образдарын бирден талдап чыкканга толук негиз бар. Элде айтылган “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген накыл кепке карама-каршы келген, кейиштүү тагдыр күтүнгөн, кара өзгөй Өзбек ханга тик каптап, тилин тартпастан, наалат айтканы үчүн кызыл тилинин кылда учу кесилген күүчү Өгөдөй көз жумганда, анын тажиясына урук-тууганын, бир ата, эки атадан таркаган туугандарын чакырып келүүгө бараткан Сайчы баланын пенделик, дүйнө, жашоо, турмуш жөнүндөгү ой толгоосу, бир мезгилдердеги түпкү ата-теги Чынгыз хандын, дүйнөнү дүңгүрөткөндүн урпагы Жоочунун балдары “жай Жоочу” жана “жаман Жоочу” атыгып, эки бөлүнүп калганы жанына батып баратты…Жолдо баратып, ал баарын көз алдыга келтирип, “жаман Жоочунун” балдары кара кишиден чыккан жөкөргө тартууга жыгылганына арданды, намыстанды, айласын таба албай мукурады. Монголдордун ата-жотосунун салтына ылайык, Чынгыз хандын бир дагы урпагы букаралыкка жыгылбашы керек эле. Бирок, чингизиддердин бир бутагынын “кулдукка” жыгылганын, олжо кул, дене кул, олжо күң, дене күң атыгып жашаганын, тарыхый фактынын жүз бергенин Үтөмүш-кажынын 1550-жылы жазылган “Чингиз-наме” деген ат менен жарык көргөн керемет эмгеги тастыктап отурбайбы.

Кулдуктан баш тарттырган эн тамгасындай жазылган мындай өкүм, мындай чечим ыйык йасада (мыйзам) так айтылган. Ошон үчүн Чынгыз хандын арбагы “Алыс журттан кеп угам, алты уруунун балдары, ата-арбактан алыстап, айнып кетти деп угам, айнып кетти деп угам. Жакын журттан кеп угам, жети уруунун балдары, жерге-жээнин тааныбай, жээрип кетти деп угам, жээрип кетти деп угам” (184), Ата-арбак сюжеттеги ар бир урпагына-каарманга көрүнүп-кезигип “Бир бири менен кырылышкан Шыбаныңдын балдары актадыбы тилегиңди? Орноткон жосунуңду улантыштыбы? Же йасак чийдирген керээзиң ушундай беле? (310) деп, безилдеп-какшанганы ошондон.

Биз китептен келтирилген мисалдардын дээрлик көпчүлүгүндөгү ой түрмөктөрү, ой түзүмдөрүндө эпостук дух, эпостук ыргак, интоннация, ритм, рифма, эпостук дикция, куюлушкан-жуурулушкан обондуу ыр сымал бирде ээ-жаа бербеген деңиз толкунундай, бирде элиртип-эргиткен, жанга жагымдуу керимсел желдей таасир этип, көркөм сөз каражатынын жыштыгы, ой казынасынын молдугу, поэзия менен прозанын айырмасы билинбей да калат.

Сексенинде наркы дүйнөгө көчкөн Өгөдөй, жөн өлгөн жок. Тили кесилгени менен көкүрөгүндөгү изги үмүт-тилегин өчпөс-өлбөс күүгө салып кетти. Анын Сайчыга чертип берген акыркы эки күүсү жөн күү эмес эле. Мөрүнхүүрү безеленгени, көңүлгө көк таш тийген Бердибек менен Теңиз – Букадан кекти кууп, хан ордону күч менен тартып алууну керээз кылган таберик, аманат күү болчу. Эркиндикке, азаттыкка чакырган, Жоочу балдарын ынтымакка, биригүүгө үндөгөн, күрөшкө кумарланткан күү эле.

Бала Сайчы ата-бабасынын салтын сыйлап, Өгөдөйдүн керээзин аткарып, каардуу, кан ичкич Теңиз Букадан маркумга топурак салууга уруксат сурап атайын барды. Ата-арбак ага узак жолдо баратканда эки-үч ирет кезигет, атасына арманын айтат, ичкүптү таарынычын атасынан сурайт. Ушул абзацта кайра-кайра окуй турган бир мандем бар…Атасы менен урпагынын көзмө-көз диалогунда дүйнөнүн тең жарымын басып алганы менен өз канынан жаралган балдарынын жөн дүйнөсүн йасага бастырып, йасаны сиңирип албаганына жан ачыткан муңдуу кейиш, сөөк сыздаткан арман бар. Келиңиз, сөздү авторго берели:

– Үч уулуна бөтөнчө арнап өргөө тиктирип, бөлүп журтка улук көтөрдүңүз да токолдон туулган бөлөк уулдарынын укум-тукумун “жай Жоочу”, “жаман Жоочу” атыктырдыңыз.

– Бөөдөсүндүңүз, ата! Аликүнчө арылбаган бактысыздыкты башыбызга үйдүңүз.

– Аның ырас, – деди ата-арбак.

Өзбек-Бердибектердин түгөнбөгөн кордугуна чегердиңиз. Шыбандардын шылдыңдуу кебине кириптер кылдыңыз, ата! Жаманыңар ошондо эле билинген дешет. Алдыңа барышканда жада калса жамынчысы жыртык алачык да буйрубаганы аталарыбыздын жамандыгынан имиш.

– Калп! –деди, ата-арбак. (310-бет)

– Аларбы? Алар саткын чыкты-ы, саткын чыкты! Кирээтимен жаңылыпмын! (ушул эле бетте)

Теңиз-Буканын атасына тургузган күмбөзүн бүтүрөбүз деп ит азабын тартты Жоочунун балдары. “Көктөмдө алтын ордонун алты бурчунан эл чакырып, алты жүз бээ сойдуруп атамдын ашын бердиртем. Ашка чейин таш кирпичтен күмбөзүн орнотом, көк таш жалатылган төбөсү отуз чакырым жерден, кызыл жошо жалатылган таш кирпичтүү боору он чакырым жерден киши көзүнө көрүнгүдөй күмбөз болсун” деп кактабай канын соргон хандын азабына араң чыдашты. Сайчынын акылдуу, кыраакылыгынан хандын ар бир кыймыл-аракетин баамдап, ошого жараша туугандарын ичтен даярдап, хандыкты тартып алуунун амалын жүз ойлонуп, жүз толгонуп, катуу ооруп калган күнү Ата-арбак кайра келип, аны күрөшкө шыктандырды,” Ата жоолун куусаңар! Алтындуу ордо силерге буйруйт!” (313) демдендирди. Ал эр жүрөк, кайраттуу, акылдуу, өз уруусунун кулдуктан бошонуп, Теңиз-Буканын эзүүсүнө каршы чыгышына түздөн – түз катышкан, акылдуулук менен мыкаачы ханды тактыдан кулаткан күрөшчүл каарман.

Чыгармадагы Бердибек менен Теңиз-Буканын образдары ар тараптан окшош, бийлик үчүн баарына даяр турган, митайымдык менен куулук жагынан бири-бирин толуктаган хандар. Өз атасы Өзбек хандан тактыны кызганып, кийин соң кимдир бирөөгө тарттырып жиберет деген ойдо Бердибек Урук-тууганындагы эркек аттуунун бирин койбой, жада калса өз канынан жаралган өз уулдарын койчо мууздатып, кырдырып салганы үчүн Керки-Көтөн-Бердибек атка конгон. Бердибек ооруп, төшөктө жатканда Теңиз Бука анын өлүмүн күтүп, жан таслим болору менен оюндагы кишисин хан көтөрмөккө тымызын, астейдил даярданат. Теңиз Бука хан оюнда жай Жоочунун ичинен акылы чала бирөөсүн тандап ылайыктап, ак кийизге салып көтөртсө, Чынгыз хандын урпагынан таптап “хан” көтөрттү ырымы кылса, ордонун эки чылбыр, бир тизгини колуна тиерин ойлоп, максатына жеткенде, Жоочудан тараган кулдарынын тагдырын каалагандай калчап, өлтүргөнүн өлтүрүп, же Кара-Ногойго жаңы союлган төөнүн терисинен ойдуруп, башына коок кактыргандай (соо кишини чала эс кылып коет), Оруска андан кийин Сайчыга коок кактырууну ойлонот. Бирок ал тилегине жетпеди. Романдын тили менен айтканда, “Өзбек хандын тукумун Өзбек хандын тукумуна жуттурган экен го акыры” (312) өзү жасаган кыянатчылык, заалимдик менен мыкаачылыктын акыбети өз башы менен кетти.

Таланттуу жазуучу Арслан Койчиевдин аталган романынын тегерегинде келечекте көп сөз болору күмөнсүз. Чоң жүк артынган чоң чыгармадагы көп катмарлуу, көп кырдуу сюжеттик – композициялык өзгөчөлүгүн, философиялык – социологиялык критерийлерин өзүнчө бөлүп кароого толук негиз бар. Романдагы тилдик каражаттар, жазуучунун стили менен жалпы түрк тилдерине таандык жаңы сөздөрдү арбын колдонушу, алардын кыргыз тилинде орундуу, ийкемдүү, жатыктыгын арттырган чеберчилиги да астейдил талдоого алынары талашсыз.

 Ризван Исмаилова

Филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

10-июнь 2020-жыл