Расул Гамзатов: Дайынсыз аска-ташта менин өлкөм, Даңкынан аймагы чак келип көрсөң

Катыңа жооп

Катыңды алып азыр келген почтодон,

Кайра-кайра окуп жондо мен жаттым.

Сүйлөмдөр бар алкоо сезим козгогон,

Сүйөм депсиң, даңк-даража каалапсың.

 

Жазса депсиң дайым менин атымды,

Жарлык кылып жарчы гезит прессасы.

Айтса депсиң диктор окуп даңкымды:

“Гамзатовдун коюлат – деп – пьесасы”.

 

Бир аз нерсе бул турмуштан алам мен,

Бирге болуп билинбеген эл менен.

Бирге жүрүп аба жутсам, анда сен

Буурул чачым сылай-сылай желдесең.

 

Карт эмеспиз, бирок орто жаштабыз,

Капааттанбайм кайгыртсаң да азгырсаң.

Ой үрөнү шыкыраган кампабыз,

Оодарылар кыйрагандай калпыс там.

 

Артык көрбө даңксыз өлгөн кишиден,

Ак таш басып жай алган көр ичинен.

Атагы жок, күмбөзүнүн аты бар,

Эскеришкен кээде келип жакындар,

Элес калган чакан гана ишинен.

 

Канча бастым?

Даңктын бүтпөй ар жагы,

Жыйырма бештен өткөн өмүр түшүнөт.

 

Даңк деген не?

Ал тарткан жип жардагы,

Балким чыдайт, балким чарт-чурт үзүлөт.

 

Оюм эмне?

Оюм эмгек-мээнетте,

Опсуз колум күчсүз күндө калбасын.

 

Атак-даңкты?..

Бизди бөлөп шербетке,

Асман жакка сүрөгөндөр кармасын.

 

Эгер бир күн унуткарсам карабай,

Элим, мени жерге силкип салгыла.

Бий азгырып тойдо озунган баладай,

Артка сүйрөп көк шилиден алгыла!..

 

Достук баян

Айтышса: “Өмүрдүн не татыгы?” деп,

Айтамын: “Дос күлкүсү, жат ыйы” деп.

 

Дайынсыз аска-ташта менин өлкөм,

Даңкынан аймагы чак келип көрсөң.

 

Анда жок жомоктогу сайбан чынар,

А бирок сүйүү, достук казнасы бар.

 

Улуулук даамын ичкен ак чач кары,

Узаарда жайды көздөй жаннаттагы.

 

Сук ажал сабыр тутуп сынай карап,

Сураган өмүр жолун мындайчалап:

 

“Нес болбой айт карыя, чын-төгүнүн.

Не көрдү көп жашаган бул өмүрүң?”

 

Абышка көр оозуна даяр турган,

Ажалга өмүр жолун баян кылган:

 

“Күн көргөм күнөө кылбай, ырыс теппей,

Алдабай, шарап ичпей, чылым чекпей.

 

Тартиптеп үзбөй үч маал тамак жегем,

Таңды-кеч алек болгом намаз менен.

 

Калп айтпай, ууру кылбай, жалаа жаппай,

Жашагам албай, бербей, аша чаппай”.

 

Жумурду жуктап алчу ажал кандай,

Жубанды: “Жашапсың – деп – ыйык жандай.

 

Беделиң айкөл кары, тоодой тура,

Бейлиңди берсең керек досторуңа?

 

Солубас дос тилегин кантип кыям,

Соогатка карт өмүрүң созо турам.

 

Эл менен ыраа туткан жосун үчүн,

Бир жылдан жашар ар бир досуң үчүн!”

 

Бозорду өлүү жандай ак чач кары,

Болбоптур досу түгүл касы дагы.

 

Айтты ажал: “Билбептирмин мындайыңды,

Ант ургур, эчак өлгөн турбайсыңбы?

 

Камынгын, ала кетем азыр өзүм,

Кажетиң элге тийбей не жүрөсүң?”

 

Эй, ажал, ушу жерден калыс айттың,

Касыңмын, бирок муну нагыз айттың.

 

Биз элбиз, демек доссуз жашоо бекер,

Өмүр оор, өлүү кыйын андан бетер.

 

Достуксуз майда калкым тапмак апат,

Достукка ширелгенден жашап жатат.

 

Достукту достук ыры жарлык кылат,

Ал бизде, нан, абадан артык турат!

 

*******

Мен түшүмдө өлүпмүн,

Эки колум боорумда.

Жайы көңдөй өлүктүн,

Жаткан пенде шордуу да.

 

Кайда кетти чымын жан,

Каны бойго сыйбаган.

Жан бүткөн деп ыйыктан,

Жар салалбай кыйналам.

 

Өлгөн дене муздак таш,

Өтөт көчкү шаркырап.

Күз булуту куят жаш,

Күбүйт бактар жалбырак.

 

Көздө кайгы көшөрөт,

Көп жолдошум катарда.

Табытымды көтөрөт,

Тартып соңку сапарга.

 

Кырсыктуу түш карасаң,

Кылат үстүн өлүмгө.

Мен да узатып баратам,

Табытымды көрүмө.

 

Өксүгөн кез өңүмбү?

Өзгөртпөдүм түрүмдү.

Жеридимби өлүмдү,

Же тирүүлүк күнүмдү?

 

Эгер тоолук сөз берсе

Узаган соң унуттуң го бүркүтүм,

Уя салган түнөгүңө бир келбей.

 

Жазган катта адресим билчүсүң,

Жатык ырды көңүлгө жат билгендей.

 

Эми жүрсүң ал сүйүүгө багынбай,

Экинчи жыл… кат жазбайсың сагынбай.

 

Ойлогомун: “эгер тоолук сөз берсе,

Озуйпалуу болот го деп көп нерсе.

 

Кайран досум, шинель чечип кысасың,

Кай себептен башка гүлгө кусасың.

 

Айткан шертиң али эсимде так гана:

“Аскер сөзү тийген октой аскага!”

 

Андан бери погонуңан кучактап,

Аймады экен канча селки тузактап?..”

Которгон: Эрнис Турсунов