Николай Рерих: Жаңыласың балакай! Жамандык жок! Жамандыкты Жараткан жаратпаган.

БАЙКОО

Чоочун киши көчүп келди

биздин бактын жанына.

Ар бир таңда кыякта

ойноп, обон созот жаңыртып.

Ойлочубуз биз, дайым кайталайт

деп бир ырды, бирок, анын

ыры күндө жаңы эле.

Бейтааныштар топурап

толуп турчу короодо.

Мезгил өттү, бойго жеттик,

Агам иштеп, эжем турмуш кураар кез.

Чоочун киши ырдап жатты дагы эле.

Биз, бир күнү басып барып жанына

«Эжебиздин үлпөтүндө үйлөнүү» –

ырдап бер деп сурандык.

Сөз оролу келген кезде сурадык:

Кайдан алат улам жаңы

сөздөрдү ал, канча жылдар

өтсө дагы, ыры дайым жаңы анын?

Ал аябай таң калды да, сылап

аппак сакалын:

“Мен кечээ эле жаныңарга көчүп

келген өңдөнөм, үлгүрбөдүм мен али,

айланамдан эмнелерди байкаганым айтууга”.

 

ӨЛТҮРБӨ

Өлтүрдү бала коңузду.

билгиси келип жакындан.

Өлтүрдү бала чымчыкты,

текшерип карап чыгууга.

Өлтүрдү бала жырткычты

билимди мыктап алууга.

Сурады анан: адамды,

ак илим, жарык иш үчүн

өлтүрүүгө болобу?

Сен, эгерде өлтүрсөң

коңуз, чымчык, жырткычты,

адамдарды эмне үчүн

өлтүрүүгө болбосун?

 

ОШОНДО

Жаңыласың балакай! Жамандык жок!

Жамандыкты Жараткан жаратпаган.

Жетилбегендик гана бар.

Жамандыктай коркунучтуу бирок ал.

Шайтан да жок, жин да жок.

Жалган, заар, акылсыз

кадамыбыз аркылуу

ырайы суук, кан ичээр, кара ниет

күчтөрдү жаратабыз өзүбүз.

Алар, биздин аркабыздан өсүшөт,

өңү-түсү, көлөмү биз аркылуу чоңоёт.

О алардын уругун көбөйтүүдөн сактангын.

Сен жараткан жандуулар,

сенден кайра азыктана башташат.

Көпчүлүккө акырындан аралаш.

Жашоо кыйын, жан балам

Эсиңе тут буйрукту:

Жаша, коркпо, жана ишен.

Эркин, бекем, күчтүү бол.

Шондо гана сүйө аласың жадырап.

Кара күчтөр мунун баарын сүйүшпөйт,

өчөт, өлөт ошондо.

 

КАРООЛЧУ

“Айтчы, неге  кароолчу бекитесиң  эшикти?

эмнени бекем катасың?”

“Тынчтыктын сырын катамын”

“Бирок тынчтык боштук да.

Билгендер айтты: Ал жерде

жок деп эч нерсе”

“Тынчтыктын сырын мен билем,

Ошондуктан кайтарууга коюлгам”

“Бирок, тынчтык аңгыраган боштук да”

“Сен үчүн ал аңгырайт” –

деп  күңк этти кароолчу.

 

ЖАППАГЫН

Көлчүктү карап эңкейип,

Кыйкырды бала таң калып.

“Кандай сулуу көк асман!

Кандай укмуш керемет

Ажайып ,түпсүз көрүнөт”

“Жан балам мынча, таң калдың

Чагылган жалгыз элеске,

Раазыдай көргөн көзүңө.

Жан балам, төмөн жагыңды

караба, кара жогору.

Көк асманды көрө бил,

Кол менен көзүң жаппагын.

 

САНАБА

Балам, жаңжалга маани бербегин.

Эсиңе тут, чоңдор – кызык адамдар.

Айтуу менен бир-бирине

жаман сөз, эртең даяр душмандарын

досторум деп атоого.

Куткаруучу-досуна агытышат жаман сөз.

Адамдардын арамдыгы терең

эмес экендигин түшүнгүн.

Сен, алардан жакшы ойлон

дос, душман деп санаба.

 

ТҮБӨЛҮКТҮК ЖӨНҮНДӨ

Мага неге айткың келди жаман сөз?

Жообум даяр. Бирок ойлон тереңирээк,

анан айт! Сен, эч качан кайтпайсыңбы

каалооңдон? Мен тууралуу өз

оюңа каласыңбы ишенип? Мен,

өзүмдү жакшы билем, жообумду

унутууга даярмын. Карачы, биз

кеп курганча кетти айлана

өзгөрүп. Жаңыланды бардыгы.

Мурда бизди коркуткандар

чакырууда кайра азыр. Чакыргандар

кетти түйүп куйругун.

Биз да калдык өзгөрүп. Асман

башка, шамал башка, күн

башка. Тездик менен

кубулгандын баарынан кетпейлиби

агатай. Үлгүрбөйбүз болбосо

ойлонгонго өзгөрбөстүк тууралуу.

Ойлонгонго түбөлүктүк жөнүндө.

 

ТҮШ

Кандай гана жаман түш!

Аны неге жорусам!

Жаткансыймын кеселдеп,

Булак учуп көзүмдөн.

Жардам берет мага ким?

Келе жатат бир аял.

Ургаачы заты ак көңүл…

Ал мага суу алып келээр.

“Чырагым барып булакка

Чаңкаганым кандырчы”

“Бара албайм, башым бош эмес,

Бизге тыюу салынган”

Букара киши келатат.

Аткараар суранычымды.

“Агатай мага булактан,

Суу алып келип бере гөр”

“Мен дыйканмын жөнөкөй,

бизге жол жок аякка”.

Дагы бирөө келатат,

Суранайын ошондон.

“Шылдыңдаба, мен жөөтмүн,

бизге болбойт тап-такыр”.

Канчалаган эл өттү,

негедир болбойт баарына.

Уруксат жок, тыюу бар.

Маанисиз түш! Падыша,

келгенде бизге айтты эле:

“Адамдын баары эркин” – деп.

 

АГА…

Мен акыры кезиктирдим кечилди.

Кандай кыйын билсеңер,

жер бетинен издеп табуу, андайды.

“Чын ниеттен кабыл алып,

кылган эмгектеримди,

саласыңбы ак жолго” – деп сурадым.

Көпкө тиктеп турду да:

“Эң бир сүйгөн, эң бир кымбат

эмнең бар? – деп сурады.

Жооп бердим: “Сулуулук” –

“Таштооң керек эң бир

кымбат нерсеңди” –

“Ким айтты мындай осуят?”

“Кудай” деди, ал кечил.

“Кудай мени жазаласын –

Таштабайм, – Ага, алып

барчу эң бир аруу нерсемди.

Которгон: Нурлан Калыбеков