Назым Хикмет: Таарынуу бул – “Сени сүйөм”, “Баш тартпадым” дегендик

Түрк адабиятынан

 

Назым Хикмет

Таарынуу

Билесиңби таарынуу не?

Таарынуу бул- чынчылдык,

балалык.

Жалганы жок тазалык!

Таарынуу бул – “Сени сүйөм”,

“Баш тартпадым” дегендик.

Таарынуу – наз,

Сени жакын көргөндүк.

Мен да сага таарындым!..

 

Таарынганым ачуум дагы, кечирүүм.

Кетпегеним,

Кете албаган чечимим.

Өзүң түшүн мага кымбатсың баарынан.

Мен да сага таарынгам…

 

Жемал Сүрея

Сен келсең…

Дал азыр тереземден,

Көргөзүп карааныңды,

Сен келсең…

Келсең экен!

Бакыттын көз жаштары,

Көзүмдөн тегеренсе.

 

Макулмун, эсеп бербей,

Макулмун, унчукпасаң.

Эч нерсе айтпай дебей,

Үн сөзсүз тынч уктасак.

 

Үңүлүп көздөрүңө,

Көзүңө көзүм жөлөп.

Ыйласам өтүп кетет,

Арманым төгүндөлөт.

 

Бул кыял!… Кыял менен,

Сооротом өзүмдү өзүм.

Жүрөктөн кусамды алып,

Кыялкеч сезимдерим

Үмүттүн туусун илет,

Жолуңа, тереземе.

Оюңду айтпай билем,

Сен сөзсүз келесиң ээ?

 

Бир күнү келесиң ээ?..

 

Жан Южел

Сүйүү

Сүйүү- жипсиз байлануу.

Ыйдан бүткөн өлөңү.

Көздөрүндө жоголуу,

Көздөрүндө төрөлүү.

 

Сүйүү- ыйбаа, уялуу,

Жакын туруп алыстык.

Кирсиз, таза кыялы,

Милдет, шартсыз, жазыксыз.

 

Сүйүү кандай? Азаппы?

Бедели эмне өлүүбү?

Кимди кандай жашатты,

Кимге кандай көрүндү.

 

Эч себепсиз, күтүүсүз,

Назы жандан кечтирген.

Мыйзамы жок сүйүүнүн,

Эсеп бербейт эч кимге.

 

Өзбек адабиятынан

 

Усман Азим

*****

Жаза басты көптөр көңүлдө.

Арызданбайм эч бир тагдырдан.

Алып келдиң ушул кеч менен,

Алыс жакта калган жанымды.

 

Сен эч нерсе талап кылбадың,

Мен көрүндүм карек-көзүңдө.

Кара аяр чачың сыладым,

Чанып кеттим анан өзүмдү.

 

Жамгыр жаады майда. ..майдалап,

Жүрөгүм да тактан кулады.

Таң атканча кайра кайталап,

“Сүйөсүңбү? “- деп мен сурадым. …

 

Башорат Отажонова

Сагынуу

Жел ойнойт жүзүмдө жүгүрүп….

Жүгүрөт жүзүмдө сагынуум.

Жалбырак саргайды, күбүлүп,

Көңүлгө күз келди жаңылык!

 

Турналар жөнөдү түн менен,

Шоолага кирпигин өптүрбөй.

Булуттар баштады дүрбөлөң,

Мени келбейсиңби көрүүгө?..

 

Жүгү оор келгендей санаанын,

Жүрөгүм чоңоюп кетти Күз!

Качандыр от күйгөн коломтом,

Карачы бузулуп кетиптир…

Келбейсиңби эртерээк? ..

 

*****

Кээ күнү өтөсүз жылмайып,

Кээ күнү көңүлгө илбейсиз.

Көңүлдө көктөгөн ойлорду,

Сезбейсиз…

Билбейсиз…

 

Көңүлдөр сагыныч, сыр катып,

Көчөдө сапсары Күз эми.

Мен жазчу, бүтпөгөн ырларды,

Угууга келбейсиз сиз эми.

 

Көңүлдө жашаган ар качан,

Сиз деген жүрөктүн жомогу.

Көзүмдөн төгүлгөн тилекти,

Билсе да билмексен болосуз.

 

Бир күнү белгисиз ой ээлеп,

Азапка кабылар дүйнөңүз.

Мен кетем. Сизден бир өтүнүч,

Менден соң эч кимди сүйбөңүз!

 

Мейли азыр өтүңүз жылмайып,

Мейли азыр көңүлгө илбеңиз…

 

*****

Он алты жаш-

Үр кызынан ашкан сулуулук,

Сиңдим окшоп, аруу да, таза.

Эркелиги улам жоголуп,

Балалыгы таарынган абал!

 

Он алты жаш- узап жомоктон.

Куурчактарын унуткан мезгил,

Жылытпастан оттуу коломто,

Сезимдери жылыткан мезгил.

 

Асман ага нурдан там салып,

Күн көзүнөн чыккан учур да.

Он алты жаш – куштай жаздагы,

Канаттары алыс учурган.

 

Он алты жаш- ойноок, күлкүчү,

Эркелетсең таарынган бир кыз.

Тар көчөдө калып түн ичи,

Тар жолдордо адашкан жылдыз…

 

Үр Кызынан өткөн сулуулук.

Сиңдим окшоп аруу да, таза.

Эркелиги улам жоголуп,

Балалыгы таарынган абал.

Он алты жаш…

Которгон: Гүлүмкан Исаева