Мусакун Сатыбалдиев: Тартылбай калган сүрөт

Тартылбай калган сүрөт

Новелла

Жашыл бакка оронгон жашыл шаар. Негедир мага бардык нерсе жашыл сыяктанат. Балким, дүйнөнүн өзү жашылдыр… Балдактарымды тык-тык таштап, кымбат адамымдын жанында барам. Кыялымда көбүрүп-жабырып, бизди элес албай өтүп жатышкан адамдарды токтотуп алып, аларга жүрөк толкуткан кубанчым, бактым, махабатым жөнүндө айтып берип, аларды таң калтырып, «силердин араңарда менден ашкан бактылууңар барбы?» деп жар сала кыйкыргым келет. Эгерде ушул жашыл дарактуу аллея узарып отуруп чексиздикке созулуп кетсе, оо, анда мен эч ойлонбостон кете бермекмин. Чаалыгып, алсырап калсам да кете берет элем. Анткени жанымда – Нургүл.

Буттарым талып, ооруганына кайыл болуп басып жүрдүк. Ниетимде муну кыз билбесе экен дейм. Анда-мында бир мени карап: «чарчаган жоксуңбу» дейт. Баш чайкап коём. Телегейим тегиз, ар нерселерди айтып каткырып күлүп калсам ар кимдер кайрылып бизди карап калат. Ансайын бийигирээк, шаңдуу күлүүгө аракет кылып, жагалданам. А Нургүл менин жаркын кубанычыма, бактыма өзү гана себепкер экендигин сезип, ошого куштар. Муну анын жалжылдаган капкара көздөрү, наздана жылмайышы айгинелеп турат.

Нургүлдүн: «чарчадың, бир аз отуруп эс алышың керек» дегенине болбой киного кирдик. Бирок, мен чындыгында экранда болуп жаткан окуяларга көңүл буруп көрө алган жокмун. Эртең айылга кетем. Нургүл болсо экзамендерин тапшырып бүткөн. Эртең ал да кетет, бирок, өз үйүнө эмес, менин үйүмө. Бир жылга жакын сүйлөшүп, алгачкы көз учкундарыбыздан уланган сүйүүбүздүн ак башаты ушундай чечимге баш ийдирген. Эртеңден баштап өмүр бою бирге болобуз…

Бирок, турмуш деген адам оюнан, адам тилегинен жаралган даңгыр жол эмес. Ал агымы катуу дарыя тариздүү. Андан ар ким эле чабак уруп, шыр өтүп кете албайт экен. Көрсө, турмуш, тагдыр драмасы деген ушул тура…

Кинодон чыгып, Нургүлдүн жатаканасын көздөй бастык. Бак аралап, аны менен дагы бир топ жүргүм келди. Кымбат, асыл адамымдын жанынан карыш алыстагым келбейт. Эртеңки күндүн тез эле келишин купуя самап, толкунданам. Ансайын Нургүл мага сымбаттуу, сулуу, жароокер. Дүйнөдө мындай адам жок. Периштенин өзү кызга айланып келип, менин таалайыма туш келип калган. Ушу жүрөк чымыраткан ой көңүлүмө кыттай уюйт. Балким, ушундан уламбы, бүгүн сүрөткө бирге түшүп, ушул азыркы ажарлуу элесин түбөлүккө сактап калгым келип кетти. Жакын жерде турган сүрөтчү тарапка бастым.

– Нургүл, биз али сүрөткө түшө элекпиз.

– Ой, чын эле. – Ал мага жоодурап, кандайдыр бир асылкечтик менен карады.

– Бул биздин биринчи түшкөн сүрөтүбүз болсун.

– Макул, Мурат. Негедир буга чейин бул жөнүндө ойлобоппуз. – Нургүл айланага көз жүгүртүп өттү да, мага карады:

– Кайсыл жерге туруп түшөлү? Карасаң, тетиги жер жакшы го?

Ал гүлдөр топтошуп өсүп турган фонтандын жанын көрсөттү. Сүрөтчү эки жигит менен үч кызды тартып болгуча, биз анын жанына барып ыңгайлуу орун тандадык. Айткандай эле, биз мындан мурда бирге туруп сүрөткө түшө элек болчубуз.

– Билесиңби, Нургүл, менде көптөн бери катып жүргөн эң сонун кооз альбом бар. Ал али актай бойдон. Ага жалаң гана өзүбүздүн сүрөттөрүбүздү чаптайм. А биринчи бетине сенин портретиңди кооздоп, көргөн адамдын көзү түшкүдөй кылып туруп бакыйта чаптап салам.

– Анда альбомуңду эч кимге көрсөтпөй катып кой. Болбосо мага көз тиет.

– Жок, антмек турсун кайра адамдардын баарын чакырып алып, аларга жайып салып, мурдумду көтөрүп мактанам. Сенин портретиңди аларга көрсөтөм, билесиңби, эмне дейм?

– Жок.

– Бул менин Джокондам дейм.

– Кой эми, андан нары тим эле… Чачыңды тарап алчы, кел, мен тарап берейин.

– Ушул жер жакшы го. Балдактарды тигиндей коюп, сага жөлөнүп, жок, андан көрө колтуктап, зыңкыйып туруп түшөйүн. Сүрөтчү келе жатат.

Сүрөтчү тигилерди тартып болуп, биз жакка басты. Ушул учурда тигил жигиттердин бири беркилерге көз кысып, «тигилерди карагылачы» дегендей биз тарапка баш ийкегенин байкап калдым. Негедир денем үркүп, чекем нымшый түштү. Алдыртадан Нургүлгө карадым. Анын көңүлүн тигилерден кантип алаксытсам экен деген ойдо карбаластай түштүм. Ал байкабаса экен деп, ниетимде кудайдан тиленип да жибердим. Ал эми тигилер болсо өчөшкөндөй кетип калышпай, айланчыктайт. Анан кандайдыр бир кызык нерсени көрө тургандай жабыла карап, бери жакындашты.

– Издешпей табышкан экен, бечаралар. – Кең багалектүү, шалбыраган шым кийген, бети-башын ашкере боёгон кыздын шыңк эткен күлкү аралаш үнү кулагыма келип сайылды.

– Корчагиндин Таясы болгусу келген оптимистка да, – деди дагы бирөө.

– Аялы го тиги. Окшошкон байкуштар… Кантип жашап жүрүшөт болду экен? Аялына боорум ооруйт, байкуш. Жапжаш туруп ушунун эмнесине…

– Ай, ага башты оорутпа. Бу турмушта бактысынан аша кечкен кемпайлар аз дейсиңби?

– Койсоңорчу, кыздар, жөн эле сүйлөй бересиңерби. Жүргүлө, тигиндей басып келели. – Салабаттуу көрүнгөн бир жигит эки кызды колтуктай нары басты.

– Дагы сүрөткө түшүшөт имиш… – Арт жакта калган кыз бырс күлүп алды да, тигилерди көздөй басып, дагы сүйлөнүп баратты. Анын андан аркы сөзү кулагыма кирбеди. Башым салмактанып, эмелеки ажайып дүйнөмдү бир заматта куюн алып кеткенсип, шалдырадым. Жерден башымды көтөрө албай, Нургүлгө кылмышкердей карадым. Ал тигилердин айткандарын укмаксанга салууга аракет кылып жатты. Болбоду. Анын туптунук мөлтүр тамчы болуп, кулай албай турган жаштуу каректеринен көз ирмемчелик убакытта эки балдакка бүткүл денесин артып, мүңкүрөп турган өзүмдү көрдүм…

– Жүрү, Нукен, кетели. Бул жерден кетеличи. Сүрөткө кийин… – Тамагым буулуп, ушуну айтууга араң жарадым. Айыбы ачылган күнөөлүү адамдардай, бири-бирибизди тике карай албай, жогору бастык. Жер чайпалгансып жатты. Балдактарым чалыштайт. Жыгылып түшпөсөм экен, дейм ниетимде. Узай электе сүрөтчү жигит басып келди:

– Сиздерге эмне болду? Тигилерге капа болуп калдыңыздар окшойт. Андай эссиздерге көңүл буруп, капа болбоңуз, андайлар ооздоруна алы жетпейт. Аларга теңелбей эле коюңуздар. Жүрүңүздөр, түстүү пленкага эң сонун сүрөт чыгарып берем, – деди мени колтуктай кармап.

– Ырахмат, сизге! Биз кийинчерээк келели. – Мен жылмаюуга аракет кылдым. Үнүм дирилдеп кетти. Ал бизди ойлуу карап турду.

Жатаканага жеткенче унчукпай жүрүп олтурдук. Эмелеки кубанычым, күндөн жарык күйүп турган таалайым кана? Азыр эле канатым жок учуп жүрбөдүм беле. Анан эмне болуп кетти? Адам бактысын ташка тийген айнектей талкалап салуу ушунчалык оңойбу? Тамагым ачышып, өпкөм көөп барат. Нургүлдүн деле абалы меникинен жеңил эмес экенин туюп турам. Балким, азыр эч жан жок эрме чөлдө, ээн талаада болуп калсам мага алда канча жеңил болот беле…

– Капаланбачы, эми. Бардыгы жакшы болот, Мурат. Эртең бизди балдар-кыздар узатып коюшат. – Нургүл мага жылуу, жумшак колдорун сунду. Анан көз жашын мага көргөзбөскө тырышып, тез бурулуп кирип кетти. Денемдеги күч таштап кеткендей алсырай түшкөнүмдү сездим. Жан-дүйнөмдүн түпкүрүндө бир нерсе тырс эте сынып түшкөнсүдү. Көчөдө максатсыз басып жүрүп, түн жарымында эжемдикине бардым. Али жатышпаптыр. Менин мынчалык кечиккениме санаалары тынчыбай, жездем экөө үрпөйүп олтуруптур. Эжем туталанып тура калды:

– Ушул убакка чейин кайда жүрөсүң деги? Жок дегенде автоматтан телефон чалып, дайыныңды билдирип койсоң боло. Кымгуут түшкөн көчөдө машинага урунуп алдыбы, же алда неме болдубу деп, деги санаабыз тынсачы. Издебеген жерибиз калган жок.

– Балдар бакчасына барган жоксузбу, – деп бурк этип бир тийдим. Менден эзели катуу сөз угушпаган немелер делдиреп туруп калышты.

Терезеден асманды карап жаттым. Негедир бүгүн жылдыздар көрүнбөйт. Бөлмө ичинде бир калыпта саат чыкылдап, мезгилди узатууда. Анын ар бир кагышы Нургүл экөөбүздүн ортобузга көзгө көрүнбөс, колго кармалбас түбөлүктүү зор дубалдын кирпичтерин кынап жаткандай. Жөн гана кынай бербей, «сен ким, ал ким, сен ким, ал ким, сен ким, ал ким» деп жаткан сыяктанат. Ушул үн бир калыпта угулуп, анткен сайын жүрөгүмдө бир жарака пайда болуп, ал улам чоңоюп бараткандай. Ооба, чын эле, ал ким, мен киммин? Ал бактылуу болууга тийиш, бактылуу болушу керек. Мен ошону каалайм. Себеби аны сүйөм.

Күрү-гүү түшкөн чоң шаарды артка калтырып, уяң кыздай улуу тоолордун чокусунан кылтыйып чыгып келаткан күндү беттеп, автобус зымырап баратты. Аны менен мен да кошо шуулдап кетип баратам. Жөн эле эмес, андан – Нургүл аттуу Периштеден, өзүмдүн алгачкы махабатымдан алыстап, андан качып кетип баратам… Жок, мен жаңылып атам. Ырас, Нургүлүм алыста калды. Анткени менен да ага болгон махабатым, тун сүйүүм мени менен. Ал эми дайыма мени менен жашайт. Себеби ал – жүрөгүмдө. А жүрөктөгү сүйүүнү өчүрүүгө эч кимдин алы жетпейт. Өзүмдүн да. Бул мен үчүн аздык кылбайт. Ооба, тагдырым мени анчалык деле маңдайымдан сылап эркелетпесе да, ага ыраазымын! Нургүл деген татынакай кызга жолуктургандыгы үчүн ыраазымын. Эми мен жалгыз эмесмин. Жан-дүйнөмдө күн болуп жарык чачып турган махабатым бар…