Мукаш Жумагулов: Талант

Талант

(Сахнага жаӊыча модада кийинген жигит чыга келет.)

Эх, талант! Талант! Талант дегениӊ бир керемет, бир ажайып, бир жыргал экен го! Көрсө, бул көркөмдүү, көрүнүктүү, ийкемдүү жашоонун бир ыкмасы  экен. Мына бирибиз акын, бирибиз артист, бирибиз художник, бирибиз жазуучу болуп күндөн-күнгө оргуштап, өнүгүп, өсүп бара жатабыз. Ушундай современный таланттарды тууп салган, кийинки современный энелерге даӊк!

Мен мезгилдин талабына жараша бул дүйнөгө келгенимди карасаӊ. Жаратылыш мага мээни бир чоӊ баштык омподой эле берген экен. Бах! (Чөнтөк күзгүгө каранып). Өӊүм, түсүм, дидарым, кебете кешпирим, тимеле европалыктардыкындай турбайбы? Көзүм, оозум, мурдум… Бах чиркин, жутуп жиберчидей болуп… Чачым болсо тармал… Жанагы адамды туура баалай албагандар алдагы тармал чачтын алдындагы мээ кандай болду экен, оболу ошону байка?!  Алдагы сеникиндей тармал чач, менин колтугумда деле бар, – дегенин карабайсыӊбы! Все это чепуха! Былжырай беришсин, адамдар бир-бирин көрө албаган сыяктуу, алар да мени көрө албайт. Мен деген мен! Эмесе ошол таланттарымдан сиздерге бир чоң кесим ыргытып коёюн. Жанатан бери өздүк – көркөм чыгармачылыгынын көрүнүктүү өкүлдөрү концерт берип, ырдап жатышат, бийлеп жатышат, сүйлөп жатышат.  Кээ бири мөөрөп, кээ бири маарап да жатышат. Эмесе,  мен да ырдайм. Мен булардан кемминби?! О-о Менин кымбаттуу менчик музыканттарым! Аккордеонист! Барабанист! Комузист! Чылдырманист! Гитарист! Келгиле кашыма. Далыма жашына! (Музыканттар келишет.) Кана менин менчик музыканттарым, силердин күүӊөрдөн Рио-Де-Жанейро, Буонэс-Айрес, Париж, Лондон, Дели көз алдыма элестеп тургандай болсун! Эмесе кеттик!? ( музыканттардын коштоосу менен ырдайт.)

Ох-хоо-о, ах, -Хаа-а ах, Дунуя-а,

Сени сүйдүм сени сүйдүм Гүлдана.

Сени менен бирге баскан күн кана?

Алыс калды, алыс калды ал күндөр,

Эми кантем жүрөйүнбү тим гана?

 

Ах, ты Гүлдана,

Жүрөктөшсүӊ бир гана.

Ах, ты Гүлдана,

В душе только ты одна.

 

Сени сүйдүм, сени сүйдүм Гүлдана,

Сени менен бирге жүргөн түн кана?

Жолугушуп жоодурай карашканда,

Жоогазындай сага берген гүл кана?

 

Ах, ты Гүлдана,

Төрт күйөөгө тийди, деп

Айтып келди бир бала,

Эх, ты Гүлдана!!!

Кымбаттуу туугандар, мен дегеле артист, обончу, ырчы болбойм. Мени толкунданткан башка нерсе! Мен акын болушум керек туугандар акы-ын! Мына мен да чекемди тердетип ыр жазып жүрөм. Ырларым газетага чыкса, анан ырлар жыйнагын түзсө, анан бачым эле дүйнөлүк адабияттын залкар өкүлү  боло калсам дегенде, эки көзүм үч. Эмесе мээмден сыгылып чыккан, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн боркулдап кайнап чыккан оригиналдуу “ак саргыл ырларыма кулак төшөӊүздөр?! Ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча жаза койгон эӊ кийинки салмактуу “Менин тоолорум” деген ырымды силерге тартуулаймын (окуйт, же жатка айтат).

Тоо! Тоо! Тоо!

О-о менин кара тоолорум! О-о менин сары тоолорум!

Үстүӊөрдөн ак булуттар самсаалайт, өтө эле живописный көрүнөт арасындагы коолору! Грандиозный дагы көрүнөт ак калпактуу асман тиреген зоолору!

Арасында жүрөт сенин акыныӊ…

Ай ааламга жеткизем сени, сени учурам, сени,

Айланайын Жер энем, мен сага керекмин, сен мага керексиӊ!!! Во-от, момундай саптар биздин адабиятта ещё не тронутый! Мен бул сабым менен дүйнөлүк ак ырдын баштоочусу америкалык улуу акын Уольт Уитменге теӊеше калдым окшойт, я?! Эл жерге, Ата Журтка белгилүү патриотизм, гуманизм, тереӊ психологизм, гласность! Во менин чыгармачылыгымдын негизи! Ал эми жаратылышты так өзүндөй көркөмдөө – бул чыныгы художниктин чеберчилиги. Эмесе жаратылыш жөнүндөгү реальный ырыма назарыӊызды кыйшайтып коюӊуздар. Эмесе Этюд деген ырымды, бир шилтемимди да силердин алдыӊарга жая салайын.

Жердин бети аппак кар,

Көк шибер белден буралат.

Ызгаардуу кыштын убагы,

Көпөлөк жүрөм кубалап.

 

Келе жатсам жолумда,

Керемет көзгө урунду

Төрт түлүк мал көбөйтүп

Уйлардан козу туулду.

 

Чайыттай асман түнөрүп,

Бубагы бактын күбүлүп.

Алмасы ыргып теректен,

Терип бир жүрдүм жүгүрүп.

 

Во-от, жолдоштор, табияттын табышмактуу сырын билүү, чөптөрдүн шыбырашканын угуу, чымчыктардын ырдаганын түшүнүү – бул өзү улуу поэзия! Эх, поэзия! Поэзия! Поэзия көлүндө мен чабак уруп жүргөн кезегим. Мен лирикалык саптарга да көӊүл бурбай койбойм. Эмесе менин Лирама көӊүл буруӊуздар?! Тунук сүйүү аттуу ырымдын фрагментинен Сиздер тарапка ыргытайын, кулагыӊыздардын крыласын бери буруп койсоӊуздар экен?

Жалындап менин жүрөгүм,

Жаш селки сени сүйөмүн .

Эгер мага тийбесеӊ,

Өзүм сага тийемин.

 

Көргөндө сени жалжалым,

Көгүлтүр оттой дүрт этем.

Эгер мени албасаӊ,

Ушу жерден эле мүрт кетем.

Кымбаттуу туугандар, а эгерде поэзиядан мага орун жок болуп калса, анда прозаик болуп алсам эмне, менин бир жерим кемип калмак беле. Эмесе прозамдын алтындай саптарына кулак төшөӊүздөр? Кара сөздүн каарманы катары “Биздин өрөөн” аттуу чыгармамдан бир сындырым окуп берейин.

“Кызарттын шамалы кыр ылдый кыйкырып кирди эле, кара Кочкорго айландырды…”

Во-от, агайын туугандар, абдан эмгек баатыры силер болсоӊор, адабият баатыры биз болобуз! А эгер прозадан да мага орун жок болуп калса, анда мен сатирик боло калсам эмне болмок эле. Эмесе, “Тагдыр” аттуу чыгармамдан бир чымчым:

Окшошпой калса баласы

Капа болот атасы

Окшоштуруп сөөмөйүн,

Карбаластайт апасы…

 

Ай, окшошпосо мейличи,

Атасынын эле баласы.

Окшоп калган турбайбы,

Таякесине карачы.

 

Жээндерине түспөлдөш,

Темгил  ала карасы

Атасына окшоштугу,

Асман жердин арасы.

Эмне кылсын атасы ,

Жетпей калса чамасы…

Кымбаттуу туугандар, а эгер сатирадан да орун тийбей калса, тампайып талаада калбайын деп, котормочулукка күн мурунтан кам көрүп жүрөм. Алгач өзүбүздүн айылдагы жерлердин аттарын которуудан баштадым. Биздин айылды Тармал-Саз, – деп айтат. Аны мен “Кудрявая болота” деп котордум. Анан Жумгалды көздөй кеткенде, Чолпондон бир аз өткөндө Ак-Учук деген жерибиз бар. Аны “Белый Туберкулез” деп котордум. Анан Ысык-Көл, Соӊ-Көл, Чатыр-Көл, ий койчу, дүйнөдөгү залкар көлдөргө теӊебеген, аймагы алты жүз метрге жетпеген, айланасынан кайырмак кармаган, броконьерлер кетпеген “Ара-Көл” деген көлүм бар. Аны мен “Ни туда, ни сюда озеро” деп котордум.

Жолдоштор, мына өзүӊөр баамдаган чыгарсыӊар. Мендей жигитке жетимиш өнөр да аздык кылчудай (күзгүгө каранат).

Тү, итиӊдики, жаратылыш мага өӊдү да ченебей берген экен. Бах, түсүм, өӊүм, дидарым, кебете кешпирим, тимеле европейский турбайбы?..

 

Мукаш Жумагулов