Мукай Элебаев: Бороондуу күнү

Мукай Элебаев

(1902-1944)

Бороондуу күнү

Кай жылы экени жадымда1 жок, январь айынын бир суук күнү жолдо келе жатып, кеч кирип бара жаткан кезде, бир үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум. Бул бир кашаттан түшө бериштеги сарайчынын жанындагы жалгыз үй болчу. Күнү бою жөө басып, чарчап, анын үстүнө алдымдан утур кардуу бороон болуп кетип, эми мындан ары жүрө турган чама жок эле.

Үйдүн эки-үч эркеги бар экен. Мен барганда мурунтан айтып отурган аңгемелери бөлүнгөн да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этеги жамаачыланган көк мата2 көйнөгү бар, оттун табына бөрткөн3 кызыл балтыр сегиз-тогуз жашар секелек кыз олтурат. Ушуга көзү менен мурду аябай окшогон бир орто жашаган аял казан-аяк жак менен алаксып жүрдү.

Азыраак отурганымдан кийин төрдө сүйлөшүп жаткан сөздөрдөн улам кирпидей тикирейген коюу кашы бар, жайык жүз, уюган кара сакал немени бул үйдүн кишиси болбосо керек деп болжодум.

Мага назарын салган ушундан бир кемпир болду. Бери болгондо жетимиштин кырындагы киши. Экөөбүз ортобуздан тутамдап саман жаккандай жер коюп, катар отурабыз. Отун ным. Бирде жалбырттап жанып кетсе, бир жалп этип өчүп, үйдүн ичи күңүрттөй түшөт.

Кошунам экөөбүз бирөөдөн жашыруун сүйлөшүп жаткандай акырын гана дабыш чыгарбайбыз. Төрдөгүлөрдүн бизде жумушу жок. Бая мен келген ченде гана секелек кыздын артында отурган киши:

-Алдыңдагы түйүнчөгүң эмне? – деп менден бир ооз кеп сураган.

-Ал дүнүйө дейсиңби, өзүмө жараша бир көр оокат да…

Мындан кийин биз өз жайыбызча калып, алар өз алдынча боло берди. Аңгеменин эмки жагы малай жүргөн бирөөнүн акысы тийбегени жөнүндө болуп жаткан сыяктуу. Сөз баштап отурган кара сакал:

-Өзүнөн өзү жүрүп, капкайда бир кудай урган ишке чырмалып алат, – деп калды.

Мындан илгерирээк кулагым чалганы: “Ошол жылы кара чечектен журт чөп чапкандай кырылбадыбы”, – деген сөз эле.

Жанымдагы кемпир мага сүйлөп отурат:

-…Бечара киши жан багышка орус ичи жакшы болот экен. Мына бу дөңдөгү кыштак ошолордуку. Жолдо көргөндүрсүң. Келгенибизге беш-алты жыл болду. Бул жерде бизден бөлөк кыргыз жок.

Муну таштай берип, кемпир баятан болуп жаткан аңгемеге кайра көчтү:

-Жетимчиликти көп тарткан экенсиң, тескейге баратам дедиңби?

-Ооба.

-Ата-энең качан өлгөн?

-Көп жыл болду.

-Кайра ошонуң жакшы, кулунум. Энең байкуш болсо, сен ушинтип жүргөндө: “Балам алда кандай болду экен?” – деп санааркап курубайт беле? Акыр өлбөсөң, бир күн жетилип кетерсиң… Түн ичинде көзү кургур да көрбөйт. Болбосо тизендин береги жерин бүрүп берет элем. Чокоюң да суу…

Эшиктин ар кай жеринен зыркыраган борошо так менин тонумдун жыртыгын көздөп тургандай коолдоп, бир капталым муздап отурду.

Конор конбосум али ачылган жок. Үй тар, адамы көп. Балким, мына бу казандагы тамак ичилгенден кийин бирөө: “Чырагым, эми жайды көрүп турасың”, – дей турганын ким билди? Мага келгенден ыкласын4 салып отурган кемпирдин колунда бийлик жогун адегенде эле байкагам. Айтор, не болсо да бул жагынан капарында жок кишидей камырабай отура бердим, анткени мындайды бүгүн эле көрүп отурган жан эмесмин да!

-Бул да бир күн унут болор, балам. Көргөн билген баары тең артта калмак… Мал да, дүнүйө да эч кимге опо5 болбойт…

Ушундан кийин көпкөк тарамыштары саналып турган, калтыраган, этсиз, арык колундагы жыгач менен отту көсөп жиберип, ошол жерге мелтирей кадалып, тынып ойлоно калып, кадалган ойдун артынан козголуп коюп, куураган чачынын арасына кол жүгүртүп, кежиге ченин кашып алды да, мага шыбырачу немедей жакындай түшүп, акырын гана:

-Бөрк6 алдында не болбойт? Дос, душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт. Жок-бар да бирдей болуш керек, – деди.

Түн бир далай мезгил болгон сыяктуу. Казан чыгарылды. Самандын ачуу түтүнү чамгарактан чыкпай уюлгуп, кайра каптап турат.

Табак төрдөгү эркектерге гана тартылды. Мага бир арканын омурткасы тийген. Үйдүн аялы өзүнө алып калган бирдемесин жулуп жеп күйпөңдөп, казандын жанында каралап отурат.

-Отту жарыгыраак кылып койгулачы, – деп, бирөө чулчуңдап чайнап жатып, эшик жактагы кемпир экөөбүзгө буйрук кылды.

Бул арада мындан башка унчуккан киши болгон жок. Жалгыз секелек кыз колундагы кар жиликти чагам деп убараланып жатканда:

-Сый чабасың, кой! – деп ачууланып барып, энеси керкини колунан алып койду.

Мен жалгыз омуртканы мүлжүп, таштай берип, карап калганым менен табактын эти да көп эмес эле. Туш-туштан жабылган ооздор табактын үрөйүн учуруп бир демге калтырбай7 отоп жиберишти.

Кол жууп, бир кыйла кобурагансып отургандан кийин, журт орундарынан туруп, жатууга кам ура баштады. Сыртка чыгып бараткан бирөө, шимшилеп кирип келген кара канчыкты “кет” деп, жаза-буза бир сала, жолунда кыйрап турган сынык эргилчекти8 түзөп коюп, кыңшылаган ит менен удаа чыгып кетти.

Кемпир болбогондо, мен унутулуп кала жаздаган элем…

-Э, ботом, Жийдекан, бул бала эмне болот? – деди бир кезде ал.

-Апей, катыгүн… мен…

Бул убакта кара сакал, дагы бир жигит жатып алган.

-Жеңеке, бүгүнчө мени батыргыла. Мындан бөлөк корголор жерим жок болгондуктан, келип отурам. Наяты9 бир түнөп кетет экенмин, – деп, мен да кемпирге кошумчалап койдум.

-Эми кандай кылам? Төшөктүн баары салынып…

-Баягы тердик кана? Мунун жообу бар экен:

-Аны башка жаздап койбодум беле. Жатарга чолоо жер10 да калбаптыр…

-Иши кылып бирдеме бер.

-Болсо, мен аяп турамбы? Жүк тирелип тургандай сүйлөйсүңөр да! – деп, бу жерге келгенде кемпирди бир каарып өттү.

Төшөнчү, жаздыктын сыягын өзүм да көрүп турам! Ошентип туруп, Жийдекан бир кезде жаалап жибергенде далдалчылардын11 сүрөөнү менен арзан сатылып бараткан малына кейиген кишиче, кынжылып барып эңкейип, канжыгадай самсаалаган тердикти сууруп алганда, төшөгүнүн башы жапырайып калды.

-Ушул эле болот мага, – деп, ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салдым. Жаздыгым ошол боло турган. Бут сунар жер жок. Жанымда – коломто.

Жатканымдан кийин талпакты сүйрөп келип, үстүмө таштап койду да, кемпир:

-Эртең бороон бастаганда кет. Жолдо куруп каларсың, – деди күңкүлдөп.

От өчтү. Үй жер кепедей караңгы. Жымжырт. Жалгыз гана тыштан угулган бороондун күчү менен илдибары12 кеткен жаман үзүк делпилдеп, уукту сабап турду…

Эртеси бул үйдөн бир адам серпиле электе туруп алып, жолго түштүм. Мунумду кечээги мээримдүү кемпир да билбей калды. Аны кетерде бир байкаганымда – колу, буту мышыктыкындай чогулуп, уйпаланган, жүдөгөн башы койнуна кирип, мууздаган малдай кыркырап жаткан эле.

Тышка чыксам, бороон басаңчы тартып калган экен. Бирок күн али бүркөө.

Кантсе да кечке жетермин деп ишенип, тээтиги көк тиреген, мунарга окшогон, ак кардуу бийик заңгелди бет алып, талаада жалгыз кетип бара жаттым.

 

Жадымда1 – эсимде

Көк мата2 – дакиге окшогон адыракай материал

Табына бөрткөн3 – темгил-темгил кызарып чыккан

Ыклас4 – көңүл

Опо болбойт5 – түбөлүк пайда берип турбайт

Бөрк6 – баш кийим

Бир демге калтырбай7 – тез эле, дароо эле

Эргилчек8 – боз үйдүн эшигине койчу тосмо

Наяты9 – бар болгону

Чолоо жер10 – бош жер

Далдалчы11 – базарда бирдеме сата турган киши менен ала турган адамдын арасына түшкөн ортомчу

Илдибары кеткен12 – жедеп жыртылып бүткөн