Мухаммадамин Хожакбаров: Көздөрүңө чөктү көк асман, ак таң өптү эриндериңден

“Көздөрүңө чөктү көк асман, ак таң өптү эриндериңден…”

Мектепте окуган кезинен эле кыргыз тилинде ыр жаза алган, белгилүү өзбек акындарынын ырларын кыргызчага, а кыргыз акындарыныкын өзбекчеге которуп жүргөн таланттуу жаш калемгер Мухаммадамин Хожакбаров менен өткөн жылы фейсбук аркылуу тааныштым. Ал менин “Мен баймын” аттуу ырымды өзбек тилине которуп, өзүнүн баракчасына жарыялаптыр. Бул өзбек тилдүү жаш акын ким экен деп кызыгып сураштырып калдым. Мухаммадамин Ош шаарындагы өзбек мектебинин 11-классында окуп жаткан экен.

Жаш болсо да кыргыз адабиятынын классиктери Алыкул Осмоновдун, Сооронбай Жусуевдин, Байдылда Сарногоевдин, Карбалас Бакировдун, Зайырбек Ажыматовдун ж.б. ырларын өзбек тилине которуп, окурмандарга таанытып, эки элдин поэзиясынын көпүрөсү болууда.

Мухаммадамин өткөн жылы орто мектепти аяктап, Кыргыз-Өзбек университетинин юридикалык колледжинде билим алууда. Жаш калемгерге ак жол каалап, эки элдин поэзиясынын көпүрөсү катары кызмат кыларына ишенич билдирели.

Зинакан Пасанова

 

***

Билбептирмин бул өмүрдүн,

Өз ченеми бардыгын.

Сезбептирмин бул дүйнөнүн,

Ушунчалык тардыгын.

 

Он жети жыл өтүп кетти,

Ак-Буурадай тез агып.

Балалык да өттү, кетти,

Эскерүүгө айланып.

 

Поэзия деген сулуу,

Бир бийкечке жолуктум.

Ак сүйүүмө башын ийер,

Ал кыз болор колуктум.

 

Балалыгым жарык асманым

Балалыгым – жарык асманым,

Жүрөктөгү эң аруу сезим.

Кубанычка толо мезгилим,

Балалыгым – бактылуу кезим.

 

Балалыгым аруу жылдарым,

Толуп аккан мөлтүр булагым.

Апакемдин сөздөрүнө эх,

Кулак салбай жүргөн убагым.

 

Балалыгым жарык асманым,

Кубанычка бөлөнгөн кезим.

Балалыгым дартка дарманым,

” Апа ” – деген алгачкы сөзүм.

 

Балалыгым карындашымдын,

Мээрим толо, кара көздөрү.

Балалыгым ата-апамдын,

“Балам” деген, асыл сөздөрү.

 

Балалыгым – жарык асманым,

Жүрөктөгү эң аруу сезим.

Кубанычка жана бакытка,

Махабатка бөлөнгөн кезим.

 

***

Көздөрүңө чөктү көк асман,

Ак таң өптү эриндериңден.

Учуп чыкты перилер анан,

Нурга толгон сезимдериңден.

 

Тозуп кетти менин ойлорум,

Чачтарыңдай сенин чачылып.

Алоо болуп жанды сезимим,

Бул жалындан болбос жашынып.

 

Көздөрүңө чөгүп көк асман,

Күн эриди ысык табыңда.

Көз ирмемдин аппак куштары,

Жан беришти алаканыңда.

 

Жүрөк

Сого бербе, жүрөк, шашылып,

Адеп эле жасап төңкөрүш.

Андан көрө мага кошулуп,

Сүкүт салалычы экөөбүз.

 

Сен канчалык тез соккон сайын,

Тез жешилет менин өмүрүм.

Секин сокчу, курутпай алым,

Ансыз деле саналуу күнүм.

 

Эч нерсеге үлгүргөнүм жок,

Түзүгүрөк иш келбес колдон.

Каректерим өчүп жаткан чок,

Көралбастар толо оң-солдо.

 

Жүрөк, шаша бербе урунуп,

Дагы бир аз, бир аз сабыр кыл.

Ылай менен кошо жуурулуп,

Барар жерим ичи кабырдын.

 

Али асман-жерди силкинтип,

Жарк этпедим чагылган болуп.

Ура бербе көкөйдү кесип,

Өлгүм келбейт бир наадан болуп.

 

Улуу иштер күтөт алдыда,

Аттанамын нурлуу бир жолго.

Элим деген акын боломун,

Бекер калем албадым колго.

 

Жүрөк, жүрөк жайыраак бол,

Туура эмес катуу согушуң.

Сабыр кылгын, сабыр кылып тур,

Кез да келер чарчап, ооруштун.

 

Жүрөк, сенден сурайм өтүнүп,

Жолдош болгун мага бул жолдо.

Шашылбастан сого бер, “дүк-дүк”,

Түшкүчөктү калемим колдон.

(кыргыз тилине которгон Азамат Омош)

 

***

Жүрөгүнө кирип келем жаз болуп,

Жаңы ачылган байчечекей сыяктуу.

Ойготомун ысык нурумду төгүп,

Жүрөгүндө уктап жаткан сүйүүнү,

 

Көздөрүнө чөгүп кетти көздөрүм.

Кагаз бетин саймалады сөздөрүм.

Бирок, неге калем менен көркөмдөп,

Тарта албадым татынакай сүрөтүн.

 

Жок, чегинбейм, сүрөтүндү тартамын.

Кагазга эмес, жүрөгүмдүн түбүнө.

Сүрөтүңдү этияттап сактаймын,

Жок болгуча өзүм бул дүйнөдө.

 

Реквием

Ал киши бир жаралган акын болчу,

Ырын угуп, жүрөгүм муңга толчу.

Жазат эле жашоонун акыйкатын,

Ырларынан асыл ой агып турчу.

 

Ажал деген шумдук эрте алып кетти,

Артынан ыр казына калып кетти.

Жубайы терең батып муң-кайгыга,

Көз жашын нөшөрлөтүп төктү.

 

Андай акын, балким, кайра жаралбайт,

Ага окшоп тунук ырлар жаза албайт.

Калтырыптыр бирок өлбөс ырларды,

Кадырлаган эли сактап унутпайт .

 

Өзбек поэзиясынан котормо

Шавкат Рахмон

Махабат- чырайлуу көпөлөк,

Көркү көз арбаган дилбарым.

Көпөлөк кууганым эсимде,

Эсимде жок, бирок, тутканым.

 

Жүрөгүм кичине бөбөктөй,

оюнга, алдейге эч көнбөйт.

Махабат- чырайлуу көпөлөк,

Гүлдөрдү аралап ал конот.

 

Артынан энтигип чуркаймын,

Колума консо дейм жаштыкта.

Канчалык жүгүрсөм баары бир,

Жете албай келемин бакытка.

 

Усман Темур

Ак пахтага окшойт аппак кар,

Акак сезим, ак гүлдөрдөй.

Көздөрүмө түнөп аруулук,

Тазарып барат эй, көңүлдөр.

 

Билгиң келсе көңүл актыгын,

Алаканга аппак кар салгын.

Табийгаттын өзү ак көңүл,

Ансыз бул кар түшмөк карайып.