Михаил Дымов: Балдар Кудайга жазышат

Балдар Кудайга жазышат

Автордон

Бул китеп жөн жерден пайда болгон жок. Китептеги каармандар биздин жашоонун жүзү, күзгүсү, камертону экенин билбей жөн гана биз менен катар жашап келишет. Алардын өзүлөрүнүн өзгөчө дүйнөсү, биз, чоңдор кылчайып карабай алыстап бараткан дүйнөсү бар. Жана канча алыстаган сайын бизге бул өлкө – балдардын өлкөсү түшүнүксүз болууда. А балдар жакшылык жана жамандык, намыскөйлүк жана арсыздык, адамгерчилик; алардын өзүнүн талаптары бар жана балдар түбөлүктүккө тең ата “сен” деп кайрылышат.

Израилдин борбордук “Вести” гезитинде иштеп жүрүп, америкалык жазуучу Стюарт Хемплинин китебинен үзүндүлөрдү окуп калдым. Бул кичинекей америкалыктардын Кудайга жазган каттарынан алынган фразалар болчу. Ичим кадимкидей өрттөнүп кетти – мына издегеним. Үйгө эрте кайтууга ашыктым. Биздин балдар Жаратканга эмне айтып бере аларын билгенге шаштым. Батышта Кудай жөнүндө түшүнүк эненин сүтү менен берилет эмеспи. Айлана-чөйрөдөгү чындык ал жакта туруктуу, көрүнүктүү, кебелбес дагы. Менин каармандарым мектептеги алтыдан он жашка чейинкилер болушту. Жаштар гана азыр деле жашоону жүрөгү аркылуу өткөргөндүгү үчүн чынчыл жана анткордукту билишпейт. “Кудайга кандай суроо бергиң келип жүрөт?”, “Кудайдан эмне сурагың келип жатат?” жана “Кудайга эмне окуя айткың келүүдө?” – деген суроолор менен балдарга кайрылдым. Жыйынтыгы мен күткөндөн ашты. Мен үч миңден ашык жооп алдым. Тамашалуу, кайгылуу, суроолуу, үмүтсүз, бирок тирүү, тирүү. Балдар атасына, апасына же сүйүктүү мугалимине эмес, а баарын түшүнгөн, кудуреттүү башчыга кайрылып жаткандарын билишти. Ошондуктан алардын жооптору ушунчалык ишеничтүү жана ак ниеттен болду. Алардан келечектин акындары, сүрөтчүлөрү, гуманисттери көрүнүүдө. Бирок балдар алар болбой калышы мүмкүн. Биз, чоңдор, аларды өзүбүзгө окшоштуруп салабыз. Көпчүлүк жетишпеген, адеп-ахлак жоголгон, тууганды тууган тоногон, досту дос кыйраткан, жалпы кызыкчылыктар сакталды делген чөйрөнүн мыйзамына жараша тарбиялайбыз. Улуу гуманист жана мугалим Януш Корчак чоңдорду балдардын дүйнөсүнүн бийиктигине кайрылууга эмес, жетүүгө үндөгөн. Дүйнө таанууда балдардын кабыл алуусу назиктик, мүнөздүү бөтөнчөлүгү, көөдөктүгү менен айырмаланат. “Балдар Кудайга жазышат” китеби чоңдорго жана балдарга багытталган. Анын жашка тиешеси жок. Себеби ал Кудайга кайрылган, демек – адамдын жанына. Чоңдор, балдардын ой жүгүртүүсүнө күлгүлө, чыйрыккыла, ыйлагыла. Эгер ошондой болсо, анда силердин сезимиңер бар. Жана Кудайга шүгүр. Балдарга айтарым – колдон келишинче Жаратканга көп кайрылгыла жана ошону менен бирге өзүңөрдөгү адамдыкты сактап калгыла.

1-Бөлүм

Кудай, эгер сен акыр заман уюштурсаң, анда сага ким сыйынат?

–Арыба, Жараткан. Сенде баары жакшыбы? Жашоо кандай? Ден соолук кандай? (Женя, 2-кл.)

–Класстагы мени мазактоолор качан токтойт? (Тоня, 4-кл.)

–Эгер сен акыр заман уюштурсаң, анда сага ким сыйынат? (Петя, 4-кл.)

–Боорукер адамдарды сен эмнеге жазалайсың? (Феля, 3-кл.)

–Негизи мен сага ишенбейм. Мына айтсаң, эмнеге элдер сени көйүшпөйт? (Юра, 2-кл.)

–Шамалды ким үйлөйт? (Алик, 1-кл.)

–Асман ачык көпкөк болгону, бул сенин маанайың жакшы кездегисиби? (Надя, 3-кл.)

–Убакыт каякка кетет? Чачтын агынабы? (Юля, 3-кл.)

–Адамдар жерде ушунча кыйналып жатышат, чын эле сенин тозогуңда мындан да азаппы? (Радик, 4-кл.)

–А башка өлкөлөрдү сен тейлейсиңби? (Толик, 3-кл.)

–Лимонад – бул балдардын арагыбы? (Антон, 1-кл.)

–Мейли Кудай, мени ата-энеме каракуназ (илегилек) алып келди, а ага бизди ким жасайт? (Олег, 3-кл.)

–Эгер биз, баарыбыз ага-ини жана карындаш болсок, эмнеге бири-бирине үйлөнүшөт? (Сандра, 4-кл.)

–А сенин билимиң кандай? (Зайга, 2-кл.)

–Сенин божомолуңда, кайсынысы аянычтуураак: “Иса үчүн аянбагыла” же “Кудай үчүн аянбагыла” (Боря, 3-кл.)

–Асманда жашасаң да, Жер жүзүндө сен эң башчысы экениңди түшүндүм. А сени шайлабай коюшпайбы? (Сеня, 1-кл.)

–Кудай, а сен бала кезиңде апаңды укчу белең? (Нина, 2-кл.)

–Жаан жааганда сен эмне менен алексиң? (Люба, 3-кл.)

–А балачагыңда сен балдар менен мушташчусуңбу же жоош белең? (Костя, 2-кл.)

–Мен сени сүйөм дечи, бирок апам жана атамды көбүрөөк. Эч нерсе эмеспи? (Зоя, 3-кл.)

–Мага өлбөгөнгө болобу, а? (Юля, 1-кл.)

–А чиркөөдөгү шамдарды сатышат, – бул сенин бизнесиңби? (Толик, 2-кл.)

–Апам мага качан таттууларды сатып бергенде, анын кулагына сен шыбырайсыңбы? (Галя, 1-кл.)

–Латвияда акыр заман качан болот? (Валера, 3-кл.)

–Мен Исанын еврей экенин окудум, бирок ал сенин уулуң болсо, ошондо – сен да еврейсиңби? (Ася, 2-кл.)

–Кудай, сен жок дегенде менин жаңы дарегимди билесиңби? (Ляля, 1-кл.)

–Качантан баштап баланы киши десе болот? Качан ал ийнеден коркпой калгандабы же Жаркынай жагып баштагандабы? (Марик, 3-кл.)

–Эмнеге Иса пайгамбар күнөөкөрлөр үчүн жанын берди? (Саша, 4-кл.)

–Кудай айтсаң, коомдо мен өзүмдү кандай алып жүрөм? (Алеша, 1-кл.)

–Жазында, кечинде сен асманда жылдыздарды күйгүзүп, жерге жылуу шамалды үйлөгөнүңдө айлана тыптынч, кээ кезде эмнеге менин ыйлагым келе берет? (Наташа, 2-кл.)

–Бул кандайча: баары Кудай буйругандай?! Жазга дагы, апамдын оорусуна дагы, согушка дагыбы? (Марат, 2-кл.)

–Баары, 2000-жылы акыр заман болот дешет. Андан соң эмне болот? (Максим, 3-кл.)

–Биз эмне үчүн жашайбыз? (Алла, 2-кл)

–Качан киши каза болгондо, тозокко же бейишке барышын ким чечет? (Индира. 3-кл.)

–Сен канча жаштасың, Кудай? (Валя, 2-кл.)

–Сен биздики болушту каалайт белең? (Сема, 3-кл.)

–Жердеги болгон окуялар, сага жагабы? (Андрей, 4-кл.)

–Бакчада бактарды текшилешти. Качан мен алардан сураганымда, жакшы өсүш үчүн деп түшүндүрүштү. Ошондо чачтарачка барбай койсом, анда мен өспөйм, чоңойбойм, карыбайм жана …. өлбөймбү? (Сережа,3-кл.)

–Сен жөнүндө уламыштар болгону чынбы? (Галя, 3-кл.)

–Католиктердин бир Кудайы, мусулмандардыкы – экинчиси, үчүнчүсү – иудейлердики, төртүнчүсү – лютерандардыкы, чиркөөчүлөрдүкү – бешинчиси. Ал жакта канчооңсуңар? (Игорь, 4-кл.)

–Мейли Иса эл үчүн кыйналган, а эл эмне үчүн азап чегет? (Гриша, 4-кл.)

–Кудай, азыр Иса пайгамбар каякта, эмне кылып жүрөт? (Стелла, 2-кл.)

–Качан Жерде атышканда, сен эмне, укпайсыңбы, Кудай? (Валера, 2-кл.)

–Иса сенин уулуң. А сени атасы катары сүйөбү? (Рита, 3-кл.)

–Эмнеге адамдар башында арзышат дагы, андан соң ыйлашат? (Андрей, 4-кл.)

–Макул мейли, Жерге биринчи түгөйдү сен жараттың. А үчүнчүсүн кантип жасашты? (Владик, 4-кл.)

–Эмне үчүн дүйнө мээримсиз? (Лена, 1-кл.)

–Сенде акыл барбы же сен бүтүн жандан турасыңбы? (Женя, 3-кл.)

–Биринчилерден болуп эркектер төрөп башташкан – Адам атанын кабыргасын жана Обо энени эстесең. Сага мунун эмнеси жакпай, мындай эмгекти аялдарга жүктөп салдың эле? (Зоя, 4-кл.)

–Сен Библияда, биринчи сөз болгондугун жазыпсың. Кайсы? (Руслан, 1-кл.)

–Мышык кайсы жандыктан пайда болгон? (Лена, 3-кл.)

–Сен билбейсиңби, менин ата-энем элдешишеби? (Катя, 2-кл.)

–Сага ал жакта дуруспу? (Артем, 1-кл.)

– Кандай кылсам, менин ашказаным тамаксыз көпкө жүрө албайт? (Клавдий, 4-кл.)

–Сен менин күнөөмдү кечириш үчүн, биринчи күнөө кылышым керекпи? (Петя, 1-кл.)

–Иса кайра жаралганда, биринчи эмне иш кылган? (Оля, 3-кл.)

–Эмнеге жардылар чиркөөнүн жанында кайыр сурашат, сен ким берип жатканын белгилеш үчүнбү? (Ира, 2-кл.)

–Жараткан, мага жанды өзүмдүкүн салдыңбы же ким-бирөөнүкүнбү? (Стасик, 2-кл.)

–Ошондо, мен эволюцияны туура түшүнгөн болсом; Адам ата менен Обо энени сен жараткансың, андан соң адамзаты маймылдан келип чыккан? (Сергей, 3-кл.)

–Эмнеге элдин баары Сени сүйгөнгө милдеттүү? (Игорь, 4-кл.)

–Эмнегедир бирөөгө жардам бересиң, а мага жок? (Алик, 2-кл.)

–А сенин периштелериң мектепке барышабы? (Вася, 1-кл.)

–Эмне үчүн дүйнөдө балакет бар? (Лена, 2-кл.)

–Эгем, эгер “сникерстен” ооз тийгизсе – бул сүйүүбү? (Рая, 2-кл.)

–Сенде күндү өчүрүү зарылчылыгы бар беле?(Настя, 2-кл.)

–Жерден Сен канча жаш улуусуң? (Рая 2-кл.)

–Эмнеге мени алдаган мынча жеңил? (Яша, 2-кл.)

–А аба каяктан келет? (Боря, 2-кл.)

–А бөлөк планеталарга сенин кыжырың келбейби? (Андрей, 2-кл.)

–Дүйнө эмнеге тоголок? (Олег, 2-кл.)

–Күн кандай өлөт? Карыгандабы? (Лева 3-кл.)

–Кел эркектерче сүйлөшөбүз. Сага менин Ленкам жагабы? Эгер “жок” десең эмнеге сен, мен ага дайыма суктангыдай кылдың, эгер “ооба” десең, ал мага неге кылчайбайт? (Вова, 4-кл.)

–Эгер адам баары бир өлсө, анда кишини нечүн жылдап чоңойтот? (Вася, 2-кл.)

–Кудай, негизи сен барсыңбы? (Александр, 2-кл.)

–Сен асманда кандай жашоодосуң? Сага баары жетиштүүбү? Мүмкүн, бирдемсе керектир? (Зина, 3-кл.)

–Эмнеге апанын баары кыйкырынышат? (Коля, 2-кл.)

–А мен чынында эле бармынбы? (Люба, 3-кл.)

–Апам мени урбаш үчүн, жашоодо эмне кылышым керек? (Леня, 2-кл.)

–Сен эмнеге элге көрүнгөндөн коркосуң? (Нема, 4-кл.)

–Сенде жашоо кандай: жакшы, орто, жаман же начарбы? (Алла, 4-кл.)

–Эмнеге элдер абага жыт чыгарышат жана бийиктикти булгашат? (Роберт, 3-кл.)

–Эмнеге көпчүлүк балдар экинчи класста эле мынчалык катынбаакы? (Надя, 2-кл.)

–Мына ушул жашоо аяктаса, бөлөгү башталат э? (Гарик, 3-кл.)

–Сен неге асманда жашайсың? (Толя, 2-кл.)

–Мага сен акыл жана эс бере аласыңбы? (Федя, 3-кл.)

–Эмнеге сен мындайсың – башында начар, а эртеси – мыктысың? (Оля, 2-кл.)

–Менин сүйүктүү атам каякта сен билбейсиңби? (Диана, 2-кл.)

–Сен не, абадан дагы көрүнбөйсүңбү? (Рита, 2-кл.)

–Сен кандай ойдосуң, бизде жашоо оңолобу же жокпу? (Света, 3-кл.)

–Мен эмнеге төрөлдүм? (Марик, 3-кл.)

–Кудай, өткөндө эмне болду эле? (Алик, 1-кл.)

–Канчага чыкканча чагылгандан корком? (Ося, 2-кл.)

–Жерде сүйүү качан башталган? (Катя, 4-кл.)

–Сен мага ийгилик жана үйлөмө кайык бере аласыңбы? (Арвид, 3-кл.)

–Сен билбейсиңби, дүйнөдө мындай акыйкатсыздык эмнеден улам болуп жатканын? (Ира, 4-кл.)

–Ааламдын башы жана аягы, оңу жана солу, өйдө жана төмөнү барбы? (Ваня, 1-кл.)

–Биздин заманга чейин сен кандай келечек пландагансың? (Александра, 1-кл.)

–Эмнеге мектепте стипендия төлөнбөйт? (Женя, 2-кл.)

–Сен дүйнө жүзүнө жалгыз жаралгансыңбы? (Лена, 1-кл.)

–Эмнеге мени менен эч ким достошпойт? (Антон, 4-кл.)

–А сен жарыкка кантип жаралгансың? (Алеша, 1-кл.)

–Эмнеге сен жаныбарларды өлтүргөнгө жол берип жатасың? (Аркаша, 2-кл.)

–Бул кандайча, качан эч нерсе жокто? Бир нерсе бар болчу да? (Настя, 1-кл.)

–Мүмкүн, мен сага бир нерседен жардам берермин? (Света, 2-кл.)

–Сыр катары айтчы, мени кимдир бирөө сүйөбү? (Анзор, 3-кл.)

–Эгер сен асманда жашасаң, неге күн сени куйкалап кетпейт? (Сергей, 4-кл.)

–Бизге сен каяктан көз салып турасың? (Руслан, 2-кл.)

–Эмнеге менин бардык-бардык иштерим алга жылбай жатат? (Юра, 2-кл.)

–Кудай, мен дагы канча жашайм? (Оля, 1-кл.)

–А Библияда баары чынбы? (Вика, 3-кл.)

–Аялдын жанын эркектикинен кантип айырмалайсың? Буйтусунанбы? (Вова, 3-кл.)

–Кайсынысы биринчи болгон Адам ата жана Обо энеби же динозаврларбы? (Яна, 4-кл.)

–Биз эмнеге карыйбыз? (Шурик, 3-кл.)

–Мен канча класс бүтүрөм жана келечекте кандай жашайм? (Анатолий, 4-кл.)

–Эмне үчүн мен бир нерсенин ичинен чыккым келе берет? Же сен мени сынап жатасыңбы? (Паша, 3-кл.)

–Эмне үчүн баары кымбат? (Лева, 3-кл)

–Грецияда чыныгы уламыштар болгондугу чынбы? (Владик, 3-кл.)

–Сен элде кырсык болбогудай кыла аласыңбы? (Лада, 2-кл.)

–Эгер адам айыптуу төрөлсө, анда балада кайсынысы көп: периштеси же шайтаны? (Ирина, 3-кл.)

–Ушунча жолу болбогудай, атам сага мынча эмне кылды эле? (Вита, 3-кл.)

–Мендеги жан кандай, мээримдүү же мерез? (Ольга, 3-кл.)

–Эмне үчүн сенин Жерди жараткың келген? (Андрей, 4-кл.)

–Эмнеге сен бизге көз салып турасың? (Филипп, 1-кл.)

–Сен мээримдүүсүң, бирок элдин сага жалынышы зарылбы: “муну жөнөт, тигини жаса.” (Наташа, 4-кл.)

–Билесиңби, жөндөн-жөн эле жарды болгон кандай уят экенин? (Ираклий, 4-кл.)

–А сен кантип кудуреттүү болдуң? (Ира, 1-кл.)

–Сен элдин баарын көрөсүңбү? (Валентин, 2-кл.)

–Сен мени менен сыймыктаныш үчүн, мага эмне жетишпейт? (Алеша, 4-кл.)

–Мына, эми сен экинчи ирет адамды жаратат белең? (Олег, 3-кл.)

–Мен жаман сапаттарсызмын. Мени эмне күтүп турат? (Роберт, 4-кл.)

–Сиз мага окууда жетишкендиктерди ыйгара аласызбы? (Аня, 3-кл.)

–Кудай, кел достошобуз? (Федя, 1-кл.)

–Жер үстүндө ушунча көп азап чегүүлөр, адамдар өлгөндө аянычтуу болбоскобу? (Игорь, 4-кл.)

–Эмне үчүн жерде баарын болтура бересиң? (Адик, 4-кл.)

–Адам кандай неме? (Олег, 4-кл.)

–Биздин дүйнө сага баратабы? (Саша, 3-кл.)

–Жашоом үчүн сен мага кандай бааларды коймоксуң? (Аркадий, 2-кл.)

–Эх, Кудай, эмне үчүн мен мындай жаралгам? (Алла, 3-кл.)

–Бул чагылгандын учкунун жарткан сенби? (Ася, 2-кл.)

–Кандайча сен баарын бир маалда көрөсүң? (Стас, 2-кл.)

–Ооруларды элге сен ийне үчүн бердиңби? (Ося, 2-кл.)

–Дүйнөдө баары бактылуу болуш үчүн, мен кандай жашашым керек? (Лиза, 2-кл)

–А эгер адамдар сени сүйбөй, коркушсачы? (Руслан, 2-кл.)

–Көлөкөлөр каякка кетишет? (Тоня, 3-кл.)

–Бул дүйнөнү эмнеге жараттың, же эмне ушундай башаламандык болорун билбедиңби? (Марина, 4-кл.)

–Сени элге мындай мамиле кылганга ким көндүрдү? (Таня, 3-кл.)

–Кудай, качан менин апам жакшы тамак ичип, сакайып калат? Жана апамдын апасы, атамдын атасын качан каргабай калат, а атамдын апасы бизге өлүм тилегенин качан токтотот? (Коля, 4-кл.)

–Жашоо эмне үчүн керек, а эгер чын керек болсо, адамдар эмнеге өлүшөт? (Костя, 2-кл.)

–Жер планетасына мен эмнеге керекмин? (Олег, 2-кл.)

–Менин атам эми кандай жашоодо? (……)

–А бөлөк планеталыктарда дагы акыр заман болобу? (Лева, 2-кл.)

–Качандыр бир мезгилде мен булутта басамбы? (Лена, 2-кл.)

–Качан мага акыл кирет? (Боря, 3-кл.)

–Эмне үчүн биздин жарааттар карттанат, а сеники жок? (Денис, 4-кл.)

–Жашоодо эң-эң акыркы сан кайсы? (Света, 4-кл.)

–Окуу – бул жакшыбы, жаманбы же орточобу? (Валя, 3-кл.)

–Сен кандай ойлойсуң, мен жакшы баламынбы? (Гоша, 2-кл.)

–Кайгы-муң канча сом турат ошондо? (Саша, 2-кл.)

–Эгер Адам ата менен Обо эне сенин буйругуңду бузбаганда, Жер үстүндө эмне болмок? (Валентин, 4-кл.)

–Ар кайсы китепте сени ар кандай сүрөттөшөт. Сенин сүрөтүңдү кайдан тапса болот? Атам заманкысы деле болсо? (Рая, 3-кл.)

–Эмне үчүн адамдар таш боордукту өздөштүрүп жатышат? (Саша, 2-кл.)

–Сага чейин кантип ыйыктансак болот? (Юра, 2-кл.)

–А мынабу дөө, жез кемпир, үй ээси, перилер – бул сенин дүйнөңдөнбү же адамдыкынанбы? (Аня, 3-кл.)

–Биздин жашоодо эмнебиз сага жакпайт? (Славик, 2-кл.)

–Мүмкүн, сизге ал жакта муңдуу? (Софа, 1-кл.)

–Сага менин чоң атам жагабы? (Элла, 2-кл.)

–Мен эмне үчүн мынча начар окуйм? Мүмкүн, мугалимдер күнөөлүү? (Гена, 3-кл.)

–Ысыкты сугарыш үчүн, жаанды сен жөнөттүңбү? (Рая, 4-кл.)

–Эмнеге мурда жаныбарлар сүйлөшкөн, а азыр сүйлөй алышпайт? Эстесең, жада калса жылан Обо эне менен баарлашкан. (Ева, 3-кл.)

–Эмнеге сен адамды Жерде башчы кылып койдуң? (Олег, 4-кл.)

–Эгер элдин баары бейишке барышса, ал жакта орун жетеби? (Андрей, 3-кл.)

–Бирөөнүн жанынын ичи белгисиз? Сен үчүн дагыбы? (Яша, 2-кл.)

–Тозокто жана бейиште эмне бар? (Саша, 1-кл.)

–Сен билбейсиңби, качан мен чоңойгондо, мен жакшы кыз боломбу же жокпу? (Катя, 3-кл.)

–Кенчтер кайда көмүлгөн? (Марина, 3-кл.)

–Эмне үчүн, бирөөнү капалантканда, маанай бузулат, а качан бирөөнү кечиргенде, сүйүнөсүң? (Алла, 3-кл.)

–Сага кандай балаа угуза кыйкыра алат? (Наташа, 2-кл.)

–Сага чейин адамдар маймыл болгон деген, чынбы? (Сергей, 4-кл.)

–Адам эмне үчүн керек? (Алик, 3-кл.)

–Эмнеге сен жерге кыяматтарды жөнөтөсүң? (Иван, 2-кл.)

–Сен качандыр бир күлөсүңбү? Ыйлайсыңбы? (Ольга, 3-кл.)

–Жарыктыкта мен киммин? (Боря, 1-кл.)

–Жерде кайсынысы көп – жамандык же жакшылык? (Галя, 2-кл.)

–А каапырлар сенден бир нерсе сурашабы? (Ояр, 3-кл.)

–Өлгөндөрдүн жанын сен каяка жайгаштырасың жана аларды кантип айырмалайсың? (Алик, 4-кл.)

–А биз сенин оюнчугуң эмеспизби? (Саша, 2-кл.)

–Эмне үчүн адам жумурткадан чыкпайт? (Тима, 2-кл.)

–Эмне үчүн адамдар жөн эле өлүшөт? (Надя, 3-кл.)

–Ошондо ким адамды жараткан: эмгек же сен? (Рафик, 3-кл.)

–Эмне үчүн сен адамдарды кечиресиң, а мугалимди – жок? (Костя, 2-кл.)

–Биз эмне үчүн карыйбыз? (Илья, 3-кл.)

–Жараткан Таала, эмне үчүн сен көп адамдарга атадайсың? (Витя, 2-кл.)

–Эмнеге элдин көбүнүн жүзү мынча нурсуз? (Арина, 3-кл.)

–Эгер мен тозокко түшсөм, сен мени ал жакта шылдыңдагандарын көрөсүңбү? (Глеб, 3-кл.)

–Мен жашоомду канчалык жакшы аяктайм? (Никита, 2-кл.)

–Ким сенин элдерге ушундай мамиле кылышыңа себепкер? (Настя, 4-кл.)

–Сен жакта коозбу же жокпу? (Сережа, 2-кл.)

–Силерде акчаны кантип өндүрүшөт? (Коля, 2-кл.)

–Сен бактылуусуңбу? (Эвелина, 1-кл.)

–Убакыт – бул эмне? (Нина, 3-кл.)

–Сага кандай татымдар жагат? (Нонна, 2-кл.)

–Жандар кайсы тилде сүйлөшөт? (Рая, 4-кл.)

–Эмне үчүн сен берген жашоону, каалаганы ала алат? (Роман, 3-кл.)

–Мен жокто эле, пайда болорумду билдиң беле? (Леня, 4-кл.)

–А төрөлбөй койсо болобу? (Света, 2-кл.)

–Жаныбарлардын биз менен кошо бейишке түшүшү үчүн эмне кылыш керек? (Эгон, 3-кл.)

–Эгер менин бир жерим ооруса, сенин мага капаланганыңбы? (Гога, 4-кл.)

–Эмне үчүн атам жумуштан келгенде, үйгө дароо күүгүм түшөт? (Артем, 3-кл.)

–Эмне үчүн мен бардык балдардан корком? (Алина, 1-кл.)

–Адамды сен өзүңө окшош жараттың, а бөлөк планеталыктардычы? (Зоя, 4-кл.)

–Эмне үчүн ай быдыр? (Оксана, 3-кл.)

–Сенин башыңдан мындай өткөн эмеспи: ким бирөө сага жагат, бирок ал сен тарапты карабайт? (Оля, 3-кл.)

–Эмне үчүн, качан ашыкканда, баары жагат, жада калса куурулган жумуртка? (Степа, 2-кл.)

–Сүйүүдөн канча ирет жаңылам? Үч болду. (Юра, 2-кл.)

–Элди маданияттуураак кылса болобу, болбосо алар менен баарлашуу оорлошууда. (Сергей, 3-кл.)

–Сенин унааң кайсы маркада? Кудуреттүүбү? (Кузя, 4-кл.)

–Мүрзөдө өскөн жер жемиштер зыянсызбы? (Улдис, 2-кл.)

–Атак-даңк сага жашаганга жолтоо болгон жокпу? (Вася, 3-кл.)

–Эмне үчүн сен боорукер адамдарды жазалайсың? (Федор, 4-кл.)

–Эмнеге мен чырайсыз төрөлгөм? (Катя, 4-кл.)

–Эгер адам уктап жатып күлсө, периштелер менен ойноп жатканыбы? (Ася, 3-кл.)

–Дайыма калыс болгондон тажабадыңбы? (Армен, 2-кл.)

–Ишенгендердин арасында ишенгендери канча? (Зоя, 4-кл.)

–Эмнем үчүн сен тетири карап алдың? (Аня, 3-кл.)

–Апам уктап жатып ыйлагандыгымды айтты. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыбыз сенин эсиңде жокпу? (Игорь, 3-кл.)

–Сүйүүнү адамдарга кыйналыш үчүн бердиңби? (Ася, 2-кл.)

–Сен үчүн маркумдардын жогу чынбы? (Лада, 3-кл.)

–Эмнеге сен розаны тикенектүү жараттың? Мүмкүн кооздун баары тикенектүү? (Зина, 3-кл.)

–Эмне үчүн сен дүйнөнү, апам колготкисин айрып алса эле ыйлай бергидей жараттың? (Вита, 2-кл.)

–Качан мен жок болгондо, мен өзүмдү көрүп турамбы? (Толик, 2-кл.)

–Уйкулар каякта укташат? (Алик, 2-кл.)

–Эмнеге таң атканда асмандан жылдыздарды жууп саласың? (Оля, 4-кл.)

–Бакыт бардык адамдарга буйруган эмеспи? (Аркадий, 3-кл.)

–Бөлөк жашоодон бул жашоого эмнеге келебиз? (Руслан, 2-кл.)

–Айды адамдар сүйүшүү үчүн сен жасадыңбы? (Алла, 2-кл.)

–Эмне үчүн сага ишенүү шаар ичиндегиге караганда, жаратылыш койнунда оңоюраак? (Андрей, 3-кл.)

–Кечээ гезит өлгөндүгү тууралуу окудум, анын жанын каяка жөнөттүң? (Саша, 4-кл.)

–Бизге зарылчылыктарды эмнеге ойлоп таба бересиң? (Галя, 3-кл.)

–Бейишке барыш үчүн жерде канча эрдик кылыш керек? (Гриша, 4-кл.)

–Ыйламсырап сенден бир нерсе өндүрсө болобу? (Сема, 4-кл.)

–Кантип эс тутум боло алам? (Миша, 4-кл.)

–Аба ырайынын жараяны сенби? (Нонна, 2-кл.)

–Мен сени өтө уят кылып жатамбы? (Вова, 4-кл.)

–Кээде сенин түшүңө кирип турганга уруксатпы? (Валера, 3-кл.)

–Балачак бүткүл өмүрүбүзгө жетиши мүмкүнбү? (Марк, 1-кл.)

–Сен кандай келбетте жашайсың? (Эрик, 4-кл.)

Которгон: Улан Дөөлөтов