Машайык Эргешов: “Атамды баладай таза бойдон кетти дешти…”

Өмүр бизден өтүп кетсе…

Машайык Эргешов: “Атамды баладай таза бойдон кетти дешти…”

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата Журтум,

Ыр жазган дептериме тамчылаган.

Туяктан жүрөк каны агып жаткан,

Күлүккө окшоп кетем кансыраган – деген оттуу саптарды жазып, кыргыз адабиятынын асманында башкаларга окшобогон алоо саптары менен түбөлүктүү ордун тапкан акын Тургунбай Эргешовду кимдер билбейт. Кырчындай болгон 35 жаш курагында бул жарыкчылык менен кош айтышып, тирүүсүндө бир да китеби жарык көрбөстөн арманы ичинде кете берди. Бирок талант дегениң дат баспаган алтын сыяктуу. Акындын мурасын эл ичинен жыйнаган тун уулу Машайык “Булбулдардын тукуму аз” деген ат менен акындын китебин чыгарса, кенже уулу Ураанбек “Сүйүнчү” деген ат менен атасынын ырларын топтоп жыйнак кылып чыгарды. Мына ошол Машайык уулунун эскерүүлөрүн сиздерге тартуулайбыз:

Атамды бала чагымда аз көрдүм…

Эс тарткандан чоң атамдын колунда өстүм. Апам менен ажырашканда атам мени талаша бергенинен таятам: “кой, баланы бербесең мунуң кетпейт” дегенде аргасыздан атама беришкен экен. Апам Ибадат орус тили жана адабияты сабагынан берген мугалим эле. Кара-Суудагы Токтогул орто мектебинде иштеп жүрүп Алайкууга турмушка чыгып кеткен. Ал турмушунан эки кызы бар. Атам менен ажырашкандарынын себеби, кызганычтын айынан болгон деп уккамын. Абаларыбыз жарашасың деп бир жагына балтаны, бир жагына бычакты коюшканда Тургунбай атам муну менен жарашканча башымды балта кескени артык деп туруп кеткен дешет. Кызык жери, атамдын тагдырын мен да кайталадым. Эжем (апам) менен Кызгалдактын (карындашым) жаш айырмасы менин кызым менен уулумдун жаш айырмасы менен бирдей. Атам инисин, мени ээрчитип барып 2-классымда кайра апам менен тааныштырган. Ошондо апам бой жүргөн кези экен, иниси: жеңемдин башы бош экен, кайра жарашып албайсызбы дегенде атам: “Иним, жеңеңдин жүрөгүн бир ооруткам, эми кайра ооруткум келбейт, себеби менин жашоом аз эле калды” деген экен. Куршабда үйүбүз бар болчу, ага чоң атам экөөбүз көп келер элек, атам да бизге келип турчу. Советте (Кара-Кулжа) чоң атамдын көзү өткөнчө жашадым, атам ошол жылдар ичинде үйгө көп болсо 3-4 жолу гана барганы эсимде.

Оору тагдыр

Турмуштун ысык-суугунан ооруган болуш керек. Өмүрүнүн акыркы жылдарында туугандардын үйүндө жашап жүрдү. Өзгөндө ооруканада жатканда акыркы жолу жолугуп сүйлөшүп калдым. “Агымен, – деди ошондо атам мени алып барган инисине. – Машайыкты дагы бир жолу алып келесиңби?” Бирок кайра бара албадым, бат эле сөөгү келип калды. Мен ошондо 4-класста окучумун. Атамдын сөөгү өзүнүн туулган жерине коюлду. Айылдагы мүрзөнүн баш жагына жаш баланын сөөгү коюлган экен, бул да ошол баладай мүнөзү таза бойдон кетти дешип элдин каалоосу менен ошол атамды баланын жанына коюшту. Кыяз, Садык деген айылдык достору бар эле. Көп жылдар бою ооруп жүрдү, өпкөсүнүн жарымын алдырып чыккандан кийин, оорусу катуулай баштаган болуш керек. Мен 3-класста окуп жүргөндө атам дарыланып, өңүнө чыгып, жакшынакай болуп калган экен, ошондо үйгө көңүлү ачык, жаркылдап келип кеткени эсимде… Атам принцибинен тайбаган, бир сөз киши болчу. Анан боорукердиги бар эле. Чоң эжесиникине кетип баратсак, жолдо кумурскалар жүрүптүр, мен аларды тебелемекчи болуп баратсам, атам: “Машайык, бери бас, булардын да жашоосу бар, экинчи тебелебей жүр”, – деди. Ырларын жатка айтчу.

Кийинки үйлөнүшү

Атам экинчи жубайы Сурмаканды ээрчитип келгенде каршы болгон жокмун, себеби өз апамды деле элес-булас билчүмүн. Сурмакан апамдын деле кыял-жоругун билгидей болгон жокмун, анткени алар бир жарым жылдай эле чогуу жашашты. Ураанбек атамдын экинчи турмушунан тапкан уулу, менин иним. Ураанбекти Ошко издеп барсам, үйүндө тагасы бар экен, азыр келет, күтө тур деди. Ошентип, иниме жолуктум. Атамдын мүнөзү момун, оозунан жаман сөз чыкпаган адам болгон деп айтышат. Абаларым Тургунбайга деп атайын капкан коюшчу, бир жолу барсак, түлкү түшүп калыптыр. Атам түлкүнү коё бер дейт, абам коё бергиси келбейт, акыры атам жеңип, түлкүнү коё берүүгө аргасыз болдук. Айылга барганда айыл адамдарына ыр окуп берчү, бирок кандай үн менен, кандай окуганы эсимде жок. Чоң энеси 104кө чыгып каза болду, 107ге чыкты деп жерге беришти. Чоң энем айылдагы жаш балдардын кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөндөрүнөн бери жатка билчү, эске тутуусу абдан күчтүү болгон. Ооруган элдин баары чоң энеме келишчү. Айылга сый-урматы чоң болгон. Мен чоң атамдын көкүрөгүн жыттап чоңойдум. Өз атамды Тургунбай аке деп эле жүрчүмүн. Атам балам десе, мен атам сен эмес, тиги чоң атамды ата дейм деп урушчумун. Чоң атам менен чоң апам бир жылда удаа кетип калышты.

Китеп базарда да жүргөмүн

Бой тартып, атамдын ырларын топтоп жүрдүм. Кол жазмасындагы мага арнаган ырын окуп отуруп кой, мен ушуну чыгарайын деп белсендим. “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген алгачкы китебиндеги ырлары мурда эле басмага даярдалып жүргөн. Ошентип китебин чыгардык. Бир сапар ооруканада жатсам, мынабу палатага жатасыз дешти, карасам жанымдагы керебеттин тумбасында атамдын китеби жатыптыр. Ал керебетте жаткан Курманалы Сарысейитов деген акын экен, китепти колума алып, “бул кайсы акын болду экен” десем, “ой, бул китептеги ырларды өзүм топтогом” дейт. Сен кимиси болосуң дегенде уулу болом десем чочуп кетип, ой баласы жок дебеди беле деп ыңгайсызданып калды. 94-жылдар болуш керек, Курманалыны цирктин жанынан жолуктуруп калдым. Жакында Ошко барып келейин, анан бүтүрчү иштер бар деди, бирок аны да акыркы жолу көрүшүм экен. “Булбулдардын тукуму аз” деген китебин, кол жазмаларды топтоп алып басмакана издедим. Ошентип андагы “Бийиктик”, азыркы “Улуу Тоолор” басмаканасынын ээси Жумадин Кадыровго туш келдим. Кандай китеп дегенинен ырлар, поэзия десем, азыр ыр китеп өтүшү кыйын деди, мен да көшөрүп кандай болбосун, чыгарышым керек дедим. Кайсы акын дегенде Тургунбай Эргешовдун ырлары десем, анда кайра отуруңуз деди. Бир кызга барып, дароо ырларды тердире берүүмдү айтты. Бул 2002-жыл эле. Ошону менен 3 жыл китеп менен иштедим. Базарлардын баарына үстөлдөрдү койдуруп алып (Жаныбек Эсеналиев, Мирлан Самыйкожолор) китеп сатмай болдук. Өзүм Ош базарда милиция болуп иштегем да, сатыштан уялам, китеп сатарга келгенде баарыбыз качып кетебиз, Жаныбек уялбайт, ал калат. Анда окурмандар атагы чыккан жазуучулардын белгилүү чыгармаларын, анан жеңил чыгармаларды көбүрөөк окушчу. Мисалы, Зуура Сооронбаеванын чыгармаларын кайрадан бүт Жумадинге айттырып чыгардык. Күлчоро Аскаровдун “Эки жүрөк, бир сүйүү” китебин бир жигит келип сураганынан баасы 500 деп тамашалап койсок (анда бул чоң акча), унчукпай төлөп алып кетип калды.

Атың ким десе, Чыңгыз деймин

Атамдын “Сүйүнчү” ырлар жыйнагы жарык көрүп атканда Ураанбек Москвада жүргөн, мага чалып, ушундай, атамдын жаңы китебин чыгарып атабыз, “Булбулдардын тукуму аз” деген китебиндеги ырларынан да кошолу деп калды. Мен макул болдум. Жалпак-Таштык Мамат деген кишиге тааныштарым аркылуу чыгып, сизде атамдын ыр дептери бар экен, бересизби дегенде ал киши чындап эле уулу болсоң берейин деди. Ураанга дайындап, өзүм Москвага кеттим. Өкүнүчтүүсү, атамдын ал дептерин тиги-буга шылтоолоп, эмдигиче бере элек. Азыр Оштон атамдын дагы бир ыр дептеринин дайыны чыгып атат. Атамдын кол жазмаларынын баары Ураанбекте турат. Ага баарын өткөрүп бергемин. Улуу уулу болсом да, атамдын мурасына ээ чыккым келбейт. Өзгөндүн Мырза-Акесинин Адыр айылына атамдын ысымы берилди. Ата даңкынын аркасы менен акын-жазуучулардын көбү менен тааныштым. Чыңгыз Айтматовго коңгуроо кылып сизге жолугайын дедим эле десем, уулум, мен эртең Жогорку Кеңеште боломун, ошол жактан жолугалы деди. Ал жерден кезигиштик, ал киши күлүп, ээ балам, сен төрөлгөндө көп эле шарап ичкенбиз деди. Төрөлгөндө чачым агыраак болуп турганынан, Байдылда акынга айтышса, аа, машайык туулган турбайбы деген экен. Ошондон улам атым да Машайык коюлуп калган го… Машайык десем күлө беришчү да, анан мен атың ким десе Чыңгыз деп койчумун.

Тагдырым атама окшоп кетет

Айылында өткөн акынды эскерүү кечесинде окуучулар атамдын өмүр жолун абдан элестүү кылып аткарып беришти. Ыраазы болуп, ар биринин колуна 500 сомдон карматтым. Бир гана өкүнгөн жерим, атам үйгө бир келгенде колунда орустун чоң кара чемоданы толтура ырлары бар эле. Керектүүсүн чемоданына салып алып, бир чоң таңгак кагаздарды булардын кереги жок деп там башына чыгарып койгону эсимде… Ошол чыгарып койгон кагаздары да, кара чемодандагы кол жазмасы да жоголуп кеткенине ичим ачышат… Азыркы турмушумдан 2 уул, 1 кызым бар. Аялым жаш кезде арзып сүйгөн кызым эле, аны ала качып кетишкен, мен да башкага үйлөнүп алгамын. Анан ал беш жыл жашап ажырашып, мен да турмушумдан ажырап экөөбүз кайра табышып калдык. Атамдын тагдырына тагдырым окшош дегеним ошондон улам…

 

Назгүл Осмонова