Маржан Ершу: Өлөң – деген ажайып аалам

Маржан ЕРШУ: «Өлөң –  деген ажайып аалам»

«Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында 4-март күнү казак  акыны Маржан Ершунун «Жүрөгүм» аттуу ырлар жыйнагы акын, котормочу Алтынай Темированын котормосунда кыргыз окурмандарына тартууланды. Эки элдин чыгармачылык байланышына көпүрө болгон чыгармачылык кече бүткөн соң автор менен маектешүүгө үлгүрдүк. «Ушул китептен менин тагдырым, махабатым, мүнөзүм менен тааныша аласыздар» деп кубанычын тең бөлүшкөн акын абдан жакшы маек куруп берди. Эмесе, маекти толугу менен назарыңыздарга сунуштайбыз.

Маржан эже, кыргыз элине кош келдиңиз! Ырларыңыз кыргыз тилине которулуп, окурмандарга жол тартып отурат. Колубузда “Жүрөгүм” жаңы китеби. Китепти колуңузга алганда кандай сезимде болдуңуз?

Ар бир калемгер басмадан чыккан китебин көргөн кезде кубанат. Кубанганым ырас. Которгон акын А.Темированын эмгеги зор. Алтынай ырларымды эң жакшы которгон. Мага жакты.

– «Сизге, ырларыңды которуп, китеп чыгарабыз, бирок бир гана шарт менен. Тек, сезим, махабат тууралуу ырлар болсун, себеби азыркы окурмандын лирикага кызыгуусу басымдуу» деген пикир айтылган экен КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан. Бул китепте ал шарт аткарылбаган сыяктуу.

– Ойлосом менде махабат тууралуу ырлар аз экен. Шартты орундап китебимди чыгаруу үчүн жалган ырларды жаратышым керек беле?! Мындай болбойт го. Бул китепке мурда жазылган лирикалык ырларым кирди. Менин тематикам табигат менен тарыхый инсандар да.

-«Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында китебиңиздин бет ачары болуп өттү. Кыргыз окурмандары кандай кабылдады?

– Жакшы кабылдаган сыяктуу. Өзгөчө «Жүрөгүм» деп аталган китептин аты жакшы экен деп атышат. Бул аталышты өзүм койдум. Себеби бул ырымдын аталышы. Казактын даңктуу баатыры Бауыржан Момуш уулу «Журттун баарына акыл берилгени менен, жүрөк баарына бирдей берилбеген» деп айткан. Улуу Абай атабыз да адамдын бар асылы жүрөгүндө деп айтат. Акындар жүрөгү менен ырдайт. Өлөң деген – ажайып аалам эмеспи?! Жүрөктөн чыкса жүрөккө жетет. Сиздер да мукабаны катырыпсыздар. Толгон жүрөк. Мага муну котормочу А.Темирова «Сенин жүрөгүң китептин ичинде, мукабада окурмандын жүрөгү»  деп түшүндүрдү.

Кыргыздын тарыхый инсандары тууралуу жазуу планыңызда жокпу?

«Манас» жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти Т.Тургуналиев китебимдин бет ачарында сүйлөгөн сөзүндө: Сенин жүрөгүң от экен, рухтуу ырларды жазат экенсиң. Махамбет, Абай, Бауыржан, Алия баатыр кыз ж.б. тууралуу ырларыңда рух бар экен, от бар экен. Сага тапшырма берем. Манас менен Ч.Айтматов тууралуу ыр жаз, бул бизге керек деди. Бул жоопкерчиликтүү чоң тапшырма. Чынында Ч.Айтматов тууралуу жазгым келчү. Эми ойлоно турган болдум.

-Азыр эмне жазып жүрөсүз?

Атактуу түрк таануучу, мажар аалымы Коңур Мандоки тууралуу китеп жазып жатам. Анын өмүр баяны тууралуу көркөм адабий китеп.

– Кыргыз окурмандарына кандай тилек айтасыз?

-Жакшылык гана тилеймин. Казак-кыргыз адабиятчыларынын арасындагы байланыш – Жамбыл менен Токтогул, Мухтар менен Чыңгыз салып кеткен жол, алтын көпүрө.

«Башыңда сенин ак калпак,

Кыюулап четин шыргызган.

Менин да бетим жап-жалпак,

Айырмам кайсы кыргыздан?!» деп ырдаган казактын белгилүү акыны Абдылда Тажибаев. Соңку убакытта эки элдин жаш акындары жакшы байланыш орнотуп келет. Казакстандык акындар Бауыржан Карагыз уулу, Саят Камшыгер, Муратхан Шокандын китептери кыргыз тилинде чыкты. Кыргыздын жаш акындарынын ырлары биздин элде китеп болуп чыгууда. Ушул байланыш дагы да жалгашып атат. Менин китебимдин бет ачарынан кийин акындар Мая Осмонкулова менен Гүлзада Ниеткалиева тандем түздү.

Маегиңизге рахмат!

Маектешкен: Нурбек Маамытбаев

аdabiyat.kg

 

ЖҮРӨГҮМ

Бир үзүм эт сезилген,

Кызыл от жүрөгүм.

Тагдырым сенде деймин,

Махабат, чебим,

Аруу тилегим

Акын жүрөгүм,

Өмүр сүрөрүм –

Өзүңсүң бийим, ээм!

Тоңомбу, күйөмбү?

Талса да билегим,

Токтобо жүрөгүм.

Акын жүрөк менен

Өмүр сүрөмүн.

 

Жаңылдым-жаздым,

Кимдерге ишенбей,

Кимдерге чыдадым?

Тирилик дегендин

Токтобос сынагы,

Өзүңдү тыңдасын

Көзүм, кулагым.

 

О, тырнактай жүрөгүм!

Ыйыгым!

Ыр болуп төгүлүп,

Ыр болуп өрүлүп,

Кыйналган сааттарда

Мени сүйөсүң!..

Жүрөгүм – өңүм, демим…