Маркабай Ааматов: Арылса экен азап, шордон аз улут, Ажал коштоп ээрчип алган ылаңдан?!.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган таажывирус илдети бизди дагы кыйла түйшөлтүүдө. Сыркоологондор күн санап көбөйүп, илдеттин кесепетинен кээ бир жарандарыбыздан айрылып, аза күтүп жатабыз. Таажывирустун курмандыгы болгон замандаштарыбыз ылайым акыркылары болуп, элибиз тынч-аман жашоо кечирген күн келсе экен. Мындай кырдаалда биримдиктүү бололу, кайраттуу бололу урматтуу мекендештер. Эч ким, эч качан оорубасын! Элибизде, жерибизде тынчтык болсун! КРУЖС Башкармалыгы.

Жашоо кумары

Ажарланган өзгөчө бир ыраңдан,
Агып түштү күн шооласы кыраңдан,
Арылса экен азап, шордон аз улут,
Ажал коштоп ээрчип алган ылаңдан?!.

Жашоо сага кумарланам тосуп таң,
Мөл булакта суу шорголоп кочуштан,
“Э-ге-ге-гей, мен барм-ы-ы-н!” – деп кыйкырып,
Кечиргиле, табийгатты чочутсам?!.

“Мен барм-ы-ы-н!” – деп жаңырыктайт аскалар,
“Мен барм-ы-ы-н!” – деп айыкса экен, башкалар,
Тосуп алат:”Оңол, тур!”- деп тезирээк,
Токтолбостон тоого, сууга, ташка бар!..

Келем аста-а чыйыр жолдо кыбырап,
Таазим эткен гүлдөр ана, кызыл, ак.
Көрсө, чындап бакыт тура билгенге,
Көлөкөң да ээрчип жүрсө тыңыраак!..

Бу дүнүйөң жалгандыгын ырастап,
Кете берүү оңой тура, бир аттап,
Багынбайлы, басынбайлы ажалга,
О, тирүүлүк, бардыгыңа ырахмат!!!
Ырахмат!!!

Ысык-Ата, 14.07.2020, таңкы 06.35

О, келгиле, өмүр ырын ырдайбыз!..

Мен тагдырда талангамын көп иттен,
Да ирет таландым-оо, “Ковидден!”
Өмүр сенин нур шоолаңа жабыштым,
Өлүмдүн да босогосун көрүп мен!..

Көлөкөдөй ара-а-ң басып, турушум,
Көп экен-оо, аткара элек жумушум,
Балким далай ылайланган сезимим,
Балким керек арууланып тунушум?!.

Карт тарыхта калган аты жазылып,
Эмне болот, эмне боло-о-т аз улут?!.
Өйдө болгун, бул илдеттен эл-журтум,
Өйдө болдум, эки өпкөмөн кагынып!..

Ак-караны талдап бүгүн ылгайбыз,
Бабалардай сыналсак да, сынбайбыз,
Урпактарды улуу жолго багыттап,
О, келгиле, өмүр ырын ырдайбыз,
О, келгиле, өмүр ырын ырдайбыз!!!

Ысык-Ата, 12.07.2020, саат 22.15

Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов

 

Бир акындан кайрылуу…

Адатыңча жүрө бербе айылчылап,

Үйдө болгун, үйгө эртерээк кайтчу убак.

Жатат кара, кайдыгердин канчасын,

Таажы Тумоо тагдырларын кайчылап…

 

Беш тыйының жок болсо да базарлап,

Адат-салт деп, той-топурлап, ашарлап,

Жүргөнүңдү токтоткун да, Тообо де!

Оорукана толду, адамдар начарлап…

 

Бар бол! Бар бол! – аппак жүздүү мед.айым!

Сен да аман бол, ак халатчан агайым!

Так-Таажыны силер кийчү кез келди,

“Таажычанын” жөнөткөн соң Кудайым.

 

…Кыргыз туруп келатканда бутуна,

“Таажы Тумоо” кутурду го, утуру а.

Сак бололу! “Сактанганды сактайм” дейт,

Доо кетпесин журтубуздун Кутуна!…

 

Биз айылда, бизден тумоо чет дээрсиң,

Акыл айткан көбөйдү деп жектээрсиң.

Бир жакындан айырылганың эстесең,

Бир акындын кайрылганын эстээрсиң…

07.07.2020. Чангет.

Манас Алымбаев

 

Таажывирус

Адамзатка бүлүк салып тек жаткан,
Айтчы деги кайдан келдиң бетпак жан?
Таажы атыңды тааныгым да келбейт эч,
Тайрактабай такыр эле, кет тактан.

Алдастатып ал бир замат бүттүгүн,
Айттырбаган апаат күндү күттү ким?..
Учуратып убайымга, кайгыга,
Ушул беле сенин кылар иттигиң?..

Бүтүн дүйнөм боштук болду курчаган,
Бүгүн дагы көз жумду дейт…мынча жан…
Карааныңдан кагылайын тирүүлүк,
Кандай бакыт калкың болсо тынч- аман.

Кайдан келдиң? Катып калгыр кыямат,
Кайрып артка сени кимдер тыя алат.
Эгем өзү жиберди бейм? А балким,
Эсиргендер чыгарсын деп тыянак…

Табияттын кый-сыпырын учуруп,
Талап-тоноп, напси, пейил бузулуп.
Жаратылыш мыйзамынан чыкканда,
Жатат балким Жер-Эненин тузу уруп?..

Бабалардын баскан изин талкалап,
Байлык издеп тоо-токоюн балталап.
Кабат-кабат салып жаткан Хансарай,
Каран күндө калбайт тура калкалап.

Закону жок баарына тең иштеген,
Заманда бул бай, кедей деп жиктеген.
Алааматты кирип келген капыстан,
Адаштыра албайт тура “ЖИП” менен.

Анда неге, ачкөздөнүп, жутунуп,
Анда неге эрегишип, тытынып.
Кубалайбыз куу дүйнөнүн артынан,
Кудай жолун жүрсөк дагы тутунуп…

Анда неге, акылыбыз бар туруп,
Акча десе ачкенедей тартылып.
Алкыбызды дагы деле тыйбайбыз?
Акыретке кетер сымак артынып.

Наалат дартка бирдей экен ак-кара,
Наадандарга дейт элем го “аш сага”
Кесир кылса кай бирөөлөр, кашайып,
Кесепети тиет экен башкага.

Байлык ошол соо жүргөнүң саламат,
Бар болгону жашасак дейм адал-ак,
Чылк алтындан коргон куруп алсак да,
Чымчыктай жан “чыйп” эткен бир аманат.

2020.07.07.

Шабдан Сулайманов