Мар Байжиев: Төрт адам

Тѳрт адам

(Драмалык аңгеме)

Бул окуяга тѳрт адам катышат.

Бири мен. Менин атым Нази. Жашым 22де. Мен аялмын.

Азиз.

Искендер.

Жапжаш медсестра.

Биринчи бѳлүк

Бул окуя жайдын акыркы күндѳрүндѳ, асманды боз чаңгыл булут каптап, суунун бети сууй баштаганда Ысык-Кѳлдүн боюнда болуп ѳттү. Мындай кезде тоонун кары уламдан-улам ылдыйлап, бийиктен соккон муздак жел кѳлдү шарпып, асманда жайдын эң акыркы чагылганы чартылдайт, күн күркүрѳйт. Кѳлдүн жээги ээнсиреп, келген куштардын карааны да сээлдейт. Күүгүм. Асман түнѳрүп, толкун шарпылдайт. Кѳл үстүнѳн каалгый учкан каркыралардын карааны да уламдан-улам алыстайт. Мен жээкте турам. Шамал чачымды уйпалап, этек-жеңимди тарткылайт.

М е н. Э-ге-ге гээй! Каркыралар! Кайда шашасыңар! Мени ала кеткиле! – деп алыска-алыска кыйкырдым.

К ѳ л т а р а п т а н. Оой-оой! – деген үн угулгансыды.

М е н. О-оо-го-гоой! – деп кыйкырдым.

К ѳ л т а р а п т а н. О-оо-о-й! – деген үн дагы угулду. Жок, бул жаңырык эмес – адамдын үнү. Анан кѳлдѳн кайыкчан адамдын карааны кѳрүндү.

М е н. Бери кел! Мен мында-амын! – деп кыйкырганда, кайык мени карай жылды. Бир аздан соң отуздар чамасындагы жигит жээкке келип, кайыктан түштү…

А з и з. Сиз жардамга чакырдыңызбы?

М е н. Жок.

А з и з. Кыйкырган сиз белеңиз?

М е н. Мен болчумун…

А з и з. Демек, жардамга чакырганыңыз ырас экен да!

М е н. Жок. Мен жѳн эле, мынабу какыралар менен үн алышып жаттым.

А з и з. А-а, кокуй күн. Мен шордуу кыйкырганыңызды угуп жардамга шаштым. Деңиздин закону ушундай эмеспи.

М е н. Мен сизге жардам керек экен дегем.

А з и з. Анча болбогондо, сүзүп келет белеңиз?

М е н. Сүзгѳндү билбейм.

А з и з. Анда чѳккѳн кишиге кантип жардам берет элеңиз?

М е н. Алымдын келишинче кыйкыра бермекмин, анан чѳккѳнү бараткан киши эптеп-септеп жээкке чыкмак. Кѳлдѳ жүргѳн жалгыз адам корккондугунан чѳгүп кетиши мүмкүн…

А з и з. Бирѳѳнү күтүп турсаңыз керек?

М е н. Ооба.

А з и з. Кѳлдѳ жүрѳбү?

М е н. Балык уулаганга кеткен, эмдигиче жок.

А з и з. Келип калар. Күндүн сууктугу болбосо, толкун деле анча эмес.

М е н. Үшүдүңүзбү?

А з и з. Жок.

М е н. Үшүбѳсѳңүз эриндериңиз неге калтырайт?

А з и з. Жѳн эле. Сизге окшогон селкилерди кѳргѳндѳ, ѳзүнѳн-ѳзү калтырай берет.

М е н. Сиздин эрдиңиз башкача жаралган го!

А з и з. Чын эле дагы кызыгы бар: тий, тий десе тийбейт, тийбе десе тиет.

М е н. Тобо! Ушундай да куудул киши болот экен, ээ!

А з и з. Болгону ушу да. Бирок чын эле үшүп кеттим. Кѳкүрѳгүмѳ суук тийип, «осмонаалы лѳѳкүй» болуп калбасам экен…

М е н. Андай болсо отко жакын отуруңуз. (Мен чатырдын этегин кайрыдым. Ал чатырдын ичиндеги «Москвич-408; маркалуу машинаны кѳрдү).

А з и з. Оо! Ѳзүңүздүн менчик го?

М е н. Жок. Тигинин менчиги! (Мен кѳл жакты жаңсап, от жагууга кириштим). А з и з. Эмне ѳзүңѳрчѳ жапайы эс алып жүрѳсүңѳрбү?

М е н. Ооба, куду маймылдардай.

(От тутанды. Мен чайнекти асып койдум)

А з и з. Мында келгениңерге кѳп болдубу?

М е н. Үч күн болду…

А з и з. Кеч келипсиңер. Суу муздак, күн сууй баштады. Эл да аз.

М е н. Эл… Элден дүкѳндѳ деле тажап бүттүк.

А з и з. Дүкѳндѳ иштейсиз го?

М е н. Кездеме саткан бѳлүгүндѳмүн. Тигил болсо (кѳл тарапты жаңсадым) биздин бѳлүмдү башкарат.

А з и з. Бирге иштейбиз деңизчи?

М е н. Ооба, эмне экен?

А з и з. Жѳн эле… Саякаттап жүрѳбүз деңизчи?

М е н. Жыл сайын келип Ысык-Кѳлүңдүн тунук суусуна боюмду таштап, чѳмүлүп албасам жүрѳгүм кирдеп кетчүдѳй.

А з и з. Аныңыз жакшы…

М е н. Дайыма күзгѳ жуук, кѳлдүн жээги ээндегенде келебиз. Тиги балык уулайт, мен жээкте эс алам… Чай ичиңиз! (Чай куйдум).

А з и з (ууртап коюп). Зериксеңиз керек?

М е н. Сиз эмне зерикпес жайды билесизби?

А з и з. Билем…

М е н. Ал кайда экен?

А з и з. Мисалы үчүн, шаарда кино, театр, ресторандар жана башкалар…

М е н. А-а… (колумду шилтедим). Ызы-чуусу кѳп болбосо, анда деле ошол. Тѳгѳрѳктү тѳрт кыдырсаң да зеригүү артыңдан такыр калбайт. Бардык жерде бирдей. Бала чагымда тетиги кѳрүнгѳн кѳктүн чегине жетсем, андан ары жаңы дүйнѳ, жаңы күн, кандайдыр башка бир кызыктуу нерсе кѳрсѳм, билсем деп эңсечүмүн. Кѳргѳндѳрүм кѳргѳнгѳ гана кызыктуу экенин билгенимде, ызага буулугуп ыйлагам. Кайда барсаң да мамайдын кѳрү…

А з и з. Тиги киши менен да зеригесизби? (Ал кѳл тарапты жаңсап, менин буттарымды тиктеп калды).

М е н. Кызыксыз! (Мен буттарымды алдыма кайрып алдым).

А з и з. Күйѳѳңүз го?

М е н. Жок.

А з и з. Атаңызбы?

М е н. Ойношум. (Ал мени таңдана карады). Эмнесине таң калдыңыз?

А з и з. Тим эле… (Ал ийнин куушуруп койду).

М е н. Ишенбей турасызбы?

А з и з. Ишенем, бирок сиз илгеркиче айтып койдуңуз. Азыр кызматташым, жакшы таанышым деп тергешет го.

М е н. Тергейби, жашырабы, мааниси баягы эле да.

А з и з. Аныңыз туура…

М е н. (чай куйдум). Ушундай толкунда кѳлдѳ эмне кылып жүрдүңүз?

А з и з. Толкунду жакшы кѳрѳм.

М е н. Эс алганы келгенсиз го?

Азиз (азга ойлонуп). Ошондой десем да болот… «Тамга» санаториясындамын…

М е н. Офицерсизби?

А з и з. (башын ийкеп). Чыгыш жакта сакчы катердин капитаны болчумун. Эми отставкага чыктым.

М е н. Отставкагабы? Жашыңыз канчада?

А з и з. Отузда.

М е н. Сиздей жаш адам да отставкага чыгабы?

А з и з. Шарт ошондой болуп калды…

М е н. Аа! Түшүнүктүү! Кылмыш жасасаңыз керек. Кандай тентектик кылдыңыз? Мас болуп алып командирди сабадыңызбы, же постуңузду таштап кыздарга кетип калдыңызбы? Чынын айтыңызчы?

А з и з. Узак аңгеме.

М е н. Кызыктырайын дедиңиз го? Айтсаңыз эми!

А з и з. Дагы бир жолукканда айтып беремин…

М е н. Зор океандан кийин тѳѳнүн кѳзүндѳй кѳлдѳ эмне кылып жүрѳсүз?

А з и з. Пилдер ѳлѳрүн сезгенде, кайда гана жүрбѳсүн, туулган жерин таап келип, жан берет дейт.

М е н. (күлүп). Сиз эмне, пилсизби?

А з и з. (эңкейип, бир колун пилдин тумшугундай салаңдатып). Ү-ү-ү!

М е н. Ох-о-о! Айбандын зору турбайсызбы?

А з и з. Ии. Болгон соң чоңураагы болуш керек да!

М е н. (жакамды анткор карманып). Пай! Пай! Иттей куудул экенсиз!

А з и з. Анткени мен – Куйручуктун жээни, Шаршендин таекеси, Чарли Чаплиндин куда-сѳгүү болом.

М е н. О-о! Тууган жагын да катырган экенсиз. Ал эми өз эне-атаңыз кайда?

А з и з. (ойлуу). Алар… Жок.

М е н. Чийдин түбүнѳн табылгансыз го?

А з и з. (күлүп). Мен кичинекей чагымда эле ѳлүп калыптыр. Атам согушта. Энем болсо… бул жерде…

М е н. Үй-бүлѳңүз барбы?

А з и з. Бар болучу.

М е н. Жашырбай эле койуңуз. Курортко келгендердин бардыгы бойдок болуп алышат.

А з и з. Бойдокмун. Кудай урсун!

М е н. (күлүп). Аялыңыз кайда?

А з и з. Түштүк жакта болсо керек.

М е н. Байкуш аялды балдары менен таштап кеткенсиз го?

А з и з. Ооба! Ал жыл сайын эгиз кыздарды тѳрѳй берди, тѳрѳй берди. Онго жеткенде мени талап жеп коюшабы деп, куржунумду кѳтѳрүп алып жолго түштүм.

М е н. А, коюңузчу, шылдыңды. Мен сиз менен чындап сүйлѳшүп жатса.

А з и з. Чындаппы? Чындап десеңиз, бардыгы тескерисинче, ал мени таштап кетти. Балдарыбыз жок болучу.

М е н. Чанып кеттиби?

А з и з. Ошондой го…

М е н. Ичип кеткенсиз го?

А з и з. (күлүп). Жок.

М е н. Чын эле айтсаңыз, эмне үчүн ажыраштыңар?

А з и з. (күлүп). Айтпадымбы!

М е н. Отуңар күйүшпѳй калдыбы?

А з и з. Ооба. Быкшып эле кѳк түтүн чыгып калды…

М е н. Билебиз силерди. Баарыңардын тегиңер бир. Адегенде алды-артына түшүп, жүрѳгүңѳрдү колуңарга кармап алып «сүйѳм, күйѳм, алам» деп артынан чуркайсыңар, анан кызыгыңар тараганда, андайсың-мындайсың кѳргүңѳр келбей калат…

А з и з. Аны кайдан билесиз?

М е н. Тѳлгѳчү цыгандардай кѳзүм ачык!

А з и з. Чын элеби?

М е н. (бир ийнимди ача салып, колума картаны алып «Кѳзүң кара, кѳзүң ысык от белем» деген ырдын башын куду цыгандарча созуп койдум). Байкадыңызбы?

А з и з. Байкадым! Сизге жигиттердин ашык болору да ырас экен. Килейген чымыныңыз бар турбайбы!

М е н. (мостоё калып). Ашык болгондор бар, бирок чымын деген жок… Карта ачканды билесизби?

А з и з. Кайсы найзага тартайын?

М е н. Чырымдын найзасына…

А з и з. (картаны жайып). Оо, жолуңуз шыдыр, жолдошуңуз кыдыр экен. Сиздин найзаңыз ѳтѳ бай, картаң болгону менен машинасы бар адам экен. Туурабы?

М е н. (күлүп). Жок!

А з и з. Карталар калп айттыбы?

М е н. Жок. Карталар эмес.

А з и з. (карталарды ачып). Оо, бири-бириңерди ѳтѳ сүйѳт экенсиңер…

М е н. Капырай, бакыт деген эмне экенин билесиңби?

А з и з. Анча-мынча билебиз.

М е н. (мазактай). Ал эмне экен?

А з и з. Бакыт деген тилек. Адам тилегине жетсе, бактылуу болот?..

М е н. Андан кийин эмне болот?

А з и з. Андан кийин жаңы тилек пайда болот. Ага жетүүгѳ умтулат.

М е н. Сиз бактылуусуз го?

А з и з. Бир кезде болгом.

М е н. Азырчы?

А з и з. Азыр жок.

М е н. Аялыңыз чанып кеткенденби?

А з и з. Андан деле эмес…

М е н. Анан эмнеден?

А з и з. Башка себептер бар.

М е н. Кандай себеп?

А з и з. (ойлуу). Мен… жашагым келет…

(Пауза).

М е н. Бул эмне дегениңиз?

(Пауза).

А з и з. Жѳн эле… Дѳѳдүрѳп койдум да… Сигарета тартасызбы?

(Тамеки сунду).

М е н. Оу! Чет элдикиби?

А з и з. Япондуку… Ѳзүңүз бактылуу болдуңуз беле?

М е н. Эсимде жок… (Кѳл тарапты карадым, бул сѳздү улантпайын дедим). Вино ичпедиңиз го?

А з и з. Жакпайт.

М е н. Таптакырбы?

А з и з. Таптакыр.

(Мен ийнимди куушуруп койдум. Биз үн катпай түтѳтүп олтурдук. Анан кѳл тараптан тиролдуктардын ыры угулду).

И с к е н д е р д и н үнү. «Мен шайкелең баламын, Тирол тоосун жердеген!»

М е н. Тигинин үнү, сиз кетесизби?

А з и з. Кызганчаакпы?

М е н. Кыялы чатак.

А з и з. Оттелобу? Анда келсин, (жеңдерин түрүндү) шахмат ойной коелу.

М е н. Жекеге чыгып мушташпайсыңарбы?

А з и з. Бала болуп башыма жүн чыкканы мушташкан эмесмин.

М е н. Мушташпаган да эркек болобу?

А з и з. Интеллигентпиз да!

М е н. Интеллигенттер, эмне, мушташпайбы?

А з и з. Алар кѳбүнчѳ таяк жеп алып, «спасибо» деп басып кетет.

М е н. Аа андай болсо кеткениңиз оң.

(Мен ага колумду сунуп, бир нерсе айтайын дедим, бирок айтпадым. Ал менин колумду коё бербей турду).

М е н. Саламат болуңуз. (Колумду сууруп алдым).

А з и з. Жакшы калыңыз…

(Ал кетти. Мен артынан тиктеп турдум. Ал кайыкка түшүп, жээктен оолактай баштады. Мен бул табышмактуу адам жѳнүндѳ ойлонуп, аста басып чатырга келдим да, идиш-аякты тазалай баштадым. Бир аздан соң экинчи кайык да сүзүп келди. Андан Искендер кѳрүндү. Анын жашы отуз бештерде. Ал колундагы чоң балыкты комуздай туурасынан кармап, шайкелең ырды созолонтту. Анан ошол балыкты мага ыргытканда мен тосуп алдым. Ал экинчи балыкты сууруп чыгып, мурдагы тамашасын улантты. Мен балыктарды тосуп алып, күлѳ бердим. Акырында Искендер мени жерден бийик кѳтѳрүп алып, айланта тегеретти да, кѳзүмдѳн чопулдатып ѳпкүлѳп, тиктеп калды).

И с к е н д е р. Кѳргүчкѳнүм! Мен үшүп кеттим. Ичиме жалын бүркпѳсѳң ѳлѳм!

(Мен машинага барып коньяк алып чыктым да, жарты стакан куюп, ага сундум).

И с к е н д е р. Аз го. Иттей калтырап, кѳк муштум болуп кеттим. (Мен дагы куйдум).

И с к е н д е р. (жутуп, ичин сылады). Бах! Чиркин, ѳзѳктү элжиретти белем! Каап, толкун болбогондо го? Жаңыдан кѳк чаар балыктар түшѳ баштаганда күчѳбѳдүбү. Тим кайыкты ѳѳдѳ-тѳмѳн ыргытат… Ажалым жок экен.

М е н. Абайлооң го.

(Мен от жагып, чай кайнатканы бастым).

И с к е н д е р. Абайлаш керек. Мындан кыйынын да кѳргѳнбүз. (Искендер ѳзүн кѳкүрѳккѳ чапкылап, анан кайыкты жээкке сүйрѳп чыкты да, балыктарды алачыкка алпарды. Кийимин которуштуруп алып, оттун жанына келип, жердеги тамекинин калдыгын кѳрдү).

И с к е н д е р. Муну ким тарткан?

М е н. Бир жигит үшүп кеттим деп келиптир… Чай берсем, тамеки менен сыйлады.

И с к е н д е р. Тарткан сигаретине караганда кѳйрѳң неме кѳрүнѳт… (Ѳчкѳн сигаретаны алып күйгүзүп тарта баштады). Оо, ай! Япондун тамекиси экен, ышпыён болуп жүрбѳсүн? (Искендер башын менин тиземе койду да, ырдай кетти). «Тиктесем кѳлдѳй ѳңүмдү, тийишип кѳлдүн кѳбүгү» (Эстеп). Жымжырт. Директор да жок. Топураган эл, соода-сатык да жок… Эмне унчукпайсың?

М е н. Чыйрыгып турам… Чай ичесиңби?

И с к е н д е р. Жок, андан мыкты нерсе болсо…

М е н. Коньякпы?

И с к е н д е р. Андан да күчтүү!

М е н. Эмне?

И с к е н д е р. Сиз?

М е н. Уятсыз.

И с к е н д е р. Кечирерсиң, перим…

(Биз унчукпай калдык. Мен кѳлдү тиктеп отурдум. Искендер колуна гитара алып, коңур үн менен:

«Желе тартып алыска,

Каркыралар кайтышат», – деп аста ырдай баштады).

М е н. Искен…

И с к е н д е р. Оу…

М е н. Сен ѳмүрүңдѳ ойлонуп кѳрдүң беле?

И с к е н д е р. Дайыма эле ойлонуп жүрѳм.

М е н. Сен бакты деген эмне экенин билесиңби?

И с к е н д е р. А как же?

М е н. Ал эмне?

И с к е н д е р. (гитарды ойноп). Бакытпы?.. Ал деген жаныңда сулуу бийкеч болуп, анын сымбаттуу балтырын сылап олтурсаң… Айланаң жымжырт, кѳл гана шарпылдап турса… Кыскасы, Робинзон Крузодой ээн-эркин жашасаң…

М е н. Робинзон Крузодой дечи…

И с к е н д е р. Аны эмне сурап калдың?

М е н. Жѳн эле бери чыгарда доктурга кѳрүнгѳм… (Искендер ойногонун токтотту). Ал мени эч качан тѳрѳбѳйсүң деди… (Искендер ойной баштады).

М е н. Уктуңбу?

И с к е н д е р. Уктум…

М е н. Анда эмне үчүн унчукпайсың?

И с к е н д е р. Унчукканда эмне?

М е н. Билбейм…

И с к е н д е р. Мен да билбейм…

(Мен аны карап калдым. Ал каркыралар жѳнүндѳ ырдап жатып, менин кѳз карашымды байкаган да жок).

И с к е н д е р. (ырдап).

«Не болгонун билбеймин,

Алып кетти жаным менин бактымды»…

(Кѳл тараптан шамал урду. Анын эпкини отту ѳчүрүп кетти. Искендер ордунан туруп, калканчы тосту. Анан үч-тѳрт ирет ширеңке чакты. Алыстан

күн күркүрѳп, тоо арасынан чагылган чартылдады. Жаан себелеп, кѳлдүн үстү боз чаңгыл боло баштады. Биз буюмдарыбызды жыйнаштырып, машинага кирүүгѳ шаштык. Жээкте жалгыз чатыр турду. Анын кичинекей терезесинен үлбүрѳгѳн саргыч от кѳрүндү. Жамгыр нѳшѳрлѳдү. Кѳл толкуп шуулдады. Түн кирди).

 

ЭКИНЧИ   БѲЛҮК

Жамгыр басылып, күн чайыттай ачылды. Кѳл үстү мелмилдеп, асман жибек тарткандай кѳпкѳк. Мен приемникти койсом, андан кѳңүлдүү музыка угулду. Картошка аарчып, музыкага кошуп бийлеп жатып, баятан келип карап турган Азизди байкабай калыптырмын.

А з и з. Бали, бали!

М е н. Аа, интеллигент жигит, саламатсызбы?

А з и з. Саламатчылык.

М е н. Тетиги жээктеги камышты шуулдаткан сиз белеңиз?

А з и з. «Камыштын ичи терең деп, келе албай турдум элеңдеп»…

М е н. Эмне үчүн?

А з и з. Оттелодон коркуп… Кокус муунтуп салса…

М е н. Коркпой эле коюңуз, балыкка кетти.

А з и з. (эс алгандай). Астапырылда, кудай сактаган экен да. Дагы эле зеригип жатасызбы?

М е н. Картошка тазалап жатам. Ѳзүңүзчү?

А з и з. Ойноп жүрѳм.

М е н. Зерикпейсизби?

А з и з. Кез-кезде.

М е н. Керели-кечке эмне кыласыз?

А з и з. Кѳлдү тиктейм.

М е н. Анан.

А з и з. Уктайм…

М е н. Аа, уктайсызбы? Мен болсом бүгүнкү түнү кѳз ирмегеним жок.

А з и з. Эмне үчүн?

М е н. Ѳмүрүмдѳ бактылуу болдумбу, ошону эстей албай жаттым.

А з и з. Болупсузбу?

М е н. Жок.

А з и з. Андай болбойт…

М е н. Кээде болот…

А з и з. Тилексиз жашаптырсызбы?

М е н. Бир жолу тилегем, бирок ал арзырлык эмес…

А з и з. Кандайча?

М е н. Кыз кезимде болор-болбосту ойлой берчүмүн. Азыр эстесем, күлкүм келет…

А з и з. Эмнесине?

М е н. Операга кирип ырдасам дечүмүн… Күлѳ тургандай бекен?

А з и з. Жок.

М е н. Туура, бирѳѳнү кайгысына күлүү жарабайт.

А з и з. Анан эмне үчүн ырдабай калдыңыз?

М е н. Тилегим ордунан чыккан жок… Мектептин хоруна катышчумун. Онунчуну бүткѳндѳ, театрга бардым. Театрдын администратору жаш кыздарды кѳргѳндѳ шилекейи чууруп турчу кашка баш киши экен. Станиславскийдин системасы боюнча театр кийим илгичтен башталат деген деп, мени гардеробго иштетип койду. «Азырынча иштей тур, кийинчерээк дирижер менен сүйлѳшүп, сахна жагына ѳткѳрѳм» – деди. Бир жолу үйүнѳ чакырып барып, тийише баштады. Мен ачууланып кетип калдым. Эртеси келсем, дирижер болбой койду деди. Ызаланып ыйладым. Үйгѳ барып уу ичейин дедим, бирок оорукчан апамды аядым… Бир жума ыйладым, апам башкага жооруп тааныш акушерканы чакырып келиптир. Болгон ишти айтууга аргасыз болдум. Алар күлүштү, апам да жаш кезинде жазган бир ырын бир редакцияга алып барып, шылдың болгонун айтты. Аны угуп, мага окшогондор кѳп болот тура дегендей ойго келип, жеңилдене түштүм…

А з и з. Администратор эмне билет, жакшы түшүнгѳн кишиге баруу керек эле да.

М е н. Бир артистке баргам. Ал менин үнүмдү угумуш болуп, «Келип туруңуз, бой-келбетиңиз дурус, анча-мынча шыгыңыз бар сыяктуу… байкайлы…» демиш болот… Эмнегедир жийиркендим. Кетип калдым… Мына менин тилегим… Тилексиз жашаган тынч кѳрүнѳт…

А з и з. Андан кийин эч нерсе тилеген жоксузбу?

М е н. (үшкүрѳ жылмайдым). Анан кийинби… Тилегем… Бирок андай тилектин бетин ары кылсын, эстегенден да корком…

А з и з. Коркунуч менен тилек бир казанга кайнабайт.

М е н. Кайнабайт… Эгерде түрмѳгѳ камалбасам деп тилесемчи?

А з и з. Түрмѳгѳ? Түрмѳгѳ түштүңүз беле?

М е н. Түшмѳк болгонумда… тигил сактап калган!

(Кѳл тарапты жаңсап койдум).

А з и з. Качууга шарт түзүп бердиби?

М е н. Жок, башкача… Мен дүкѳнчү болуп иштей баштаганымда мойнума эки миң сом акча түштү. Ишимди сотко бермек болушту. Мен кызматка барбай качан келип алып кетишет деп үйдѳ отурдум. Уктасам-турсам деле кадимки кинодогудай кѳз алдыма түрмѳнүн темир тосмолору… Апам… апамдан убайын жедим. Мен камалсам, ал кургур ѳлүп калмак. Ошентип санаам-санга бѳлүнүп жатканда тигил келди да, бардыгын жайгаштырдым деди. Апам экѳѳбүз сүйүнгѳнүбүздѳн аны кучактап алып ыйладык.

А з и з. Ошентип камалбай калдыңызбы?

М е н. Ошентип камалбай калдым.

А з и з. Тилегиңизге жеткен экенсиз да?

М е н. Жеткем.

А з и з. Демек, сиз ошондо бактылуу болгон экенсиз да?

(Мен ал суроого жооп кайтаргым келбей, унчукпай калдым. Азиз жеңип чыккан адамдай сүйүндү).

А з и з. Адамдар бактылуу болгонун унутуп да калышат. А бирок бакыттын кубанычы, чагылгандай кѳз уялта жаркырап, бир заматта бүт жер үстүн жарык кылат эмеспи.

М е н. Бирок ошол нурду кѳрүп, жердегини кѳрбѳгѳн жакшы!..

А з и з. Кандай дегениңиз?

М е н. Жер үстүндѳ талпаңдаган бакаларды кѳрбѳсѳк дегеним.

А з и з. Бир сѳзүңүзгѳ бир сѳзүңүз каршы.

М е н. Кандайча?

А з и з. Азыр эле сизди сактап калган жакшы адамды айтпадыңыз беле! Демек, жер үстүндѳ жакшылык да жок эмес! Ага кантип кѳз жумасыз?

М е н. Ал жакшылык калп болуп чыкты.

А з и з. Калп?

М е н. Калп. Аны атайылап ѳзү жасаптыр. Мендеги товардан эки түрмѳк бастонду катып коюп, анан ѳзүнүкүнѳн калп эле кошуп койгонун айтты.

А з и з. Ал эмнеси?

М е н. Түшүнбѳй турасызбы? Мага жакшылык кѳрсѳткѳн киши болуп, ѳз максатына жетиш үчүн.

А з и з. Максатына?

М е н. Адегенде мен анын шакирти болуп жүргѳм. Анан ал мага асыла баштаганда дүкѳндѳн кетмекчи болсом, мага тийбеске убадасын берип, директорго айтып, мени дүкѳнчүлүккѳ орноштурган, мен ѳз алдымча товарга жооптуу болуп калганда, товарларымдан катып алып, атайын текшерүү жүргүзүптүр.

А з и з. Анан ал… максатына жеттиби?

(Мен үн каткан жокмун. Жеткендиги чын болсо «жок» деп айтмак белем… Ал да муну түшүндү кѳрүнѳт).

А з и з. Сиз анын акмакчылыгын кечирдиңизби?

М е н. Кантмек элем?

А з и з. Кетиш керек болчу!

М е н. Кайда?

А з и з. Түндүк уюлга! Аюулардын арасына! Ошону менен калгандан кѳрѳ. Бул барып турган жүзү каралык! Сизди бетпактык кылып алдап отурбайбы!

М е н. (какшыктап). И? Дагы эмне демекчисиз?

А з и з. Дагы? Ал сизди сатып алган? Бул барып турган шермендечилик!

М е н. (анын кейпине күлкүм келгендиктен күлдүм).

А з и з. Эмнесине күлѳсүз?

М е н. (күлѳ бердим).

А з и з. Сиз дагы эмнеге күлүп атасыз?

М е н. Сиз анткорсуп атпайсызбы?

А з и з. Менби?

А з и з. Сиз!

А з и з. Кантип?

М е н. Жакшысынып…

А з и з. Жакшысынып?

М е н. Сиз деле так ошондой кылмаксыз. Аны жек кѳрүмүш болуп, ѳзүңүздү жакшы кѳрсѳткүңүз келет. Билебиз… Баарыңардын тең жакшы кейпиңер бир. Максатыңарга жетиш үчүн эмнелерди гана жасабайсыңар.

А з и з. Кордобосоңуз экен…

М е н. Коюңузчу? Андай болсо эмне үчүн бая камыштын арасында бугуп жатып, тиги кеткенде келдиңиз?

А з и з. (аста). Мен тигини эмес, сизди кѳрѳйүн дегем…

М е н. Анда эмне… Ал жокто макул болот деп ойлогонсуз го?

А з и з. (Эмне дээрин билбей томсоруп калды).

М е н. Кечирерсиз, жигит! Андайлар мында жок! Мени жакшылап карап ал! Мага жологонго тигинин гана акысы бар! Билдиңби? Андай кыйын экенсиң башкаларга барып кыйшаңда! Жүрбѳйбү тетиги жакта сүйүү эңсегендер!

А з и з. Сиз адамдар жѳнүндѳ абдан жаман ойлойт экенсиз…

М е н. Сенин аялың чанып кеткенге ызаланып, башкалардын бактысын кѳрѳ албагандардансың.

А з и з. Сиз бактылуусузбу?

М е н. Бактыга абдан букуп турам!

А з и з. Жүзүкара адам менен болгон байланышыңызды акташ үчүн ушинтип атасыз!

М е н. (аны сүйлѳтпѳй кыйкырдым). Ооба, ооба! Ошондой! Анда ишиңиз болбосун! Бирѳѳнүн турмушуна суук колуңузду салбаңыз!

А з и з. Болуптур! (Ал ордунан туруп кайыкка барды). Кош болуңуз!

М е н. Жолуңуз шыдыр болсун!

(Азиз жээкке барып, кайыгына түшѳ баштады. Кайык козголду. Мен анын ар бир кыймылына кѳз салып турдум. Ал кайыкты кѳлгѳ түртүп, калактарын орното баштады. Мен жүгүрүп бардым да, кайыкты аткый кармап жээкти карай сүйрѳдүм).

М е н. Токто! Карачы! Мен ыйлап атам! (Кѳзүмдѳн жаш акты). Азыр сен кетип каласың, баарын унутасың, мен болсом ушул жерде жалгыз калам. Эмне үчүн сен капкайдагы бактыны сурап жанымды бейпайга салдың? (Азиз кайыкты токтотуп туруп калды. Ал ачуусу менен менин кебимди укпай кетип калбасын деп ичимдеги арманымды айтып калууга ашыгып, ѳтѳ тез сүйлѳдүм).

М е н. Уккун. Сен кимсиң, кандай кишисиң – аныңды билбейм, билгим да келбейт. А бирок сага айтаарым бар. Жок дегенде бир тирүү жанга ичимдеги күйүтүмдү айтышым керек го! Эмне үчүн баарыңар макулдашып алгансып жалгыз мени айыптайсыңар? Эмне үчүн андан кете албай имерчиктеп калганымды сурабайсыңар. Ѳгүнү аялы чуу кѳтѳрүп, мени чогулушка салышты: бирѳѳнүн үй-бүлѳсүн буздуң, акчасы менен машинесине кызыктың дешти. Укпаган кебим калбады! Акчасы менен жерге кирсин! Анын эч нерсесине кызыккан жерим жок. Бардык айыбым, корком! Жалгыз калгандан корком. Бала күнүмдѳн бери коркконум жалгыздык. Кичине чагымда баркыттан аюу куурчагым бар болучу, ошо сууга агып кеткенде, кадимкидей ооруп калгам. Атамды да билбейм. Апама үйлѳнѳрү менен согушка кетип курман болуптур. Андан кийин эч кимди сүйгѳн да жокмун, турмушка да чыккан жокмун дейт. Апам кургак учук менен ооругандан тартып, биздикине эч ким каттабай калды. Мына ошондон тартып жакыны жок жалгыздык уяттан да, ѳлүмдѳн да жаман экенин түшүндүм… Кийинчерээк башыма иш түшүп, тигил мени түрмѳдѳн куткарганда ѳзүмдү чын эле бактылуудай сездим. Мен аны караан тутуп, анын күчтүү колдорунда эркелеп, ал үчүн бардык кыйынчылыкка чыдоого бел байладым. Ошол учурумда бүт аалам мынабу кѳгѳргѳн кѳктѳй туптунук болуп ажайып сезилди. Кѳчѳдѳгү кезиккен адамдын баарысы мага ѳтѳ сүйкүмдүү учурап, айланадагы дүйнѳ мага жылмайып тургандай болду. Ал турмак кашка баш администратор да кѳзүмѳ бир аянычтуу бечарадай кѳрүндү. Мен ѳзүмдү бакыттын канаттарын жайып, тунук асманда тургандай каалгып жүргѳндѳй сездим… Ал ѳзүнүн үй-бүлѳсүн таштабасын, эч качан мага үйлѳнбѳсүн билсем да, кейиген жокмун! Себеби ѳзүм да балалуу болгону калгам…

(Азиз кайыктан чыгып кырына отурду. Эми анын кетип калбасына кѳзүм жетип, акырын жай баракат сѳзүмдү уладым. Ал үн катпай уга берди).

М е н. Ошентип жүргѳнүмдѳ ал ѳзүнүн жүзүкаралык кылганын айтып берди. Жер астын-үстүн болуп, бүт дүйнѳ кѳзүмѳ суук кѳрүндү. Чок басып күйбѳй, жылаңач калып уялбай жүргѳнүмдү ошондо билдим… Күйүтүмѳ чыдабай врачка барып, жүрѳгүмдүн астында жашай баштаган наристени… ѳлтүрттүм… жалгыз калдым.  Андан кийин эмне болгонун жакшы билбейм… Баарынан кѳңүлүм сууду. Жаныман кечсемби деп да жүрдүм… Күйүтүмдү унутуш үчүн, кѳрүнгѳн бирѳѳ менен кете бергим келди… Балким, ууру болуп, ичкич, жүргүч да болуп кетет белем. Башка бирѳѳгѳ жолукканда деле эмне? Ѳчкѳн отум кайтып тутанат беле? Ѳзүмдү-ѳзүм алдагым келген жок. Ошентип тиги менен кала бердим… Баары бир ал эртеби, кечпи менден кетет. Анан апам ѳлѳт, анан мен карар-кѳрѳрүм жок, же балам жок жападан жалгыз кала берем…

(Мен башымды кѳтѳрүп Азизди карасам, ал унчукпай ойлуу олтуруптур).

М е н. Сѳзүмдү угуп бергениңе рахмат… Эми кете берсең болот…

(Ал унчуккан жок. Мен ордуман турдум).

М е н. Эмне унчукпайсың?

А з и з. (Жооп кайтарган жок).

М е н. Жообуң жок… Анткорсуп мени алдагың келбей жаткандыр… Балким, сен чын эле тунук адамдырсың…

(Мен ордуман туруп чатырга бардым да, эчтеке болбогондой спидоланы бурадым. Андан жаз музыкасы угулду. Мен бутума бутуму кайчылаштыра, чалкаман жатып, музыканын күүсүн коштоп согончогумду селкилдеттим. Азиз бир азга унчукпай туруп, анан кайыкты түрттү да, секирип түшүп, коштошпостон кете берди. Ошол замат мен кѳмкѳрѳмѳн түшүп, денеси крестке кадалган Иса пайгамбардай колдорумду жая таштап, сенейип калдым. Аздан соң кайык келип жээкте токтоду. Андан кабагы бүркѳѳ Искендер чыкты).

И с к е н д е р. (кайыктан секирип). Ай, иттики! Күн суук, балык эмес балакет жок!

(Ал кайыкты жээкке сүйрѳп коюп, менин жаныма келди).

М е н. (тескери бурулдум).

И с к е н д е р. Эмне болду, ыйладыңбы?

М е н. Эчтеке болгон жок.

И с к е н д е р. Айткың келбей турабы?

М е н. Бул жерден кетеличи…

И с к е н д е р. Эмне үчүн?

М е н. Мага жакпайт…

И с к е н д е р. Эртең башка жай издеп кѳрѳйүн… (Ал саатын карап, тыңшап калды). Суу кирген го токтоп калыптыр.

(Маяк станциясын карамак болуп приемник менен алек болуп калды).

М е н. Искен…

И с к е н д е р. Оу…

М е н. Айтчы!

И с к е н д е р. Эмнени?

М е н. Эмне үчүн сен ошенттиң?

И с к е н д е р. (башын кѳтѳрүп). Кайсыны?

М е н. Бастонду катканды айтам.

И с к е н д е р. Баягы эле сѳзбү?

(Күн кечтей баштады. Тиги болсо приемникке илээше берди).

М е н. Эмне үчүн мага чындыкты айттың, мен баары бир билбей калат элем да…

И с к е н д е р. Кечирериңди билгем, ошон үчүн…

М е н. А кокус кечирбесемчи?

И с к е н д е р. Турмушта андай болбойт!

(Приемниктен каткырык угулду. Андагы ырчы аял, белгилүү оппереттадан: «Анда кандай тамак болду… кандай вино куюлду» деген ырды аткарып жатты).

М е н. Искен, сен мени аялдыкка алар белең?

(Искендер приемникти жерге коюп мени кадала тиктеп калды, анткени мен бул суроону башта айткан эмес элем).

И с к е н д е р. Аны эмне сурадың?

М е н. Жѳн эле… Айтчы, алат белең?

И с к е н д е р. Жок.

М е н. Эмне үчүн?

И с к е н д е р. Себеби… Сүйүү деген эркиндик, адам баласынын ѳмүрүнѳ бир аз жарык берген кичине жыргал. Ал турмуштагы кайгы-кападан, майда-бараттан алаксытып, баары бир кезеги келгенде ѳлѳбүз деген жаман ойду унуттуруп коѐт… А кокус… баш кошуп калсак, эркиндигибиз тескерисинче кишен болуп, бирибизге-бирибиз да жүк болуп, кѳңүлүбүз эки башка эркиндикти эңсемек…

М е н. Эгер мен сен үйлѳнѳ элегиңде жолуккан болсомчу?

И с к е н д е р. Баары бир да. Үй-бүлѳ болгон жерде эркиндик жоголот. Муну бардыгы билишет, а бирок болбой эле адамдар жинди немече ѳздѳрүнѳ ѳздѳрү кишен салышат…

(Искендер «Маяктан» саатын тууралады. Түн кире баштады).

Д и к т о р д у н  ү н ү. «Маяк» станциясынан сүйлѳйбүз. Микрофондо белгилүү балдар акыны Агния Барто.

Б а р т о н у н  ү н ү. Кымбаттуу радио угуучулар, биздин мындан мурунку «Адамды табуу» аттуу аңгемебиз бир ай илгери болгондугу сиздердин эсиңиздедир. Бүгүн менин алдымда дагы далай жаңы каттар жатат. Анын бирин азыр сиздерге окуп берем: Кымбаттуу Агния Львовна, мен сиздин ырларыңыздын кѳбүн эмдигиче эсимде сактап жүрѳм. Аны биз согуштан мурда эле бир тууганым Алексей менен бакчага барып жүргѳндѳ билчүбүз. Эми ошол ырларымды менин беш жашар кызым айтып жүрѳт. Бир тууганым Алексей болсо, дайынсыз… Аны издегениме жыйырма жылдан ашты. Биз бири-бирибизди кырк экинчи жылы Ленинградда жоготконбуз. Ошондо үйгѳ бомба түшүп, бир тууганым экѳѳбүз кѳчѳгѳ чуркап чыкканыбыз эсимде… кимдир бирѳѳ бизди сүйрѳп бомбаубежищиге алып кирди. Анда кишилер кѳп экен. Бомбалоо басылганда, эл сыртка чуркашты, мен болсом Алексейди таппай адашып калдым. Ѳлгѳндѳр менен жарадарлардын арасында жок экен. Сизге бир тууганым экѳѳбүздүн сүрѳтүбүздү салдым. Ал экѳѳбүз эгиз болгондуктан абдан окшошпуз. Балким, ал тирүү болуп, ошондон бери мени таппай жүргѳндүр. Бири-бирибизди табууга жардам берүүңүздү ѳтүнѳм…

Д а г ы  б и р  к а т. Кымбаттуу жолдош Барто. Сизге кайрылган Советтер Союзунун Баатыры Петр Беспалов. Мен Москвадан Берлинге чейин от кечип жүрүп, эч жерим майып болгон жок. Бирок, жүрѳгүмдү ѳйүгѳн оор дартым бар. Мен жубайым Ирина Викторовна менен уулум Игорду жоготтум. Биз Харьковдогу Садовый кѳчѳсүндѳ жыйырманчы үйдѳ турчубуз. Согуштан келсем үйүмдүн, ошол аймактын дайыны жок, күлү гана сапырылып калыптыр. Ошондон бери бала-бакырамды таппай жүрѳм. Ушуну радиодон билдирип коюуңузду ѳтүнѳм. Балким, тирүү болушса дайнымды билишер. Менин азыркы турган жерим…

(Искендер приемникти башка толкунга которду. Анда балдардын хору аткарган Перголезинин ораториясынын бири угулуп жатты. Түн кирди. Жылдыздар жымыңдады. Кѳл мелтиреп уктап жаткансыды…)

 

ҮЧҮНЧҮ БѲЛҮК  

Күн чыкты. Искендер кайыкка түшүп: «Кѳл болсо да, кѳл боюнда мен болсом», деп созолонуп баратты. Анын үнү улам алыстап карааны үзүлѳ баштады. Мен кѳпкѳ чейин жээктен тиктеп турдум. Анан карааны алыстап, тумшуктан имерилип кѳрүнбѳй калды. Мен алачыкка келип китеп алып окуюн десем, кѳңүлүм чаппады. Китепти таштап, тамеки тарттым, кѳлдү тиктеп отурдум, жээкке бардым. Кѳл үстү ээн, жым-жырт. Алачыкка кайта келип, журнал кармалап турдум да, кайта таштадым. Эмне кыларымды билбей ары-бери баса бердим. Анткени мен Азизди күтүп жаттым. Мына, ышкырык угулду. Бул – Азиз. Мен ал тарапка бурулганым жок. Анткени аны күтүп жатканымды билгизгим келбеди.

А з и з. Салам айттык селкиге!

(Мен ага бурулдум. Ал бир азга жээкте турду. Колунда тукабадан жасалган аксагай маймылы бар экен).

А з и з. Биздин маймыл дос, сизге таазим кылганы келди! Мунун аты Людвиг экинчи.

М е н. Саламат! Оу, татынакай маймыл экен! (Мен маймылды колума алдым). Мен сизди келбейт деп ойлогом.

А з и з. Эмне үчүн?

М е н. Билбейм…

А з и з. Бирок биз келип калдык.

М е н. Неге келдиңиз?

А з и з. Сулуу селкилерди жандаганды жакшы кѳрѳбүз.

М е н. Мени сулуу деп таптыңызбы?

А з и з. Айчүрѳк эжем быякта калсын.

М е н. Шок жигит кѳрүнѳсүз.

А з и з. Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол дейт эмеспи. Жок дегенде шок боло туралы.

М е н. Капырай. А ѳзүңүздүн селкиңиз сулуу беле?

А з и з. Түзүк болучу, бирок сизге кайдан жетсин.

М е н. Аялдарга таттуу сѳз айткан жагынан бир топ сергек кѳрүнѳсүз.

А з и з. Сүйүү – күйүү маселелери боюнча профессорбуз, селки.

М е н. Аялыңызды сүйчү белеңиз?

А з и з.  Билбейм…

М е н. Анда неге үйлѳндүңүз?

А з и з.  Бойдоктуктан тажагам го… Деңизде жүрүп, анан жээкке чыкканда – достор, кыздар, арак-шарап дегендей… бака-шака жыргал… Бир күнү досторум бир татынакай кызды ээрчитип келишти… Тааныштык. Ырдадык, бийледик… анан ал кыз мени менен калды. Эртең менен карасам, кѳздѳрү шишип калыптыр… Сурасам түнү бою ыйлап чыктым дейт. Менин боорум ооруду. Санаам ар кайсыга кетти. Мен жыргап уктап жатсам, жанымда бир бечара таң атканча ѳз тагдырын ойлоп ыйлап жатыптыр. Кызды колунан алдым да, чоң бѳлмѳгѳ чыгып жолдошторума: бул менин аялым болот деп жарыяладым. Алар ишенбей күлүштү. Мени үйлѳнѳт деп эч ким ойлобоптур. Үч күн той жасап, тѳртүнчү күнү сакчылыкка деңизге чыктым. Палубада турсам, жылуу жаан себелеп, бетимди салкын жел сыйлайт. Айлана жымжырт… Ѳмүрүмдѳ биринчи жолу ѳзүмѳ-ѳзүм сыймыктандым. Кандай жакшы адаммын: бир бечарага бакты берип койдум. Ал азыр мени күтүп деңизди тиктеп терезеде олтурат. Кѳз алдымда: мен кирип келгенде жүгүрүп мойнума асыларын элестеттим. Дежурством бат эле бүтсѳ экен деп ойлодум. Жээкке чыктым… Түңкү кѳчѳ менен үйгѳ бара жатып ѳзүмчѳ кыялданам… Чын эле мен жакшы адам болбосом, мындай бакыт кайда? Ал эми тиги кыздын ѳмүр бою бактысыз болушуна мен күнѳѳлүү болмокмун. Барсам, аялым чын эле күтүп отуруптур… Мени кѳргѳндѳ мойнума асылып ыйлап жиберди. Мени таштап Японияга кире качтыбы, же катери чѳгүп кеттиби деп, түрдүү ойду жоруй бериптир.

Эки жылча ынтымактуу турдук. Андан кийин бир иш болду. Ошондон тартып жаңжал башталды. Иши кылып ѳзүмчѳ туталанып, аялымдан шек санагандай ыксыз кѳр жеме болуп кеткенсидим. Аны таарынтып коюп, кайта ѳзүм кечирим сурайм. Анан кайтып эле баягы чатакты баштайм. Аялым чемоданын кѳтѳрүп эжесиникине кетип калды…

М е н. Артынан барган жоксузбу?

А з и з. Адегенде баргым келген жок, анан бардым. Бирок ал «Мен сени сүйѳм, сен үчүн чокко да чыдайм, бирок сенин жалооруганың мени басынтат», – деп койду. (Азиз унчукпай калды. Тамеки тартты. Мен кѳпкѳ чейин унчукпайт го дедим, бирок ал ѳз оюн ѳзү текшергиси келгенсип сѳзүн улантты).

А з и з. Эгер сени бирѳѳ абдан сүйсѳ, сен ошого корстон болуп, сени сүйгѳн адамга кандайдыр таш боор болгуң келет окшойт.

М е н. Ѳкүнүп жатасызбы?

А з и з. Адегенде ѳкүнчүмүн, азыр ѳкүнбѳйм…

М е н. Жаштык-мастык деңизчи?

А з и з. Андан деле эмес…

М е н. Татынакай аялдан кѳрѳ, чүпүрѳк маймыл жетелеп жүргѳн жакшы бекен?

А з и з. (күлүп). Балким… Баса, бул Людвиг экинчини сизге тартуулайм, баягы жоготкон аюуңуздун ордун жоктотпос.

М е н. Людвиг экинчи? Биринчи бар беле?

А з и з. Болгон.

М е н. Аны кимге тартууладыңыз эле?

А з и з. Ал… ѳлүп калган…

М е н. Тирүү маймыл беле?

А з и з. Тирүү болучу. Муну ошонун урматына сатып алгам.

М е н. Капырай, маймылдар да ѳлѳт экен ээ?

А з и з. Ѳлѳт…

М е н. Ал эмнеден ѳлдү?

А з и з. Радиациядан…

М е н. Радиациядан?..

А з и з. Ал маймыл биздин катерде жүрчү, бир жолу катер радиацияланган зонага кабылып, Людвиг биринчи 200 рентген алыптыр. Мынчалык рентген маймылдар үчүн ѳлүм…

М е н. А адам үчүнчү?

А з и з. Адамга деле ошол…

М е н. Катерде кишилер бар беле?

А з и з. Катердин экипажы үч адам болот.

М е н. Демек, алар да?..

(Азиз башын ийкеп, жаңы сигарета түтѳттү).

М е н. Бул кандайча болду?

А з и з. Сакчылыкта жүргѳн катер радиацияланган зонаны билип калат. Жээкке кабар берели дешсе… Радиоаппараттары иштебейт… Ошол учурда алыстан келаткан пассажир теплоходун кѳрүшүп, жарык менен белги бериш үчүн ошол зонаны аралап ѳтүүгѳ мажбур болушат…

М е н. Туура! Пассажир теплоходун сактап калган үч моряк жѳнүндѳ бир жерден окугам. Жаңылбасам, радиодон да айтышкан… Ошол тушта жанагы суу асты менен жүргѳн атом кеме талкаланган турбайбы?

А з и з. Аны кѳп айтып, кѳп жазышкан.

М е н. Анан үчѳѳ тең курман болуштубу?

А з и з. Эч кимиси кутулган жок…

М е н. Демек, сиздин бактыңыз бар экен да…

А з и з. Аны кайдан билдиңиз?

М е н. Алардын арасында болбой калганыңызды айтып жатам.

А з и з. Болгом…

М е н. Сизби? Демек, сиз да… а-а! (Бир топко дейре тилим байланып калды). Эми түшүндүм… Сиздин… Жашагым келет дегениңизди түшүндүм. Кандай коркунучтуу! Айтыңызчы коркунучтуубу?

А з и з. Коркунучтуу…

М е н. Силер ошол жерден ѳтпѳсѳңѳр эмне болот эле?

А з и з. Анда биз аман калып, теплоходдогу миң адам майып болмок… Алар миң, биз үчѳѳ элек айырмасы чоң…

М е н. Ѳлүмгѳ ѳзүңѳр барган турбайсыңарбы?

А з и з. Максат ошондой эле…

М е н. Ѳлүм да максат болобу?

А з и з. Арга жокто ѳлүм да максат болот.

М е н. Кызык ойлойт экенсиз…

А з и з. Менин оюмча… Революция кѳтѳргѳндѳр, ата журт деп кѳкүрѳгүн отко тоскондор, мисалы, Чолпонбай да ушундай ойлосо керек… (Биз унчукпай калдык. Мен ѳзүмдүн кечѳѳкү кылыктарыма абдан уялдым. Ошол себептен, Азиз менен кандай сүйлѳшүп, эмне дээримди да билбей турдум. Оюмда ага жакшы сѳздѳрдү айтууга ниеттендим. Кечѳѳкү кылыктарым үчүн кечирим сурагым да келди. А бирок сүйлѳѳгѳ ыйлайыктуу сѳз таппадым).

А з и з. Мен сизди бүгүн да кейитип алдым кѳрүнѳт… (Саатын карап). Түш болуп калыптыр. Кечиксем, врачтар издеп убара болушат. Чао. Эртеңге чейин!

М е н. Мен сизди күтѳм… Пил… Айбанаттардын зору… (Ал кайыкка барып, жээктен түртүп кете баштады. Мен маймылды кармаган бойдон тура бердим).

А з и з. Маймыл досумду капа кылбаңыз! Ѳзү жакшы неме! (Ал жээктен бир кыйла узап кеткенде, айтайын деген оюм эсиме түштү. Мен жээкке жүгүрүп бардым, бет алдымдан шамал урду, колумду калкалап катуу кыйкырдым).

М е н. А эгер революцияны сен кѳтѳрбѳсѳң! Ата мекен үчүн кѳкүрѳктү окко тосуу колдон келбесе! Эрдик менен ѳлүү эмес, алакандай ѳз турмушуңду оңдоорлук кудуретиң болбосо, анда эмне кылыш керек?! (Бул сѳзүмѳ кѳл жооп кайтарган жок. Мен бир азга маймылды кармап турдум да, анан жээктен обочорок келип, кумга отурдум).

И с к е н д е р д и н ү н ү. Нази-и!

(Адегенде маймылды катсамбы деген ой келди).

И с к е н д е р. Нази-и! Бери келчи.

(Мен маймылды чатырдын жанына таштап үн чыккан жакка кеттим. Барсам Искендер кайыктын ичинде тизесин мыкчып олтуруптур. Салаасынан кызарган кан кѳрүндү. Мен аны колтуктап алачыкты кѳздѳй бастык).

И с к е н д е р. Жакшы жай таптым эле, кайыктан секирем деп, бутумду темирге тилдирип алдым. Жаратым терең эмес, бирок кан токтобой койду…

(Чатырга келгенде жаратын тазалап, таңып бердим. Ал чыдабай онтолоду).

И с к е н д е р. Катуу таңып салдың… Кокус кабылдап, каным кузулуп кетсе эмне болот я!

М е н. Эмне болмок эле! Ѳлѳсүң да!

И с к е н д е р. (чочуп). Оозуңа таш!

М е н. Эмне, коркосуңбу ѳлүмдѳн? Ал эми ѳз жаныңды ѳлүмгѳ кыяр белең?

И с к е н д е р. (чекемди басып). Эс-акылың жайындабы деги? Же жѳѳлүп жатасыңбы?

М е н. Айтчы, ѳлѳр белең?

И с к е н д е р. Жинди го, эмне үчүн ѳлмѳк элем?

М е н. Адамдар үчүн.

И с к е н д е р. Кандай адамдар үчүн?

М е н. Жакшы адамдар үчүн.

И с к е н д е р. Жакшы адамдар бар бекен?

М е н. Эгер сага келип…

И с к е н д е р. Кимдер келип?

М е н. Мисалга, кудай келип: Искендер, сен ѳл, сен ѳлбѳсѳң миң адам курман болот десе ѳлѳр белең?

И с к е н д е р. Жинди болуптурмунбу?

М е н. Миң адам ѳлѳ берсинби?

И с к е н д е р. Каалап турушса, мейли.

М е н. А кокус ошондой ѳлүмгѳ бел байлаган адам жолукса, эмне дейт элең?

И с к е н д е р. Келесоо дейт элем.

М е н. Андай болбосочу?

И с к е н д е р. Анда ал атын чыгарткысы келген мансапкор!

М е н. Ѳзү ѳлгѳн соң ага атак-даңктын эмне кереги бар?

И с к е н д е р. Акчаң болбосо, атагың болуш керек!

М е н. Оюңдун баарысы акчада, соодагер эмессиңби…

И с к е н д е р. Кесибим ошол да! (Колун жайып).  А бирок мен, ойлогон оюмду башкаларчылап, жаап-жашырып, анткорсунгум келбейт.

М е н. Иши кылып башка адамдар үчүн ѳлбѳйм дечи?

И с к е н д е р. Атам тааныбаган акмактар үчүн ѳлүп жинди болуптурмунбу?

М е н. Демек, адамдар сенин ѳмүрүңѳ арзыбайт экен да!

И с к е н д е р. Сен, эмне, бирѳѳ үчүн ѳзүңдү курмандыкка чалар белең?

М е н. Бир жолу ошенткем…

И с к е н д е р. Ким үчүн?

М е н. Энем үчүн…

И с к е н д е р. Качан?

М е н. Баягыда… сен бастонду катып, мен түрмѳгѳ түшүп кала жаздаганда…

И с к е н д е р. Ага энеңдин кандай тиешеси бар?

М е н. Энем мага: «Сен камалсаң ѳлүп калам» деди. Ошондуктан мен сен каалагандай макул болгом… Болбосо…

И с к е н д е р. Сиздин энеңизге да далай белектерди бергенбиз.

М е н. Мен аныңды билген эмесмин!

И с к е н д е р. Билмексен болуп жүргѳм десең!

М е н. Жок! Калп!

И с к е н д е р. Унутчаак экенсиң… Баягы жаңы жыл эсиңдеби? Апаң ыйлап айтып бергенде, сен ѳксүп, мен таң атканча сооротуп үйүмѳ түнѳбѳй, эртеси аялыма милицияда отурдум деп калп айткам. Ошону да унуттуңбу?

(Мен ошол каргашалуу түндү эстеп, ээрдимди кырча тиштедим да, үн катканым жок).

И с к е н д е р. И, эмне унчукпай калдың?

М е н. О кудай! Чын эле бардыгыбыз ошондой шүмшүк, ошондой булганчпызбы? (Мен бетимди басып эчкирип ыйладым).

И с к е н д е р. (жаныма келди). Сен муну азыр билсең, мен мындан жыйырма жыл мурда билгем. Менин атам башкарма болуп турганда дос-туугандары кѳп болучу. Үйүбүздѳн опурап-топурап коноктор кетчү эмес. Анан бир досу жалаа жаап атамды түрмѳгѳ каматты, экинчи досу мас болуп келип апама асылчу болду. Баягы коноктордун бири да жолобой калды. Энем бизди чѳбүрѳтүп шаарга алып келди. Ѳзү оорукчан. Билими жок. Ач-жылаңач экенибизди жашырып, ээрдибизди кырча тиштеп, кайрат кылдык. Кѳр оокаттын айынан кѳмүр түшүрдүм, чириген дарбыз ташыдым. Жада калса кызыл кулактык да кылдым. Антпесем, ачка ѳлмѳкпүз. Бир жолу энем катуу ооруп, туугандарыбыздан он сом сурап барсам, бербей койду. Мен кеткенден кийин алтын саатын жоготуптур. «Үтүрѳйүп эле шаарды шимшип жүрѳт, ошол эле алды» деп мени каматып салышты. Кѳрсѳ, ал саатты баласы ойноп дивандын астына түшүрүп жибериптир. Мен ызама чыдабай барып терезесин талкаладым, мени кармап алып аябай тепкилешти…Мына сага! Адам деген! А сен мени ошолор үчүн ѳл дейсиң. Жанагы бастон эсиңден кетпей койду. Периштедей тазамын деп анткорлонбо. Жашоо үчүн болгон ач кѳздүк, ар кандай кара мүртѳздүк сени баары бир чүлүктѳй ийип салат. Ошондо сени да бузукулук таң калтырбайт, анткени ѳзүң да андай жорукка даяр болуп каласың.

М е н. О кудай! Ушунун бардыгынан жогору турган тунук акыйкат, таза чындык жокпу?

И с к е н д е р. Чындык дейсизби?! Жаралган заттын кыйрашы, кыймылдашы гана чындык! Кездешүү менен ажырашуу чындык! Ѳмүр менен ѳлүм чындык! Калган нерсенин баары калп!

М е н. Эмне үчүн калп?

И с к е н д е р. Бул эмне?

М е н. Маймыл…

И с к е н д е р. Кайдан алдың?

М е н. Бир келесоо жоготуп кетиптир…

(Искендер маймылды ыргыта тээп, шарап иче баштады).

М е н. Эмне үчүн калп?

И с к е н д е р. (унчукпай иче берди)

М е н. (эчкирип ыйладым). Айтчы? Эмне үчүн калп? Эмне үчүн ошондой?

(Мен тигини да, ѳзүмдү да аяп ыйлап жаттым)

 

ТѲРТҮНЧҮ БѲЛҮК  

Күн кечтеп бараткан. Кѳл үстүнѳн түштүк тарапка жол тарткан куштар тобу каалгыйт. Мен жээкте кѳлдү тиктеп олтурам. Азиз жанымда турат. Мен анын келишин каалаган эмесмин, бирок ал келиптир. Мен анын суроолоруна жооп бербедим, ошондуктан ал менин эмне болгонумду билбейт. Мен ага эмне деп жооп бермек элем?

А з и з. Балким, сиздин алдыңызда айыбым бардыр?

(Унчукканым жок).

А з и з.  Кечээ эле мамилебиз башкача эле… Эмнеге, капа болдуңуз? Менин айыман урушуп калдыңарбы?

М е н. (башымды чайкадым).

А з и з. Кудай жалгагыр, деги эмне болуп кетти?

М е н. (ага шар бурулуп, ѳѳдѳ болдум. Адегенде анын жанына тийгендей ачуу сѳз айтып, кѳѳнүн суутайын дедим, бирок батына албадым. Ал мени карап, айыптуу кишидей күлүмсүрѳдү. Мен чатырга барып чүпүрѳк маймылды алып келдим да, колуна карматтым).

А з и з. Муну мен сизге тартуулабадым беле!

М е н. Мага кереги жок…

А з и з. Түшүнбѳйм…

М е н. Түшүнбѳй эле коюңуз.

А з и з. Деги эмне болду?

М е н. Эчтеке деле болгон жок. Аркы-беркини бир аз түшүнѳ баштадым.

А з и з. Эмнени түшүндүңүз?

М е н. Сизге анын кереги жок.

А з и з. Балким, керектир. Мен жѳнүндѳ болсо, ачык эле айта бериңиз. Жашырбаңыз.

М е н. Ооба, сиз! Ошо силер сактап калган теплоходдо: жүзү каралык менен жаш кыздын башын тегеретип, аны энелик мээримден түбѳлүк ажыраткан шүмшүк жигит бар экен. Кыйынчылыкка туруштук бералбаган, адамдык намысын күнүмдүк жыргалга алмаштырган кем акыл, арсыз кыз бар экен.

Ошол теплоходдо: ордун ээлеп калыш үчүн досуна кѳѳ сүйкѳп, анан сүттѳй аялына асылып, чүкѳдѳй балдары менен шаарга кууп салган шүмшүктѳр бар экен, дагы аялдарды кѳргѳндѳ шилекейин чубурткан кашка баш администратор бар экен. Сиз ошолор үчүн ѳмүрүңүздү зарпка учуратып, жүзү кара адамдар тукумдап, дүйнѳнү мындан ары да булгай беришине шарт түзүп бергенсиз.

А з и з. Кыскасы, адамдар менин ѳмүрүмѳ арзыбайт экен да?

М е н. Анан эмне, дүйнѳ ушул кѳгѳргѳн асмандай тунук, адамдар периштедей таза деп турасызбы?

А з и з. Жок, Нази, андай эмес! Дүйнѳнүн ак экени да, кара экени да ырас. Ѳмүр бар жерде ѳлүм бар болгон соң, жер үстүндѳ ый да, кайгы да болбой койбойт… Демек, бактысыздык да, жамандык, жакшылык да болот.

М е н. Андай болсо кара ниеттик соолбойт экен да!

А з и з. Күрѳшсүз турмуш жок.

М е н. Жыйырма жылдан кийин да күрѳш болобу?

А з и з. Болот.

М е н. Жамандык болбосо, адам баласын чүлүктѳй ийип салса, кырчындай жаш ѳмүрдү зарыпка кетирүү зарыл беле?

А з и з. Зарыл болчу. Анткени адам баласынын кылымдар бою жокчулук, кулчулуктан майышкан белин түзѳтүп, анын түпкү негизи мыкты, ак ниет экенин аныктап ачыш үчүн революция кѳтѳрүшкѳн.

М е н. Бул сѳздѳр эски барабандай дүңгүрѳп кулактын кужурун алып бүткѳн.

А з и з. Кээ бирѳѳлѳр ѳздѳрүнүн кѳңдѳйлүгүн жашырыш үчүн бул ыйык сѳздѳрдү туш келди кыйкыра беришип, баасын тѳмѳндѳтүп жиберишти. Андайлардын чѳйчѳгү тамакка толуп турса болду, жүрѳ беришет. Бирок сен андай чириген кѳз карашка түшпѳ. Дал ушул эле сѳздѳр үчүн атасы баласынан кечип, бир туугандар бири-бири менен салгылашкан, солкулдаган жигиттер ѳлүмгѳ барган.

М е н. Анда эмне үчүн адамдар азыр деле кара ниеттик кылышат?

А з и з. Алар адам дегендин түпкү негизи ак ниет болуш керек экенин билбеген бактысыздар.

М е н. Анысын билгендер бактылуубу?

А з и з. Бактылуу.

М е н. Сиз эмне бактылуусузбу?

А з и з. Бактылуумун. Анткени адамдык саатымды аздыр-кѳптүр аткарып койдум окшойт…

М е н. Балким, сиздин бактыңыз адамдын шүмшүктүгүн биле электе бул дүйнѳдѳн кеткениңиздедир…

А з и з. Бирок дагы бир аз жашасам…

М е н. Кечирип коюңуз… Капа кылып койдум окшойт… А бирок, сиздин кылган жакшылыгыңыз кѳлгѳ түшкѳн тамчыдай эле да. Дүйнѳнү оңолттум дейсизби?

А з и з. Жок, Нази. Бир адамдын жакшылыгы дүйнѳнү оңой албайт. Бирок жакшылык кылган адамдын ѳмүрү кѳрктүү болуп, тазаланат.

М е н. Анда сиз керт башыңыз үчүн курмандыкка бет алган экенсиз да?

А з и з. Жанымды кейитпечи, кагылайын Нази. (Оор дем алып). Жакшылык үчүн ѳлүмгѳ баруу – бул курмандыкка жатпайт. Бул эзелтен берки жигиттик, жоокерлик парыз. Андай болсо, улуу революция кантип болот эле? Гитлерди кантип жеңет элек. Тетиги досуң экѳѳң керт башыңарга түшкѳн майда-барат жүктү кѳтѳрѳ албай турмушта кезиккен жамандыкты атайын калбырлап алып, жалаң ошону менен жан багат окшойсуңар. Бирок силердики жаңылыш… жалган турмуш… Менин башыман нелер ѳтпѳдү дейсиң. Айтып олтурсам, чачың агарат… Бирок анын бардыгы убактылуу, чоң жолдогу уңгул-чуңгул тоскоолдор. Моторуң күчтүү болсо, ага карабастан жаркыраган күндү кѳздѳй зырылдап кете бересиң… Ал эми кайратың болбосо…

(Азиз кѳзүн жуумп чайпала түштү да, олтуруп калды. Мен аны кармап калдым).

М е н. Эмне болуп кетти?

А з и з. Эчтеке эмес. Кѳзүм бир аз караңгылап кетти… азыр басылат.

(Ал башын силкип алды. Мен анын алдына чѳгѳлѳй калып, алаканын чекеме бастым).

М е н. Кечир мен… Мен куруюн… Ѳтѳ кара мүртѳзмүн. Адамдардын баарын жек кѳрѳм. Күйүткѳ, ызакордукка батып, тѳрѳбѳс болуп калгандыктан дүйнѳнү жек кѳрүп, адамзаттан ѳч алгым келсе керек!

(Ал менин башымды кѳкүрѳгүнѳ бекем кысып, чачымды ѳпкүлѳдү. Мен анын жүрѳгүнүн сокконун тыңшап жаттым. Кѳпкѳ чейин үн каткан жокпуз).

(Шыбырагандай аста). Эмдигиче кайда жүрдүң? Сени мен ѳмүр бою күтпѳдүм беле! Бирок менин шорума башкалар келип, адал тилек, ак ниетиме суу сээп, жүрѳгүмдүн жалынын ѳчүрүп жүрүшпѳдүбү?

Мына эми сен келдиң… Ѳзүң менен, сени менен гана болгум келет… Бирок кантейин?! Эмне үчүн кеч келдиң? Дүйнѳ ушундай жаралган экен да?! Бирѳѳлѳр сүйүү деп, бала-чака деп, бак-дарак ѳстүрѳм деп умтулса, бирѳѳлѳр бири биринен коркконунан бомба чыгарып, жер бетине ажалдын уругун сепсе, сага окшогон асылдар курмандыкка кетет экен да!

О, армандуу дүйнѳ?! Мен сени эч качан унутпайм… Жүрѳгүмдүн толтосуна бекем катып, ар намыс, үмүт-тилегим менен бирге сактайм. Сенин ак ниет, адал тилегиңе рахмат. Сен мени каран түндѳн, баткак кѳлдѳн сууруп чыктың… (Азизге). Мен сени келбесе экен дедим, бирок күттүм… Кааласаң палатаңа барып, жаныңан чыкпайм.

А з и з. (башын чайкады).

М е н. Каалабайсыңбы?

А з и з. Руксат беришпейт…

М е н. Жакшылап сурансакчы?

А з и з. Жакшылап сурансак да руксат беришпейт…

М е н. Кантип эле… Балким… Ооба… Түшүндүм… болбойт…

М е д с е с т р а н ы н үн ү. О, ой агай сиз кайдасыз?!

А з и з. Издеп жүрүшѳт, мен барайын…

(Азиз ордунан туруп, колун сунду).

М е н. Узатып коѐюнбу?

(Экѳѳбүз кѳлдү жээктей бастык. Толкун шуулдап, ак чардактар жапыз учуп чыркырады, кѳл жээги ээн калды. Бир аздан соң Искендер келди… Ал чакадагы балыкты кѳтѳрүп чыгара берди).

И с к е н д е р. Нази –и!

(Эч ким жооп кайтарган жок).

И с к е н д е р. Нази-и! Кайда-асың?

(Искендер барып машинени ачып карады да, анан жээкке келди).

И с к е н д е р. Нази-и! (Жооп жок. Ал жээкте аркы-терки чуркап, мени издеп жүрдү. Анан кайыкка басып барып, бир аз отурду да, андан туруп, мен кеткен тарапка бет алды. Мен алачыктын жанына келип чакадагы балыкты кѳрүп, Искендердин келгенин билдим, машинеге барып, чемоданым менен буюм-тайымымды жыйыштыра баштадым. Анан маймылды бир азга тиктеп туруп, чемоданга салдым. Ары жактан ачуулана баскан Искендер келди да, кепти эмнеден баштарын билбей калды).

И с к е н д е р. Кайда жүрдүң?

М е н. (Эмне айтарымды билген жокмун. Ал менин жаныма келди).

И с к е н д е р. Кайда жүрдүң дейм?

М е н. Жээкте…

И с к е н д е р. Эмне кылып?!

М е н. Киши узатып…

И с к е н д е р. Кимди?

М е н. Бир жигитти…

И с к е н д е р. Ал кайдан түшкѳн неме экен?

М е н. Асмандан…

И с к е н д е р. Жалжактабай жѳн сүйлѳ!

М е н. Макул.

И с к е н д е р. Ал ким экен?

М е н. Адам…

И с к е н д е р. Жалжактаба дебедимби!

М е н. Болуптур.

И с к е н д е р. Аякка эмнеге бардың?

М е н. Баргым келди.

И с к е н д е р. Анда эмне кайта келдиң?

М е н. Кетейин деп.

И с к е н д е р. Кайда?

М е н. Сен жок жакка.

И с к е н д е р. Канчага?

М е н. Түбѳлүккѳ.

И с к е н д е р. Анда жолуңуз шыдыр болсун…

М е н. Рахмат.

(Искендер барып кайыкка отурду да, тамеки түтѳтүп кѳлдү тиктеп калды. Мен барып машинеден чемодан алганымды байкаган жок).

М е н. Чоң жолго жеткизип койчу…

И с к е н д е р. Дѳңгѳлѳк жарылат…

М е н. Болуптур… Жакшылыгыңа рахмат.. Жѳѳ деле кетем…

И с к е н д е р. Ак жолуң ачылсын?!

(Мен чемоданды кѳтѳрүп жолго түштүм. Ал бери бурулуп менин кетериме кѳзү жеткенде, кууп келип чемоданды жулуп алды).

М е н. Коѐ бер мени, Искендер!

И с к е н д е р. Болду эми… Ошончо коркутканың деле жетет.

М е н. Коркуткан жерим жок.

И с к е н д е р. Кана, эмне болду?

М е н. Бир иш болду.

И с к е н д е р. Кандай иш?

М е н. Башка адамга жолуктум.

И с к е н д е р.  Качан?

М е н. Жана. Ушул жерден.

И с к е н д е р. Жанагы немегеби? (Санатория жакты жаңсады).

М е н. Ооба.

(Искендер мени ийнимен тартып ѳзүнѳ бурду да, кѳзүмѳ кадала тиктеп туруп, каткырып күлдү).

И с к е н д е р. Тамашаңдын күчтүүсү айе?

(Ал мени да күлѳт деп ойлосо керек, менин антүүгѳ дитим чапкан жок. Ошондо ал мостоё калды).

И с к е н д е р. Чын элеби?

М е н. Чын.

И с к е н д е р. Сен аны менен болдуңбу?

М е н. Мен ошону менен болдум.

И с к е н д е р. Ал азыр кайда?

М е н. Санаторияда … (Искендер машинага барып колуна темир алды).

И с к е н д е р. Мен аны ѳлтүрѳм! (Анын кѳзү карышкырдыкындай балбылдады).

М е н. Кечигип калдың.

(Искендер жаныма келип, чачымдан алганда, ооруганына чыдабай чѳгѳлѳй калдым. Анан ал ээгимден кармап ѳзүнѳ тартты).

Искендер. Ойнуңбу?

Мен. Чыным.

Искендер. Уу, Канчык!

(Ал мени чачымдан кармап аябай сабады. Бардык кайгы-капасын, ичиндеги бугун менден чыгарайын деди окшойт).

И с к е н д е р. (уруп). Философия керек экен да сага, э? Мына сага, философия! Миң адам үчүн ѳлгүң келет ээ! Мына сага ѳлүм! Адамдардын кандай экенин билгиң келет ээ? Мына сага адам! Эми кете бер! (Чемоданды ыргыта тепти да кѳл жээкке басып барып, ары карап отуруп тамеки күйгүздү.

Мен ордуман тура албай калдым. Колум абдан ооруганынан ыйладым).

М е н. Бул эмне кылганың?

И с к е н д е р.  Жогол!

М е н. Калп эле кыйкырба… Негизи, ак кѳңүл, ак ниетсиң да…

И с к е н д е р. Жогол дейм!

М е н. Сен жакшы адамсың, бирок аны ѳзүң да билбейсиң…

(Ал тескери бурулуп, мени да уккусу келген жок).

М е н. Ак кѳңүл экениңди билсең эч качан минтпейт элең.

И с к е н д е р. (тамекисин түкүрүп таштады. Мен ѳксүп ыйлай бердим, колумдун ооруганына жана ызага чыдабай ыйладым. Эмне үчүн ушунчалык урду мени. Чемоданымды ала албай жатып, араң ачтым да, күзгү алып чачы башымды оңдоп, жашымды сүрттүм. Искендер ордунан туруп жакын келди).

И с к е н д е р. (жалооруй). Ооруп калдыбы?

(Мен башымды ийкедим. Ал менин ооруган колумду жумшак эриндери менен ѳптү да башыман сылады).

И с к е н д е р. Уялбайсыңбы? Сага эмне бир эркек аздык кылабы?

М е н. А ѳзүңѳ бир аял жетпейби?

И с к е н д е р. Мени эркек дейт.

М е н. Мени аял дейт.

И с к е н д е р. Шылдыңдаба, Нази! Мен деле адаммын. Менде да жүрѳк, менде да намыс бар… Болду эми, жакшылап сүйлѳшѳлүчү?

М е н. Макул.

И с к е н д е р. Айтчы, деги, эмне болду?

М е н. Ѳмүр бою издеп жүргѳн кишиме жолуктум.

И с к е н д е р. Эмне сага үйлѳнѳм дедиби?

М е н. Ал жакында ѳлѳт…

И с к е н д е р. Оорукчан бекен?

М е н. Оорукчан…

И с к е н д е р. Анда сен кантесиң?

М е н. Кантмек элем… Түндүк уюлга, ак аюунун арасына кетем… Жаңы чыйыр издейм… Быякка кемпир болгондо гана кайтам.

И с к е н д е р. Анда мен ичип кетем…

(Анын оозунан мындай кеп чыкканын биринчи угушум. Калп айтат го дегендей тиктесем, анысы байкалган жок. Ал менин колумду кармады).

М е н. Коѐ бер, Искен, эми мунун кажети жок.

И с к е н д е р. Мен сенсиз жашай албайм…

М е н. Сен кызык адамсың, ѳтѳ татаал…

И с к е н д е р. Бирге кетелиби? Кааласаң сооданы таштап, пединститутту бүтүп мугалим болом. Экѳѳбүз бирге болсок, кыйналбайсың. Сен үчүн колумдан келгендин баарын аябайм, баарын жасайм… Окуйм десең оку, ырдайм десең ырда…

М е н. Кечигип калдык, Искен…

Искендер. Кеч эмес, Назыш… Бактылуу болобуз.

М е н. Экѳѳбүздүн коколой башыбыз бактылуу болбойт, зеригип кетебиз…

И с к е н д е р.  Кааласаң улуу баламды ала кетебиз, аны сен ѳз балаңдай сүйсѳң, жакшы бала. Эбак ушундай кылсам болмок… бирок, ойлочу, отуз беш жашымда бала-чакамды таштап, баса бериш оңой дейсиңби? А бирок кантем! Сен үчүн баарына бел байлайм, сенден ажырап, сенсиз жашагым келбейт! (Ал менин колдорумду ѳпкүлѳдү. Мен унчукпай тура бердим). Жоодураган кѳздѳрүңдѳн айланайын сенин. Сенден башка, эки баламдан башка, эмнем бар? (Машинесин кѳрсѳтүп). Мына булар дейсиңби? Атасынын кѳрү. Бардыгын таштайм. Бардыгын кайра баштайбыз. Сен менин жаркыраган шооламсың, сен кетсең, турмушум каран түндѳй түнѳрүп калат. Жалдыратпачы, мени, берекем, кечир мени. Сен деп айла кеткенде жанагы жорукка барып отурбаймынбы. Болду эми. Унуталы аны! Мындан кийин сен деп катуу айтсам нан урсун!

(Ал менин буттарымды ѳпкүлѳдү. Мен кѳзүмдү жумуп, рахатка батып турдум).

М е н. Сен мени сүйѳсүңбү, Искен?

И с к е н д е р. Жаным менин! Шоолам менин!

М е н. Сен жѳлѳк болосуңбу мага?

И с к е н д е р. Караңгы түндѳ жанган чырагым менин!

М е н. Экѳѳбүз бактылуу болобузбу?

И с к е н д е р. Болобуз! Болобуз! Каралдым!

(Мага кубаныч келди окшойт).

Асман кѳгүлтүр, тунук…

Жер бети кѳгүлтүр, тунук…

Кѳл үстү кѳгүлтүр, тунук…

Ѳзүбүзгѳ да кандайдыр кѳгүлтүр шоола тийгендей болду…

 

БЕШИНЧИ БѲЛҮК

Бүгүн асман бүркѳѳ… Күндүн чыкканын да кѳргѳн жокпуз. Кѳл үстүндѳ кара булуттар самсаалап, асман кымтырай баштады. Искендер машинасы менен алек болуп, мен майда барат буюмдарды жыйнаштырып жаттым. Бүгүн биз шаарга кетебиз. Кандайдыр алыстан күндүн күркүрѳгүнѳ окшош добуш угулду. Искендер башын кѳтѳрүп тыңшады.

И с к е н д е р. Самолет го. Эми эрте жазга чейин күн күркүрѳбѳйт. Күз келбедиби. Тоо бетине карбы, мѳндүрбү жаап жатат окшойт…

(Мен тоо тарапты карадым. Салаңдаган коюу булуттун арасынан жаңы эле айран шыбагандай агарган тоонун чокулары кѳрүндү. Мен буюм-тайымды машинага салып, чатырды бекиткен кызыктарды суура баштадым).

И с к е н д е р.  Тим кой, келеркиге чейин кала берсин. Арча казыктар… Жакында Таластан атам замандагы табыт табылыптыр. Кишинин сѳѳгү чирисе да, табыт чирибептир. Арча бузулбайт эмеспи, кадимкидей экен…

(Мен казыктарды таштап машинага келдим. Искендер бир темирди кармап туруптур, колунун баарысы кара май экен).

И с к е н д е р.  Бетимди аарчып койчу?..

(Мен жүз аарчым менен анын бетин сүртүп, чачын оңдоп койдум. Ал менин мойнумдан ѳѳп, кучактамак болгондо, буйтап кеттим).

И с к е н д е р. Эртеден бери унчукпайсың?

М е н. Түн бою сүйлѳшүп чыкпадыкпы… Эс алалы!

И с к е н д е р. (жылмайып). Же айнып турасыңбы?

(Мен аны карап калдым. Ал менин кѳзүмѳ кандайдыр күлкүлүү да, жылдыздуу да кѳрүнгѳнсүдү. Мен жылмайып койдум. Искендер да күлүмсүрѳп туруп, машиненин алдына кирип кетти. Анан бир тетигин оңдоп кайра чыкты да, машинени от алдырды).

И с к е н д е р.  Мына, иш жайында! Азыр колду жууп туруп, анан «тайбуурулдун» таскагын кѳрѳбүз… Ошондо, ак булутту аралап, артынан түтүн сабалап, ызылдайбыз!

(Искендер самын алып кѳлгѳ басты). Карачы, ай, кайыкчан бирѳѳ жоолук булгалап жатат. (Мен сестене түштүм).

И с к е н д е р.  Аял окшойт. (Ал колун булгалады).

(Биз күтүп калдык. Жээкке келип токтогон кайыктан ак халатчан кыз кѳрүндү. Ал кайыктан секирип түшкѳндѳ бутун сууга тийгизип алды. Жакындаганда карасак, ак жуумал тарткан, арык чырай кыз экен. Биз аны таңдана тиктедик).

К ы з. Мен Назини издеп келдим…

(Искендер мени кѳрсѳттү. Кыз мени карай басты).

К ы з. Сизге бирѳѳ кат берди…

(Кыз мага конвертти сунду. Искендер колун жуубай бизди карап калды).

А з и з д и н үн ү. (кат).

Нази! Кечинде мага жаңы кан куюшту, ошондон тартып начарлай баштадым. Кыязы, акыркы кыйналышым го. Академик Павлов ѳлүп баратканда ассистентине ѳзүнүн сезимдерин айтып жаткан экен. Мен андай окумуштуу да, жазуучу да, жада калса ата да эмесмин, демек, илимий жаңылык ачып китеп жазганым жок, артымда туяк калтыруу да колумдан келбей калды. Ошол себептен адамдарга ѳз акылымды айтып кетейин дедим. Адамдын ѳлүмү кѳпкѳ созулса, ал турмушту ойлоно берип философ болуп кетет окшойт. Адам тѳрѳлгѳн соң качан да болсо ѳлѳт.

Бирок адам, ба деп тѳрѳлгѳндѳн тартып акыркы демин тартканга чейинки ѳмүрүнүн ичинде, жерде каларлык бир иш аткарыш керек, адам ошол үчүн тѳрѳлѳт жана ошол үчүн жашайт. Ал эми ошол максатты аткарып койгон соң, жашоонун деле кѳп зарылдыгы жок деп ойлойм. Кыязы, мындай ой адамдын башына ѳтѳ кыйын иш түшүп, эс акылың жайында болсо да акырындап ѳлѳ баштаганда келет окшойт. Ал эми мындай абалга чанда бир адам кабылат, ошондуктан кээ бир адамдар жашоодогу негизги максатты билбей, күнүмдүк майда-чүйдѳгѳ корстон болуп асманды ыштап жүрѳ беришет кѳрүнѳт.

Дагы бир айтаарым. Жер жүзүндѳ аппак акактай адам жок. Бузукусуз, жамандыксыз, кара мүртѳздүксүз турмуш жок. Бирок ошол кара ниеттикке жол берген адамдын ѳзү кара ниеттиктен он эсе жаман, он эсе зыяндуу. Бузукулукка жол берген адам, ошондон жүз эсе күчтүү бузукулук жасаган болот… Адам баласы негизинен ак пейил жана тунук, жакшылыктан эч качан үмүт үзбѳ! Ошондо ѳз ичиңдеги жаман ойдон арылып, жүзү каралык менен күрѳшүүгѳ дармандуу болосуң. Менин ѳчкѳн ѳмүрүм сага күч кубат берип турсун, Нази… Айтаарым ушул.

Катым бир аз жашык болуп калды окшойт. Ѳтѳ кайраттуу болсо да калп болуп калат эле. Анткени, бир аздан кийин жүрѳгүм сокпой каларын билем. Кош бол, чырагым Нази. Менин сүйүүм түбѳлүккѳ мени менен калат.

(Алыстан мотордун күрүлдѳгѳн үнү уламдан улам күчѳй берди).

М е н. Качан алып кетишет…

К ы з. Азыр…

М е н. Шайы… тилге келеби?

К ы з. Жок.

(Искендер бизди карап турду, бирок экѳѳбүздүн сѳзүбүздү уга алган жок).

М е н. Канчадасың?

К ы з. Он жетиде.

М е н. Жигитиң барбы?

К ы з. Жок.

М е н. Эркектер менен болдуң беле?

К ы з. Жок.

М е н. Чын айтасыңбы?

К ы з. Ал эмне дегениңиз?

(Ал мага таарына калды. Мен ага катты сундум).

К ы з. Бул кимге?

М е н. Сага.

К ы з. Мен муну эмне кылам?

М е н. Чоңоё түшкѳндѳ… Кокус адамдар кѳзүңѳ шумдук болуп кѳрүнѳ баштаса ушу катты оку.

К ы з. Ошондой болобу?

М е н. Болот.

(Вертолёттун үнү күчѳй берди. Анын дабышы жакындаган сайын Азиздин акыркы сѳздѳрү кулагына даана угулгансыды).

А з и з д и н  ү н ү. Кош бол, Нази. Менин сүйүүм түбѳлүккѳ кала –ат!

(Вертолёттун дабышы жакындады).

А з и з д и н  ү н ү. Чырагым, Наа-ази-и!

(Вертолёттун дабышы анын үнүн каптап, кѳлѳкѳсү биздин үстүбүздѳн ѳтүп кетти).

М е н. Ази-ииз!

(Вертолёттун артынан жүгүрүп баратып, жыгылдым. Вертолёттун карааны алыстай берди. Мен анын дабышы угулбай калганча жата бердим. Жаан дабырап себелей баштады…

Башымды кѳтѳрдүм. Искендер менен кыз аң-таң болуп мени карап турушуптур. Искендер жайбаракат жаныма келди).

И с к е н д е р. (жалооруй). Эми бүттүбү?

М е н. Бардыгы бүттү… (Мен машинага барып чемодан менен маймылды алдым).

И с к е н д е р. Жамгыр тѳккѳнү турат…

М е н. (үн катпай жолго түштүм, ал артыман жетти).

И с к е н д е р. Кайда барасың?

М е н. Билбейм…

Мен кѳл жээктеп келе жаттым. Бир колумда чемодан, бир колумда тукаба маймыл. Шамал ышкырып саамайымды сеңселтет. Жамгыр тѳгүп бетимди чайыды. Толкундар шуулдап менин аягыма жүгүндү. Кулагыма кандайдыр симфония угулгансып, кѳлдүн онтогон үшкүрүгүн басты. (Сахна караңгылайт. Кайра жарык болгондо Нази оюндун башындагы кейпинде чыгат).

Н а з и. Азиз шаарга келип курман болду… Искендерди ошол бойдон кѳргѳнүм жок. Үй-бүлѳсүнѳ кайткандан кийин, аялы экѳѳ менден кечирим сурап кат жазыптыр.

Жылдар ѳттү, бирок Азиздин кѳз жаштай тунук ниети, анын ѳчпѳс элеси мага шооласын тѳгүп маңдайыма ар дайым Чолпондой балбылдап турат.  Айтаарым; Кокус жер үстүн күңүрт туман басып, ак жаан нѳшѳрлѳсѳ да күн чайыттай ачыларына ишенгиле! Кандай окуя гана болбосун жаркыраган адамдар бар экенин унутпагыла!

Соңу.