“МАНАС ДУХтун” духундагы маек

2020-жылдын 6-ноябрында саат 11:00дө “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 8/1, 8/2 (Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде) Жедигер Саалайдын жаңы “МАНАС ДУХ” китебинин бет ачары болот. Буга байланыштуу автордун Айнура Майрамбек кызы менен болгон маегин назарыңыздарга тартуулайбыз:

 

Айнура:

 – Жедигер агай, жаңы китебиңиздин чыгышы менен куттуктайм!

Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы жана ошол эле учурда чыгармачылыгыңызды таштабай кошо ала жүргөнүңүз чынында мактоого арзыйт.

Китепти колго алганда эле көп окурмандын суроосу “Эмне үчүн “МАНАС ДУХ”?  “Дух” деген сөздү нукура кыргыз тилинде жазса болот беле дешет?

 

Жедигер Саалай:

–       Чынында ар бир тил башка тилден кирген сөздөр менен байып турары тил илиминде да эзелтен далилденип келген талашсыз чындык. “Дух” деген сөздү мен кыргыз тилине орус тилинен кирип, кадимкидей пайдаланылып жүргөн ошондой сөз катары колдондум. Туура, бул сөздү “рух”, “дем” ж.б. деп которсо болот. Бирок менин жеке пикиримде ал сөздөр “дух” сөзүнүн толук маанисин билдире албайт. Мисалы: “башка элдер кыргыздардай революция жасаганга духу жетеби!” деген суроодо “дух” сөзүн башка синоним менен алмаштырып көргүлөчү! Өзүңөр ыраазы болбой калдыңарбы? Демек, ошондой! “Дух” деген “дух”!

 

“МАНАС ДУХтун” өзгөчөлүгү

Айнура:

–        Сизди буга чейин ар кайсы жылдарда чыккан: “Жөрөлгө”, “Башат”, “Аргасыздык ырлары”, “Аттануу”, “Аламан”, “Арыбагын, Күн!” жана “Ак куулар” ыр жыйнактарынын, “Бакдөөлөттүн жазы…” илимий-публицистикалык китептин, бир катар очерк, пьеса, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору катары жакшы билебиз. Бүгүнкү “МАНАС ДУХ” китебинин өзгөчөлүгү эмнеде?

Жедигер Саалай:

– “МАНАС ДУХтун” өзгөчөлүгү – духунда. Аты уйкаш ырда жазылгандай:

“… Эси жокко жарашкыс,

Эрдигим бар талашсыз.

Манас жол бар кыргызда,

Ойноп турат Манас дух.

Манас барда – кыргыз бар,

Колдоп турат Манас дух!”

 

Китеп бир сөз менен айтканда мекенчилдик темасына арналган. “Мен – кыргызмын” дегендер ушундай аталыштагы жана башка поэмалар менен ырлардан ата журтту даңазалаган, элди-жерди сүйүүгө чакырган ураан ырлардын үлгүлөрүн таба алышат. Элибиздин өткөнү, бүгүнкү күнү, келечеги жана жалпы эле ата-бабаларыбыздын, кайып дүйнөнүн, космостук энергия түрүндөгү Манас ааламынын өз урпактарынын жашоо-турмушундагы ролу чагылдырылат. Тарыхыбыздагы тарбиялык мааниси зор окуялардын мисалында бүгүнкү кыйчалыш, оош-кыйышы көп өткөөл доордо ата-бабаларыбыздын Манас духун, нарк-нуска, мыкты каада-салттарын, адамгерчилик сапаттарын жоготпоо, ниет-пейилди оңдоо чакырыгы ташталат.

 

Айнура:

 –       Агай, чынында мени чыгармачыл, журналист, албетте юрист, бирок болгондо да акындын КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болгондугу бир четинен таң калтырат. Конституциялык палатанын функциясы – конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган эмеспи. Ушундай жооптуу кызматты аркалоодо чыгармачылык менен да алектенүү оор эмеспи?

 

Жедигер Саалай:

– Албетте, жеңил эмес. Мен мыйзамга ылайык Сот тандоо кеңешинин бардык сынактарынан татыктуу өтүп, парламентте КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына келгенимде көп эле журналист кесиптештерим билер-билмексендикке салып, жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул суроонун тегерегинде көп чуу көтөрүштү. Мен унчукпай тим болдум. Азыр сен дагы ушундай собол таштаганыңдан кийин жооп берейин: бардыгыңар КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуу үчүн өтө катуу талаптар, сынактар бар экенин эстен чыгарып жатасыңар. Биринчиденден, бул кызматка жогорку билимдүү юрист, ошондой эле бул адистикте 15 жылдан кем эмес иш стажы бар, жаш курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган адам талапкер боло алат. Бул талаптын бардыгына менин эмгек жолум, иш тажрыйбам туура келди.

Туура, журналист кесиптештеримдин айрымдарындай эле жалпы коомчулук да мени улуттук туңгуч, өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитине эки ирет башкы редактор болгон, улуттук университеттин журналистика бөлүмүн, кийин факультетин жетектеген, теледе, радиодо да иштеп кеткен журналист катары эле чектеп коюп жатасыңар. Ал эми юридикалык экинчи адистигим менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, ошол эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунда да кафедра жетектеп, директордун орун басары болуп иштеп жүргөнүмдү, кийин Чүй университетинде да ректор, профессор болуп, болочок юристтерге сабак берип жүргөнүмө көпчүлүк маани бербеген окшойт. Ошондой эле кыргыз укук таануу илиминде мен биринчи болуп мамлекеттик тилде кандидаттык диссертация жактаган окумуштуу экенимди юридикалык коомчулук жакшы билет.

Экинчиден, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына ошондой жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынан талапкерлигин коюуга мыйзам уруксат берет. Мен дал ушул категория менен судьялыкка өттүм жана кечээ жакынга чейин КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасында юридика илимдеринин жалгыз кандидаты болуп келдим. Жакында гана биздин судьялардын катарына илимдин бир доктору жана дагы бир кандидаты келип кошулушту.

Албетте, өзүң белгилегендей, конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруу органында иштөө өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ошентсе да жан дүйнөңө жай бербеген ойлорго чыгармачылык шыгы менен ар кандай эстетикалык формада жооп издөөгө ар бир адам, ар кандай учурда убакыт табат болсо керек деп ойлойм…

 

Айнура:

 –       Жедигер агай, ар бир ийгиликтүү мырзанын аркасында күчтүү айым турат дешет. Сиз буга кандай деп жооп берет элеңиз. Акынга дегеле чыгармачыл адамга өмүрлүк жар болуш оңой болбосо керек?

 

Ж.Саалай:

– Эң туура. Жубайым Токон эжең – жогорку билимдүү экономист. Өмүр бою банк системасында иштеп, кийин Улуттук университеттин экономика факультетинде окутуучу болуп жүрүп, азыр ардактуу эс алууга чыгып, неберелерибиз менен алек болууда.

Өзүң айткандай менин чыгармачылык “чыргоо мүнөзүмө” дээрлик 40 жылдан бери чыдап келе жатат. Кудай буюрса эки жылдан кийин биздин баш кошконубузга туптуура 40 жыл толот. Токтобүбү Мамыркуловнаны элдин бардыгы мен эркелеткенимдей “Токон” деп чакырышат. Жеңең эки уул, эки кыз төрөп берген. Тилекке каршы бир уулубуз төрөт учурунда чарчап калган. Азыр байбичем экөөбүз эки небереге чоң ата, эки небереге таята болдук. Ушунча жылдан бери мага чыдап, чыгармачылыгымды өркүндөтүп келе жаткан жеңеңерге чындап эле ыракмат!

Уул-кыздарым чоңоюшту. Кудайга шүгүр эл катары. Өздөрү жөнүндө жарыя айтканды жактырышпайт. Андыктан алар тууралуу сөз кылбай эле коёюн. Кудайга шүгүр, балдарыбыз жаман эмес.

 

Айнура:

– Кызыктуу маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем! Ишиңизге ийгилик каалайм!

 

Айнура Майрамбек кызы

Ноябрь 2020-жыл.