Малик Отарбаев: Бүр ачуу (аңгеме)

Казак адабиятынан

Малик Отарбаев

Бүр ачуу

Аңгеме

Сүттөй жарык айлуу түндө кең талааны баштарына көтөрө, алка-шалка түшүшүп, күүлдөшүп отурушкан. Күлкү аралаш кызуу аңгемеге кара макмалдай көөлгүгөн айлана да кулак түрүп калгандай. Кээ-кээде домбура чертилип, ыр ырдалат. Бүтүндөй купуя сырга толгон коңур обон тилсиз табигатты терметип, тоо менен таштын жүрөгүн жибиткендей.

Капыстан…

Кулакка дүп ургандай жымжырттык орноду. Айлана-тегерек демин ичине тартып, жымжырт боло түштү. Жанагы эле көңүлдүү аңгеме да эми жалкоо кишинин кыбыраган кыймылына окшой түштү.

Тымтырс түндүн жымжырттыгы жасмыктын данындай болгон жүрөгүн жанчып, көңүлүн коркунуч тооруду. Мындайда заңкылдап тула боюңду дирилдеткен байкуш сүтактын да үрөйү учкан үнү үзүлдү…

Белгисиз бир туңгуюк сезим улам-улам терең иримине тартып, тумчуктуруп бара жаткандай. Көркөм токойду сыдырып, калың бадалды шыбыратып өтүүчү күзгү жел да тыйылган. Караңгылык коюуланып, көз алдыңа көр азабын элестетип тургандай.

Айланасына таңыркай карайт. Көзгө сайса көрүнгүс көөдөй караңгылык. Эрини дирилдеп, суру кача баштады. Кандайдыр бир оор сезим көөдөнүн коргошундай жанчып барат.

Эс-мас боло башын көтөрдү. Түпсүз асмандагы жап-жарык жылдыздар жарыша көз кысып, жымың-жымың этет. Алар муну алдын-ала жубатып, күн мурунтан бир балээнин болорун туюндуруп, бирок аны өздөрү узак убакыттар бою жашырып келген сыяктуу.

Кыямат-кайымда жандана турган Сурнайдын доошу ошол маалда таасын угулгандай болду. Сырдуу көктөн чыныгы акырзаман каптап келе жаткандай көрүндү.

Бийик зоодон кулаган зор-зор таштар жер бетиндеги тиричиликтин талканын чыгарып, бүткүл дүйнөнү жер менен жексен кылды. Таш добулунун астында калган чарасыз жандар алыстагы бийик дөбөнү көздөй жанталашып качканы менен жете албайт…

Тырмактары түбүнөн аңтарыла жаздап, чокунун башына араң жөрмөлөп чыкты. Жан-жагына көз салып, досторун издеди. Шумдук!.. Тирүү жан жок. Деми кыстыгып, алиги чокунун башына эт-бетинен түшүп жата кетти. “Кыямат кечкен ааламдын мындан кийинки жагдайы кандай болор экен?”-деп ойлоду камыгып.

Анткен менен, мобу бир демге сыярлык табышмактуу тиричиликтин болгон кызыгы али алдыда турган…

Бийик дөбөнүн аркы бетинде мармардай жаркыраган ак деңиз толкуп жатыптыр. Айлана тегиз көрүнүп, көк асмандан түрлүү-түстүү боёктору менен көздү карыктырган күн желеси көрүндү.

Дүйнө жап-жарык!

Көгүлтүр деңиздин ары жагында суу перисиндей көккө умтулган алты мунаралуу мечит аппак нур чачып туруптур. Бул – нагыз адам эңсеген жер киндиги го!

Боюн калтыраткан коркунуч бир паста басаңдап, көөдөнүнө кубаныч толуп чыкты. Ылдый түшүп, мармар деңиздин ак мончок чачкан жээгине жетүүгө ашыкты. Көгүлтүр айдыңда калт-калт этип, теңселип турган кайыктагы ак кийимчен адам аны өзүнө кол булгап чакырды.

-Кел, балам! Коркпо! Сен аман калдың!..

 

*******

Ал эңгиреп ыйлаган апасынын аянычтуу доошунан чочуп ойгонду.

Төптөгөрөк жүзү муңайган аппак Ай дир-дир этип, ип-ичке жиптей дирилдеген күмүш шооласы менен жүрөгүнө сулууланган сезим өрмөктөрүн токугандай балкып жатыптыр. Аттиң…аттиң, күн сайын кайталанчу уруш-кериш, убайым, бейкутсуздук, ачуу муң периште көңүлүн ого бетер астырып, ансыз да суру качкан өмүрдөн түңүлдүрүп жибергендей болду. “Качан бүтөөр экен бул шумдук?!”,-деп төшөгүнөн учуп турду.

-Төлөш, кулунум-ай!-деп зарлаган апасын көргөндө, Төлөгөндүн мууну бошоп, көзүнө мөлтүр жаш толду. – Атаң бүгүн да тоюп келип, үйдү алдын-үстү кылып кетти. Кудайым ай, ушул кордуктун бүтөөр күнү болобу?!

-Апа, ыйлабачы. Койчу,-деп ал апасын соороткон болду. Жууркан чүмкөнүп, көздөрүн жалдыратып жаткан ини-карындашы Төлөгөндүн үнүн угуп, апасына умтулушту, экөө эки жагынан капшыра кучакташты.

Антсе да, Төлөгөн бүгүнкү көргөн түшү кооз закымдай элес-булас болуп, көңүлүнө ажайып из калтырып өткөнүн сезди. “Кол булгап чакырган ак кийимчен адам ким болду экен?..”-деген бир жаркын ой жан-дүйнөсүн жапжарык нурга бөлөп тургандай. Албетте, ал атасынын алсыздыгына, өз үйүнүн ыркын өзү бузган наадандыгына наалыды. Бирок, ага ичинен жаны ачып: “Мунуңду кой деп айтчу кудурет табылар бекен сага?..”-деп ойлонду кыйналып.

Мектепти араң бүтүргөн Төлөгөндүн келечекке деген үмүтү күнүмкү оор тиричиликтин зилдей салмагын көтөрө албай, быт-чыты чыккандай көрүнчү. Ал окууну улантууну, чет элге билим издеп чыгып кетүүнү эңсегени менен, үйдө кала турган апамдын, ини-карындашымдын эртеңки күнү кандай болор экен деп аяңдайт. Ошондон уламдыр, кээ күндөрү көөдөнүндөгү ууз тилеги бул дүйнөдө орундалбай турган кыялдай болуп көрүнөт. “Окууга кетсем, ини-карындашыма ким каралашат?.. Көп болсо, апам менен бирге базарга чыгып азын-оолак бирдеме сатып, тыйын-тыпыр таап, бир туугандарымды окутармын”,- деген дармансыз ойдун жетегинде өзүн-өзү жубаткандай болот.

Тагдырдын жазмышына үнсүз көнүп, таң азандан апасы экөөнүн чаар сомкени колдошо көтөрүп базарга чыккан күндөрү кут учурган бир элес сыяктуу көрүнөт. Жазында башыңдан ысыган күндүн аптабы, кышта таманыңдан сыз өткөн суук мезгилдерден ашкан азап барбы бул дүйнөдө? Мына, ушул азапка амалсыз көнгөн апасына жаны ачып, болгон кайратын боюна жыйып, болочокто ушулардын баарынын кайрымын кайрып, баарыңарды тең бакытка бөлөйм деп кыялданчу эле ал ичинен…

Өмүр бою облустук аткаруу комитетинин эшигин сагаалап, адилеттик издеген атасы бир жылдары ичкиликке берилип, бар тириликтен кечип кеткен эле. Ал кезде анын үй менен да, бала менен да иши жок болчу. Эмне иштеп, эмне коёрун өзгө түгүл өзү да билчү эмес.

Бирок, үй тирилигине эрте аралашып, апасына колкабыш кылып, ини-карындашына ата ордуна – ата, эне ордуна – эне болуп өскөн Төлөгөн алыс-жакындагы тууган-туушкандар түгүл, карыш жердеги кошуна-колоңго да ата-энесинин үйдө жоктугун билгизбей, баарын өзү ийгерүүгө тырышчу.

Ал түнкүсүн китеп окуганды жактырчу эле. Кээде көз айнегин чечпеген бойдон таттуу уйкунун кучагына сүңгүп кетчү. Апасы келип, көз айнегин чечип, колунан түшүп калган китебин үстөлдүн үстүнө койчу. “Балам ай, сен окубаганда, ким окуйт? Сендей акылы бар балага билим алуу керек эмеспи!”-деп маңдайынан өбөр эле.

Ушундай бир оомал-төкмөлүү күндөр таштан-ташка секирип, бууракандаган тоо өзөнүндөй токтоосуз агып өтүп жатты. Ыркы бузулган түндүктүн керегеси чайпала баштагандай болду. Ата сүймөнчүлүгүн билбей өскөн балдардын келечеги кандай болор экен деген оор ой, убайым эне жүрөгүн курч канжардай тилгилейт…

Аптап ысыгы мээ кайнаткан шилиңгир чилдеде Төлөгөн калтырап-титиреп жата турган болду. Кудайдын куттуу күнү атасы мас болуп келип, апасын урат. Төлөгөн болсо, зареси учуп, чыңырып ыйлаган ини-карындашын сооротот. Атасын тынчтандырып, төшөккө алып барып жаткызат. Бирок, ал оңойлук менен көнө койбойт…

Төлөгөн кээде айылдагы чоң ата-чоң энесине айылдап барган кызыктуу күндөрүн эстеп, таттуу кыялга батат. Көз алдына гүлдөн-гүлгө конуп, калдаңдап учкан кызыл-сары көпөлөктөр элестейт. Чоң атасынын кер бышты атына минип алып, белден келген калың бетегени как жарып тоого карай бет алып бара жаткан убактар көз алдына келет…

Капыстан короодогу алма бактын башына конуп отурган кичинекей бир куш Төлөгөндүн таттуу кыялынын быт-чытын чыгарып, кайра-кайра шакылыктап, бутактан-бутакка секирип, мазактап жаткандай болду.

Антсе да, анын эркиндигине кызыгып: “Аттиң, менин да сеникине окшош канатым болсо го! Кең дүйнөнү чарк айланып, каалаган жагыма учуп жөнөбөйт белем?!”-деп ойлоду ал.

Бир күнү кечинде Төлөгөн сыналгыдан индия киносун көрдү. Чекесинде кызыл меңи бар бир бечара аялдын кош алаканын бириктирип, башын ийип, Кришна кудайына жалынып турганын көрдү да, көзүн тарта албай, телмирди. Өзү да дал кинодогу чиеленишкен окуянын ортосунда жүргөндөй болуп, эми кимден жардам суроонун жолун тапкандай сезиминде үмүт оту тутанды. Ошондон тартып Төлөгөн да эки алаканын бириктирип, Кришнага жалбара турган адат тапты.

Мына ошентип, айласыз күнгө кабылган апасына, көңүлүн коркунуч бийлеген ини-карындашына, бул өмүрдөн күдөр үзө баштаган атасына бактылуу өмүр тилей баштады.

Ичкиликке тоюп келген атасынын көзү чарасынан чыгып, адам жечү албарстыдай болуп көрүнгөндө, Кришнага миң ирет жалынып, таяныч издечү.

Кээ күндөрү ушу тырмактай баланын да көңүлү катуу калып, өмүрдөн түңүлгөндөй болот. Атасына жаны ачып, өзүнөн башка жардам бере турган жан жок шекилденет. Кээ учурда ал: “Менин колуман эмне келет?”- деп үмүтсүздөнөт…

А күн сайын ала сомкесин артына салып, базарга чыккан байкуш энеси болсо, тагдыр азабына үн-сөзү жок көнүп, ушу баласына ичинен үмүт артып, окуусун үзбөй уланта берүүсүн Алладан тилеп жүрдү.

Бир күнү таң заарында апасы базарга жыйналып жаткан кезде Төлөгөн кечээ кечинде келген почтаны көрүп, гезиттерди тез-тез аңтарып карай баштады. Алгачкы беттеги бадырайган ири жазууларга бирден эле көзү түштү.

“Түркияда жетимиш миллион казак бар!”

-Апа, чыны менен эле Түркияда жетимиш миллион казак барбы?-деп сурады ал таң калып.

-Жок-а! Аны ким айтты?

– Түркиянын Тургут Өзал деген президенти айтыптыр!

-Жакшы, балам!.. Бар болсо, бар чыгар, ким билсин… Чоң кишилердин сөзүндө чоң маани болот эмеспи. А мен базарга кеттим. Бир аздан кийин карындашыңды ойготуп, тамагын бересиң. Мен бүгүн эртерээк чыкпасам, кечээгидей дагы автобуска үлгүрбөй калбайын,-деп апасы сомкесин көтөрүп, апыл-тапыл короодон чыгып кетти.

 

********

Айман бүгүн Төлөгөндүн калтыраган дабышынан ойгонуп кетти. Кээ-кээде мурдун тартып коюп, эки көзүн жалоорутуп көккө карап колун айкалыштырып, алда кимге жалынып отуруптур. “О, Кришна! Жар боло көр! Апама жеңилдик бер, атамды туура жолго сала көр!..”-деп коёт.

Айман чоочуп калды. Анткени, ал агасынын ыйлап, кимдир бирөөгө жалынып-жалбарып отурганын ушу күнгө чейин көргөн эмес эле. Ушу убакта Төлөгөн да карындашынын уйкудан ойгонгонун байкап:

-Эй, сары кыз! Турдуңбу? Жүр, чай ичебиз,-деди көзүнүн жашын ага байкатпай тез-тез сүртүп, дегеле эч нерсе болбогондой күлүмсүрөп.

-Ооба, агатай…

-Айман, бери карачы. Сен сыр сактоону билесиң да ээ?-деди ал андан кийин карындашынын бетинен өөп. Айман “мен баарын түшүндүм” дегендей жымыйып башын ийкеди. – Андай болсо, менин дуба кылганымды эч кимге айтпа, макулбу?

Айман дагы да башын ийкеп, кубана макул болду.

Кечки тамактын үстүндө Төлөгөн бүгүнкү гезиттен окуган жаңылыктарын айтып, түрк башчысынын алгач ирет казак элине келгенин, бир нече окуу жайларынын ачуу салтанатына катышканын айтып берди. Базар сөздөрүнөн абдан жалкыган апасы менен мурду быш-быш этип көжө ичип отурган ини-карындашы аны унчукпай угуп отурду.

-Апа, бир макалага көзүм түштү,-деди Төлөгөн эми бир кубанычтуу жаңылык айтчудай күлүмсүрөп.

-Ал кандай кабар экен, балам?

-Быйылтан баштап Түркия биздин элибизден бара турган талапкерлерге атайын орун бөлүп, жогорку окуу жайларына кабылдай баштайт экен.

Ансыз да Кудайдан күнүнө миң ирет тиленип, ушундай бир кубанычтуу жаңылык менен жакшылыкты күтүп жүргөн апасы дал ушул убакта эмне кылаарын билбегендей таң калып карады. Төлөгөн ага жалтаңдай карап, жооп күттү. Бирок, апасы узакка үн катпады…

Ошо түнү Ай көрүнбөдү. Жылдыздар да жашынмак ойногондой, купуя ааламдын бир түпкүрүнө тыгылып калыптыр. Үлп этип соккон жел бутактагы жалбырактарды шыбыратып, болор-болбос гана желпип өттү. Түн ортосунан оогондо теңселип, дагы мас болуп келген атасы ашканада корулдап, уктап жатты…

Төлөгөн болсо, түрлүү ойлорго жетеленип, көзү илинбеди. Кээ-кезде жүрөгү ачышып ооруп да кетет. Эртеңки күнү не болору белгисиз, мына бу үй ээсинин жагдайын ойлоп санааркайт. Көптөн бери жүзүнө күлкү үйрүлбөгөн апасынын ичиндеги азабын ал жакшы түшүнөт. Атасынын мурунку жайдары мүнөзүнөн тырмактай да калбай, күндөн-күнгө алсырап, өзүнө-өзү ээ боло албай баратканын ойлойт… “Байкуш атам кыш ортосунда үйгө жете албай, талаада калып калса кантебиз…”-деп үрөйү учат.

Кым-куут ойлор таң агарып атканча Төлөгөндүн алкымынан алып, кылкындырып жаткандай болду.

Таң атып келе жатканын билдирип, кошуна үйдүн кызыл корозу чакыра баштаган чакта, апасы жанына келип, ысык алаканы менен маңдайынан сылап:

-Балапаным ай, сенин Түркияга барып окугуң келеби?.. Бизди ойлоп көп алагды болбо. Бүгүн бар да, дакменттериңди тапшыр! Өтүп кетесиң… – деп, көзүнө келе түшкөн жашты бир сыгып алды. -Ини-карындашың чоңоюп калды. Эми мектепке өздөрү эле барышат…

Түнү бою мазасын алган коргошундай оор ойлордун салмагы капыстан жеңилдеп, жамгырдан кийинки булуттардай жортуп удургуп көчүп бара жаткандай болуп көрүндү Төлөгөнгө.

-Апаке, сиз мага ак батаңызды бересизби?-деди үнү дирилдеп.

 

********

“Улуу Кришна! Апама сабыр бер, а атама туура жолду насип эте көр!..”

Кудай кааласа, быйыл Төлөгөн Стамбул университетинин адабият факультетинин биринчи курсун бүтүрөт. Кетээрде көздөрүнө жаш алып, кыя албай кол булгап калган апасы менен бир туугандарын азыр катуу сагынды. Киндик каны тамган тууган жерин да эңсейт…

Атасы тууралуу көп ойлонот. Бала кезинде анын баптап даамдуу тамак бышырып берген кезин көз алдына көп элестетет. Ал күндөрү атасы анын сабагын бышыктап, ар түрдүү кызыктуу аңгемелерди айтып берүүнү да унутчу эмес эле. Бирок… кийин таптакыр өзгөрүп кетти… “Ошондой болсо да, атама ачууланбай эле коюум керек эле”,-деп күрсүнөт Төлөгөн азыр өткөн күндөрдүн бир өкүнүчүн эсине салып.

Курсташ досу Нежати экөө бир бөлмөдө ысык ымалада турат. Байбурт шаарынан окууга келген Нежати узун бойлуу, арыкчырай, шапайган, ак саргыл жигит. Анын да Ыстамбулга алгач келүүсү экен. Кээде Төлөгөнгө тууган айылын сагынганын айтат.

-Чиркин, апамдын кавут көжөсү болсо го,-деп коёт кыялданып.

Төлөгөн болсо:

-Баары бир биздин кесме көжөгө жетпейт го,-деп тамашалайт.

Ошондой чайыттай ачык дем алыш күндөрүнүн бири эле…

Терезени ачканда, Мармар деңизинен соккон жибек жел Төлөгөндүн тер чыккан маңдайынан сүйүп, аёолуу энесинин ысык алаканындай өзгөчө бир ыклас менен сылап өттү.

Дал ушул маалда сырттан ашыгып, алда немеге кубанып кирген досу Нежати:

-Бир боорум ай! Жападан жалгыз отура бербей, кана, турчу! Экөөбүз Ыстамбулга келгенден бери өз алдыбызча серүүндөп, кыдырган да жокпуз. Бүгүн Топкапы, Айя София тарыхый жайларын көрүп келбейлиби?!-деди жаркылдап, көңүлдүү үн катып. Чынында эле алар калааны ээн-эркин аралап, кыдырган эмес. Жекшемби күндөрү Төлөгөн түрк тилин жетик үйрөнүү үчүн таң эртеңден кечке чейин Йавуз Бахадыроглынын тарыхый аңгемелеринен баш көтөрбөй, окуп отура берчү.

-Ие, ошентсек дурус болот эле! Антпесе, мунубузду уккан эл бизге күлүп жүрүшпөсүн?!-деп Төлөгөн да дароо макул болду.

Андан соң экөө трамвайга түшүп, чоң калаанын бир бөлүгүн аралап өтүп, Султан Ахмет аялдамасынан түшүп калышты.

Бу кезде бешим намазынын азаны чакырыла баштаган эле. Түркияга келгени күн сайын эле угуп жүргөнү менен, дал бүгүнкүдөй уюп, жан-дилинен берилип тыңшабаган сыяктуу. Бийик күмбөздөрү көк челген таш мунаралардан жарыша чыккан азан доошу дүрр этип учкан ак көгүчкөндөр сыяктуу жан-жакка тарап барат. Заңкайган асман деңиздей толкуп, жер бетине ак мончок чачып жаткандай. Жаш жигиттин жүрөгүнө секиндеп куюлган жагымдуу обон жан-дилин терметип, көзүнө жаш келди…

Алар азан доошу чыккан жакка жүгүрүп келишти. Алдыларынан заңкайган чоң мечит көрүндү. Алты мунаралуу экен. Көз жашын кайра-кайра сүртүп, жүрөгү оозуна тыгылып, ашыгып келе жаткан Төлөгөн кубанганынан кыйкырып жибере жаздады.

-Нежати! Нежати! Мобу баягы мечит го! Карачы! Баягы мечит!..-дей берди кайталап.

-Жүрү, ичке кирип көрөлү!-деди ал аң-таң болуп. Бул белгилүү Султан Ахмет мечити го!

Мечит ичинде сап-сап болуп турган жандар гүлдөн-гүлгө конуп, ак канаттары дирилдеп учуп келип, мына бу кооз сарайдын ичине конгон аппак көпөлөктөр сыяктанат. Аларды көргөндө, Төлөгөндүн жан дүйнөсүндөгү бир сыйкырлуу домбуранын кылы өзүнөн-өзү дирилдеп, сагыныч күүсүн черте баштагандай болду. Эзелтен, анын тээ баштан сагынып, издеп жүргөнү да ушу бир күү, ушу бир ажайып сезим болсо керек. Бийик күмбөздүн астындагы баш айландырардай сырдуу көрүнүштөр ушул тапта анын жан дүйнөсүндө алааматтанган өзгөрүү болуп жатканын сездирип, таптакыр жаңы, ал билбеген башка ааламдын бар экенин уктуруп турган эле.

Кош алаканын бириктирип, башын ийип турган адамдарды көрбөдү ал бул жерден. Тескерисинче, алакандарын жайып, түпсүз көктөн учуп келе турган бакыт кушун күткөндөй дуба окуп турган нур жүздүү жандардын бар экенин сезди…

Дал эле баягы адам!..

Мечиттин кире беришинде турган узун бойлуу, ак кийимчен сырдуу киши. Кучагын жайып, Жараткан Эгебизге жалынып-жалбарынып, мунажат кылып отуру. “Түшүмдө көргөн адам го!-деп таң калды Төлөгөн. -Ким болду экен?.. Кайдан келген?..”

Анын жанына барып, ким экенин сурап-билүүгө батынбады. Тескерисинче, мечиттен чыгып кетүүгө ашыкты. Канчалык “бал ичинен бал” тандап таткандай болсо да, кайыптан көңүлүнө келип конгон ак нурдан айрылгысы келбеди. Көпөлөктүн канатындай нап-назик шоолалуу сезимди үркүтүп аламбы деп кооптонот…

Ошо күнү кечинде Төлөгөн Нежатиге өз өмүрүнүн сырын чечти.

Үй-бүлөсүнө түшкөн оорчулукту, жан сырындай сактап келген түшүн, индустарга окшошуп дуба окуп, Кришнага жалбарынган купуясын – баарын-баарын түгөл аңтарып, досунун алдына жайып таштады. Төлөгөндү муюп тыңшаган Нежати: “Каңтар оосо кар турбас”,-деп жубатты аны…

Төлөгөн жыл бою Ыстамбулда азан үнүн тыңшап, кыбылага жүз бурду. Маңдайын саждага тийгизген нур жүздүү боордошторунун бактылуулугуна күбө болду. Ажайып аалам менен таанышты…

Окуу жылы аяктоого таяп, Ыстамбулдун ысык илеби тууган жердин аптабын маал-маал эсине салып, алыстагы элин эңсеткендей болот.

Июнь айынын жадыраган күнү эле.

Бир жылда бир-бирине катуу боор тартып калган курсташтары менен коштошордо Төлөгөн өзүнүн эң жакын досу Нежатини кучактап:

-А, боордошум! Бири-бирибизди сагынарбыз. Бирок, эки ай дегениң эмне, эч нерсе эмес да?! Өтөт да кетет!..-деди.

Көзүнө жаш алган Нежати:

-Гада (боорум)! Биздин айылды көрүп келсең… келерки каникулда барсаң болот беле?-деди Төлөгөндү кыйбай кучагына тартып. Анан досунун ашыгып турганын сезип: -Кайда жүрсөң да Алла колдосун!-деп ак тилегин билдирди.

 

*********

Кең талаанын жыпар жытын сагынган Төлөгөн ошол замат айылга жөнөдү. Атасынын кара айгырына минип куюлгутуп чапты. Бала кезиндегидей мөмөлүү бактын башына жөрмөлөп чыкты. Тоо жактан агып келген таштай муздак сууга түштү.

Бийик чокуларга көз тигип караган сайын бала кезиндеги тилеги кайра ойгонгондой болот. Негедир Теңиртоо Ыстамбулдагы алты мунаралуу Султан Ахмет мечитин эсине салып, көк найзадай учтуу мөңгүлөрү асман челген мунараларга окшоп кеткендей болду. Кайра-кайра карайт кадалып. “Түрк агайындардын сени неге анча эңсеп, жан-дили менен жакшы көрөрүн эми гана билдим, Теңиртоо!..”- деп сүйүндү.

Чоң ата-чоң энесине амандашып, моокуму канган соң ал үйүнө кайтты. Эми ата-энеси менен ини-карындашына жеткенче ашыкты. Кийинки күндөрү түшүнө көп кирген атасынын ойлуу жүзү көз алдына элестеди. “Мейли, ал мас болсо да куушура кучактап, бетинен өбөмүн!” деп ойлоду көмөкөйүнө бир өксүк кептелип.

Калаа четиндеги тар көчөлөрдүн ар бир бурчунда балдай таттуу балалык чагынын эстеликтери чачылып калгандай. Тал башында конуп отурган кипкичинекей куштар жашырын күзөттө турган сарбаздар сыяктуу биринен кийин бири сайрап, бири-бирине белги берип жаткандай. Былтыр гана чүкө талашып жүргөн көчөдөгү балдар быйыл чоңоюп, эсейип кеткен сыяктуу.

Сырткы эшик жабык экен. Ачкычты мурдагы көнгөн жеринен таап алды. Босогодон аттаганда ийилип, салам берип кирди. Үй ичинде тымтырстык уюп туруптур. Ал киргенде ызылдап уча жөнөгөн кара чымын гана тиричилик белгисин сездирди. Төркү тамдын терезесин ачканда жүзүмзар жактан өзүнө бала күнүнөн тааныш жыпар жыт аңкып коё берди. Эсине өткөн чактагы – бал доорондуу, кызыгы да, кыйыны да мол күндөрдү салып өттү. Өз бөлмөсүнө киргенде, былтыр гана эки алаканын бириктирип, мунажат кылганы эсине түшүп, өзүнөн-өзү уяла күлүмсүрөп, башын чайкады. Эч нерсе өзгөрбөптүр…

Төркү бөлмөдө илинүү турган атасынын сүрөтүнүн алдына келип турду. Кайран, ата! Бул сенин жаш кезиңде түшкөн сүрөтүң го. Кандай келишимдүү жигит болгонсуң өзүң! Төлөгөн күлүмсүрөп, атасынын сүрөтүн колу менен сылап койду.

Көчө башындагы жаңыдан салынган чакан мечит жактан азан доошу угулду. Карыган азанчынын үнүндө жаралуу жылдардын муңу жаткан сыяктуу. Бирин-серин жаштар болбосо, мечитти көздөй ашыгып бара жаткан көпчүлүктүн карааны байкалбады.

“Баягыда карыптык – Ыстамбулда эле” деген саптарды окуган эле бир китептен. Ушул азыр эң карып –көчөнүн башындагы алиги мечит сыяктанып көрүндү.

Төлөгөн жайнамазга баш койгондо, көзүнөн кош тамчы жаш ыргып кеткенин байкаган жок.

Түшүндө көргөн ак кийимчен адамдай көөдөнүндөгү зор үмүт канатын жайып, асманды карап жалынган шекил. “О, Улуулардын Улуусу! Мага туура жолду насип эттиң. Ээсиз жүргөнүмдө, ээ болдуң. Көкүрөгү ыйманга толгон жандар менен табыштырдың. Канча шүгүрчүлүк кылсам да, аз экенин билемин. Курманың болуп кетейин! Менин сүйүктүү атакем менен апакемди адаштырбай, туура жолго салсаң экен! Бир туугандарыма узун өмүр насип кыла көр!..”

Ал эч нерсени укпады. Бирок, аны дал ушул маалда бүткүл аалам тыңшап тургандай эле. Алыс сапардан кайткан жаш жигиттин жаны аппак нурга бөлөнгөн сезим деңизинде сүзгөн кеме сыяктуу абалда эле. Таңдайынан бал болуп тамган ар бир сөзү көз жашына чыланып, шербет болуп куюлуп жатты. Безеленип сайраган миң-сан куштар да Төлөгөндүн доошуна кулак түрүп, үнсүз тыңшап тургандай көрүндү.

“Атамдан бөлүнүп Бейишке киргим келбейт менин. Атакемди сактай көр, о, Жараткан! Сенден башка сактай алчу кудурет жок. Туура жолду, ыйман жолун насип кыл! Анын өмүрү азап менен өттү. Бир туугандарына каралашып, тагдыр азабын тартты. Бизди чоңойтту. Бакты-какты. Бирок…мына бул балээге жолукпаганда… алиги арам сууга алданбаганда…”- деп бүгүлүп, көз жашына тумчугуп, сүйлөй албай калды бир кезде.

Үй ичин үнсүздүк басты.

Андан кийин: “Атамдын лапылдап алоолонгон тозок отунда азап тартканын каалабаймын. Бак бер, бакыт бере көр ага. Ыйман бер, парасат бер!”-деп, эс-мас абалда мунажат кылып, дуба кылууну улантты. Капыстан Төлөгөндүн ийинине тырсылдап ысык жаш тамгандай болду. Анын ар бир тамчысы узак жылдар бою тоңуп жүргөн жан-жүрөгүн жылытып, ичтеги музду эритип жатты. Анан, бир калтыраган кол анын ийнинен кыса кармады. Деми кысылып, көз жашына тумчуга жаздаган атасы Төлөгөнгө өзгөчө бир мээрим менен элжирей карап турду…

Кыргызчалаган Нурбүбү Бөдөшова