Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду

2021-жылдын 20-февралында акын, жазуучу Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш-чарага КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акындары Н.Жаркынбаев, М.Мамазаирова, Т.Закирова, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, КР Эл артисти С.Садыкова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Т.Нурманбетов, Г.Шакирова, К.Сыдыкова, А.Сариев, Ж.Саалаев, Б.Максутов, А.Эгембердиева, Б.Арстанбекова ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.

Китепте 1916-жылкы Үркүндө Кытайды көздөй качып, ашууда калган бир үй-бүлөнүн көргөн турмушу чагылдырылат. Ач-жылаңач балдарын ажалдын чеңгээлинен аман алып калуу үчүн кара жанын карч урган эненин образы сүрөттөлгөн бул китеп М.Ормонованын прозадагы алгачкы ийгилиги. Автор буга чейин ыр жыйнактарын чыгарып, өз окурмандарына тартуулап келген.

Бет ачарга келген акын-жазуучулар пикирин айтып, авторго ийгилик каалап, адабиятка дагы бир талант келгендигин баса белгилешти.