Майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекен сакчылары!

Урматтуу Кыргызстандыктар,

Урматтуу калемдештер,

Сиздерди 23-февраль – мекенди коргоочулар күнү менен чын дилден куттуктайбыз!

Жоокер элдин уулдары, баатырлардын урпагы эрктүү, тайманбас, кайраттуу, намыскөй болору ар заманда, ар кырдаалда тастыкталып келет. Мындай эр азаматтары бар элдин келечек мейкиндиги чексиз, жашоосу коопсуз!

Асманыбыз ачык, мекенибиз тынч болсун! Бейпил жашоодо мекенге кызматыңыздар сиңсин!

КРУЖС башкармалыгы

 

Зайырбек Ажыматов

Аман болчу, Кыргызстан   

Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк..

Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.

Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска-тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.

Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.

 

Максат Жангазиев

Мекенге   

Жалтаң эмес, Мекен үчүн мен эрмин!

Жашооң үчүн жүрөктү да берээрмин!

Ушул жерден киндик каным тамчылап,

Ушул жерден сүтүн эмгем энемдин…

 

Көркөмүңө кимдер кандай баш багаар,

Билбейм кандай сүрөттөшөт башкалар…

Заманама дем, күч берет а менин,

Заңкайышып калпак кийген аскалар…

 

Көңүл эзип, ызаа кылса болгон муң,

Келет сенин мээримиңе коргонгум…

Жетпейт сенин көркөмүңө эч бир жер,

Жетпейт сага сулуулугу Лондондун!

 

Чөгөлөгүм келет сага башты ура,

Четтеп кетсем сагынаармын, жаш сыга…

Жетпейт сага эч бир өлкө, эч бир шаар,

Жетпейт сага Берлин, Париж, Москва…!

 

Сезим күчөп сүйүп барам күндө мен,

Сендей Мекен таппайбыз чын дүйнөдөн…

Калпак кийип «кыргыз болуу» оп-оңой,

Кыргыз эмес бирок сени сүйбөгөн!

 

«Башка жандар» түк тийбесин кутуңа,

Балта тийбес болсун бадал учуна…

Ылай жолдо басканыма кайылмын,

Ыйык мага Мекенимдин кушу да!

 

Баркың билбей, бирок ийип башыңды,

Башы жоктор байлыгыңа асылды…

Бийик тутуп а мен сенин тузуңду,

Ыйык көрөм жолдо жаткан ташыңды!

 

Өскүн өлкөм! Өсө бергин! Бийикте!

Биз ант кылып сөз берели жигитче:

Так такымын кеселичи ошонун,

Кимдер сенин чырпыгыңды ийишсе!

 

Аман болсок шылкыйтпайбыз тууңду,

Каалайм сага кызмат кылып туруумду…

Чарчабастан ырга жазып өтөөрмүн,

Чаң ызгыган жолдоруңду, сууңду…

 

Чал болгуча жазып жүрүп өтөөрмүн,

Чаңкаганда мүрөк болоор сууңду…

 

Кадырбек Аблабеков

Асман өлкө 

Асман өлкө, бийикте асман өлкө,
Тарых кылып татаал жол баскан өлкө,
Тээ бийиктен көрсөтүп айкөлдүктү,
Манас болуп жазылган дастан өлкө.

Баатырдыктын үлгүсү жигиттерге,
Ар-намысы күндөн да бийик жерде,
Күн нурлары колдору кыргыздардын
А күн өзү кыргызда, жүрөктөрдө.

Көчмөн кыргыз, өткөргөн көчмөн турмуш,
Ат үстүндө баатырча өскөн кыргыз,
Ала-Тоонун ак мөңгү суусун ичип,
Мөңгүдөн да бийикте өскөндүрбүз.

Бийиктиги, бийиги кушубуздун –
Эркиндиги уулубуз, кызыбыздын,
Дайра, көлү – күзгүсү каранганга
А ай өзү – чырайы кыргыз кыздын.

Сырын ачып асманда жылдыздардын,
Кылым ашып жашаган кыргыз арбын,
Ак булуттар – кыргыздын жан дүйнөсү
А Ысык-Көл пейили кыргыздардын.

Асман өлкө, бийикте асман өлкө,
Тарых кылып татаал жол баскан өлкө,
Бийигинде көрсөтүп айкөлдүктү
Манас болуп жазылган дастан өлкө.