Магжан Жумабаев: Эмне кылса ал ажалдын өз эрки, Кубат берет мага сулуу нур көркү

Пайгамбар

Устремляя наши очи,

на бледнеюший Восток.

Дети скорби, дети ночи,

Ждем, не придет ли наш Пророк.

Мережковский

 

Күн батышты караңгылык каптаган,

Күнү батса, кайра таңы атпаган.

Түнөрүп тур, түндөн туулган перилер,

Өз Теңирин таманына таптаган.

 

Күн батышты караңгылык каптаган,

Бир да жылдыз асманында жанбаган.

Түн баласы өз Теңирин өлтүрүп,

Табынганга башка Теңир таппаган.

 

Күн батышты караңгылык каптаган,

Бир дагы жан түндө тынчып жатпаган.

Билген эмес «ыйман» деген нерсени,

«Курсак» деген сөздү гана жаттаган.

 

Түн баласы… Түн жолуна түшкөн ал,

Сакоосуң деп Муса тилин кескен ал…

Теңиринин сүйгөн уулу Ыйсанын,

Ичиркенбей ууртап канын ичкен ал.

 

Түн баласы түнөргөн түн жамынган,

Аллага эмес, азезилге табынган.

Инжилди өрттөп, таманга чаап Куранды,

Акыйкатты күткөн кара карындан.

 

Түн баласы каршы өмүрдө таң менен,

Кабыл уулу оозанган кан менен.

Сыйынат ал кур денеге жаныбар,

Болгон эмес жумушу анын жан менен.

 

Төгүлбөйбү ченеминен ашкан суу,

Өлтүрбөйбү жайылган соң күчтүү уу.

Түн баласы түнөрүп тур өлгөнү,

Көзүңдү сал – күн батышта кандуу чуу.

 

Көзгө сайса көрүнбөгөн кара түн,

Күңгүрөнөт, же күлөбү алда ким?

Ыйлайт, улуйт жана дагы чуу салат,

Бул ким? Булбу – түн баласы түссүз жин.

 

Кап-кара түн, Түн баласы үн берет.

Кыйкырышып бир-бирине сүр берет.

Бирин-бири сөгүп, түртүп, чапкылайт,

Кара түндө сокур көздөр не көрөт?

 

Кап-кара түн. Чаар көз жиндер жүрүүдө,

Кайгы менен кан каткырып күлүүдө.

Кайгы менен кызыл канга тумчугуп,

Түн баласы эптеп күнүн сүрүүдө.

 

Кап-кара түн, убакыт кеч өтүүдө,

Ой артынан ойлор келип кетүүдө.

Түн баласы сокур көздөн жаш төгүп,

Күн чыгыштан бир пайгамбар күтүүдө.

 

Тээ заманда оттуу Күндөн, Гун туулган,

Оттуу Гундан оттой жанып мен туулгам.

Жүзүмдү да, жүлжүк кара көзүмдү,

Туулгандан жалын менен мен жуугам.

 

Капаланба, сокур шордуу, чекпе зар,

Мен Күн уулу, көзүмдө Күн нуру бар.

Мен келемин, мен келемин, мен келем,

Күндөн туулган, Гундан туулган Пайгамбар.

 

Сокур шордуу көрбөйсүң да көзүң көр,

Күн чыгыштан таң кылайды, эми көр.

Таң келатат, мен келемин- пайгамбар,

Тосуп ал да «Ыйманыңды» окуй бер.

 

Күн чыгыштан таң келатат – мен келем,

Көк күңгүрөйт: Мен да көктөй үн берем.

Жердин жүзүн караңгылык каптаган,

Жер жүзүнө нур беремин, күн берем!

 

Кап-кара түн. Кайгы жердин кунубу?…

Кап-кара түн. Күңгүрөнөт түн уулу.

Күн чыгышта ак алтын бир сызык бар,

Мен келемин, мен пайгамбар – Күн уулу.

 

Теңир

Теңирим, улуу затсың , ишенебиз,

Туура деп ар ишиңди, биз келебиз.

Өз кулун өзү ыйлатып таштабас деп,

Өзүңө эрк тизгинин, биз беребиз.

 

Ооздон Алла атыңды таштабайбыз,

Алласыз эч бир ишти баштабайбыз.

«Өкүмдар буйругуңа баш ийдик», – деп,

Буйруксуз бир да кадам аттабайбыз.

 

Кечиргин, болсо сөзүм пендечилик,

Мынакей, айкын зулум, кайда адилдик?

Ушунча ырыскыдан кур калтырдың,

Урпагы алты алаштын – кайда келдик?…

 

Башкага орун бердиң жакшы жайдан,

Бийик тоо, түпсүз дайра, терең сайдан.

Үмүтү, тилеги жок, турагы жок,

Куулган бейишиңден бизби шайтан?

 

Бизге отсуз, чөл, талаадан орун бердиң,

Бак-дөөлөт, өнөр-билим шорун бердиң.

Кесир деп, кек алаарга өгөй балаң,

Биз белек, иттериңе зорун бердиң..!

 

Жибердиң башка журтка жол башчылар,

Ар журттун жол башчыдан көзү ачылаар.

Элчиң жок, жол көрсөтөөр китебиң жок,

Алашка жазганың да болгон чыгаар?

 

Бактысыз каңгып жүргөн казак шордуу,

Ар кимге күнү түшүп, мазак сорду.

Бир элчи жибербедиң, санга албадың,

Жылаңач төө баккан араб курдуу.

 

Кечиргин, шордуу кулга каарың төкпө,

Райым кыл, биз шордууну сүрбө четке.

Сөз чыкты жан ачуудан, адил Теңир,

Тийген соң ачуу таяк туздуу этке!

 

Мен ким?

Мен арстанмын, айбатыма ким чыдаар?

Мен жолборсмун, мага каршы ким тураар?

Көктө – булут, жерде соккон шамалмын,

Жер эркеси – шамал жөнүн ким сураар?

 

Көктө – Күнмүн, нурум тегиз чачамын,

Көңүлдөнсөм, азыр бейиш ачамын.

Чети,түбү жок деңизмин кара, көк,

Албууттансам – толкуп, ашып-ташамын.

 

Жалынмын – мен, келбе күйүп, жанарсың,

Тулпармын мен, чаңыма жетпей каларсың.

Көк күл болсун, жер жешилсин, санаам жок,

Көз кыр менен күлүп гана карармын.

 

Мен өлбөймүн, мен дегендер өлбөсүн,

Наадан адам өлүм жогун билбесин.

Өзүм – ханмын, өзүм – казы, өзүм – бий,

Кандай жансың? –деп, мени ким тилдесин!?

 

Мээрденсем – сегиз бейиш колумда,

Каардансам – тогуз тозок жолумда.

Жок жакыным, жаралгандан жалгызмын!

Менби, ийилер алсыз адам уулуна?!

 

Өзүм – Теңир, табынамын өзүмө!

Сөзүм – Куран багынамын сөзүмө!

Бузуучу да, куруучу да өзүммүн,

Эми эскилик, келдиң өлөөр кезиңе!

 

Сүй, жан эркем

Сүй жан эркем, сүйчү дагы, дагы да!

Балдай таттуу уу тарасын каныма.

Бул лаззаттын бир мүнөтүн бербесмин,

Хандын тагы, дүйнөнүн мүлк-малына.

 

Кучактатып тал чыбыктай белиңен,

Сүйгүз, эркем, балдай ширин тилиңен.

Бой чымырап, дүкүлдөдү жүрөгүм,

Жаным жыргап, барам эрип демиңен.

 

Кир койнума, кымча белиң буралып,

Жаз чачыңды, жибек болсун чубалып.

Жаным! Жаным! Тийсин төшүң-төшүмө,

Көз жумалы, чогуу балкып суналып.

 

Чачың түндөй, денең булут, жүзүң – Ай,

Тишиң – бермет, жанат бото көзүң ай.

Лаззат, рахат, бакыт – баары койнуңда,

Сурабасмын мындан артык сезим ай.

 

Сүй жан эркем, сүйчү дагы, дагы да!

Балдай таттуу уу тарасын каныма.

Жараткандан бир нерсени тилеймин,

Өтпөсүн түн, атпаса экен таңы да!

 

Бүгүнкү күн, өмүр, өлүм – меники

Башы сайран, шум жалгандын, соңу ойрон,

Өмүр – деген тагдыр ойну, бил да ойлон.

Кайран жаштык соккон желдей гүүлдөп,

Кетээри чын жүрөктөн-от, күч-бойдон.

 

Көздүн нуру кетип, жаактар чубалар,

Тегиз кара чач суюлуп кубарар.

Эт шылынып, сөөк калып шагырап,

Тамырларда сасык сары суу агар.

 

Шум тагдырдын эмеспи бул мазагы,

Аз өмүрдө эстен кетпес азабы.

Жакыны жок, жаты да жок жексуруң,

Тилеп ал дейт өзүңө өлүм-жазаны!

 

Мазактасын, мейли тагдыр ойносун,

Желмогуз жер мейли жутсун, тойбосун.

Кара чаар көзүн кадап куу өлүм,

«Тез» деп күтүп, тишин кайрап жойлосун.

 

Эмне кылса ал ажалдын өз эрки,

Кубат берет мага сулуу нур көркү.

Сүйөм, ичем, жинденемин, ыйлаймын,

Бүгүнкү күн өмүр, өлүм меники!

 

Сүйгөнүм анык

Жаныңа келдим,

Колумду бердим:

«Сүйөмүн сени сулуу кыз.

Карегим жанып,

Сүйөрүм анык,

Күбө дедим топ жылдыз!»

Чын дилден айтып,

Колуңдан тартып,

Кучактап өбө баштадым.

Жакындай бердиң,

Койнума кирдиң,

«Кет!» – дебедиң качпадың.

«Сүйөм!» деп өзүң,

Мөлтүрөп көзүң,

Калкыдың кыял кемеде.

Эсиңден тандың,

Акылдан тайдың,

Чапталды дене денеге.

Алыска чуркаар,

Турабы тулпар,

Бир жерде илкип чаң жутуп?!

Шамалдай сызып,

Далайды бузуп,

Кетипмин сени унутуп.

Сен бүгүн келип,

Колуңду берип,

Муңайым тартып карайсың:

«Ишендим Алла,

Сүйгөнүң жалган,

Алдадың!» – деп ыйлайсың.

Алдаганым жок,

Арбаганым жок,

Сөзүмө ишен сулуу кыз!

Дал ошол саат,

Сүйгөнүм ак,

Күбө мына көп жылдыз

 

Мени да өлүм алдейле

Чарчадым болду, күч кетти,

Жаркырап турган күн кетти,

Жел буюгуп термелген.

Алда кимдин өлгөнүн,

Аны кантип көмгөнүн,

Аңгеме кылып күбүрөнгөн.

Жел кайгырба, жашың тый,

Өлүм күүсү таттуу күү,

Балкыды жаным бул күүгө.

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Кара токой четинде,

Таза абанын ичинде,

Өскөн жалгыз жаш кайың.

Боюн ыргап бийлеген,

Ой-санааны билбеген,

Болмокпу анда убайым?

Жаш кайың ошол, кулаптыр,

Жанында жел ыйлаптыр,

Былкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Колуна кызыл туу алып,

Кылычын канга сугарып,

Тоо суусундай ташыган.

Карегинен кан жааган,

Кабагынан кар жааган,

Оюн салган жаш улан.

Кан майданда кайтыптыр,

Жел ыйманын айтыптыр,

Балкыды жаным бул күүгө.

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Алда кайда кумдуу чөл,

Кумдуу чөлдө жалгыз жол,

Шол жол менен жалгыз жан,

Түн бою талбай жүрүптүр,

Таманын таштар тилиптир,

Калганда атып алтын таң –

Шордуу чөлдө өлүптүр,

Жел күү менен көмүптүр.

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Алмадай беттен кан тамган,

Тилинен таттуу бал тамган,

Тармал толкун чачы бар.

Күлкүсү бермет чачылган,

Өзү- гүл жаңы ачылган,

Дал он беште жашы бар.

Сулуу көз жашын төгүптүр,

Тумчугуп жашка өлүптүр,

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Талпынган аруу наристе,

Ак канаттуу периште,

Шылдыраган булактай.

Көрүнгөн жанды күлдүргөн,

Жаңы бышкан бүлдүркөн,

Ойноктогон улактай.

Кайтыптыр козу көз тийип,

Бетине кээде жел сүйүп…

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да, өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Айдың көлдө чалкыган,

Көбүгү бермет балкыган.

Шол айдың көл кашында,

Бар алтымыш ак өргө,

Алтын уук, чак өргө,

Баары он алты жашында…

Өргө сайын толкун чач,

Толкун чачтар жылаңач…

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Бойго жеткен балтыркан,

Сүйүүдө кумар кандырган,

Айдыңга барып жүрүптүр.

Өргөлөрдү аралап,

Жаш жүрөгүн жаралап,

Перилерди сүйүптүр.

Сүйүптүр да өлүптүр,

Жел толкундан билиптир,

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Балтыркан менен беттешип,

Сулуулар менен кездешип,

Жаш улан менен сырдашып,

Жаш кайыңга да барып,

Баланы жыттап жалбарып,

Жолоочу менен муңдашып,

Мен дагы жаным берейин,

Али жашмын дебейин.

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Мээримиң төгүп, кел-кел деп,

Алдыңа алып алдейлеп,

Келсеңчи ажал тезирээк.

Жан учуудан токтоду,

Шоктонуп эми сокподу,

Кечээги азоо жаш жүрөк.

Мээримиң төгүп, кел-кел деп,

Алдыңа алчы алдейлеп…

Балкыды жаным бул күүгө,

Мени да өлүм алдейле…

Алдейле, өлүм алдейле!..

 

Жан сөзү

Өмүр – деңиз, жок анын түбү чети,

Шыңк-шыңк күлгөн сыйкырлуу толкун бети.

Бул өмүргө келгеним көп жыл болду,

Дагы бир ай – толомун жыйырма жети.

 

Мен жок элем, бар кылып энем тапты,

Андан бери Күн далай чыкты, батты.

Эс киргенден алыштым өмүр менен,

Өмүр – деңиз, толкундар жарга чапты.

 

Андан бери агарып, таңдар атты,

Караңгылык жер бетин далай жапты.

Эс киргенден алыштым жүрөк менен,

Тынчтык бербей жаныма эмне тапты?

 

Эссиз жүрөк туйлады тынчтык бербей,

Акыл шордуу не дээрин калды билбей.

Эссиз жүрөк, токточу бир азыраак,

Отуз турат үңүлүп, кырк да мээлей.

 

Буйругуң эки кылбай кабылдадым,

Эсимде, отко, сууга кабылганым.

Өттү жылдар, талаада жалгыз калдым,

Өмүрдү мынча уулап не кылганың?!

 

«Жел бол!» — дедиң, жел болуп эшпедимби,

Мезгил тандап, эрте же кеч дедимби?

Кутуруп желдей жинди болуп алып,

Күйүп турган отко өзүм түшпөдүмбү.

 

«От бол!» дедиң, от болуп жанбадымбы,

Күйгүзбөй же бир нерсең талдадымбы?

Кучакка күлдү да алдым, гүлдү да алдым,

Мунуң «Күл» мунуң «Гүл» деп тандадымбы?

 

«Суу бол!» – дедиң шылдырап акпадымбы,

Жыландай жүз буралып жатпадымбы.

Чаңкаган жандар келсе жээгиме,

Шылдырап сыйкыр менен тартпадымбы.

 

«Күн бол!» – дедиң күн болуп тийбедимби?

Күндөн да аштым, мен «күндүз-түн» дедимби,

Күн асманда. Мен жерден нурум төктүм,

Бул ишимди күндүккө мин дедимби?

 

«Ай бол!» – дедиң, Ай болуп сүзбөдүмбү,

«Апсун» окуп, жер жүзүн кезбедимби.

Тээ алыстан сыйкырлуу шоола төгүп,

Өзөгүн далай жандын үзбөдүмбү.

 

Сен: «сүй» – дедиң, далайды сүйбөдүмбү,

Жалынга көпөлөктөй күйбөдүмбү.

Тирилгеним болбосо, өлгөндөн соң,

Мен далай күлдөн кепин кийбедимби.

 

«Ыйла дедиң!» – далай жаш төкпөдүмбү,

Дайра болду көз жашым, көп дедимби?

Жаш түгөнүп, кып-кызыл кан ыйладым,

«Ыйлабайм, көзүмдө жаш жок» – дедимби?

 

«Ата-энеңден без!» – дедиң безбедимби,

Тентиреп, жалгыз дүйнө кезбедимби.

Башыма далай кара күндөр түштү,

Ата-эне, урук-тууган издедимби.

 

«Элиң таштап кет!» – дедиң, кетпедимби,

Жер бетине барсам да чет дедимби?

Жыландай бооруна кирип алып,

Андайда жатты жакын этпедимби.

 

«Дөөлөттөн кач!» – дедиң сен, качпадымбы,

Койнумду жокчулукка ачпадымбы.

«Бокту – доңуз, сөөктү – ит жыят» – деп,

Дүйнөмдү желге учуруп чачпадымбы.

 

«Жокту издеп тап» – дедиң сен, таппадымбы,

Сен: «Айга чап!» – дегенде, чаппадымбы.

Дагы эмне!.. Буйругуңду бүт аткардым,

Шум жүрөк, шол кызматым актадыңбы?

 

Актабадың, алдадың, амал менен,

Аздан соң – жыйырма жети жашка келем.

Отуз, кырк… картаям, өчөм, өлөм…

Элиме эсебимди кантип берем?

 

Мына – жыйырма жетиге жашым толот,

Отуз, кырк… саргаямын, жүзүм соолот.

Жыл артынан жүгүрүп жылдар озуп,

Көөдөнүмдү күн сайып, азап сорот.

 

Эссиз жүрөк асманга кол сермеди,

Эссиз жүрөк акылга жол бербеди.

Жаштык – уу, ойлонбостон уу ичипмин,

Аттигиң, шор башымды ой ээледи.

 

Акылга кеч кирипмин, каран күнүм,

Бир күнү кучагына алар өлүм.

Кара жерди кучактап жатармын ээ,

Ошондо, не деп мени айтат элим?

 

«Жел эле, желди ыр кылып өттү!» дешээр,

Акылсыз сүйөөр эле чокту! дешээр.

«Алоолоп күйгөн отту Теңир көргөн,

Тумчугуп жат, эсерим!» – деп күлүшөөр?

 

Болбосо: «Жигит гүлү соолду!» – дешээр,

Сермечү көктөгү Айга колду!» – дешээр.

«Тайманбай Айга чапкан арстан эле,

Баатыр ай, ал жолдо мерт болду!» – дешээр.

 

«Күн эле – күндөй жаркып тийди» – дешээр,

Күн эле – сүйбөчү эле түндү – дешээр.

«Күн эле, күндөй нурун төгө билди,

Акыры өз нурунан өлдү – дешээр?!

 

«Ашыгы сулуулуктун – ырчы!» – дешээр,

«Жүрөктүн сырын чечер сырчы!» – дешээр,

Кубанып, же кайгы муң баскан кезде,

Башыма келип: «Акын, турчу!» – дешээр.

 

Болбосо башыма да барбас бекен?

Атымды оозуна да албас бекен?

Карайып жапан түздө жалгыз турган,

Мүрзөмө көз кырын да салбас бекен?

 

Куураган ал күндөрдө караң күн а-а,

Казагым айтам бир сөз жалгыз сага.

Болгунуң сынчы болсоң адил сынчы,

Күнөөнү жүрөккө кой, койбо мага.

 

Мени айтпа, бул жүрөктү жинди дегин,

Умтулган аламын деп Күндү дегин.

«Сүйүүдөн боздоп-сыздап, жашын төгүп,

Өлдү да жинди жүрөк тынды!» – дегин.

 

Аксак Темирдин айтканы

Аалам деген би-ир-тке бир,

Алакандын аймагы.

Бир аймакка көп Теңир,

Болмокпу, кокуй, кайдагы…

 

Көк Теңир, көктүн Кудайы,

Асманын эле бийлесин.

Мен Темир – жердин Кудайы,

Жериме Теңир тийбесин!

 

Көк Кудайы Теңирдин,

Тукуму жок, заты жок.

Жер Кудайы Темирдин,

Тукуму түрк, заты от!

Кыргызчалаган: Нурлан Калыбеков