Жазуучу Айчүрөк Макешова

 

“Жазгандардын баары чыныгы жазуучу боло бербейт, Кудай талантты да тандалгандарга берет…”

 

– Айчүрөк эже, алган билимиңиз, тандаган кесибиңиз музыкант болуп туруп, кандай себептерден улам адабиятка аралашып калдыңыз?

– Мектеп партасынан эле республикалык газета жана журналдарга, радиого ар кандай кабарларды жаза баштадым. Почточунун атчан караанын зарыгып карап, чыдамсыздык менен күтүп турар элем. Бир жолу класска врачтар медайым менен келишип, укол сайышып эмдешмек болушту. Классташым Жаныш парта астына жашынып, акырын жылып, сыртка чыгып кетти. Бирибиз да ал жөнүндө айткан жокпуз. Арадан көп өтпөй эмдетпей, уколдон качкан Жаныш ооруп калды. Ошондо “анын эмдөөдөн качып кеткенин айтпай жашырганыбызды, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдетүүнүн пайдасы чоң экенин, жолдошубузга дос эмес эле кастай мамиле жасаганыбызды, акыр аягы анын сарык менен ооруп калганына аябай кейип, чынчыл пионерлер да биздей болобу? Мындай жорук экинчи кайталанбаса экен”, – деп газетага жазып жиберсем, тез эле чыгып келди. Кудай бетин салбасын менин кабарыма башка мектептердин окуучулары үн кошуп укмуш талкуу болгон. Оорудан сакайып арабызга аман-эсен келген классташым: “Гезитке чыгып, атагым таш жарды”, – деп сыймыктанчу. Кабарчылык шык менен жазуучулук шык мага кичине кезимден келсе керек. Адабий китептерди көп окудум. Эң башкысы адабият, тилден берген агай-эжелердин эмгеги теңдешсиз. Балким ушундай сезилер, биздин мугалимдердин баары сабактарды жакшы өтүшчү. Талапты катуу коюшчу. Жеңелерим мени: “Жазуучу кыз” деп тергешчү. Жазуучулукка карай жол мектептен башталган.

– “Кошокчу аял” аттуу китебиңиз өз учурунда окурмандар арасында, асыресе адабий сында чоң резонанс жаратып, көп талаш-тартыштуу пикир жаратканы эсимде. Арасында мактагандары болду, сын айткандары болду дегендей… Сиз ал сындарды кандай кабыл алдыңыз? Сизге дем бердиби, же канатка чапкандай болдубу?

– Жазуучулук өтө татаал кесип. Сексенинчи жылдары мен кайрадан түзүлгөн Талас облустук гезитине кабарчы болуп иштеп калдым. Мына ушул мезгилде карышып кара сөздүн үстүнөн түштүм. Таластык жаш таланттардын багына кыргыздын таланттуу, залкар жазуучусу Касым Каимов адабий кеңешчи болуп келди. Биринчи аңгемелерим жазуучу Касым Каимовдун баш сөзү менен “Кошокчу аял” деген ат менен “Кыргызстан” басмаканасынан жарык көрдү. Кандай жарык көрдү, дал ошондой сынчылардын “тепкисине” кабылды. Ошол мезгилдеги “Кыргызстан маданияты” жумалыгына сынчылар сындап чыккан экен, окуп алып көргөн көзүмө ишенбей аябай маанайым чөктү, чындыкты айтканда жүдөдүм. Кайран тырмак алды эмгегимдин канабайрамын чыгарышты, чычалаганды айтпа!.. Турмуштун анча-мынча ысык-суугуна туштугуп калганыма карабай катуу депрессияга кептелдим. Бир күнү айнекти карай салсам эле жазуучу агайым Касым Каимов машинесинен түшүп редакцияга келаткан экен. Көктөн издегенимди жерден тапкандай алдынан тосуп, ботодой боздоп: “Сиз баш сөз жазган алгачкы китебимди балан, түкүн сынчылар абдан сындашыптыр”, – деп даттана баштадым. Агайым: “Балан акынды билесиңби”, – деди, “билем”, – десем, “анын жылына кеминде экиден жыйнактары чыгат, бирок сынчылар карап да койбойт. Чай берип да, башкасын берип да бир-эки ооз пикир жаздыра албай жүрөт. Себеби, жыйнагында сынчылар кызыккан эч нерсе жок. Ал эми сенин китебиңде сынчылар кызыккандай бир нерсе бар турбайбы. Бул жакшы көрүнүш. Бирок, “Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт” дегендей сынчылар да ар кандай болот. Бул сынчылар жактырбаса, кийинки сынчылар жактырып жакшы пикирин айтат. Китебиңдин тез эле оозго алына башташына күйүнбөй сүйүнүшүң керек. Чыгары менен унутулуп калган китептердин катарына кирбей, окула турган китептердин катарына кирген турбайбы?” – деп көңүлүмдү көкөлөтүп салды. Айткандай эле башка сынчылар жакшы пикирин жаадырышты. Кийинки китептерим да сынчылардын сүйгөн китептерине айланды.

– Жаңылбасам, “Кошокчу аялыңыздан” кийин, “Турмуш элеси”, “Каралдыңды унутпа”, “Туткун” деген китептериңиз жарык көрдү, анан көрүнбөй кеттиңиз… Ал аңгыча кыргыз адабий сыны жок болду… Жазып жатасызбы?

– Тилекке каршы, союз ураган соң бизге окшоп жаңыдан оозго алына башташкан авторлорго оор болуп калды. Тескерисинче жазуучулар жамгырдан кийин чыккан козу карындай жайнап кетти. Ошол жайнаган жазуучулардан улам жазуучулук кесиптин баркы өтө төмөндөп кеткенине өкүндүм. Күндүр-түндүр көзүм тешилип, кабыргам сөгүлүп жазып, карышып иштеген күндөрүм болду. “Туткун” деген терең романды жаздым. Өзүм иштеген “Эркин Тоо” гезитине үзүндүлөрдү бергенибизде окурмандар сурап, суусап окушту. 500 нуска менен чыккан. Бат эле окурмандарын таап, маанайымды көтөрдү. Бул “Туткун” романым өз баасын, наркын алалек. Башка тилдерге которулсо ой-да сонун болмок. Бул даректүү романымда экинчи дүйнөлүк согушта немецтердин колуна түшкөн нечен улуттун каармандары бар. Которулса, жок издеп жүргөн балким ондогон каармандар табылмак. Ошентип, 50 жашка келгенде катуу ооруп калдым. Ооруганымдын себеби иштеген сүйгөн, ишимден кол жуугандан болду окшобойбу. Гезитте иштебей калгам. Турмуш-шарт да ойдогудай болбой, кыскасы борбор шаарга келдим. “Эркин Тоого” кызматка алынган күндөн менин чыгармачылык, кабарчылык турмушумда жакшы жагына бурулуштар болду. Бирок, чындыкты айтсам, чыгармачылыкка караганда материалдык кызыкчылык зор роль ойноп кетти. Бул жерде менде да күнөө жок. Кайран убактымдын көбү бакыбат жашоого жетеленди. Жакшы китептерди жазганга моюнум жар бербеди. Бир жакшы жери жакшы турмуш-шартты түзүүгө жетиштим. Жаңылбасам, гезиттин маңызы менен материалдык кызыкчылыгын көтөрүүгө мендей бир да кабарчы эрдик жасай элек. Каруумду казык кылып иштеп келем. Баягы бала күндөн калган адат дале бар. Материалдарым жарык көргөн гезитти башыма жаздап уктайм. Сонунум тарабайт, кайра-кайра барактап моокумум канат. Сүйгөн кесибинен ырахат алуу кандай жыргал?

– Өз муунуңуздагы жазуучулардан кимдерди баалайсыз? Кимдерди окуйсуз, кимдерге таасирленесиз?

– Биздин муун Чыкемди (Ч.Айтматов) баш кылып айтканда Төлөгөн Касымбеков, Өскөн Даникеев, Казат Акматов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев ж.б. жазуучулардын чыгармаларын окуп, таасир алдык окшойт. Дүйнөлүк классикалык чыгармалардын чырагына май тамыздык, тааныштык. Сексенинчи  жылдары бирге келген жазуучулардан Бейшебай Усубалиев, Жылкычы Жапиев, Султан Раев жана башкалардын талантына баа берем. Чындык керек кийинки жаштардан эч бирин билбей, элес деле албай калдым. Ушундай жабалактаган жазуучулар көп кезекте көп чыкпай сынчылардын аягы тыйылды. Сын да, чыныгы адабият да тайды.

– Ар бир жазуучунун өзүнүн өнөрканасы болот эмеспи, өз өнөрканаңыз менен тааныштыра кетсеңиз? Сиздин көркөм ой жүгүртүүңүз башкалардан оголе өзгөчөлөнүп турат. Аялдарга тиешелүү назиктик, жумшактык эмес, эркектерге мүнөздүү катуулук, өжөрлүк, көктүктү байкоого болот.

– Өнөркана демекчи, кийинки 10-15 жылдан бери жаңы чыгармаларды жазууга чындап киришкеним жок. Бүткүл аракетим гезит ишине гана байланууда. Жакында китептериме кирбей калган “Кыргызстан маданияты” жумалыгына чыккан “Буйрук” аттуу аңгемемди кайрадан окуп: “Ушул аңгемени чын эле мен жаздым беле?” деген суроо пайда болду. Тил байлыгыма, азыркы доордун көйгөйүн дал бутага алганыма айран таң калдым. Менин тил байлыгымдын молдугуна бир катар чоң жазуучулар баа беришкен. Көбүнүн көзү өтүп кетти. Мактанып айтып жатканым жок, тилсиз чыгарма жаралбайт. Кайрадан карышып иштөө үчүн таштак басып дың болуп калган жерди таштан арылтып, кайрадан соко салып, сапаттуу үрөн сээп, жетиштүү тоо булагын буруп, кетменин күнгө жаркыраткан, какыраган чөл, кара жерге жан киргизген баба дыйкандай мээнеттенишим керек белем. Мен чыгармачылыктын машакатынан кадимкидей алыстап кетипмин. Баса, кыздар таарынышпас, кара сөз менен мээнеттенишкен саналуу кыздар бар. Мен жазуучу кыздардай эмес көрүнүктүү жазуучу жигиттердей жигер менен келгенимди өз учурунда бир катар жазуучу агайларым айтып: “Сен кыздардай жазбай, жигиттердей жазат экенсиң” дешкен. Кыязы мелодрамадан оолак болсом керек. Чыкпай калган бир топ аңгемелеримди чыгарсам, албетте жакшы окумдуу китеп болчудай. Эми жаза турган темалар бар. Жазыш үчүн какырап таш басып калган өнөрканамдын эшик-төрүн кайрадан тазалашым, тил байлыгымды кайрадан чыңдашым керек. Ага эрдик керек, ошол эрдигимдин кайда сызганы азыр мага бейтааныш. Кабарчылык ишимден ырахат алууну эле көздөп калсам, албетте көптү уттурам. Ошондуктан кайран кара сөздүн ырахатына жакын арада келе албасыма көзүм жетип калды. Материалдык кызыкчылыкты чыгармачылык кызыкчылыкка кантип бурам?! Баягы өз заарамды өзүм ичип, ишимди улаган мезгил узабай тиги улагамда эле турчудай үмүттөнөм. Кайрадан кара сөздүн катыгын берип, карышып иштөөчү мезгилим балким алдыда.

– Менин жеке түшүнүгүмдө, санжыраны, тарыхты мыкты билет экенсиз. Тарыхка кайрылып, көлөмдүү чыгарма жазуу тууралуу ойлоруңуз жокпу?

– Тарыхый темаларга кызыгып, бир топ чыгармаларды жаздым. Айталык, Бекболот уруусу жөнүндө, чынында кызык, тарыхта болгон окуяларды орду менен жазып, элге тааныштырсак жакшы эмей. “Балан баатырдын баланча жылы” деп кийинки кезде тарыхта жашап өткөн кыйын инсандардын тоюн тойлошкондору менен баскан жолдорун жазган бир да киши жок. Бирок, эстеликтерин орнотушуп, тойлошуп оюн-зоок курган жагынан алдына эчкимди чыгарышпайт. Таш эстелик да керектир. Ал эми ал баатырларыбыздын баскан жолун ташка тамга баскандай чагылдырган чыгармалар болсо кана атаганат. Кудурети күчтүү кудай талантты тандалгандарга гана берет экен. Мен жазам дегендердин баары чыныгы жазуучу боло бербес. Жазуучулуктун мээнети теңдешсиз. Ага да жеткендер жетет. Мына Чыкебиздин даңазасы бүткүл дүйнө жүзүнө дүң болууда. Бирок, баарыбыз эле атактуу-дактуулукка жете бербейт экенбиз. Алыбек алына жараша демекчи, азын-оолак эмгек эттик.

– Атай тууралуу эң сонун иликтөө жазган экенсиз, аны көркөм чыгармага айландырууну ойлонгон жоксузбу?

– Атайды залкар жазуучу Касым Каимов көркөм роман кылып жазган. Мен анын чыгармачылыгына гана иликтөө жасагам. Көркөм чыгарма кылып жазуу балким башка көй кашка жазуучулардын колунан келер. Мындай улуу музыканттардын таржымалын айтып олтурса өзүнчө эле мухиттей терең эмеспи.

– Мамлекет тарабынан чыгармачыл адамдарга, асыресе акын-жазуучуларга камкордук керекпи же жокпу? Айтылуу Керимбай болуш азыркы тил менен айтканда, ырчыларды жанында ээрчите жүрүп, тирилигине каралашып, меценаттык кылчу экен. Мамлекет Керимбайча жокпу?

– Учурда чыгармачыл адамдарга камкордук көргөн меценаттар сейрек. Өз чөнтөгүбүз менен китеп чыгарып, өзүбүз сатып жатабыз. Баягы союз мезгилиндей гонарар берүү да мамлекеттин колунан келбей калды. Ал түгүл жакшы адабий гезит-журналдар деле чыкпай калды. Кыскасы, жазуучулардын өз киндиктерин өздөрү кесип калган учурдабыз. Бирок, наам жагынан кудайга шүгүр эл жазуучу, эл акындар көп. Ал эми кимисинин чыгармалары кылымдар солк этпей турарарын бир кудай билбесе, эчким билбейт.

“Кыргыз Туусу”