М.Абакиров: Таш Коргон. Ак Байбиче. Кара Кемпир

(Икая)

Ибрагим Жунусовго арналат.

Бул мартабалуу делген чакан бейтапкана калаанын чок ортосунда. Болгондо да сыртынан саябандуу сейил бакты элестеткен чар тарабы темир кашаа менен тосулган, төрт тарабын тең чоң жол кесип өткөн, ошо туш-тарабынын ортолорунда унаалар үчүн чоң дарбазалары, алардын капталдарында жөө-жалаңдар кирип чыккан өткөөлдөрү бар капкалуу өзүнчө бир кичинекей махала. Күндүз кумурсканын уюгундай кирип-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Биерде илимий иштерди да жүргүзгөн, доктур болчу студенттерге да дарс окуган, оорулууларды да дарылаган, даңазалуу академиктердин ысымдары ыйгарылган бир нече клиника жайгашкан. Алар бири-биринен оолак турган көп кабат имараттардын өзүнчө бир комплекси. Урбанизацияга чейинки архитектуранын үлгүсүндө курулган имараттар алданемедей кооз. Бет алдылары театрлардыкындай аркалар. Жакшынакай ажайып жай.

Так ошо ажайып жайдын күн батышынын кутпа тарабынын ээндеген бурчунда архитектуралык кооз имараттардын аппендикси сыяктанып, чатырына жеткен таш коргон айланта курчаган бир кабат чарчы боз там турат. Кунарсыз бир үй. А бирок даңазасын айтпа. Чет өлкөнүн биринде көп жыл иштеп байып келген, «профессордук даражаны чет элден алгам, илимий макалаларым көп тилдерде жарыяланган, адамдын өмүрүн узарткан, карыларды жашарткан улукманмын», – деп өзүн өзү даңазалаган эргулдун жеке менчик бейтапканасы, жеке менчик клиникасы. Чиймесин өзү чийип, тамды да өзү салдырып, коргонду да өзү көтөрткөн. Дарбазасын өзүнчө чыгарып, өзү айткандай «абсолюттуу автономия» кылып таштаган. Ага кирип чыккан деле жан жоктой. Өзүнчө эле Таш Коргон.

Менчик ээсинин кабарчыларга көп жолу берген интервьюларына караганда, бул бейтапкана эң эле заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылгандыктан, медперсоналдар менен оорулуулардын байланышы, шумдугуң кургур, контактсыз болот. Ооба, контактсыз экен, доктурлар кабинеттеринде отурган жеринен, оорулуулар палатадагы жатак ордунан аудиовидеокамералар, компьютердик техника аркылуу кандай ахвалда экенин көрүп билип, ошого жараша кенже медперсоналдар гана керектүү дары-дармектерин берип, үч маал тамак-ашын англиялык ак сөөктөрдү тейлегендей подноско салып, төшөктүн үстүнө алып барып берет имиш. Так ушунусу да башка бейтапканалардан артыкчылыгынын бири делинет. Айта берсе артыкчылыктары арбын.

Бул мартабалуу бейтапканага кирип чыгуу катуу тартипте. Өздөрү да бармагынын мөөрүн, кирүү карточкасын көрсөткөндө дарбаза каалгасы ачылат, анан босогодо турган зыңкыйган чокморлуу, тапанчалуу күзөтчүлөр жеке уруксат күбөлүктөрүн текшерип киргизет, текшерип чыгарат. Кыскасы, бөтөн чымын да учуп кирип чыгалбагандай өзгөчө эрежеге баш иет.

А бейтаптар болсо биерден бир кирген боюнча чыкпай, өлүп тынат ушерде. Сөөгүн да алып кете алышпайт. Чакан крематорийде маркумдун тени өрттөлүп, күлүнүн жарты ууч бүртүгү айнек азем колбага салынып, уулунун колуна карматылат. Ал үйүндөгү атасынын же энесинин сүрөтүнүн артына эстеликке, түбөлүккө эстеп жүрүүгө катып койгонго алат имиш. Аны күл ээсинен башка бир да жан билбейт дешет.

Чет-жака чоо-жайын билгендер биер «бир буту төрдө, бир буту көрдөгү» карылардын бейтапканасы, абройлуулардын карыяларынын үйү, болгондо да даңазалуу бардарлардын – көпөстөр менен олигархтардын ата-энелеринин жашыруун жайы деп айтышат. Жашыруун дегенинин дагы бир себеби баланча ата-энесин карылар үйүнө алпарып таштаптыр деген айың кептен алыс болот дегени, аброюна сөз тиет дегенинен тура. Ошондон улам да бул мартабалуу бейтапкана, кымбат бейтапкана.

Дагы бир кызыгы, өз ара келишим боюнча катылуу сыр катары биерде карынын өз аты-жөнү катталбайт. Аны апкелген ээси менен башкы дарыгер гана билет. Доктурлар да, медайымдар да билбейт. Дарылоо баракчасын башкы дарыгер өзү толтуруп, кол алдындагылардын колдоруна карматат. Ошондон улам ысымдар да кызык, сырдуу. А бирок ошонусу бейтаптын сырткы бейнесин аныктап тургансыйт. «Ак мурут абышка», «Кашка баш карыя», «Чалыр көз чал», «Балпайган байбиче», «Какшаган кара жаак», «Керең кемпир» – не деген шыңгыр үндүү ысымдар. Анан бейтапка өз аты-жөнүнүн эмне кереги бар?!

Биздин каармандардын дарылоо баракчасына жазылган ысымдары – «Ак Байбиче» жана «Кара Кемпир». Экөө үкөктөй чакан бир палатада. Төр жагында – терезе тушунда Ак Байбиче. Улагада – Кара Кемпир. Экөө тең туруп баса алышпайт, анда-санда капталдарына оодарылып бирин бири карап-карап калышканы болбосо, көбүнесе шыпты тиктеп сүйлөшүп жатып уйкуга кетишет. «Уйку – карылыктагы улукмандын өз дарысы, көп уктагыла», – дешет биердегилер. «Уктаар убагыңар келди, кобурашканды токтоткула. Жетишет кеп салганыңар, уктагыла!» – деп буйрук берилет көрүнбөгөн радиотүйүндөн.

Ак Байбиче бир топ сөзмөр. Кара Кемпир сөзгө жок, мокок. Экөө тең көптү көргөндөр. Бири – башынан калаалык. Өмүр бою кеңседен чыкпай кызмат кылган аппак жүзү аптаптуу күнгө күйбөгөн, төбөсүнө түйгөн чачын шамал эпкини желпинтпеген жандардан. Экинчиси – түбүнөн айылдык, колхоздун кара жумушуна тотугуп бышкан. Бригадирдин айткан жагына барып, айдаган жеринде жүргөндөрдөн. Ошолоруна жараша ой жүгүртүшөт, кеп салышат. Билип көргөндөрү да эки башка. Ак Байбиченин кесиби – китеп редактору. Кара Кемпир китеп түгүл, кезит бетин ачып көрбөгөндөрдүн бири.

Адам баласы зериккенде, бук болгондо кобурашканды жакшы көрөт эмеспи. Бейтапкананын эреже шарты боюнча карыялар өз таржымалдарын, кимдин ата-энеси экенин жар салып шардана кылбашы керек. «Жердин кулагы-жети» – дейт эмеспи. Непада айтылган сөз жел менен да жетиши ыктымал. Антсе да сөз арасында айтылып кетет, уул-келиндердин кылык-жоруктары, кимдер экендиги.

Ак Байбиче мурда китеп басмасында редактордук кызмат кылгандыктан сырды ката билгенге көнгөндөрдөн. Кичине эле четин чыгарганы болбосо, сөздү башкага бурганга маш. Кара Кемпир кара иште жүргөн баштагы колхозчу да – билгенин, укканын кээде балп эттире айтып салат.

Ак Байбиченин баласы банкир. Чет элдик банктын биердеги өкүлү. Москвада жогорку техникалык окуу жайын кызыл диплом менен аяктаптыр, компьютердин тишин чаккан программист экен. Ошонусун баалаган чет элдик банкир өнөктөш кылып алыптыр. Ак Байбиче инсульт алгандан кийин, күн бою кызматта жүргөн уул-келинин аяп: «Ашка-жүк, башка-жүк» болбоюн, жакшылап көз салган жерге өткөрүп койгула– деп өзү өтүнгөн экен.

Кара Кемпирдин уулу башында айылдык ала көөдөн көкүрөктүү зор балбан жигит болгондуктан дене тарбия институтуна чакырып машыктырып, эрежесиз мушташ боюнча эл аралык мелдештердин чемпиону болгон эргул. Кийин кан базардагылардын биринин үстүнөн карап тескегендердин бири, анан көтөрүлүп анабашы болуп, чоң соодагерлердин өз ара аласа-бересесин, чыр-чатагын жөнгө салып жүрүп, базар ээсинин өнөктөшү болуп алыптыр. Криминалдык чөйрөдөгү атагы бар «мыйзамдагы уурулардын» бири. Кара Кемпир калаада өсүп чоңойгон, орусча гана сүйлөгөн тастак келинине батыша албагандан, келининин кербезинен ушерге жайгаштырылыптыр.

Кептин төркүнү ушундай.

Кобурашканды демейде Ак Байбиче баштайт:

– Бүгүн күн жадырап жайдары чыкты. Нурлары дарактардын учтарын күмүштөй түскө бөлөп. Бах, чиркин, өмүр, тиричилик дегениң так ушундай башталса эмне деген керемет, эмне деген ырахат. Күн нуруна кубанып кара чыйырчыктар куду булбулдай сайрап жатса керек. Мынабу терезе, пластика дегениң айнектей эмес тура, үндү да жакшылап угузбайт, ичке киргизбейт. Баары бир мен кыялымда угуп жатам – кара чыйырчыктардын булбулду туурап сайраганын… Сиз, байбиче, кыялыңызда күү угасызбы?..

Ак Байбиче Кара Кемпирге «байбиче» деп сиз менен кайрылат ар дайым. Кара Кемпир күңк-мыңк эткен болот. Бир аздан соң терезени караган боюнча Ак Байбиче сөзүн улайт:

– Жарыкчылыкта жашоо деген кандай керемет, ушундай эмеспи, байбиче? Кайсы бир улуу падышалардын бири айткан тура, өлүп баратып: «Атаганат! Жарыкчылыкта дагы бир күн жашаганга, бир күндүк жарыкчылыкка миң күн жашаган өмүрүмдү алмашпас элем. Жыйнаган бүт байлыгымды берээр элем», – дептир. Бул эмне деген марттык, эмне деген гана жашоого болгон кумардык! Мына минтип улуу падышалар гана айта алат. А биз көрпендебиз да, ушундай эмеспи, байбиче…

Кара кемпирден үн жок. Аңгыча жашыруун радиотүйүндөн добуш чыгат:

– Ардактуу Ак Байбиче, Сиз көп эле философтоно бербеңиз, жаныңыздагы бейтаптын мазесин алып. А кишинин аз мээсин ого бетер айлантып бөксөртпөңүз.

Ошондо Кара Кемпирдин жаны чыгып кете жаздайт:

– Менин мээм азбы, өлүгүңдү гана көрөйүн… Өзүңдүн мээң канча?

Токтоткула дискуссияны! – дейт буюра радиотүйүндөн.

Эртеси эртелеп сөздү Кара Кемпир баштады.

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, доктур болбой жерге кир. Менин мээм бөксө болсо, эмнеге карайт. Уулумдун акчасын уучтап алганын унутуп коёбу. Шашпа келсин, даттанам, айтам. Ирекетине сабатсын. Ал деген мындан да чоңдордун мойнун толготкон. Ушу да кеппи…

– Кой, байбиче, сабыр кылбайлыбы. Булар деле бирөөнүн жакшы көргөн балдары да, – дейт Ак Байбиче.

– Ушу кантип болсун. Оозубузду ийне менен тигип алалыбы? Акчаны уучтап эмнеге бердик?! Өлүктөй болуп жатсак, кобурашканга да акыбыз жокпу? – дейт Кара Кемпир олуттуу сөздөн баштагандай.

Ак Байбиче Кара Кемпирди жубаткан болуп сөздү башка жакка бурат.

– Сиздин айтканыңыз ак сөз, байбиче. Антсе да ачууга алдырбайлы. «Ачуу – душман, акыл – дос» – дейт эмеспи. Сиз мага уулуңуз тууралуу айтып бериңизчи.

– Уулумбу? Айтса, ал деген спритсмен, чайпион, – деп баштады Кара Кемпир.

– Спортсменби? Чемпионбу?

– Ии, ии, ошолор. Толгон-токой ирекетерлери бар.

– Рекетёрлору барбы?

– Бар болгону үчүн байып отурбайбы. Жанагы тастак келин менен, анын итэлеттик энеси көөп кетти. Мени түртүп салышты уулумдан.

– Кудагыйыңыз интеллигент болсо, кантип ошондойго барды экен.

– Ошого барды. Өлүгүңдү көрөйүндөр, мени киши катары көрбөйт. Өздөрүнчө бийик үстөлгө отуруп тамак ичет. Мени айылдык, кара колхозчу деп жалгыз бөлүп коёт. Жерге отургузуп жалпак үстөлгө тамак берет. Накта итэлеттен окшойт. Айылдагыдай чогуу отуруп оокат кылганды да билбейт. Жанагы, кудагый, нак мастен, көз айнегин мурдунун үстүнө түшүрүп алып керели-кечке китеп окуйт, мамык отургучка чалкалап алып. Чилистенден бетер. Анан түн бою ахалаган-охологон кино көрөт, уялбай күйөө баласы менен чогуу отуруп. Чай ичкен кашыгын да чайкап койсочу бир жолу. Ак кол, ак чүчтүгүн кантесиң, жаман алында. Кобурашайын деп жанына барып: «Эмнени окуп атасыз, кудагый?» – деп сурайм да кээде. «Сиздин буга тишиңиз өтпөйт. Орусча. Өмер. Байыркы гирик» – дейт.

– Гомер тура, – дейт Ак Байбиче.

– Ошо Өмер. Анан дагы сурасам: – Көтө – дейт, немис – дейт. Байран-англис дейт. Ошо Байранын колунан жулуп алып отко салып ийгиң келет. Колуң кыска да, колуң кыска. Уулумдун уюткулуу журтун бузбайын деп чыдап жүрдүм.

– Туура кылгансыз, байбиче, – дейт Ак Байбиче. – Уюткулуу журтту бузган болобу. Үй-бүлө бир бузулса, оңою менен оңолбойт. Эне деген үй-бүлөнүн данакери эмеспи, байбиче. Туура айтамбы, байбиче?

– Туурасы го, туура дечи. А бирок алар мени көзүнө илбей көөп кетишти уулумдун тапканына чардап. Кудагый да, келин да күн алыс ыштандарынан өйдө жаңыртып кийим сатып алышат. Мага бир байлам жоолук апкелип берсе колуна шал тиеби. Жиним келип айтып ийдим. «Менин уулуман башка итэлеттин бирине тийсең ыштаның жыртык жүрмөк» – деп. Жаңжал ошондон чыкты. Анан ушуякка апкелип коюшту.

Палатадагы көрүнбөгөн радиотүйүндөн үн чыкты:

– Эми ыштандарга өттүңөрбү?! Токтоткула болбогон дискуссия-талкууңарды. Уктагыла.

– Тил алалы ээ, байбиче, – деди Ак Байбиче.

Кара Кемпир башын ийкеди. Бир аздан соң Ак Байбиче быш-быш эте дем ала уйкуга көшүлдү. Бир топ күүлөнүп, дүүлүгүп алганынанбы Кара Кемпир үзүп-тынып коңурук тартып кирди.

– Ай-иий, көргөн көзүңө ишенбейсиң, розалар-лолалар лоолдойт терезенин түбүндө. Ушундай да бажырайып ачылат экен ээ. Ак лолалар-кардай ак, сүттөй ак. Жанындагы кызыл лолаларды кара, жалбырттаган жалындай. Алардын катарында сары кызылдар бышкан алмадай мөлтүрөп. Кырмызы түстөгүлөрүн биринчи көрүшүм. Сиз көрдүңүз беле, байбиче, кырмызы түстөгү роза-лоланы? Жыттары аңкып, танооңду өрдөп кеткенсийт. Аттиң ай, карачы пластик терезе болуп калганын, болбосо сиз экөөбүз моокумубуз канганча жыттабайт белек балкып. Аттиң ай, арман дүйнө деген ушу да. Ушундай эмеспи, байбиче? – деп сөзүн баштайт эртеси Ак Байбиче Кара Кемпирге кайрылып.

– Розанын жыты айылдагы арык бою өскөн атыр гүлгө жетмек беле. Розаңан гүлкайыр узун эмеспи – деп койду Кара Кемпир.

– Гүлдөрдүн баары назик деңизчи, ар биринин ароматы ар башка. Туура баамдагансыз, байбиче, – деп Кара Кемпирди жубатып койду Ак Байбиче.-Бир кездеги гүл кучактаган күндөр түш сымал эске түшүп жатпайбы. Жалындаган жаштыгың кандай ширин эле, чынбы, байбиче?!

– Кайдагы жаштык. Согушка туш келген. Сүйлөшкөн жигитиңен кара кагаз келген жаштык да жаштыкпы, – деди Кара Кемпир кабагын чытып.-Кара далы болуп жүрүп картаң абышкага токол болдук. Ошондой жаштыктын өлүгүн көрөйүн.

– Кой, байбиче, антпеңиз. Жашоо дегениң оомалуу-төкмөлүү дүйнө эмеспи. Жалаң жыргап-куунап жүрсөң жашоонун баркын билесиңби. Тирүүчүлүгүң оош-кыйышы менен кызык. Ошо оош-кыйышы менен жашоонун баркын билебиз да, байбиче. Кой, көп бабырап ийдик көрүнөт, доктурлардан эскертүү албайлы. Эс алалы, ээ байбиче.

– Эс алгыдай кериле кетмен чаап жаттык беле. Андан көрө, уктайлы дебейсизби. Уктаса уктайлы– деди Кара Кемпир.

Дагы бир күндү узатышты алыскы сапарга. Демейдегидей эле жаңы күндүн жарчысы болду Ак Байбиче терезе туштагы.

– Бүгүн да күн мемиреп турат. Асман көпкөк. Ий-ий, тиги ак булуттарды карасаңыз, кербендей ээрчишкен. Алдында кичинекей ак булут, качыр минген кербен башчыны элестетип, анан анын артынан чубаган нарлар, таңгак-таңгак жүн жүктөлгөндөй. Кана, канча төө, канча нар? Бир, эки … төрт-беш… ооу, он… жыйырма бир тура. Эң арткы төөнүн кыска куйругуна жип улаштырып алып, ошону кармап бир улан баратат, колуна шапалагын алып. Оштон чыккан кербен Мисирге чейин барса керек. Кайра келет да жер сыдырып, дүйнө көрүп, анан да аяктан арзан шайы кездемелерди жүктөп келип, Дордой менен Кара-Суунун базарын жайнатат дей бериңиз. Дүйнө кезген өзүнчө бир ырахат эмеспи ээ, байбиче. Сиз саякаттап, кайсы чет өлкөдө болгонсуз, байбиче? – деп сурап калды Кара Кемпирден.

– Кайдагы саякат. Бул Чүйдүн ичин, баш-аягын көргөн деле жокмун. Орусча тил билбесең кантип саякаттайсың – деди Кара Кемпир. – А сиз болдуңуз беле чет өлкөдө?

– Болгом, байбиче. Болгариянын айтылуу курортунда бир ай эс алып келгем. Анан Кара деңиз боюндагы өлкөлөрдү сыдырткан кемеге түшүп кыдыргам он күн бою. Жер көргөндүн, эл көргөндүн көзү ачылат дешет эмеспи.

– Менин көзүм ачылбай калды, – деди Кара Кемпир чын дилинен.

Анан ичинде Ак Байбиченин көптү көргөнүнө кызганыч кылды. Эмне үчүн менин эмес, бу Ак Байбиченин көзү ачылат деп. Кызганыч дегениң башкарылбаган албуут сезим окшобойбу. Бекеринен айтылыппы: «Кызганыч-пендени жардан алыс учурат» – деп. Кара Кемпир терезе тушундагы Ак Байбиченин терезеден көргөндөрүн тизмектетип божураганын, ага өзү да жаны жыргап, анын да делебесин козгогонун айт. Эмне үчүн бул Ак Байбиче терезе түбүнөн орун алат да, өзү улагада калып, тигил көргөндөрдү көрө албайт? Бара-бара кызганычы күчөп баратканын Кара Кемпир өзү деле сезген жок окшойт. Ак Байбиче канчалык ширин кеп салганына, өзү ошондой боло албаганына ичи күйүп арданып, кызганып да жатты.

Күндөр өтүп атты. Ак Байбиче адетиндей терезени карап алып божурап кирет.

– Күз келген экен. Жалбырактар саргая баштаптыр. Коңур күз деген кандай сонун! Өрүктүн, кайыңдын жалбырактары кызарып, күн нуруна алоолонот. Тиги боз чаңгыл асманда каркыра-турналар учуп баратат желе тартып. Кыйгуулап, кыяк тартып коштотуп бараткан үндөрү угулгансыйт муңдуу абаз салып. Аттиң ай, карачы, желе тарткан каркыра-турнанын муңдуу үнүн укпай калат деген эмне?! Арман эмей эмне? Чынбы, байбиче, Сиз кандай дейсиз? Айылда көп-көп жолу каркыра-турнаны узатып жүрдүңөр да, кол булгалап: «Кош-кош, аман барып, аман келгиле, сапарыңар карыбасын Жараткан өзү сүйүп жараткан парандаларым, жарыктыктарым» дегендирсиз нечен жолу. Ушинткенсиз ээ, байбиче?

Андай деп айтпаганын жашыргандай башын чала ийкейт Кара Кемпир. Каркыра-турнаны көп эле жолу көрдү дечи, а бирок Ак Байбиче айткандай узатып көрүптүр дейсиңби. Эч болбосо ушу саам терезеден көрүп узатып калса эмне?! Ак Байбичеге кызганычы ого бетер күчөп баратты.

Дагы бир күнү Ак Байбиче акырын үн катты:

– Кыш келди окшойт. Асманды кара булут эле каптап калыптыр. Бороон-чапкын башталат көрүнөт. Сөөктөрүм зыркырайт да, байбиче. Муунум бошоп калды. Бул эмне болучу? Көңүлүм да караңгылап турат, бир жамандыкты сезип. Мусулман баласы эмеспизби, непада нары карап кетсем, байбиче, ыйманымы айтып коюңуз, сообу тиет. Макулбу, байбиче. Ошентиңиз, ээ. «Биссимила рахман рахимди» эле кайталай берсеңиз. Ошол деле иман айткандай болот дешкен тура уламалар. Жарайбы, байбиче.

– Макулмун, макулмун – деп ийди Кара Кемпир негедир Ак Байбиче айтканын кайрып алардан бетер.

Түн кирип уйкуга кетишкен. Эртең менен божурап кеп баштаган Ак Байбичеден үн-дың жок. Ак жүзү ого бетер ажарына чыккандай мелтиреп кыймылсыз. Чочуп кетти Кара Кемпир.

– Ак Байбиче, Ак Байбиче дейм! Деги соосузбу?! – деп үнүн катуулата чыгарды. Жооп болгон жок. Ошондо Кара Кемпир үнүн бек чыгарып чаңырып ийди: – Өлүгүңдү көрөйүндөр, Ак Байбиче өлүп калды. Өлүп калды!

Дароо кайдан-жайдан пайда болгондой баш доктур баш болуп топурап палатага толуп кетишти. Ак Байбиченин моюн тамырын кармаган баш доктур башын чайкап, Кара Кемпир мурда укпаган сөздү айтты жанындагыларга:

– Крематорийге алпаргыла…

Өлүк жаткан жердин сүрү жаман. Эки күн бою Кара Кемпир Ак Байбиче жаткан керебетти караган да жок. Үчүнчү күнү гана тамак апкелген медайымга кайрылды.

– Алдыңа гана кетейин, менин керебетим менен тиги терезенин тушундагы керебетти алмаштырып койгулачы, айнанайын. Сураганыңды бердиртейин, уулума айтып. Терезеден жарыкчылыкты карап жатайын.

– Башкы врачка, профессорго айтып көрөйүн, апа, – деди медайым боор ооругандай аяп.

– «Апа!» Апа дегениңен айнанайын. Бул сөздү укпай калганым качан. Өз уулуман да. Садагасы, сен биерде иштебе, кетип кал, макулбу! Биердин абасы да таза эмес, айнанайын. Биер тирүү өлүктөр жаткан Таш Коргон…

– Сүйлөшкөндү токтот. Которо бер! – деген үн чыкты көрүнбөгөн радиотүйүндөн. Бул баш дарыгердин үнү эле.

Буттары чыгырык дөңгөлөктүү керебеттер бат эле алмаштырылды. Кара Кемпир көзүн жумуп көпкө жатты. Терезенин сыртындагы дүйнөнү көрсө жүрөгү жарылып кетээрден бетер. Көрүп чочубайын дегендей, көзүн көпкө чейин ачкан жок. Качан медайым чыгып кеткенден бир топтон кийин көзүн ачып терезени караса… ой, шумдугуң кургур, терезенин нары жагынан бир карыштай эле аралыкта кара шлак блок кирпич менен тосулган бийик дубал тиреп туруптур. Эч нерсе көрүнбөйт, асман да, бак– дарактар да. Кара Кемпир өз көзүнө өзү ишенген жок. Ушалап-ушалап алып, кайра-кайра карады. Бийик кара дубал терезени да карартып турган. Башка эч нерсе көрүнбөйт. Бая эле кыялы оңоло түшкөн Кара Кемпирдин жини кайнап чыкты. Ак Байбиче алдап жүргөн тура аны. Кара Кемпирдин тээ мурдагы кызганычы жек көрүүгө айланды белем, чаңырып ийди:

– Тозокко гана түш, Ак Байбиче! Тозокко гана түш! Күнүгө торгойдой сайрап мени алдап жүргөн турбайсыңбы. Тозокто сайрап кал. Тозокто сайрап кал!..

Кара Кемпирдин деми кыстыгып, кара тер басты. Тамагы муунуп, дем ала албай шалак дей түштү. Муну көрүүчү камерадан карап отурган баш дарыгер жанындагыларга буюра айтты:

– Кара Кемпирди крематорийге алпаргыла!

Анкара – Бишкек