М.Ааматов “Ала-Тоо” журналына башкы редактор болду

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов кыргыз жазуучуларынын  “Ала-Тоо” көркөм адабий журналынын башкы редактору болуп дайындалды. Буйрукка “Турар” басмасынын директору М.Мураталиев кол койду. Урматтуу Маркабай Ааматович, сизди акын-жазуучулардын адабий журналына башкы редактор болушуңуз менен куттуктайбыз! Ишиңизге ийгилик, чыгармачылык жигер, бекем ден-соолук каалайбыз.

КРУЖС Башкармалыгы