Кыргызпатент авторлор арасында улуттук сынак жарыялайт!

Көңүл буруңуздар, Көңүл буруңуздар!

Кыргызпатент авторлор арасында улуттук сынак жарыялайт!

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) проза;

2) поэзия;

3) илимий-популярдуу чыгарма;

4) иллюстрацияланган балдар көркөм адабияты;

5) альбомдор, каталогдор;

6) социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер.

Иштер 2020-жылдын 15-июнунан 30-ноябрына чейин кабыл алынат. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!

Сынактын жеңүүчүлөрүнө басма продукциясы түрүндөгү сыйлыктар тапшырылат.

Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш.

Сынактын жобосу менен www.patent.kghttp://fund.patent.kg/ сайттарынан таанышып чыгууга болот.

Сынакка Жобонун №1тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 30-ноябрга чейин Катчылыктын fund@patent.kg электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 жөнөтүү керек.

Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0778) 98-98-08,

(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

 

Внимание, внимание!

Кыргызпатент объявляет национальный конкурс среди авторов Кыргызской Республики!

Конкурс проводится по номинациям:
1) проза;
2) поэзия;
3) научно-популярное издание;
4) детская иллюстрированная художественная литература;
5) альбомы, каталоги;
6) плакаты, буклеты, брошюры социально-гуманитарного направления

Работы принимаются с 15 июня по 30 ноября 2020 года. В Конкурсе могут участвовать авторы от 30 лет и выше.

Тексты работ, направленные на конкурс, не должны быть ранее опубликованы!

Приз  победителям Конкурса издание их конкурсной работы.

Произведения должны быть представлены в виде документа Microsoft Word , шрифт TimesNewRoman, размер кегля – 14, междустрочный интервал -1,15, общий объем от 150 до 600 страниц.

С Положением о проведении национального конкурса среди авторов можете ознакомиться на сайтах www.patent.kghttp:// http://fund.patent.kg/

Для участия в Конкурсе необходимо направить заявку установленного образца согласно приложению №1 Положения о конкурсе до 30 ноября текущего года на электронную почту fund@patent.kg либо по почтовому адресу Кыргызпатента: 720021, г. Бишкек, ул. Московская, 62.

Телефоны для справок: (0312) 68-04-71, (0778) 98-98-08, (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

 

Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында улуттук сынак өткөрүү жөнүндө ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор
  1. Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында улуттук сынак өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы туруу саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы  №105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы №424 токтому менен бекитилген 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык иштелип чыккан.
  2. Жобо Кыргыз Республикасынын авторлор арасында улуттук сынакты (мындан ары – Сынак) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктаган, аны уюштуруучулук-усулдук жактан камсыздандыруу, Сынакка катышуу тартибин жана авторлорду тандап алуунун негизин түзгөн документ болуп саналат.
  3. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү тартиби бардыгына бирдей, жеткиликтүү принциптерине, инсанды эркин өнүктүрүүгө, Сынактын катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого негизделген.
  4. Сынактын максаттары жана милдеттери:

– Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасынын авторлорунун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү;

– Кыргыз Республикасынын авторлорунун мыкты чыгармачылык иштерин жайылтуу жана колдоо, өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү.

  1. Сынактын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонд) эсептелет.
  2. Сынактын өнөктөштөрү болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен Сүрөтчүлөр союзу саналат.
  3. Сынакты өткөрүү жана жыйынтыгын чыгарууда жалпы координацияны Сынактын Катчылыгы (мындан ары – Катчылык) – ИМ Мамфонддун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмү ишке ашырат.
  4. Катчылык сынактык материалдарды кароо жана Жеңүүчүлөрдү аныктоо боюнча Сынактын калыстар тобун түзөт. Калыстар тобунун курамы 11 адамдан кем эмес болууга тийиш. Калыстар тобунун мүчөлөрү ишке коомдук башталышта ыктыярдуу негизде тартылат, ошондой эле сынактык чыгармачылык иштерди (мындан ары – иштер) Жобонун №2 тиркемесине ылайык баалайт жана упай коет.
  5. Сынак төмөндөгүдөй номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) проза (3төн кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

2) поэзия (10дон кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

3) илимий-популярдуу чыгарма (3төн кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

4) илюстрацияланган балдар көркөм адабияты (3төн кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

5) альбомдор, каталогдор (3төн кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

6) социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер (10дон кем эмес өтүнмө келип түшкөндө Сынак өтөт);

  1. Сынак жыл сайын, 15-июндан 30-ноябрга чейин өткөрүлөт.
  2. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат.
  3. Сынактын жеңүүчүлөрүнө басма продукциясы түрүндөгү сыйлыктар тапшырылат, нускасын Ведомстволор аралык жумушчу комиссия аныктайт жана Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө Жобого ылайык, ИМ Мамфондунун Башкармалыгы тарабынан бекитилет.
  1. Сынакты өткөрүү жана өтүнмөлөрдү кабыл алуу тартиби
  2. Сынакка ишин жөнөтүп жаткан катышуучу, чыгарманын автору же авторлош болуусу керек жана “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчиликти алат.
  3. Сынакка катышуу үчүн Жобонун №1тиркемесинде белгиленген үлгүгө ылайык, өтүнмөнү ушул жылдын 30-ноябрына чейин Катчылыктын электрондук дарегине fund@patent.kg же ИМ Мамфондунун дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 жөнөтүү керек же www.fund.patent.kg сайтынан онлайн өтүнмөнү толтурууга болот.
  4. Өтүнмөгө төмөндөгү документтер тиркелет:

1) катышуучунун резюмеси;

2) чыгарманын аннотациясы;

3) Ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн номинацияга талапкерлердин иши мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат:

– 1-4-п.п. – А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), көлөмү 150-600 беттен ашпоого тийиш. Ар бир барактын чети 20 мм ди түзүп, тексттин ар бир абзацы 10 мм болуусу кажет, басылманын автордук иллюстрациясы jpg форматта 350 dpi  кем эмес электрондук жана кагаз түрүндө болуп,  автордук укугун жана жарыялоого уруксат берүүчү документтер тиркелиши  керек;

– 5-п.п. –А4 форматтагы альбомдук барак, Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), көлөмү 100-120 беттен ашпоого тийиш. Ар бир барактын чети 20 мм ди түзүп, тексттин ар бир абзацы 10 мм болуусу кажет;

– 6-п.п.: – А3 форматтагы плакат, СМУК түстүү модель,  350 dpi  кем эмес болууга тийиш; А5 форматтагы буклет (1 же 2 бүктөм), 8-16 беттен турган эки жактуу барак лифлет; А5 форматтагы брошюра (1 же 2 бүктөм), 16-48 беттен турган эки жактуу барак лифлет.

4) паспортунун көчүрмөсү;

5) жеке сүрөтү жана jpg форматта 350 dpi  кем эмес электрондук түрүндөгүсү.

  1. Сынакка катышууга өтүнмөлөр Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жободо каралган талаптарга ылайык келүүсү керек.
  2. Сынактын жыйынтыгы боюнча Калыстар тобу жеӊүүчүлөрдү аныктайт да чыгармаларын Ведомстволор аралык жумушчу комиссия жана ИМ Мамфондунун Башкармалыгынын кароосуна жөнөтөт.

ИМ Мамфондунун Башкармалыгынын чечиминен кийин жеӊүүчүлөрдүн чыгармалары Уюштуруучулар тарабынан басмаканадан чыгарылат жана  бул жөнүндө маалымат Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун расмий сайттарына жайгаштырылат.

  1. Сынакты өткөрүү мөөнөтү узартылса же башка өзгөртүүлөр кирген учурда Катчылык кошумча маалыматтарды Кыргызпатентин www.patent.kg жана ИМ Мамфонддун www.fund.patent.kg  расмий сайттарына жарыялайт.
  2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
  3. Катышуучу:

– Катчылыктан Сынактын жол-жобосу жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу;

– Сынакка катышууда Жободо белгиленген шарттарды сактоого милдеттүү.

  1. Уюштуруучу:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргызпатент менен ИМ Мамфондунун расмий сайттарына билдирүү жайгаштыруу менен Сынакты жокко чыгарууга укуктуу;

– эгер Катышуучу такталбаган маалыматтарды берсе же укугу үчүнчү жакка таандык интеллектуалдык менчик объектилерин уруксатсыз колдонгондо,  Катышуучуну сынакка киргизүүдөн баш тартуу же токтотуу укугуна ээ.

№1 тиркеме 

Кыргыз Республикасынын авторлорунун  арасында  улуттук сынакка катышууга

 Өтүнмө

Автордун аты-жөнү, туулган жылы

 

 

 
Жашаган жери (учурдагы)

 

 

 
Окуган/иштеген жери

 

 

 
Байланыш  телефону (моб.)

 

Өтүнмө ээсинин e-mail дареги

 

 
Сынактык чыгарманы баяндоо, анын багыты

 

 

 

Бул өтүнмөгө кол коюп жатып, мен, (аты-жөнү) ________________________________, Сынакты өткөрүү максатында жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, колдонуу, иштеп чыгуу жана  таратууга макулдугумду беремин, ошондой эле тапшырылган документтердин тактыгын ырастаймын жана өтүп жаткан сынактын шарттары менен макулмун.

 

/________________/_________________/

 

(колу, аты-жөнү)                                                                      “___” _______________ 2020-жыл

 

Положение

о проведении национального конкурса

среди авторов Кыргызской Республики

  1. Общие положения
  2. Настоящее Положение о проведении национального конкурса среди авторов Кыргызской Республики (далее – Положение) разработано в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики “О Государственной стратегии антикоррупционной политики Кыргызской Республики и мерах по противодействию коррупции” от 2 февраля 2012 года № 26, Законом Кыргызской Республики “Об авторском праве и смежных правах”,  Положением о стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике, утвержденным постановлением Правительства Кыргызской Республики от 6 марта 2019 года № 105 и во исполнение Государственной программы развития интеллектуальной собственности в Кыргызской Республике на 2017-2021 годы, утвержденной Правительством Кыргызской Республики от 6 июля 2017 года № 424.
  3. Положение является документом, определяющим порядок организации, участия и проведения национального конкурса среди авторов Кыргызской Республики (далее – Конкурс), ее  организационно-методическое обеспечение, порядок участия в Конкурсе и отбора авторов.
  4. Организация и проведение Конкурса строится на принципах общедоступности, свободного развития личности, защиты прав и интересов участников Конкурса.
  5. Цели и задачи Конкурса:

-содействие развитию системы интеллектуальной собственности и  стимулирование творчества авторов Кыргызской Республики;

-содействие развитию, популяризации  и поощрения лучших творческих работ  авторов Кыргызской Республики.

  1. Организатором Конкурса является Государственный фонд интеллектуальной собственности при Государственной службе интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (далее – Госфонд ИС).
  2. Партнером Конкурса является Национальный союз писателей и Союз художников Кыргызской Республики.
  3. Секретариатом Конкурса является отдел стимулирования творческих инициатив Госфонда ИС, который ведет общую координацию проведения приема заявок и подведения итогов Конкурса.
  4. Секретариатом для рассмотрения конкурсных материалов и определения победителей создается жюри Конкурсав количестве не менее одиннадцати человек, которое ведет работу на добровольных иобщественных началах, а также оценивает конкурсные творческие работы (далее-работы), выставляя баллы в соответствии с приложением 2 к настоящему Положению.
  5. Конкурс проводится последующим номинациям:

1)  проза (Конкурс состоится при поступлении не менее 3 заявок);

2)  поэзия (Конкурс состоится при поступлении не менее 10 заявок);

3) научно-популярное издание (Конкурс состоится при поступлении не менее 3 заявок);

4) детская иллюстрированная художественная литература (Конкурс состоится при поступлении не менее 3 заявок);

5) альбомы, каталоги (Конкурс состоится при поступлении не менее 3 заявок);

6) плакаты, буклеты, брошюры социально-гуманитарного направления (Конкурс состоится при поступлении не менее 10 заявок).

  1. Конкурс проводится ежегодно, в период с 15 июня по 30 ноября.
  2. В Конкурсе могут участвовать авторы не моложе 30 лет.
  3. Победителям Конкурса вручаются призы в виде печатной продукции их конкурсного произведения, тираж которых определяется Межведомственной рабочей комиссией и утверждается Правлением Госфонда ИС в соответствии с Положением о стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике.

 

  1. Порядок приема заявок ипроведения Конкурса
  1. Участники, направляющие работы на Конкурс, должны быть авторами и/или соавторами этих работ и в соответствии с Законом Кыргызской Республики «Об авторском праве и смежных правах» несут ответственность за достоверность его авторства.
  2. Для участия в Конкурсе необходимо направить заявку установленного образца согласно приложению 1 к настоящему Положению до 30 ноября текущего года по адресу Госфонда ИС: 720021, г. Бишкек, ул. Московская 62либо на электронную почту Секретариата fund@patent.kg или заполнить заявку онлайн на сайте www.fund.patent.kg.
  3. К заявке прилагаются следующие документы:

1) резюме участника;

2) аннотация к работе;

3) работы, претендующие на номинации, указанные в пункте 9 настоящего Положения,могут быть представлены на государственном или официальном языках:

– п.п.1-4 – объемом от 150 до 600 страниц печатного текста односторонней печати, выполненного на белой бумаге формата А4, в текстовом редакторе Word, размер 14 шрифта Times New Roman, межстрочный интервал 1,15 с выравниванием по ширине страницы, поля каждого листа должны составлять 20 мм, каждый абзац текста должен быть напечатан с абзацного отступа равного 10 мм, авторские иллюстрации к изданию должны быть предоставлены в бумажном и электронном виде с разрешением не менее 300 dpi в формате jpg с указанием авторства и приложением разрешительных документов на публикацию.

-п.п.5 – объёмом от 100до120 страниц печатного текста односторонней печати, выполненногона белой бумаге форматаА4 в альбомной ориентации страницы, в текстовом редакторе Word, размер 14 шрифта Times New Roman, межстрочный интервал 1,15 с выравниванием по ширине страницы, поля каждого листа должны составлять 20 мм, каждый абзац текста должен быть напечатан с абзацного отступа равного 10 мм;

-п.п.6 -плакаты формата А3, цветовая модель СМУК, разрешение не менее 300 dpi;буклеты формата А5 (один или два сгиба), лифлет двухсторонний лист, содержащий от 8 до 16страниц; брошюры формата А5 (один или два сгиба), лифлет двух сторонний лист, содержащий от 16 до 48 страниц;

4) копия паспорта;

5) личная фотография и иллюстрации в электронном виде с разрешением не менее 300 dpi в формате jpg.

  1. Заявки на участие в Конкурсе должны соответствовать требованиям, предусмотренным Положением о стимулировании изобретательской и творческой деятельности в Кыргызской Республике.
  2. По итогам Конкурса Жюри определяет победителей, произведения которых направляются на рассмотрение Межведомственной рабочей комиссии и Правления Госфонда ИС.

После вынесения решения Правлением Госфонда ИС работы победителей Конкурса издаются Организатором, и информация об этом размещается на официальном сайте Кыргызпатента и Госфонда ИС.

  1. 1 В случае продления срока проведения Конкурса или внесения иных изменений Секретариат публикует дополнительную информацию на официальном сайте Кыргызпатента www.patent.kg и Госфонда ИС www.fund.patent.kg.

 

  1. Права и обязанности Сторон
  1. Участник:

-вправе получать от Секретариата информацию о сроках и правилах Конкурса;

-обязан соблюдать условия участия в Конкурсе, указанные в настоящем Положении.

  1. Организатор:

-вправе отменить Конкурс в случаях, установленных законодательством Кыргызской Республики, путем размещения уведомления на сайте Кыргызпатента и Госфонда ИС;

-вправе отказать/приостановить участие Заявителя в Конкурсе, в случае, если, участник предоставил недостоверные сведения, неправомерно использовал объекты интеллектуальной собственности, права на которые принадлежат третьим лицам.

Приложение  1 

 ЗАЯВКА 

на участие в национальном  конкурсе среди авторов

  Кыргызской Республики

Ф.И.О.

Дата рождения

 

Адрес проживания (фактический)

 

Место учебы/работы

 

Контактный телефон (моб.)

E-mail заявителя

Описание конкурсного произведения, его направление

 

 

Настоящим, я, _____________________(Ф.И.О), даю свое согласие на сбор, хранение, использование, обработку и распространение персональных данных в целях проведения Конкурса, подтверждаю достоверность сведений, представленных в пакете документов, а также соглашаюсь с условиями проводимого Конкурса.

 

/________________/________________________

подпись                                               расшифровка

 

“_____” _______________ 20___ года