Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленди

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленди

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленди. Мааракелик салтанат акындын адабий жана маданий ишмердүүлүгүн чагылдырган слайд-шоу менен башталып, андан ары акындын чыгармачылык изденүүлөрүнө арналган түркиялык адабиятчы, профессор Нежие Ата Йылдыздын доклады менен улантылды.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев окуп берген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мааракелик куттуктоосу айрыкча толкундануу менен кабыл алынды – салтанат күбөлөрү орундарынан туруп кол чабышты.

ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов өз сөзүндө Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин Кыргызстанга эле эмес, жалпы Түрк дүйнөсүнө таандык адабият, китеп айдыңындагы иш-чаралардын өркүндөшүнө айрыкча салым кошуп келе жаткандыгын жана чыгармачылык таскагы Түрк дүйнөсүндө ансайын артып бараткандыгын баса белгилөө менен, акынды ТҮРКСОЙдун «Ардак» Алтын медалы менен сыйлады. Аталган медаль Кыргыз таланттарына төртүнчү жолу берилди. Буга чейин опера ырчысы Кайыргүл Сартпаевага, кинорежиссёр Болот Шамшиевге, актриса Жамал Сейдакматовага ыйгарылган. Салтанатта ошондой эле акындын 60 жаш мааракесинин урматына ТҮРКСОЙ тарабынан чыгарылган Түрк дүйнөсүнүн 7 тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкырт, саха (якут) тилдериндеги «Avuçtaki Dünya» аттуу китеби менен казак тилинде жарык көргөн  «Жүрек – коныс» ырлар жыйнагынын тасмалары кесилип, окурмандарга таратылды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоолорун окуп-тааныштырып, кыргыз адабияты менен маданиятындагы  Кожогелди Култегиндин бүгүнкү ордуна токтолду.

Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуп Өмароглу өз сөзүндө Кожогелди Култегинди бүгүнкү күндөгү Түркия темасында үлгү болорлук эң көп ыр жазган чет өлкөлүк акын катары баалады. Евразия жазуучулар союзу басып чыгарган «Bursa Çınarı» аттуу акындын түрк тилиндеги экинчи китебинде Түркия темасындагы ырлар өзүнчө бөлүм катары жайгаштырылгандыгын, «Кardeş Kalemler» журналынын кезектеги санында дагы мааракердин чыгармачылыгына чоң орун берилгендигин баса белгиледи.

Салтанат катышуучуларын айрыкча толкундаткан – Түркиянын Анкара шаарындагы Этумескут районунун башчысы Енвер Демирелдин белеги болду. Этумескут райондук өзүн-өзү башкаруусу Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин кыргыз тилиндеги Чыгармаларынын 5 томдугун Анкара шаарында чыгарган. Бул адабият тарыхындагы өзүнчө тарыхый иш экендигин айтуу менен, Енвер Демирел атайын кооз кутуга салынган, авторго салтанат менен тапшырылган 5 томдуктун бир комплектин Кыргыз Республикасынын Президентине жеткирүү жагын суранып Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге тапшырды.

Салтанатка ат арытып келип катышкан Кара-Кулжа мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Примберди Дыйканов катышуучуларга акындын эли-журтунун атынан ысык салам айтып, быйылкы жылы Кара-Кулжа районунда Кожогелди Култегиндин ырларын көркөм окуу жана анын сөздөрүнө жазылган ырларды аткаруу боюнча райондук кароо-сынак өткөрүлөрүн маалымдап өттү жана белектерин тапшырды.

Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоту Раимкулованын, Азербайжандын маданият министри Абульфаз Гараевдин берип жиберген куттуктоо каттары жана белектери  дагы катышуучулар тарабынан ысык ырайда кабыл алынды.

Мааракелик салтанатты көрүнүктүү композитор-ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Исирадин Аманбаевдин, Түрк ырчысы Юсуф Гүлдүн, кыргыз ырчысы Тилекгүл Абылованын аткаруусундагы акындын сөзүнө жазылган ырлар айрыкча көрккө бөлөдү.

Өз сөзүндө Кожогелди Култегин: «Буга чейин 13 китептин автору элем. Сиздердин жардамыңыздар менен 60 жаштын босогосун аттап жатып чексиз руханий байлыкка жетип олтурам – бир күндө китептеримдин саны 21ге толду. Кылымыбызга жарашып олтурат…» – деп уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөндөргө чексиз ыраазычылык билдирди.